Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көлгө жол

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Көлгө жол

Мыкты ишке ашырылган долбоордон кийин социалдык чөйрөдө гана эмес, адамдык мамиледе да өзгөрүүлөр болгонун аймактын бардык тургундары байкай алды...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Бул жерлерде эл бакубат деле жашабайт. Ысык-Көл жакын, пансионаттар, пляждар – курорт мезгилинде кошумча киреше ала турган жумуш табуу үчүн жерлер. Анткен менен жергиликтүү тургундар мындай кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай келген. Көлгө чейин жетиш керек да. Ал эми ал жакка барчу жол талкаланган, кароосуз калган. Советтер Союзу урагандан бери анын ремонтуна эч ким бир тыйын да чыгарган эмес.
 
Эмне жасалды?
 
Бардыгы бул көйгөй тууралуу билишчү, бирок аны чечүүгө эч ким даабай жаткан. Ошондо маселени чечүүгө “Алтын булак” АГВ мүчөлөрү киришти. Адегенде активисттер көйгөйдү бардык жагынан изилдеп чыгып, кимге колдоо сурап кайрылса болоорун ойлоно башташты. Долбоор даярдап, ошону менен ПРООНго кайрылдык. Алар долбоорду изилдеп чыккан соң 275 миң сом бөлүүнү чечти. Бул каражатка кум, шагыл, ылай сатып алынды. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө дагы 5 көпүрө куруу керектиги аныкталды. Көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен айыл өкмөтүнө кайрылганыбызда, алар муниципалдык менчиктен 5 труба беришти. Курулушка 60 адамдан турган 4 бригада катышты. Күндүн соңунда ар бир жумушчу эмне жасаганы тууралуу отчет берип турду. 2010-жылдын июнь айында курулушчулар узундугу 2 километр келген жол колдонууга даяр болгонун айтышты. Айылдын бардык жашоочулары колдон келген жардамын беришти. Мисалы, УРПАЧЕВ Адылбек жумушчуларды ысык тамак менен камсыздап турду.
 
Натыйжасы
 
Мыкты ишке ашырылган долбоордон кийин социалдык чөйрөдө гана эмес, адамдык мамиледе да өзгөрүүлөр болгонун аймактын бардык тургундары байкай алды. Көлгө алып барган жол аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана ачпастан, ошону менен бирге айыл тургундарын бириктирип, достоштурду. Анткени буга чейин ар ким өзү менен өзү болуп келген. Адамдар эгерде чогуу акылдашса, көптөгөн маселелерди чечүү мүмкүн болгонуна, өздөрү эле баарын чече алгандан кийин сырттан жардам күтүүнүн кажети жоктугуна көзү жетти. Жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулушу өздөрүнө болгон ишенимди бекемдеп, ар бир тургун ичүүчү суу, көчөнү жарыктандыруу жана ички жолдорду оңдоо өңдүү өтө маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнүн башка жол-дорун сунуштай башташты. Атүгүл жолдордун картасы түзүлүп, ремонт талап кылган көпүрөлөр аныкталды. Улахол АӨ өкүлдөрү жана депутаттар кеңештин сессиясында бул демилгени жактырышты. Жыйынтык чыгарып жатып, бул демилгенин түздөн-түз бенефициарлары 1550 болгонун, ал эми кыйыр түрдө мындан пайданы түз, жакшы жол менен Ысык-Көлгө жетүү мүмкүнчүлүгүн алган 5000ге жакын адам болгонун ишенимдүү айта алабыз.
 
Элдик трибуна
 
АБЫКАЕВ Сакай, ЭДС ветераны:
 
“Мен көктүктү, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты көрсөтүп, ишти аягына чейин чыгарган демилгелүү топко терең ыраазымын. Биздин жолубуз көп жылдар бою кызмат кылат деп ойлойм. Бирок жаштарга менин кеңешим: ушуну менен эле токтоп калбагыла, мындан ары да адамдарга пайда алып келе бергиле!”.
 
СЫДЫКОВ К., Жаштар тобунун төрагасы:
 
“Бардыгы үчүн маанилүү болгон чоң иш жасалды.Анткени биз баарыбыз бириктик. Эгерде мурда пляжга жөө 2 саатта жетсек, азыр болсо машине менен 15 мүнөттө жетип калдык”.
 
МАМАКЕЕВА Динара, АГВ лидери,
ЖУСУБАКУНОВА Гүлнара, лидер

Окшош материалы: