Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көпүрө да, жол да өздөрү үчүн

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Көпүрө да, жол да өздөрү үчүн

Ушул тапта эч ким чуңкурларды жана тешиктерди эстебей деле калды. Элеттиктер түз жол менен өзүнө ыңгайды камсыздап алуу үчүн баарын жасашты...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Айылдык аймак географиялык жактан ыңгайсыз жерде жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан бул аймакта 3645 адам жашайт.Ички жолдордун абалы зээнди кейитет – талкаланган, тешиктер, чуңкурлар. Жаан жаап кеткенден кийин жолду басып өтүү мүмкүн болбой калат. Бул нерсе айылдын 785 тургунунун көкөйүнө тийип келген.
 
Эмнелер жасалды?
 
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун техникалык колдоосу менен айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин күчү менен өткөрүлгөн ЭКБА-иш-чараларында бул көйгөй негизги деп аталган. Талкууга калк, кеңештин депутаттары катышкан. Ар бир тарап маселени чечүүнүн өз жолун сунуштап, бул процесс коомдук угууларда да талкууга чыгарылды. Ошондо адамдар ички жолдорду оңдоого болгону 50 миң сом бөлүнө турганын укту.
 
Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жолугушуусунда Ак-Чий айылынын лидери Качыбек МАСИЕВ жана айылдык кеңештин төрагасы Элчибек ЖАНТАЕВ жолдорду калыбына келтирип, Достук көчөсүндө көпүрө курууну сунушташты. АӨ аппараты, жеке машинелердин ээлери менен жолугушуунун жүрүшүндө күйүүчү май сатып алууга жергиликтүү бюджеттен дагы 45 миң сом бөлүнөөрү, 160 машине кум жана майда кум машине ээлеринин эсебинен ишке ашырылаары чечилди. Бирок бардык пландалган иштерди иштерди башташ үчүн эмгек ресурстары талап кылынат. Элеттиктерди мобилдештирүү ишин староста жана кварталдык комитет колго алып, ар бир үйдү бирден кыдырып чыгышып, түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин өткөрүштү.
 
Сентябрда дээрлик баары ишембиликке чыгышты. Эки күндө жалпы аракет менен майда таш жүктөлгөн бардык 160 машине бошотулду. Акцияга баары тартылып, соода түйүндөрүнүн ээлери да четте карап турбастан, жумушчулардын тамактануусун колго алышты.
 
Натыйжасы
 
Ушул тапта эч ким чуңкурларды жана тешиктерди эстебей деле калды. Элеттиктер түз жол менен өзүнө ыңгайды камсыздап алуу үчүн баарын жасашты. Демилге бир аймакта жашаган адамдардын биригүүсүнө түрткү болду. Баары “ашар” ыкмасы бүгүнкү күндө да актуалдуу болгонуна дагы бир жолу ынанышты. Өзүн жакшы уюштуруучу жана башкаруучу катары көрсөтө алган АӨ аппаратынын кызматкерлеринин иши да мактоого татыйт. Жергиликтүү бийлик органдарынын бардык иштери ачык мүнөздө боло баштаганы маанилүү. Ошондон улам аларга калк тарабынан сый-урмат кошулду. Элеттиктер келечекте ушул өңдүү эмгек акцияларына катышууга даярдыгын белгилешүүдө.
 
ДОРБАЕВ Максат, АӨ жооптуу катчысынын
м.а.; ОСМОНБАЕВ Руслан, АӨ адиси

 

Окшош материалы: