Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Шаарларды колдоо долбоору
Стратегиядан өнүгүүгө чейин: Кыргызстандын шаарлары Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын кантип жаңыртышууда
Мирлан МОЛДОБЕКОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун жергиликтүү өнүгүү боюнча адиси
2025-жылдын декабрында Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Шаарларды колдоо долбоорун практикалык жол менен ишке ашыра баштады. Долбоорду КР Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүктүн алкагында ӨСИнин колдоосун алган. Долбоор шаарлардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) даярдоо боюнча үч күндүк тренингдердин сериясы менен башталды. Окуу Кыргыз Республикасынын бардык райондук маанидеги шаарларын камтыды. Тренингдерге шаардык мэриялардын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын активисттери катышты. Тренингге жалпысынан 90дон ашык адам катышты, анын ичинен 36сы – аялдар. ЖӨБ органдарынан кошо каржылоону караштырган окутууга жаңыча мамиле кылуу КР ЭКМнын катышуусу менен башталган долбоордун өзгөчөлүгү болду.
Бул ыкманын алкагында уюштуруучулар тренингди өткөрүүнүн негизги шарттарын түзүп беришет, анын ичинде окутуучулардын эмгек акысын, окуу материалдарын даярдоону жана окутууну өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды камсыздайт. Ал эми жолго кеткен чыгымдар жана тренингдер өткөрүлгөн жерлерде катышуучулардын жашаган жайы үчүн чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Бул муниципалитеттер үчүн толугу менен акысыз болгон билим берүүчү иш-чаралардан айырмаланып, катышуучулардын жоопкерчилигин, ошондой эле окуунун өзүнүн сапатын олуттуу жогорулатууда.
Шаарларды туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө багыт алган өнүгүүнү пландоонун жаңы методологиясы боюнча СЭӨПны даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу тренингдерди өткөрүүнүн негизги максаты болду.
Тренингдин программасы “практика аркылуу окутуу” принциби боюнча түзүлгөн: теориялык блоктор топ ичинде аткарылчу тапшырмалар, реалдуу дайындарды талдоо жана окуунун жүрүшүндө СЭӨПнын бөлүмдөрүн этап-этабы менен иштеп чыгуу менен коштолду.
Мындай ыкма катышуучуларга теориялык негиздерди өздөштүрүү менен гана чектелбестен, ошол эле маалда тренингдин жүрүшүндө өздөрүнүн СЭӨП долбоорлорунун үстүнөн тикелей иштөөгө мүмкүндүк берди.
НЕГИЗГИ МАЗМУНДУ КАМТЫГАН БЛОКТОР
Тренингдин алкагында катышуучулар:
- СЭӨПны даярдоонун жаңы методологиясын жана анын укуктук негиздерин өздөштүрүштү;
- стратегиялык пландоонун эл аралык жана улуттук практикасы менен таанышып чыгышты;
- СЭӨПны даярдоонун алгоритмин, процесстин катышуучуларынын ролдорун жана өз ара байланыш түзүүнүн деңгээлдери ортосундагы механизмдерди талдашты;
- СЭӨПнын негизги бөлүмдөрү менен иштешти: калк, кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура, экономикалык өнүгүү, инклюзивдүү өнүгүү, мейкиндикти пландоо, айлана-чөйрө, бюджетти болжолдоо, мониторинг жана баалоо;
- жарандарды тартуу, коомдук угууларды өткөрүү жана аярлуу топтордун кызыкчылыктарын эске алуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
Гендердик өңүткө, “Эч кимди артта калтырбоо” принцибине жана санариптик каражаттарды, анын ичинде “Санарип Аймак” системасын колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
ПРАКТИКАЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАР
Көпчүлүк шаарлар өздөрүнүн СЭӨП долбоорлорун даярдай алганы же абдан жеткире иштеп чыкканы тренингдердин негизги жыйынтыктарынын бири болду. Бардык катышуучулар документтерди жеткире иштеп чыгуу, коомдук талкууларды өткөрүү жана СЭӨПны жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө берүү боюнча үй тапшырмаларын алышты. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси
Жанарбек АШИМОВ үч күндүк тренинг жемиштүү болгонун баса белгиледи: “Биз шаардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) атайын методологияга ылайык даярдаганды үйрөндүк, мунун практикалык мааниси чоң. Бул шаарды өнүктүрүүнүн негизги документи болгондуктан, биринчи кезекте жетекчилер СЭӨПнын маңызын жана маанисин туура түшүнүүгө тийиш экенине ынандык. Мындан тышкары, мэриянын кызматкерлери СЭӨПны даярдоо боюнча көптөгөн пайдалуу жана зарыл маалыматтарды алышты. Тренингдин жыйынтыгы боюнча шаарыбыздын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 60 пайызга даяр болду; калган бөлүгүн тикелей иш жеринде бүтүрөбүз. Бул тренинг биз үчүн чоң колдоо жана олуттуу жардам болду”.
Кайыңды шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Замира РЫСАЛИЕВА тренингдин практикалык маанисине көңүл бурду: “Топтордун ичинде жасаган иштерибизди ошол замат эле өзүбүздүн СЭӨПга киргизе бердик. “Инклюзивдүү өнүгүү” жана “Мейкиндик” темалары кызыктуу болду. Тренингде биз СЭӨПнын долбоорунун 50 пайыздан ашыгын даяр кылып койдук. Тренинг учурунда билимибизди жаңылап бердиңер, бул үчүн ыраазыбыз. Тренингдин материалдары жөнөкөй жана жеткиликтүү болду. СЭӨПнын түзүмү эски формадан айырмаланат экен; СЭӨПнын жаңы методологиясы жана үлгүсү менен таанышуу кызыктуу болду”.
Өткөрүлгөн тренингдер шаарлар үчүн негизги көйгөй стратегиялык документтердин жоктугу эмес, алардын формалдуу мүнөзү жана иш жүзүндөгү башкарууга тиешелүү чечимдер, бюджеттик процесс жана калктын суроо-талаптары менен байланышы чабал экенин көрсөттү. Окуунун алкагында сунушталган СЭӨПны даярдоонун жаңы методологиясы дал ушул ажырымды жоюуга багытталган.
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Фатима НАДЖЕЛЛИДОВА тренинг анын күнүмдүк керектөөлөрүнө жооп бергенин тастыктады: “Менин кызматым СЭӨПны даярдоону гана эмес, ошону менен бирге анын мазмунун да терең түшүнүүнү талап кылат. Ушул тапта шаарыбыздын СЭӨПсын жаңылоо процесси жүрүп жаткандыктан, бул тренинг биз үчүн өтө зарыл эле. Менин тажрыйбам боюнча бул мен буга чейин катышкан тренингдердин ичинен мыктыларынын бири болду. Жөн гана угуп, катышып коюп, кайта берген башка тренингдерден айырмаланып, бул жолу сиздердин колдооңор болуп, биз вице-мэр жана тиешелүү адистер менен биргеликте жаңы методологиянын негизинде шаардын СЭӨПсын даярдадык. Биз өтө көп көлөмдө пайдалуу маалыматтарды алдык. Бул тренинг биздин мындан аркы ишибизге абдан жардам берет деп ишенем. Жумушка кайтып баргандан кийин биз аппараттын жыйынын өткөрүп, СЭӨПны жеткире иштеп чыгуу планын түзүүнү пландап жатабыз”.
Катышуучулардын ишине жасалган талдоо көрсөткөндөй, буга чейин СЭӨПларды адатта адистердин тар чөйрөсү даярдап, алар милдеттүү, бирок отчеттук документ катары кабыл алынып келген. Тренингдердин жүрүшүндө секторлордун ортосундагы ыкмага басым жасалды. Мында стратегиялык пландоо процессине бардык негизги шаар кызматтары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жамааттардын өкүлдөрү тартылат. Бул чачыранды пландоодон шаарды өнүктүрүүдө бирдиктүү көз карашты калыптандырууга өтүүгө мүмкүндүк берди.
Чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз катары дайындарды колдонуу олуттуу өзгөрүү болду. Катышуучулар демографиялык, социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык көрсөткүчтөр менен иштешти, бул аларга шаарлардын учурдагы абалын тең салмактуу баалоого, реалдуу өсүш чекиттерин табууга жана өнүгүүдөгү артыкчылыктарды аныктоого мүмкүндүк берди. Мындай ыкма СЭӨП менен бюджетти болжолдоонун ортосундагы байланышты бекемдейт жана программаларга киргизилген иш-чаралар ишке ашырылат деген ыктымалдуулукту жогорулатат.
Маанилүү аналитикалык тыянак мындай болду: СЭӨПнын жаңы түзүмү бири-биринен айырмаланган иш-чаралардын тизмесинен максаттардын, тапшырмалардын, көрсөткүчтөрдүн жана күтүлгөн жыйынтыктардын логикалык жактан структурага салынган системасына өтүүнү жеңилдетет. Бул программаны ишке ашырып жаткан маалда мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн негиз түзөт, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жашоочулардын жана шаардык кеңештердин депутаттарынын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат.
Алсак, Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Мирланбек АБДЫКЕРИМОВ жергиликтүү бюджеттен инвестиция тартуу үчүн каражат бөлүү, инвестициялык форумдарды уюштуруу жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча пайдалуу билим алганын белгиледи: “Бул сунуштар биздин СЭӨПнын иш-планына киргизилген. Тренингдин жардамы менен биз СЭӨПнын болжол менен 70% методологияга ылайык иштеп чыга алдык. Муну биз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Мэрия калган бөлүгүн бүтүрүп, бекитүүгө даярдайт жана биз толук даяр болгон СЭӨПны алабыз деп ишенем”.
Ош шаардык мэриясынын экономист-статистиги Шукратбек ТУРДУЕВ өзү үчүн маанилүү бир тыянак чыгарды: ар бир багыт боюнча талдоо жүргүзүүдө ар бир майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу керек, ал күтүлүп жаткан жыйынтыктарды иш-аракеттердин реалдуу планына киргизүүнү жана системага салып иштегенди үйрөндү: “Жаңы методологиянын негизинде мен СЭӨПнын ар бир бөлүмүнө кандай иш-чаралар жана талдоолор кошулушу керектигин жана аларды иш жүзүндө кантип ишке ашырса болорун так түшүндүм”.
Ушундай эле пикирди Гүлчө шаардык мэриясынын экономист-статистиги Уулкан КУРМУШУЕВА да айтты: “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдоодо ар бир багыт боюнча талдоо жүргүзүп, иш-чаралардын планын түзгөндү үйрөндүм. Алган билимимди шаардын өнүгүшүнө салым кошууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жумшайм деген ниеттемин”.
Инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин интеграциялоо өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар гендердик өңүт түшүнүктөрү жана “Эч кимди артта калтырбоо” принциби менен таанышып гана тим болбостон, ошону менен бирге аларды СЭӨПнын максаттарын жана иш-чараларын түзгөндө колдонууну практикада сынап көрүштү. Бул программалардын социалдык багытын күчтөндүрөт жана калктын ар кандай топторунун, анын ичинде аялдардын, жаштардын, майыптыгы бар адамдардын жана социалдык жактан аяр абалдагы адамдардын кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет.
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын социалдык адиси Нургаазы ТОКТОРОВ шаардык программанын социалдык ролун түшүнүүсү кыйла кеңейди деп эсептейт: “Жаңы методологиянын негизинде СЭӨПны даярдоодо документ майыптыгы бар адамдарды эске алып, бардык жарандар үчүн гендердик теңчиликти жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап, ошондой эле шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталышы керектигин терең түшүндүм. Тренингге катышуу мага чоң таасир калтырды, себеби шаарыбызды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү документти даярдоого өз салымымды кошуп жатканымды баамдадым”.
Институционалдык көз караштан алганда, тренинг мэриялардагы ички координацияны бекемдөөгө көмөктөштү. Ар кандай бөлүмдөрдүн адистеринин биргелешкен иши СЭӨП экономикалык, социалдык, инфраструктуралык жана шаар куруу блокторунун ортосундагы иш-аракеттерди координациялоонун каражаты боло аларын көрсөттү. Бул өзгөчө чектелүү ресурстар макулдашылган жана максаттуу башкарууну талап кылган райондук маанидеги шаарлар үчүн өзгөчө маанилүү. Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Нурбек АШИМОВ тренингдин катышуучуларынын ортосунда жасалган командалык ишке жогору баасын берди: “Тренингге бардык шаардык кызматтардын катышуусу өтө маанилүү, бул ар бир тармактын көйгөйлөрүн ар тараптан изилдөөгө жана шаардагы кырдаалга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга мүмкүндүк берди. Убакыттын жетишсиз болгону жалгыз гана чектөө болуп калды. Ошол эле маалда тренингдин материалдары жөнөкөй жана жеткиликтүү берилген. Алынган билимге жана окуунун жыйынтыктарына таянып, жумушчу топ шаар үчүн сапаттуу, маңыздуу жана практикага багытталган СЭӨПны түзө алат деген ишеним бар. Үч күндүк тренинг биздин ишибизди кыйла жеңилдетти. Жетекчи катары кызматкерлерге СЭӨПнын багыттарын жана максаттарын так түшүндүрүп, аларды аткаруу үчүн туура багыт көрсөтүү үчүн көптөгөн пайдалуу билимге ээ болдум. Бул тренинг аппараттын кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу болду деп эсептейм, себеби өнүгүү программасын жетекчилер гана эмес, анын туура аткарылышын камсыз кылуу үчүн ар бир кызматкер да түшүнгөнү маанилүү”.
Ошентип, тренингдердин жыйынтыктары жаңыланган СЭӨПны стратегиялык документтер катары гана эмес, талдоонун, пландоонун, бюджет түзүүнүн жана шаардык демилгелерди ишке ашыруунун ортосундагы байланышты камсыз кылуучу башкаруу каражаттары катары кароого да мүмкүндүк берет. Узак мөөнөттүү келечекте бул муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатып, Кыргыз Республикасындагы шаарларды туруктуу өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.
ОКУУНУН ӨЛЧӨНӨ ТУРГАН ТААСИРИ
Тренингдердин натыйжалуулугун баалоо үчүн катышуучулар окуу башталганга чейин андан кийин тесттерди толтурушту. Тесттин жыйынтыктары катышуучуларда стратегиялык пландоо процесстерин билүүнүн жана түшүнүүнүн деңгээли олуттуу жогорулаганын көрсөттү. Бул окуунун жогору практикалык маанисин, методологиянын жеткиликтүүлүгүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишинде колдонууга мүмкүндүгүн тастыктады.
АЛДЫГА КӨЗ ЧАПТЫРА КЕЛГЕНДЕ
Өткөрүлгөн тренингдер документтерди практикалык жол менен комплекстүү окутуу шаардын деңгээлинде стратегиялык пландоонун сапатын олуттуу жакшырта аларын тастыктады.
Алынган жыйынтыктар СЭӨПнын жаңы методологиясын андан ары киргизүү жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн драйверлери катары шаарлардын ролун күчөтүү үчүн бекем негиз түзөт.












