Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Келечек бүгүндөн башталат: Кочкор-Атада балдар үчүн робототехника курстары ачылды

2026-03-09 / Шаарларды колдоо долбоору
Келечек бүгүндөн башталат: Кочкор-Атада балдар үчүн робототехника курстары ачылды

Мирлан МОЛДОБЕКОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун жергиликтүү өнүгүү боюнча адиси

Кочкор-Ата шаарында “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүктүн долбоорунун алкагында жергиликтүү демилгелердин конкурсу өттү. Анын максаты – жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен жергиликтүү тургундардын идеяларын колдоо. Жалпысынан комиссиянын кароосуна үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштөн тартып, шахматты өнүктүрүүгө чейин социалдык мааниге ээ болгон төрт долбоор түштү. Информатика мугалими Нураалы КУБАТОВдун “Келечектин кесиби” долбоору конкурстун жеңүүчүсү болуп табылды. Анын окуучулар үчүн робототехника жана программалоо курстарын ачуу демилгесине эксперттик комиссия эң жогорку баасын берди. Бул таң калыштуу эмес, себеби заманбап социалдык-экономикалык шарттарда санариптештирүү жана технологиялык өнүгүү аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн негизги факторлоруна айланууда. Ошол эле учурда көпчүлүк муниципалитеттерде балдардын жана өспүрүмдөрдүн инженердик, техникалык жана санариптик компетенциялары көп жакшы өнүкпөгөнү системалуу көйгөй болуп жатат. Жалпы билим берүүнүн алкагында учурдагы программалар негизинен билимди теориялык жактан өздөштүрүүгө багытталган жана робототехника, программалоо жана инженердик долбоорлоо жаатында практикалык көндүмдөрдү көп жакшы калыптандыра албай жатат. Натыйжада окуучуларда техникалык дисциплинанын колдонмо мүнөзүн түшүнүү деңгээли төмөн болууда, ошондой эле аларда андан ары буларды үйрөнүүгө каалоосу аз болуп жатат. Экономиканын жана билим берүү системасынын санариптик трансформациялануу шартында бардыгы үчүн жалпы көйгөй пайда болду – балдар менен өспүрүмдөрдүн инженердик ой жүгүртүүсүн, техникалык сабаттуулугун жана практикалык STEM-көндүмдөрүн эрте куракта өнүктүрүүнүн деңгээли жетишсиз.

ИДЕЯДАН ИШКЕ АШЫРУУГА ЧЕЙИН

Бул демилгени Кочкор-Ата шаарынын мэриясы жигердүү колдоого алды. Окуу процессин баштоо үчүн муниципалитет робототехника боюнча 10 комплектти жана 10 заманбап ноутбукту бөлүп берди. Сабактарды өткөрүү үчүн аянтчаны жергиликтүү мектептердин бири берди.

Бир айдан ашык убакыттан бери жаңы класста иш кызуу жүрүүдө. Мектептин биринчи кабатындагы бир бөлмө класс болуп жасалды. Бул жерде балдар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгөн: эмеректер жана оргтехникалар орнотулган, темаларды визуалдык жол менен көрсөтүү үчүн проектор орнотулган, кыш үчүн жылуулук системасы, ал эми жай мезгили үчүн желдеткичтер бар, тынч жана чыгармачылык атмосфера түзүлгөн.

АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАР

Курстарга 8 жаштан 15 жашка чейинки курактагы эки топко бөлүнгөн 17 бала катышат. Ата-энелер жана балдар курстар тууралуу мектептеги кулактандыруулар жана мугалимдердин сунуштары аркылуу билишкен. “Келечектин кесиби” долбоору жергиликтүү бийликтин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен бир мугалимдин демилгеси балдарга айылынан алыс кетпестен эле IT-чөйрөсүндөгү талап кылынган көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүккө айланганынын айкын мисалы болуп калды. Мугалимдердин сунуштарынын жана ата-энелерге берилген маалыматтын натыйжасында топторго чындап кызыккан жана мотивациясы күчтүү балдар келишти. Окутуу теорияга эмес, практикага басым жасаган программага негизделген. Балдар даяр чечимдерди жөн эле жаттап отурбастан, технология кантип иштээрин түшүнүшөт. Негизги багыттарга төмөнкүлөр кирет: робототехниканын негиздери: роботтордун, моторлордун жана сенсорлордун түзүлүшү менен таанышуу; алгоритмдик ой жүгүртүү: тапшырмаларды логика жана системалуу ыкма менен аткарганды үйрөнүү; программалоо: жөнөкөй блоктук коддоодон баштап Python негиздерине чейин; платформа менен иштөө: Quarky өздөштүрүү; тапшырмаларды аткаруу: чакан долбоорлорду ишке ашыруу.

Курстар акы төлөнүүчү негизде өткөрүлөт, баасы айына 2000 сомду түзөт. Бул сумма бардык чыгымдарды жабат: сабактардын акысынан жана жабдууларды пайдалануудан баштап, бардык чыгаша материалдарды сатып алууга чейинки чыгымдарды камтыйт. Мындай ыкма бир жагынан окууну жеткиликтүү кылса, экинчи жагынан балдарда жана ата-энелерде сабакка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырып жатат.

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР: НЕГИЗДЕРДЕН БАШТАП, ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТКЕ ЧЕЙИН 

Жакында жаңы ноутбуктарды алгандан кийин окуу программасы кыйла кеңеймекчи. Тереңдетилген программалоо, Python’га өтүү пландары бар; өркүндөтүлгөн логика: сенсорлор жана автоматташтыруу менен иштөө; жаңы горизонттор: жасалма интеллекттин (ЖИ) негиздери менен таанышуу; мелдештер: жигердүү долбоордук иштер жана STEM-олимпиадаларына жана конкурстарга даярдык.

“Келечектин кесиби” долбоору – Кочкор-Атанын балдарынын келечеги үчүн жигердүү жарандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү кызматташуусунун мисалы. Бул курстар балдардын жана өспүрүмдөрдүн инженердик жана логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат, программалоо көндүмдөрүн жана реалдуу тапшырмаларды аткаруу жөндөмүн өнүктүрөт, техникалык жана IT-багыттарга кызыгууну жаратат. Окуу балдарга заманбап технологияларды колдонуп эле тим болбостон, алар кантип түзүлгөнүн да түшүнүүгө жардам берет. Келечекте булар: IT жана инженерия чөйрөсүндө андан ары окууга даярдык көрүү, олимпиадаларга жана конкурстарга катышуу, шаардын жана аймактын кадрдык дараметин калыптандыруу. Иш жүзүндө бул курстар – автоматташтыруу жана жасалма интеллект дүйнөсүндө жашап, иштей турган балдардын келечегине жасалган инвестиция.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА ЧЕКТӨӨЛӨР

Ушундай эле долбоорлордун башка демилгечилерине уюштуруучулар өз тажрыйбасынан алган сабактар пайдалуу болмокчу.

Биринчиден, бир робот-конструкторду учурда эки окуучу колдонууда. Бул чечим башында эле ушинтип пландалган, бирок окуу маалында анын чектөөлөрү айкын болуп калды. Эки окуучунун бир робот менен иштөөсү конструкторго механикалык жүктү көбөйтүүдө, тетиктердин эскиришин тездетет, жабдуулардын бузулуу тобокелдигин жогорулатат.

Экинчиден, мугалимдердин негизги иши бар, ал эми бул курс кошумча иш катары өткөрүлөт. Убакыт чектелүү болгондуктан тайпалардын санын көбөйтүүгө, көп сандагы окуучулар менен натыйжалуу иштөөгө жана ар бир балага жетиштүү көңүл бурууга мүмкүндүк бербей жатат.

Үчүнчүдөн, курстардын жүрүшүндө робот-конструкторлордун санын көбөйтмөйүнчө окуучулардын санын да көбөйтүү мүмкүн эместиги белгилүү болду. Долбоордун масштабын кеңейтүү үчүн жергиликтүү бюджетте жабдуулардын комплекттерин көбөйтүү жана кошумча мугалим тартуу үчүн каражат караштыруу зарыл. Ушул этапта 17 окуучу – бул колдо болгон ресурстарга шайкеш келген оптималдуу сан. Бул ыкма окутуунун сапатын сактоого, жабдуулардын коопсуздугун камсыздоого жана долбоордун туруктуу моделин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, долбоордун бул этабы сандык өсүшкө эмес, натыйжалуу жана масштабдуу окутуу моделин даярдоого багытталган, ал ресурстар жеткиликтүү болгондо масштабды андан ары кеңейтмекчи.

Курстар үчүн компьютердик техниканы сатып алуу аны Финансы министрлигинин Борбордук казынасы аркылуу борборлоштурулуп өткөрүү зарылчылыгынан улам кечеңдеп (мэриянын ишинде бул жагы эске алынган эмес), натыйжада курстар белгиленген мөөнөттөн кеч башталды.

Биринчи этапта мектептеги компьютерлер колдонулуп жатат, бирок жакында мэрия ноутбуктарды берет, бул мугалимге курстун окуучулары менен толугу менен пландаштырылган программадан өтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Демилгелерди натыйжалуу колдоо үчүн иштерди жыл башында пландаштыруу керек, ошондо мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүгө жана демилгени ишке ашырууга көбүрөөк убакыт калат.

ФИНАНСЫЛЫК ЧЫГЫМДАР ЖАНА ТАРАПТАРДЫН САЛЫМДАРЫ

Долбоор көп тараптуу каржылоонун натыйжасында ишке ашты. Жергиликтүү бюджеттин салымы 400 000 сомду түзсө, Өнүктүрүү саясат институту 100 000 сом бөлүп берген. Чыгымдардын олуттуу бөлүгүн ата-энелер көтөрдү: 17 окуучунун ар бири 2000 сомдон, жалпысынан 68 000 сом төлөшөт, бул акча мугалимдин акысына, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана компьютердик жабдууга, оргтехникага жана керектелүүчү материалдарды сатып алууга жумшалат. Долбоордун жалпы баасы 568 000 сомду түздү. 

РЕСУРСТУК ЖАНА ЭМГЕК ЧЫГЫМДАРЫ

Бөлмөнү курстар үчүн тууралоо, топторду чогултуу, робототехника жана программалоо боюнча билим берүү программасын даярдоо, курстарды өткөрүү жана окуу процессин коштоо демилгечи – мунун баары демилгечи Нураалы КУБАТОВдун салымы. Мэрия робототехниканы сатып берди жана жакында ноутбуктарды да алып бермекчи; БЕК уулу Семетей атындагы №15 мектептин директору менен робототехника курстарын ачуу үчүн жайларды берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

НАТЫЙЖА ЖАНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

  • Курстардын экономикалык натыйжасы келечекте сезилмекчи, себеби сапаттуу билимге жетүүнү камсыз кылуу келечектеги жаштар арасында жумушсуздук деңгээлин азайтат.
  • STEM-ийримдерине катышуу аркылуу коомго жат жүрүм-турумдун алдын алуу тартип коргоого жана түзөтүү системаларына кеткен жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин каражаттарын үнөмдөйт.
  • “Санариптик ажырымды” жоюу жана инклюзивдүүлүк. Ушул сыяктуу демилгелер адатта калктын кеңири катмарына, анын ичинде аярлуу топторго кирген балдарга багытталат, бул алардын социалдык интеграциясына жана кымбат баалуу технологияларга жана билимге жетүүгө көмөктөшөт, себеби мектепте буларды окутушпайт, ал эми шаарда мындай курстар болгон эмес. Келечекте курстарды акысыз негизде уюштуруу пландаштырылууда.
  • Эрте мөөнөттө кесипти тандап алуу. Өспүрүмдөр жасалма интеллект, механика жана программалоо чөйрөсүндөгү суроо-талапка ээ болгон кесиптер менен таанышышат, бул аларга университетти жана кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берет. Көптөгөн өспүрүмдөр үчүн мындай курстар алдыңкы техникалык уни-верситеттерге даярдоонун биринчи кадамы болуп, аларды келечекте жакшы маянасы бар жумуш менен камсыз кылат.
  • Soft Skills (жумшак көндүмдөр): сабактар тартипти, жоопкерчиликти, командада иштөө жана ишти аягына чыгаруу жөндөмүн өнүктүрөт.
  • Сынчыл ой жүгүртүү: робототехника дайындарды талдаганды, тапшырма бер-генди жана стандарттан тыш инженердик чечимдерди тапканды үйрөтөт.
  • Инновациялык чөйрөнү түзүүнүн келечеги. Мындай долбоорлор келечекте шаарды технологиялык хабга айлантып, жаштарды бириктирген фестивалдарды (мисалы, IT-фестивалдарын) жана таймаштарды өткөрүүгө түрткү бере алат.
  • Жашоонун сапатын жогорулатуу: мектепте эле техникалык көндүмдөрдү киргизүү калктын жалпы технологиялык сабаттуулугунун өсүшүнө көмөктөшөт.
  • STEMдеги кыздар: муниципалдык программалар робототехника “бул балдарга гана таандык багыт” деген жалган көз карашты өзгөртүп, кыздарды инженерияга жигердүү тартууда.
  • Кайра окутууга кеткен чыгымдарды кыскартуу: балдарга робототехниканын жана жасалма интеллекттин негиздерин үйрөтүү менен шаар келечекте кадрларды кайра даярдоого кетчү каражатты үнөмдөйт, себеби жаштар экономиканын жогорку технологиялык тармактарында жана автоматташтырылган өндүрүштө иштөө үчүн негизги компетенцияларга ээ болушат. Балдарга жана өспүрүмдөргө жасалган инвестиция – бул санариптик индустрияда андан ары билим алуу жана иштөө үчүн негизги пайдубал.
  • Кадрлар резервин түзүү: мэрия келечекте жергиликтүү өнөр жайды жана инновацияларды өнүктүрө турган болочок инженерлерге жана IT-адистерине инвестиция салууда жана мындай демилгелерди мындан ары да колдой бериш керек.