Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Койлордун “купкасы” кайра жанданды

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Койлордун “купкасы” кайра жанданды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен иштин ийгиликтүү тажрыйбасы жергиликтүү тургундарды шыктандырып, аларда ишенимди пайда кылды деп эсептешет...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Ак-Чий айылдык аймагы алыскы тоолуу жерде жайгашкан. Анын курамына Совет, Ак-Чий жана Качыбек айылдары кирет. Калкы 3645 адамды түзөт. Бул жерлердин тургундары негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Өзгөчө мал чарбачылыгы кеңири жайылган. Акыркы жылдары малдын кара башы өсүп жатат. Бул болсо фермерлерди кубандырбай койбойт. Анткен менен малдын саны өскөн сайын алар көп ылаңдай баштады. Котур, кене жуктургандан кийин ача туяктуулар өз баалуулугун жоготуп, алардын жүнү ичкерип, андан ар иштетүүгө жарабай калчу. Эң коркунучтуусу – бул оорулар адамдарга да жугат.
 
Эмнелер жасалды?
 
Жергиликтүү чабандар бул көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу мал үчүн эски “купкаларды” ремонттоо экенин түшүнүштү (Совет айылында). Бул “купкалар” Совет державасы кулагандан кийин сакталып калган. Ишти айыл тургундары Нурхан ДҮЙШӨНБИЕВ, Жаныбек ЖАНТАЕВ жана Алтынбек ОСМОНОВ колго алышты. Жергиликтүү бюджеттен бул максатка жети миң сом бөлүп беришти. Калган каражатты жердештери жана кайсы бир кезде айылдан көчүп кеткен, бирок кичи Мекени менен байланышты үзбөй келаткан шаардагы туугандары кошту.
 
Натыйжасы
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен иштин ийгиликтүү тажрыйбасы жергиликтүү тургундарды шыктандырып, аларда ишенимди пайда кылды деп эсептешет. Анан да элеттиктерди белгилүү кылды, анткени аларды жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүштү. Бул тажрыйба жүндүн товардык сапатын сактап калуу үчүн “ашар” жолу менен малды кантип киринтүү керектигин башкаларга көрсөтүп бермек. Ушул тапта “купканы” кароого кеткен акчаны аймактагы үч айылдын тургундары бөлүп турушат. Бул ыкма менен 8 850 баш кой дарыланып чыкты. Мал азыраак ылаңдай баштады, чабандардын саламаттыгы да кооптондурбай калды.
 
Максат ДОРБАЕВ,
АӨ жооптуу катчысынын м.а.,
Анара ЧОЛОКОВА

Окшош материалы: