Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улуу муун да, балдар да эми жарыкта жашап жатат

2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Улуу муун да, балдар да эми жарыкта жашап жатат

Аймактагы бардык көчөлөрдө фонарлар жана электр эсептегичтер пайда болду...

 
Көйгөйдү сүрөттөө
 
3600 киши жашаган Терек-Сай айылы райондук борбордон 125 километр алыстыкта жайгашкан. Аймак тоолордун арасында орун алгандыктан бул жерде айыл чарба продукциясын өстүрүүгө жана өндүрүүгө жарактуу жерлер өтө аз. Бирок бул пайдалуу кендерге бай келет. Калктын ишке жарамдуу бөлүгү “Кыргызалтын” ишканасында жана башка кен казуучу компанияларда иштейт. Терек-Сай кенинде жергиликтүү тургундардын ичинен 540 адам иштейт. Алар үч нөөмөттө иштешет. Экинчи жана үчүнчү нөөмөттө иштегендерге үйүнө караңгы көчөлөр аркылуу жетүү көп ыңгайсыздыкты жаратат. Совет мезгилинен бери эле көчөлөрдө жарык жок болчу.
 
Эмнелер жасалды?
 
2012-жылдын декабрь айында жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар жарандардын аймактын көчөлөрүндө жарык жок болгонуна карата даттанууларын карап чыгып, маанилүү чечим чыгарышты: “Эвентус” ЖЧКдан түшкөн 365 000 сомду электр тогун өткөрүү үчүн жабдууларды сатып алууга берүү. Бул каражатка 50 электр лампасы, 3600 метр зым сатып алынып, арткан акча электриктердин жана монтёрлордун кызматын төлөөгө жумшалды.
 
Натыйжасы
 
Аймактагы бардык көчөлөрдө фонарлар жана электр эсептегичтер пайда болду. Чоңдор да, балдар да кечке жуук сейилдеп, бири-бирине конокко барып, түнүндө үйлөрүнө кайткандан коркпой калышты. Элеттиктер алардын көйгөйлөрүнө кайдыгер мамиле жасабаган ишкерлер менен кызматташуу мүмкүн экенине ишеништи. Аларда кошумча пайда болгон киреше каражаттарын жергиликтүү коомчулуктун көйгөйүн чечүүгө багыттаган ЖӨБ органдарына ишеним жана урмат пайда болду. Мында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору оң ролду ойноду. Долбоордун эксперттери ЖӨБ органдарын дагы да жоопкерчиликтүү жана ачык болууга үйрөтүшүп, айыл тургундарына бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип, коомдук угууларды өткөрүп, жердештеринин өтүнүч-
төрүнө жана арыздарына кунт коюп мамиле жасоого үйрөтүшкөн.
 
Элдик трибуна
 
Жийде ДОНБАЕВА, жергиликтүү тургун:
 
«Жергиликтүү калктын көптөгөн кайрылууларынан кийин айыл өкмөтү акыры көчөгө жарык берип,биздин жашообузду да жарыктандырды».
 
Махабат КОЛБАЕВА, адис

Окшош материалы: