Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жолдун 23 километри үчүн 13 өнөктөш табышты

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Жолдорго майда таш жана кум төшөгөндөн кийин адамдар көчөлөр канчалык таза болуп калганын түшүндү...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
СССР урагандан бери көптөгөн транспорт жолдору таптакыр жокко чыгып калды. Бул толук өлчөмдө Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык аймагындагы жолдордун абалына да тиешелүү. Жазында жана күзүндө катуу жаан-чачындан кийин жолдордун начардыгынан адамдар да, техника да өтө албай калган. Улуулар эмес, мектепке чейин ылай кечип барууга мажбур болгон балдар да кыйналчу.
 
Эмнелер жасалды?
 
Жергиликтүү жамаат долбоордук сунуштаманы даярдап, аны түрдүү эл аралык уюмдарга жиберди. Көптөр үн катып, элеттиктер демилгени колдогон 13 кат алышты. “Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө колдоо берүү” Долбоорунун, Азия өнүктүрүү банкынын, АРИС, ПРООНдун жардамы менен тургундар жалпы узундугу 22,7 километрге жеткен 18 көчөгө майда кум төшөп чыгышты.
 
Жергиликтүү жамаат тарабынан кошо каржылоо чыгашалардын жалпы наркынан 15% кем эмес түздү. Ал эми бир көчө болсо толугу менен демөөрчүнүн каражатына калыбына келтирилди.
 
Натыйжасы
 
Жолдорго майда таш жана кум төшөгөндөн кийин адамдар көчөлөр канчалык таза болуп калганын түшүндү. Анткени ары-бери каттаган машинелер мурдагыдай чаңды сапырбай калды. Демек калктын саламаттыгы да жакшырат. Балдар азыраак ооруп, сабакты да калтырбай калышты. Ал эми улуу муунда болсо акча табуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Анткени эми аларга жол жана транспорт көйгөйлөрү тоскоолдук жаратпай калбадыбы.
 
АПЫСОВ Нурлан

Окшош материалы: