Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Караңгылыктан кутулушту

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

39 үй чарбачылыгы, бул болсо 290 адам, электр энергияга жетти...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Акыркы 15-20 жылдан бери аймактагы эки көчөдө жарык болбой, адатта адамдар жарык жок отурчу.Алардын үйүнө чейин электр берүүчү линия жетпей, кубаттуулуктун күчү болбой, жарык маал-маалы менен өчүрүлүп турчу. Электр энергиясынын таңсыктыгы айыл тургундарынын жанжалдарына себепчи болчу. Балдар жана жаштар кечке маал үйдүн короосунан ары чыкпай калган.
 
Багыш аймагынын тургундарын көптөгөн маселелер акыркы убакта тынчсыздандырып жатты; бардыгы тең аларды чечүү керек экендигин түшүнүшкөн.
 
Эмнелер жасалды?
 
Маселени чечүүгө бардыгы киришти: АӨ аппараты, депутаттар, демилгелүү топтун мүчөлөрү жана бейөкмөт уюмдар. Алар деталдуу планды иштеп чыгып,өз ара милдеттерди бөлүшүп алышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары РЭС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 160 кВт болгон трансформаторлорду орнотуу жана көчөлөргө жарык берүү тууралуу макулдашты. Энергетиктер сөзүнө турду. Бюджеттен бөлүнгөн 20 000 сомго зым сатып алышты. Демилгелүү топтун мүчөлөрү айыл тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар да четте карап турбашы керектигин айтышты. Ар бир үй чарбачылыгынан 2 000 сомдон чогултулду. Баары болуп 50 миң сом чогулду. Бирок бул каражат маселени чеч алмак эмес. Олуттуу донорлор керек экени маалым эле. “Аймира” коомдук фондунун кызматкерлери демилгелүү топтун мүчөлөрү менен долбоор иштеп чыгып, анда бул көйгөй артыкчылыктуу болгонун жана биргелешкен аракеттер планына кошулганын көрсөтүштү. Ошол замат ПРООН үн катып, долбоорду ишке ашырууга 1 миллион сом бөлүп берди. Өткөн жылдын ноябрь айында иш кызыды: трансформатор орнотулуп, электр зымдары тартылып, лампалар тагылды. Бул иштерге РЭС адистери, жергиликтүү жамааттын лидерлери жана ЖӨБ катышты.
 
Натыйжасы
 
39 үй чарбачылыгы, бул болсо 290 адам, электр энергияга жетти. Элеттиктер өздөрүндө эле каалоо болсо, бардык маселени чечүү мүмкүн экенине ынанышты. Эң негизгиси – ал ишти чогуу жасоо. Ал эми мындай учурда аларга иши дагы да ачык жана айкын болуп калган, жергиликтүү коомчулуктун конструктивдүү активдүүлүгүн колдоого даяр болгон ЖөБ органдары жана калктын муктаждыктарына көңүл буруп келаткан эл аралык уюмдар жардам беришмекчи Элеттиктердин активдүүлүгү жогорулаганын ушундан билиңиз – бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар маалында зал адамдарга жык толуп турат.
 
Мамасали СУЛАЙМАНОВ, ДТ мүчөсү,
Акылбек ЖОЛБОЛДУЕВ, АК депутаты

Окшош материалы: