Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таза суу менен камсыздоо

2013-12-03 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Калктын саламаттыгы жана андан аркы жашоосу көз каранды болгон мындай олуттуу маселелер чечилди...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылдык аймагында таза суу көйгөйү көптөн бери эле бар. Айыл же айылдык аймактын деңгээлиндеги ар бир чогулуш дайыма бирдей аяктачу – суу маселесин чечиш керек. Таза суунун жоктугу жергиликтүү тургундардын саламаттыгына таасирин тийгизбей койгон жок. Калктын дээрлик бардык бөлүгү, өзгөчө балдар ашказан-ичеги жугуштуу оорулардан жабыркап келген. Сууну пайдаланаар алдында дайыма аны кайнатып алуу керек. Муну болсо айылдын шарттарында ишке ашыруу татаалыраак, анын үстүнө бул ыкма деле саламаттыкка кепилдик болуп бере албайт. Жергиликтүү тургундардын саламаттыгы барган сайын начарлай берди. Анткени 4071 адам жашаган айылдын тургундары адатта арыктан сузуп алынган сууну эле ичүүгө мажбур.
 
Эмнелер жасалды?
 
Калктын саламаттыгы жана андан аркы жашоосу көз каранды болгон мындай олуттуу маселени чечүү үчүн аймактагы активисттерден “Көк-Тектир” коомдук бирикмеси түзүлдү. Бирикме түзүү менен “Таза суу” программасына катышуу мүмкүнчүлүгү берилди.
 
Айталы, 2008-жылы долбоор жактырылып,анын алкагында Дүйнөлүк банк 12 миллион 750 миң
сом өлчөмүндө грант бөлгөн. Бул болсо долбоордун жалпы наркынан 75% түзөт. Долбоорду ишке ашыра баштаганда жергиликтүү калк долбоордун наркынан 5% өлчөмүндө салым кошкон, ал эми калган 15% калк тарабынан жумушчу күч түрүндө берилген.
 
Биз айылдын түндүк бөлүгүндөгү тоонун этегинде аккан булак сууну колдонобуз. Долбоордун алкагында булак тикенек менен курчалып, көлөмү 100 куб метр болгон резервуар менен жабдылып, эки тепкичтүү камера, сууга хлор кошуу боюнча жай орнотулуп (хлораторная), кароолчу үчүн чакан үй курулду. Суу магистралынын жалпы узундугу 24 740 метрди түзүп, 140 колонка орнотулду. Түзүлгөнүнөн баштап эле коомдук бирикме мамлекет тарабынан каржылоосуз эле иштеп жатат. Анткен менен коомдук бирикме бардык салыктарды, кепилдик салымдарды жана башка төлөмдөрдү өз убагында толук өлчөмдө төгүп келатат. Ушул тапта “Көк-Тектир” коомдук бирикмесинде 8 адам иштейт.
 
Натыйжасы
 
Ичүүчү суу маселесин чечкен учурдан тартып калктын саламаттыгы кооптондурбай калды. Балдар жана улуулар арасында ичегиси ооругандардын саны кескин кыскарды. Мындан тышкары түзүлгөнүнөн тартып эле бирикме айыл инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча түрдүү программаларга, тренингдерге жана билим берүүчү семинарларга активдүү катышып келатат.
 
“Кыргыз суусу жана санитария” Альянсы тарабынан уюштурулган, “Европа айымдары жаркын келечек үчүн” уюмунун каржылоосу алдындагы долбоордун алкагында айыл үчүн ЭКОСАН дааратканалары, ошондой эле сууну күн нурунан жылытуу үчүн коллекторлор сатып алынып, айыл үчүн зарыл болгон кургак жемиш үчүн кургаткыч курулду.
 
«Camp Ала-Тоо» коомдук уюму менен биргеликте үй мешинин курулушунда устачылыкка жана чебердикке үйрөткөн семинарга айылдагы өзгөчө жөндөмдүү балдар жиберилди.
 
“Алга” аялдардын коомдук уюму менен биргеликте балдар, өспүрүмдөр жана аялдар үчүн “Экологияны сактоо”, “Гендердик саясат”, “Улуу муунга жардам берүү” өңдүү семинарлар өткөрүлдү.
 
Бул иш-чаралардын жана жетишкендиктердин баары “Көк-Тектир” КБ адистеринин жана чоң каалоо болсо адамдар бардык маселени чечүүгө кудуреттүү болгонун өз тажрыйбасында түшүнгөн аймактын башка тургундарынын тайманбаган эмгегинин натыйжасы болуп калды.
 
Асанбаев Замирбек Идрисович,
ТСКАКБ төрагасы

Окшош материалы: