Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бизнестин социалдык салымы

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Бизнестин социалдык салымы

Бийлик менен калк макулдашып алып, маселени чогуу чечүүнү үйрөндү...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Терек-Сай жана Кызыл-Токой аркылуу Ала-Бука-Каныш-Кыя айылына чейин барган жолдун начар абалы адамдарды ыза кылып, кыжыр келтирчү. Бул аймакта 4 миң адам жашайт. Элеттиктер чогулуштарда, жыйындарда,облустан жана республикадан келген жогорку жетекчиликке талкаланган жол кандай азап алып келип жатканын айтып отуруп тажашты. Ал эми бул жолдор аркылуу кен казуучу ишканалардын да оор жүк ташуучу машинелери өтүп жатышат.
 
Эмнелер жасалды?
 
Ремонтко каражаттын ири үлүшүн кен казуучу компаниялар бөлүүгө макул болушту – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун ремонтуна сраптала турган каражаттын жалпы суммасы 24,5 миллион сомдон ашты. Тендер жарыяланып, өткөрүлгөн. Бирок ремонт учурунда стандарттардын сакталбаганынан улам бир жылдан кийин эле бардык аракеттер жана чыгымдар текке кетти. Жол кайрадан талкаланды. Кайра башынан башташ керектигин баары эле түшүнүп турду. Жергиликтүү тургундар жана ЖӨБ органдары калыбына келтирүү иштери зарыл деген тыянакка келишти. Кайрадан донорлор тартылып,жолдор оңдолду, ал эми чуңкурлар жамалып, селге каршы жабдуулар орнотулду.
 
Натыйжасы
 
Ремонт иштери учурунда он жергиликтүү тургун иш менен камсыз болду. Бийлик менен калк макулдашып алып, маселени чогуу чечүүнү үйрөндү. Бардык өткөрүлгөн иш-чаралардан кийин чаң азайып калды. Бул болсо жергиликтүү калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизүүдө.
 
КОЛБАЕВА Махабат,
АӨ башкы адиси

Окшош материалы: