Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Шаарларды колдоо долбоору
Шаарларды колдоо программасы: Тариф саясаты – муниципалдык ишканалардын экономикалык туруктуулугунун өзөгү катары
Бакыт АЙТКУЛОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты
КР Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп, ӨСИ колдоого алган “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында Шаарларды колдоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында шаардык муниципалитеттердин арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бул сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча муниципалдык ишканалар көрсөткөн кызматтарга туура тарифтик саясатты түзүү шаарлардын керектөөлөрүнүн бири экени айкын болду. Бул суроо-талапка жооп катары Өнүктүрүү саясат институту 2025-жылдын 12-ноябрынан 27-ноябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматтарын көрсөткөн шаардык муниципалдык ишканалар үчүн тренингдерди өткөрдү. Окуу үчүн төмөнкү тема тандалып алынды: “Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугу. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөөнүн методикасы”.
КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ГЕОГРАФИЯСЫ ЖАНА КУРАМЫ
Жалпысынан 6 тренинг өткөрүлүп, аларга өлкөнүн 32 шаардык муниципалитетинен 64 муниципалдык ишкананын өкүлдөрү катышты.
Баткен шаарында өткөн тренинг Баткен, Раззаков, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кадамжай жана Айдаркен шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн; Ош шаарындагы тренинг Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Гүлчө шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн; Таш-Көмүр шаарындагы тренинг Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Кербен, Кара-Көл жана Токтогул шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн; Манас шаарындагы тренинг Манас, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу, Базар-Коргон жана Кочкор-Ата шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн; Чолпон-Ата шаарындагы тренинг Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы жана Нарын шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн; Бишкек шаарындагы тренинг Токмок, Кемин, Кара-Балта, Кант, Кайыңды, Орловка жана Талас шаарларынын муниципалдык ишканалары үчүн өткөрүлдү.
Тренингдин катышуучуларынын курамына муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана бухгалтерлери, ЖӨБ органдарынын башчылары кирип, алардын жалпы саны 126 адамды түзүп, анын ичинен 39у аялдар болду.
Тренингдин катышуучулары ичүүчү суу менен жабдуу жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөө үчүн усулдук материалдар менен камсыз болушту. Тренингден кийин муниципалдык ишканаларга экономикалык жактан негизделген тарифтерди эсептеп чыгып, киргизүү маселелери боюнча аралыктан консультациялык колдоо көрсөтүлүп келет.
Төмөндө тренингдин мазмунунун урунттуу учурлары келтирилди. Алар муниципалдык ишканалардын, ошондой эле Кыргызстандын шаарларынын жана айылдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кызматкерлери жана жетекчилери үчүн пайдалуу болмокчу.
МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ТУРУКТУУЛУГУ
Ишкананын экономикалык туруктуулугу – бул терс таасирин тийгизсе да ишкананын өзүнүн милдеттерин аткарууну уланта берген абалы. Ишкананын узак убакыт бою кызмат көрсөтүү жөндөмдүүлүгү анын экономикалык туруктуулугунун маанилүү мүнөздөмөсү болуп саналат.
Негизги критерий – бул пайда табуу болуп саналган жеке ишканадан айырмаланып, муниципалдык ишкана экономикалык ишин ишкананын өзүнүн максатынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген шарттарда – жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында кызмат көрсөтүүгө жана иштерди аткарууга мажбур болгонуна көңүл буруу керек. Башкача айтканда, кирешеден тышкары муниципалдык ишкананын туруктуулугунун эң маанилүү мүнөздөмөсү – бул узак мезгил ичинде алдыга коюлган бир максатка ырааттуу жетүү жөндөмдүүлүгү.
Пайдадан тышкары, мисалы, ЖӨБ органынын атынан уюмдаштыруучунун экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканага финансылык жана материалдык жардам көрсөтүү жөндөмдүүлүгү туруктуулуктун фактору болуп саналат.
Дал ошондуктан муниципалдык ишкананын ишмердигине карата алганда экономикалык туруктуулук түшүнүгү – бул муниципалдык ишкананын өзүнүн алдына койгон максатына узак убакыт аралыгында туруктуу жетүү, бардык өндүрүштүк чыгымдарды жабууну камсыз кылуу дегенди билдирет.
Ишкананын экономикалык туруктуулугуна таасирин тийгизген негизги факторлор:
- баа бычуу (тариф саясаты);
- кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды алуунун толуктугу;
- каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо.
МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРДЫН БАА БЫЧУУСУ ЖЕ ТАРИФ САЯСАТЫ
Муниципалдык ишкананын тарифтик саясаты ишкана көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөргө бааларды (тарифтерди) белгилөө, өзгөртүү жана жөнгө салуу боюнча чаралардын комплексин камтууга тийиш. Бул иштер ишкананын, керектөөчүлөрдүн жана уюмдаштыруучу катары ЖӨБ органынын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында жасалат. Ал тарифтерди белгилөөнүн негизги принциптерин аныктайт. Бул тарифтер экономикалык жактан жүйөлүү, социалдык жактан алгылыктуу болуп, узак мөөнөттүү келечекте ишкананын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
Муниципалдык ишкананын тариф саясатынын негизги өңүттөрү:
- бааларды аныктоо жана жөнгө салуу кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүнө алардын өздүк наркына жана башка фак-торлорго жараша тарифтерди белгилөөнү талап кылат;
- тең салмактуулук принциби тарифтердин экономикалык реалдуулукка жана калктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө шайкеш кели-шин камсыз кылуу дегенди билдирет;
- социалдык адилеттүүлүк керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону, анын ичинде субсидияларды берүү жолу менен жана көбүрөөк корголгон топтор башкалардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ашыкча төлөгөн учурда кайчылаш субсидиялоону азайтууну камтыйт;
- ачык-айкындуулук жана алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүгү – бул терс кесепеттерге жол бербей, ишкананын туруктуулугун камсыз кылуу максатында тариф саясаты керектөөчүлөр үчүн түшүнүктүү жана алдын ала айтууга боло тургандыгы менен туюндурулат;
- финансылык туруктуулук – тариф саясаты ишканага өз чыгымдарын жабууга жана анын өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандай болгон жагдай.
Тариф саясаты кызмат көрсөтүүгө же жумушка бааны (тарифти) белгилөө процессин камтыйт жана ал кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир көлөмү үчүн белгилүү бир суммада көрсөтүлөт. Рынок экономикасында бааны бычуу процесси суроо-талап менен сунушка негизделет, мында суроо-талап керектөөчү төлөй ала турган товардын же кызмат көрсөтүүнүн максималдуу баасын аныктайт.
Муниципалдык ишканаларда кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөөдө чыгымдардын курамын сактоо негизги шарт болуп саналат. Себеби, муниципалдык ишкананын уюмдаштыруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан ишкананын ишмердигин тобокелге салып, рыноктун суроо-талабына гана багыт ала албайт. Ал тургай кызмат көрсөтүүнүн баасын шаардын/айылдын тургундары төлөшөт, андыктан жарандарга кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифи) эмнеден турарын көрсөтүү маанилүү. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде баа бычуу системасын жөнгө салуу керек.
Тарифтер муниципалдык ишкананын иш жүзүндөгү жана пландаштырылган чыгымдары жөнүндө маалыматтардын негизинде белгиленет. Кызмат көрсөтүүлөргө тарифти аныктоо калькуляциялоо процессинен башталат.
Калькуляциялоо – экономикалык жактан негизделген бааларды жана тарифтерди аныктоо максатында товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигинин наркын эсептөө. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын калькуляциялоо колдонуудагы ченемдерге жана өткөн мезгилди талдоого жараша кызматтарды көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды ишенимдүү чагылдырууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөөнүн жалпы эрежелери бар, алар төмөнкүлөр:
- жумушту аткаруу/кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон чыгымдардын толук курамын аныктоо зарыл;
- чыгымдардын курамынын ар бир түрү боюнча эсептөөлөрдүн жүйөлүү болгонун аныктоо (баардык зарыл болгон чыгымдарды мүмкүн болушунча жүйөлүү көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат булактары).
Муниципалдык ишкананын чыгашаларынын курамында рентабелдүүлүк жана/же пландуу топтоо сыяктуу ресурстарды (материалдык, эмгек, акчалай) натыйжалуу пайдалануунун факторлору эске алынууга тийиш. Чыгымдардын курамын аныктоо кызмат көрсөтүүлөр келечекте өзүн актап, күтүлгөн чыгымдарды эсепке алууга мүмкүндүк берет.
Ишкананын калькуляциялоосу (чыгымдардын курамы) төмөнкү стандарттуу чыгымдардан турат:
- эмгек акы + Социалдык фондго чегерүүлөр;
- жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн чийки зат, материалдар, күйүүчү май;
- кызмат көрсөтүүгө тартылган мүлктүн амортизациясы;
- кызмат көрсөтүүгө тартылган мүлктүн ремонту;
- рентабелдүүлүк/пландалган үнөмдөө;
- салыктар.
Бааны эсептөө үчүн чыгымдарды товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө бөлүп чыгыш керек. Ошондуктан, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн эсептөө маанилүү. Мисалы, катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифти эсептөө үчүн КТК канча убакытта топтолорун көрсөткөн норманы билүү зарыл. Ичүүчү сууну жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн калк жана юридикалык жактар үчүн сууну керектөөнүн нормасын билүү маанилүү.
СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ЧЫГАРУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮНӨ ТАРИФТЕР
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү мүнөзү боюнча табигый монополиялардын чөйрөсүнө кирет. Бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн наркты эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
Тартипте тарифтерди эсептөөдө жана бекитүүдө ЖӨБ органдары аткарышы зарыл болгон төмөнкүдөй негизги принцип бар. Бул принцип мындай: борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер экономикалык негизделген өздүк нарктан (иш жүзүндөгү же пландык чыгымдардан) жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын зарыл болгон деңгээлин колдоо жана эл аралык финансылык институттардан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерди аткаруу үчүн, негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттарды инвестициялоо үчүн резервди түзүү, суу менен камсыздоочу ишканалардын (уюмдардын) жамаатына жамааттык келишимге ылайык, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык мурдагы календардык жыл үчүн инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлинен төмөн эмес материалдык-социалдык жеңилдиктерди берүү үчүн жетиштүү кирешенин белгилүү өлчөмүнөн аныкталат.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын, “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерине ылайык ичүүчү сууга тарифтерди ЖӨБдүн аткаруучу органы иштеп чыгат. Андан кийин тарифтер монополияга каршы мамлекеттик орган бөлүмү менен макулдашылат. Тариф макулдашылгандан кийин аны жергиликтүү кеңеш бекитет.
КАТУУ ТИРИЧИЛИК КАЛДЫКТАРДЫ (КТК) ТАШЫП ЧЫГАРУУ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ ТАРИФТЕР
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү үчүн тарифтерди эсептөөнүн методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (АКТКЧМА) 2017-жылдын 15-ноябрындагы №202 буйругу менен бекитилген.
КТКны ташып чыгарууга тарифтерди эсептөөнүн бул Методикасы ЖӨБ органдарына өздөрүнүн баа саясатында муниципалдык ишкананын экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү мүнөздөмөсү катары рентабелдүүлүктүн деңгээли бар болушу керектигин тууралуу талаптарды белгилөөнү сунуштайт.
КР Турак жай кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболоруна ылайык КТКны ташып чыгарууга тариф жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет. Эгерде тарифтин бекитилген наркы эсептин наркынан төмөн болуп чыкса, анда ЖӨБ органдарына пайда болгон финансылык ажырымды субсидиялоо жөнүндө чечим кабыл алуу сунушталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүү сунушталат. Угуулардын жүрүшүндө катышуучуларды тарифти эсептөө боюнча чыгымдардын курамы менен тааныштыруу туура болот, ошондо бул кызмат көрсөтүүнү пайдалануучулар тариф эмнеден түзүлгөнүн көрө алышат.












