Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Таза суу” кургакчылыкты жеңди

2013-12-02 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Цивилизациянын эпкини келгенден тарта элет турмушу бир кыйла жанданып, адамдар орун-очок алып, үйлөрдү куруп, бутүндөй көчөлөр пайда болуп жатты...

 
Көйгөйдү сүрөттөө
 
Чырактан Караколго чейинки аралык – болгону 20 километр. Облус борборуна чейин жарым саат жүрүш керек. Бирок бир жыл мурда эле бул айылга биринчи жолу келген адамда бул жерде убакыт токтоп калгандай элес калчу. 327 үй чарбачылыгы бар Чыракта 1600 адам жашайт жана суу түтүгү иштен чыккан. Бул айылда көптөн бери жашап жаткандардын айтымында, суу менен камсыздоо системасы өткөн кылымдын 60-жылдары орнотулуп, Советтер Союзу урагандан кийин жарабай калган. Жергиликтүү калк өз керектөөлөрү үчүн сууну арыктан жана кудуктан алып турчу. Бул суу саз жыттанып, булганыч эле. Бирок башка айла жок болгондуктан адамдар ошол сууну ичүүгө мажбур эле. Көптөргө ар кандай оорулар жугуп, суунун жетишсиздигинен көчөлөр жана короолор жыйналчу эмес. Айылда тазалык тууралуу сөз да жок эле.
 
Эмне жасалды?
 
Тарыхка кайрылалы. Он жыл мурда “Таза суу” программасы ишке киргизиле баштады. Программага катышуу үчүн ТСКАКБ (СООППВ) уюштурулду. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси катары Имаш АЗАРБАЕВди тандап алышты. Ал жердештеринин ишенимин акташ үчүн бул ишке баш-оту менен кирип кетти. Айылдыктар “Таза суу” программасынын бардык талаптарын аткарышты: 5% салымды нак чогултуп, долбоордун наркынан 15% түрдүү иштерди жүргүзүштү.
 
Натыйжасы таасир калтырат: жаңы станция ишке киргизилип, 7850 метр труба төшөлүп, 48 көчө колонкасы орнотулду.Бир жылдан кийин, декабрда суу менен камсыздоо системасы ишке кирди. Бирок бул нерсе аздык кыларын баары эле түшүнүп турушту – системаны сактап, жумушчу абалында кармап, зарыл болгон учурда ремонт жасап туруш керек.Демек чакан болсо да, бухгалтерден, оператордон жана сантехника кызматкеринен турган туруктуу жамаат керек.
 
Цивилизациянын эпкини келгенден тарта элет турмушу бир кыйла жанданып, адамдар орун-очок алып, үйлөрдү куруп, бутүндөй көчөлөр пайда болуп жатты. Бара-бара тургундар дагы жакшы шарттарды каалай баштады – сууга барып отурбай, өз үйүндө суу түтүгүн орнотуп алууну эңсегендердин катары өстү. Аялдар суу ысытуу үчүн бойлер, кир жуучу машине тууралуу кыялдана баштады. Ушундай кызматты пайдаланган шаардыктардан алардын эмнеси кем?
 
Бирок мындай керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн суу менен камсыздоо системасын кеңейтүү талап кылынды. Тилекке каршы, долбоор боюнча ага чектөө киргизилген. Анткен менен элдик демилгени техникалык тоскоолдуктар токтото алган жок. Айылдыктар сууну түз эле үйгө өткөрүүгө уруксат алышты,бирок калктын 10% үчүн гана. 2009-жылы суу ченегичти орнотобуз деген шарт менен 20 үй чарбачылыгы ошол укуктан пайдаланууну чечти.
 
Бир жылдан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суу чыгашасына байланыштуу кырдаалга анализ жүргүзүп чыгышты. Көрсө бир үй-бүлө айына 6 кубметр суу сарптайт экен. Эгерде бүтүндөй айылды ала турган болсо, анда 1962 кубметр талап кылынат, ал эми системанын кубаттуулугу – 12 240. Башкача айтканда, суу бардыгына жетет! Бирок аны ар бир үйгө жеткирүу үчүн, эсептөөлөргө караганда,4 850 метр труба талап кылынат. 29 бетон кудукту куруу зарыл.
 
Жөнөкөй суроо жаралды: мунун баарына акчаны кайдан тапса болот? Чырактыктардын умтулуусун донорлор түшүнүп да, колдоп да кабыл алышты. АРИС 811 миң сом бөлсө, дагы 606 миңин ТСКАКБ берди. “Хабитат-Кыргызстан” фонду да колдоо көр-сөттү. Фонд берген 4 миллиондон ашуун акчага жабдуулар, жуунгуч, канализациялык трубалар ж.б. сатып алынды.
 
 
Бүгүнкү күндө да айылдыктар адам ресурстарын мобилдештирүү кандай жүргөнүн айткандан чарчашпайт. Каза ала тургандар казды, траншеяларды чукуп, труба төшөгөнгө жардам берип, көчөлөрдү тегиздеп жатышты. Биргелешкен эмгек жердештердин башын кошту. Кеңешип жасалган эмгек жердештерди бириктирди, чогуу алар иштин чоң көлөмүн аткарышты. Элестетип эле көрүңүзчү: ыктыярчылар 21 километр траншея казышты!
 
Учурда суу менен камсыздоо системасын ТС-КАКБ тейлеп, башкарып жатат. Баары план менен жүрүп жатат: жыл сайын өндүрүштүк программа иштелип чыгат. Ал баарын эсепке алат – зарыл суунун көлөмүн, керектөөчүлөрдүн санын жана системаны тейлөөгө кеткен чыгымдар. Калк тарифти бекитүүгө катышат. Тариф төмөнкүдөй ыкма менен эсептелет:
 
• Жылдык керектөө үчүн зарыл болгон суунун көлөмү алынат, аны өндүрүүгө жана суу менен камсыздоо системасын кармоого кеткен чыгымдар эсептелет.
 
• Андан соң бир кубметрдин өз наркы аныкталат. Учурда бул көрсөткүч 10 сомго барабар.
 
• Тариф жалпы чогулушта суу керектөөчүлөрү менен макулдашылат. Андан соң аны жергиликтүү депутаттар бекитет. Ар бир айдын 25нен 30уна чейин эсептегичтердин көрсөткүчтөр алынат. Бешине чейин керектөөчүлөр маалымдама алышат.
 
Натыйжасы
 
Биргелешкен бардык аракеттерден кийин суу 327 үй чарбачылыгынын ар бирине жетти. Адамдар өз турмушунун сапатын өздөрү жакшырта алышты. Анткени эми аларда суу кайнаткыч да, идиш жууй турган жабдуу да, кир жуучу машине да бар. Өзгөчө бул нерсеге аялдар кубанды. Анткени алардын мойнуна балдарга жана үй жаныбарларына кам көрүү, огород, тамак жасоо өңдүү милдеттер жүктөлгөн.Дагы бир маанилүү өзгөрүү: элеттиктерде жашоого болгон кызыгуу жанданып, аракечтик азая түштү.
 
Жалал-Абад облусунун бир айыл өкмөтү суу менен камсыздоо системасын жакшыртып, калк менен жакшы мамиле түзүүгө жетишти. Эсеп компьютерде жүргүзүлгөндүктөн керектөөчүлөргө өз убагында маалымат жетип, жыйымдар чогултулууда.
 
Элдик трибуна
 
МЕНДИБАЕВА Гүлмира, жаңы конуштун тургуну:
 
“Мурда дарыядан суу ташыганыбызды эстегенден корком. Имаш АЗАРБАЕВдин демилгеси менен андан бери көп нерсе өзгөрдү. Албетте ысык сууну пайдаланып, кирди кол менен эмес, машине менен жууйбуз дегенге биз көп деле ишенген жокпуз. Суу түтүктөрүн жайгаштыруу боюнча иштер башталганда бардык тургундар курулушчуларга жардам берүүгө шашты. Ал эми биз, аялдар, жумушчулар үчүн түшкү тамак жасоого кириштик”.
 
БАЙДЫЛДАЕВА Дариха, ФАПтын кызматкери:
 
“Бүгүнкү күндө ФАП суу менен камсыздоо системасына кошулган. Күн коллекторлору орнотулду, анын жардамы менен кызматкерлер ысык жана муздак сууну пайдаланууда. Иш жана келгендерди кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
 
АЗАРБАЕВ Имаш, ТСКАКБ төрагасы,
САТЫБАЛДИЕВ Нурлан, АА башчысы
 

Окшош материалы: