Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Додомол жана Кош-Булак айылдары: Транспорт көйгөйү чечилди

2013-12-02 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Жалал-Абад облусунун,Тогуз-Торо АА-транспорт көйгөйү чечилди...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Бул эки айыл райондук борбордон кырк беш километр аралыкта жайгашкан. Додомолдун дээрлик миңге жакын тургуну жана Кош-Булактын 400 жашоочусу азык-түлүк сатып алуу, райондук ооруканадагы дарыгерге көрүнүү, мекемелерге түрдүү документтерди тапшыруу же маалымат кат алуу, аткаминердин кабылдамасына кирүү максатында Казарманга жетүү үчүн ондогон километр аралыкты басып өтүүгө мажбур. Дегеле райборбордо гана чечиле турган иштер аз беле?
 
 
Биздин заманга мүнөздүү болгон таң калычтуу  факт – жакынкы мезгилге чейин адамдар бул аралыкты өзүнүн жеке машинеси менен багындырып келген. Жеке такси бул айылдарга сейрек келчү, ал эми бул жерде качанкы бир мезгилде коомдук транспорт каттап жүргөнүн элеттиктер унутуп деле калышты. Мындай шарттарда дайыма эле өз убагында ооруканага, жумушка жетүү өтө оор эле. Ал эми кечикпеш үчүн жол киреге 120 сом төлөш керек эле. Макул болсоңуз, үй-бүлөлүк бюджет үчүн бул бир топ эле акча.
 
Транспорт көйгөйү элеттик чогулуштарда жана жыйындарда бир топ эле көтөрүлүп келген. Окчун калган ушул эки айылдын тургундары түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп келгени менен майнап чыккан жок. Акыры чыдамдары да түгөндү. 2012-жылдын август айында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен Додомол жана Кош-Булак айылдарында Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА) сессиялары өттү. Мында башкы маселе транспорт болду. Акыр соңунда жергиликтүү жамаат ЖӨБ органдары менен биргеликте сөздөн ишке өттү. Адегенде алар планды иштеп чыгып, андан соң аны ийгиликтүү ишке ашыра алышты.
 
Эмнелер жасалды?
 
Маселени чечүүдө элеттиктер эсепти колдонду: адегенде кандай машине керектиги тууралуу маалымат чогултулду: машиненин үлгүсү, техникалык мүнөздөмөсү, баасы. Айылга микроавтобус керек деп токтолушту. 2012-жылдын 10-апрелинде айылдык кеңештин сессиясында депутаттар муниципалдык жол маршрутун тейлей турган коомдук транспортту сатып алуу үчүн 300 миң сом бөлүү чечимин кабыл алды.
 
Мынчалык суммадагы акчаны эмнеге сарптады деген ушак-айыңдарды алдын алуу үчүн сатып алуу процессин мүмкүн болушунча айкын кылышып, атайын комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алышты.Ал комиссияга депутаттар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү лидер кирди. Техниканы сатып алгандан кийин эле машине муниципалдык менчик катары катталды, ал эми анын техникалык абалы тиешелүү актыга киргизилди.
 
Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн алгачкы кадам жасалганда айылдыктар жыйынга чогулуп, ал жерде муниципалдык маршрутту түзүүнүн шарттары жана жол кире акысы талкууланды. Жол кире тарифи 60 сом, эки тарапка болсо 120 сом, б.а., мурдагыга караганда эки эсе арзан баа баарына жакты. Бирок сунушталган тарифти эми айылдык кеңештин сессиясында бекитиш керек.
 
Чогулушта дагы бир маанилүү маселе көтөрүлдү:маршруттун жана ошол эле учурдаа микроавтобустун техникалык абалы үчүн жооп берген айдоочу ким болот? Бул жерден да акылга салып, сынак өткөрүүнү чечишти. Сынакка катышчу талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлду: айдоочулук тажрыйбасы жана Кош-Булак айылында жашай алуу мүмкүнчүлүгү болуш керек. Сынактын жыйынтыгы боюнча, үч талапкердин ичинен Бешкемпир ЖУНУСОВ жеңүүчү деп табылды. Мындан ары машине айдоочунун гаражында турат, өзү болсо машиненин техникалык абалына көз салып, зарыл болгондо майда ремонт иштерин жасамакчы жана өз иши үчүн ай сайын 5 миң сом өлчөмүндө маяна алып турат.
 
Натыйжалар
 
Бирок айдоочуга маяна берүү менен эле транспорттук маршрутту кармоо үчүн кеткен чыгым бүтүп калбайт. Техникага бензин, унаа тетиктери зарыл.Бардык эсептөөлөрдөн кийин бир айда 22 миң сом чыкты, бир жылда бул сумма 264 миң сомду түзөт.Көбүрөөктөй көрүнгөнү менен болочоктогу кирешелер чыгашалардан көп болуп чыкты. Маршруттук таксини жол кире акысы 60 сом деген эсеп менен иштеткенде бир жылда 374 миң тапса болот экен,башкача айтканда 110 миң сом таза пайда түшмөкчү.
 
Муниципалдык транспорттун ишинен түшкөн бардык каражат айыл өкмөтүнүн эсебине которулуп турат жана маршрутту колдонуунун алгачкы айынын жыйынтыгы боюнча, 30 миң сомдун тегерегинде пайда түштү.
 
Пайда пайдасы менен, негизгиси – тургундар каалаган кызматка жетишти. Эми ишемби менен жекшембиден тышкары, күн сайын эртең мененки саат 8де аларды Казарманга жеткире турган маршрутка күтүп турат. Ал эми кечинде саат 5те Додомолдун жана Кош-Булактын жашоочуларын үйлөрүнө жеткирет.
 
Коомдук трибуна
 
Кочконбай АЛЫМБЕКОВ, Кош-Булак айылынын
жашоочусу, пенсионер:
 
«Бүгүнкү күндө бизде өзүбүз өстүргөн продукцияны район борборунда сатуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Коомдук транспорт-чоң жардам! Анын үстүнө жол акысы да арзан. Эми биз жакшы жашай баштайбыз деп ойлойм. Башкача иштей баштаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын да мактагым келип турат. Алар элге кулак төшөп, бизди жалпы көйгөйлөрдү талкуулоого жана биргелешип чечим издөөгө тарта баштады».
 
Мээркан ИСАКОВА, Тогуз-Торо АА жооптуу катчысы:
 
«Мен Кош-Булак айылында төрөлгөндүктөн транспорт көйгөйү менен бала чагыман бери таанышмын. Каражатка шылтоолоп, бул маселени көптөн бери чече албай келатышкан. Бирок азыр баары өзгөрдү: айыл өкмөтү калк менен биргелешип көйгөйдү изилдеп, чыгашаларды эсептеп чыгып, сарпталган бюджеттик каражаттын айкындуулугун камсыздап берди. Жергиликтүү бийликте айылдык аймактын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн калктын катышуусу менен жергиликтүү бюджеттин жардамы менен чечүү каалоосу пайда болгону абдан маанилүү».
 
 
Иманбек БОРБОЛДОЕВ,
Тогуз-Торо АА социалдык
маселелер боюнча адиси

 

Окшош материалы: