Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аварияларды унуткула

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Аварияларды унуткула

Эгерде мурда маршруттук такси бир гана көчөдөн өтсө, бүгүн ал дагы үч көчөгө кайрылып калды...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү 
 
Липенка АА Ичке-Булуң айылы чакан деп эсептелбейт, ал жерде 323 үй чарбачылыгы бар. Эгерде жакында эле жергиликтүү тургундун ар биринен “сизге эмне жетишпейт?” деп сурай турган болсоңуз, жообу окшош болмок: жакшы жолдор жана көпүрөлөр. Чуңкурлардын айынан бул жерде маршруттук жана жеке таксилер өтө албай, тыгылып калган, кырсыкка учураган окуялар көп эле болгон. Жолдордун начардыгынан улам машине бузулат деген ойдо айдоочулар Ичке-Булуңга баруудан баш тартчу. Ал эми ал арада айылдыктар күн сайын ар кандай муктаждыктар менен Караколго барып турушу керек эле. Ал жакка жетип, кайра үйгө кайтып келүү өзүнчө эле азапка айланган.
 
Эмнелер жасалды
 
Жолдор, көпүрөлөр, жарыктандыруу, таштанды, билим берүү мекемелеринин иши, сугат суусунун жетишпегендиги, агровет кызматынын жоктугу, бош убакытты өткөрүү жайдын жоктугу – булбардык көйгөйлөр өзүнө көңүл бурдуруп, тез арада чечүүнү талап кылышкан. Аларды артыкчылык боюнча иретке келитирүүгө “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору боюнча ЭКБА-сессиялары жардам берди. Анын жүрүшүндө артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталган. Жолдордун ремонту ошолордун бири болуп калды.
 
Демилгелүү топтун мүчөлөрү айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин депутаттарына демилгени ишке ашырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Натыйжада жергиликтүү бюджеттен 260 миң сом бөлүндү. Ушул жылдын апрель айында Талканов, Эсенкожоев, Акжанов көчөлөрүндө кум жүктөгөн техника пайда болду. Саналуу күндөрдүн ичинде жолдордогу бардык чуңкурларга кум төгүлүп, жамалды. Демилгелүү топтун активисттери муну менен токтоп калбастан, жолдордун ремонтунун планынтүзүп алышты жана ошол каражаттар 2014-жылдын бюджетине киргизилишине жетише алышты. Кеңештин сессиясында алар маршруттук такси кыймылынын ачылышы тууралуу маселени көтөрүштү.
 
Эл арасында “аракет кылсаң, берекет болот” деген сөз бар эмеспи. 2013-жылдын апрелинде жергиликтүү казынадан каражат бөлүнүп, айыл өкмөтү “Кой-Сары ой” аскер бөлүгүнө жардам сурап кайрылды. Алар макул болушуп, натыйжада кум жана майда таш түшүрүү үчүн экскаватор,жолдордо кумду жана майда ташты пресстеп,теңдештирүү үчүн грейдер түрүндө жардам жана кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүлдү. Аскер адамдары муну акысыз жасап беришти. Мындай нерсени тургундар колдоп коюуну чечип, арык курууга активдүү катышып беришти.
 
Натыйжасы
 
Эгерде мурда маршруттук такси бир гана көчөдөн өтсө, бүгүн ал дагы үч көчөгө кайрылып калды –Талканов, Эсенкожоев жана Акжанов көчөлөрүнө. Ошентип жүздөгөн үй-бүлөнүн транспорт көйгөйү чечилди. Ичке-Булуңда кандай социалдык өзгөрүүлөр болгонун көрүп, айыл активисттерине кошуна айыл өкмөтү кеңеш сурап кайрылды. Ушул тапта элеттиктер демилгелүү топтун мүчөлөрүнөн суу маселесин чечүүнү өтүнүп жатышат.
 
Айгүл СУЛАЙМАНОВА, АӨ адиси

Окшош материалы: