Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суунун башы таза болуш керек

2013-12-02 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Суунун башы таза болуш керек

Биргелешкен аракеттер жана биргелешкен иштер менен алынгандын натыйжасында бардык айылдарды, бардык жашоочуларды таза суу менен камсыздашты...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Ала-Бука районундагы Биринчи май айылдык аймагында таза сууга жетүүнү камсыздоо маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Бул багытта “Таза суу” программасы боюнча 2 ассоциация түзүлгөн: “Айры-Там таза суу” жана “Совет-Сай таза суу” өз каражаттардын 5% чогулткан. Бул акча кошо каржылоо үчүн каралган, бирок биздин аймакка таза сууну алып келүү боюнча долбоордун ишке ашырылышын күткөнүбүзгө 10 жылдын жүзү болду. Бирок жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдары алакан жайып отуруп калган жери жок. Жергиликтүү жамаат, АӨ, жергиликтүү депутаттар жана БӨУ тарабынан сууну бөлүштүрүүбоюнча негизги курулуштун аймагын тазалап чыгуу демилгеси көтөрүлгөн. Анткени негизги курулуштун аймагы жана канал өтө булганып, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Бул канал аркылуу суу негизги кудукка барат. Акыркы жолу аны 1980-жылдары тазалашкан экен. Курулуштун айланасындагы тосмолор да талкаланып, бара-бара аймак мал жаюу үчүн жайытка айланган. Ажек, Айры Там, Жаңы-Шаар айылдарынын 9,0 миңден ашуун тургуну таза сууну албай жүрчү жана албетте бир топ кыйынчы-лыктарды башынан өткөрүшкөн.
 
Эмнелер жасалды?
 
Аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттын активдүү лидерлери менен комиссия түздү. Ал иштин көлөмүн аныктап, негизги курулушту тазалоо боюнча аракеттер планын иштеп чыгышкан. Бул демилгени чогулуштарда жана жыйындарда 3 айылдын тургуну колдоп берди.
 
Жергиликтүү тургундар активдүү катышып, жүргүзгөн иштердин натыйжасында Совет мезгилинен калган суу бөлүштүргөн кашаанын эски үйү калыбына келтирилип, суу кашаасы тазаланып, тикенектүү тосмо орнотулган. Негизги кудукка алып барган таза суу айылдарга келүүсү үчүн узундугу 520 метр келген канал тазаланып, айылдарга таза суу жетип туруу боюнча суу үчүн 132 метр труба салынган. Негизги курулушту тазалоо жана суу берип туруу боюнча координациялык иштерди атайын түзүлгөн комиссия алып барды. 
 
Демилгени ишке ашырууга жардамды жана колдоону төмөнкүлөр көрсөттү:
 
• райондук мамлекеттик администрация – 12000 сом;
• жергиликтүү бюджеттен 65000 сом бөлүндү;
• жергиликтүү жамааттан – 135000 сом;
• “Жалал-Абад СМУ ТТ” ЖЧКсы – 901000 сом.
 
“Жалал-Абад СМУ ТТ” ЖЧКсы каналдарды тазалоодо оор иштер үчүн атайын техниканы берди. Чыгашалар 1 млн. 113 миң сомду түздү.
 
Натыйжасы
 
Биргелешкен аракеттер жана биргелешкен иштер менен алынгандын натыйжасында бардык айылдарды, бардык жашоочуларды таза суу менен камсыздашты. Ушул демилгени ишке ашыргандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, бизнесмендерге жана өкмөттүк эмес секторго ишеним пайда болду. Жергиликтүү жамаат бириккенде гана маселени чечип, натыйжаларга жетүү мүмкүн экенине ынанды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты суу менен камсыздоо боюнча жоопкерчилиги күчөдү. Анткени ремонттолгон башкы имаратты жана суу менен камсыздоо системасын сактап калуу зарыл эле. Демилгени ишке ашырууда жардам бардык тараптанкөрсөтүлдү: мамлекеттик структуралардын атынан жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациядан, жергиликтүү жамааттын жана бизнес секторунун атынан “Жалал-Абад СМУТТ” ЖЧКсынан. Мунун баары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун таасири менен болду деп эсептейм. Анткени бюджет боюнча долбоор өткөргөн иш-чараларга катыш кандан тарта калк алдындагы жоопкерчилигибизди көбүрөөк сезе баштадык. Таза суу боюнча көйгөйдү чечүү үчүн өткөргөн иш-чаралар да (кайсы көйгөй артыкчылыктуу болгонун аныктаган чогулуштар,жергиликтүү жамаат, ЖӨБО жана мамлекеттик органдар ортосунда өнөктөштүктү орнотуу) Долбоордун таасири алдында ишке ашырылды.
 
Бул демилге боюнча маалымат “Айыл акыйкат”жергиликтүү гезитинде жана Кыргыз today жана Fakt kg сайттарында жарыяланды.
 
Мухтар ШЕРБАЕВ,
АА башчысы.

Окшош материалы: