Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бир литр суунун баасы

2013-12-02 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Таза сууга жетүү жолу...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Кызыл-Туу айылдык аймагында 20 айыл бар. Алардын ичинен 17си таза суу менен камсыздалган. Алты айылдын суу менен камсыздоо системасын жыйырма жыл мурда көчкү талкалап салып, 9550 адам түйшүккө салган. Көп жылдар бою алар суунун литрин 50 тыйындан сатып алып турушту. Бул айылдардагы бир дагы чогулуш бийликке “суу маселесин качан чечесиңер?” деген суроосуз аяктачу эмес. Акыры муз ордунан козголду.
 
Эмнелер жасалды?
 
Биринчи кезекте элеттиктер изилдөө жүргүздү.Андан соң суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү боюнча долбоордук сунуштарды даярдашты. Айыл өкмөтү “Кызыл чырым” комитетинен 160 000 швейцар франкын грант катары алды.
 
Адамдардын таза сууга жетүү жолу канчалык узак жана оор болгонун кооз сөздөргө караганда, бул хроника айтып берсин: 2007-жылы АРИСтин, айыл өкмөтүнүн жана айыл жамаатынын каражатына скважина жана 800 метр суу өткөрүүчү трасса курулган. Үч жылдан кийин Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Таза суу” Программасын ишке ашыруунун алкагында узундугу 4,5 километр келген суу өткөрүүчү линия тартылган. Ага 16 000 000 сом кеткен. Айыл тургундарынын каражатына жана КР Каржы министрлигинин дем берүүчү грантына 3 скважина курулган.
 
2011-жылы АРИС, IRC (эл аралык куткаруу корпусу) менен биргеликте айылдын жамааты суу оргутуучу мунараны тургузуп, дагы 1,5 километр суу өткөрүүчү трассаны тарткан. Ал эми “Таза суу” линиясы боюнча 28 000 000 сомго узундугу 8,3 километр болгон скважина жана суу өткөрүүчү трасса курулган. Өткөн жылы Save the children уюмунун, айыл өкмөттүн, райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл жамаатынын акчасына суу өткөрүүчүнүн дагы 1,0 километри колдонууга берилген.
 
Натыйжалар
 
Ошентип процесс башталды: учурда бардык жерлерде калыбына келтирүү жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Четте карап турбаган калктын салымы 250 000 сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин, айыл жамаатынын жана МерсиКонун каражаты узундугу 1,2 километр келген суу өткөрүүчү линиянын жана скважинанын курулушуна кеткен.
 
 
КИМСАНБАЕВ Каныбек,
демилгелүү топтун лидери;
АСАНОВ А.А., АА башчысы
 
 
                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                  

Окшош материалы: