Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аламүдүн – спорт аймагы

2023-04-27 / Кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык ишканалар
Аламүдүн – спорт аймагы

Аламүдүн айылдык аймагы Чүй облусунун спорттук борборуна айлангысы келет. Бул жерде футбол аянтчалары, спорт залдары, ошондой эле спорттук иш-чаралар үчүн ачык аянтчалар жайгашкан. Мектептер жана бала бакчалар спорттук секцияларды уюштурушту.

Сергек жашоого жана физикалык активдүүлүккө кызыгуунун өсүшү – дүйнөлүк тенденция, Аламүдүн аймагы да бул тенденциядан артта калгысы келбейт. Ар кандай спорттук демилгелер балдардын спорт менен машыгууга болгон каалоосун күчөтөт. Жаштардын кызыктуу оюндары, үй-бүлөлүк турнирлер, командалык мелдештер болот. Машыгуу окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырат жана физикалык жактан өнүгүүгө жардам берет. Спорт ошондой эле айылдык аймактын коомдогу аброюн да көтөрөт.

“Аламүдүн Спорт” мекемеси 2020-жылы негизделген, ал спорттук иш-чараларды жана оюндарды уюштуруу менен алектенет. Мекеме кыздар арасында «Алты бакан», «Селкинчек», «Ордо», «Беш таш» кыздар үчүн, «Таяк тартыш», «Аркан тартыш», гиря көтөрүү, таэквондо сыяктуу түрдүү элдик жана спорттук оюндарды өткөрөт.

“Аламүдүн Спорт” мекемесинин директору Таалай ТОГУЗБАЕВ спорт физикалык өнүгүүгө жана рухту чыңдоого көмөктөшүп, сергек жашоого коомчулуктун көңүлүн буруп, кызыгуусун арттырууга жардам берет деп ишенет. Оюндардын ар түрдүүлүгүнүн аркасында мелдештерге ар кандай курактык топтор катышат жана катышуучулардын ортосундагы социалдык байланыш оңолот.

“Тилекке каршы, спорттук турнирлерди Нооруз жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө гана уюштура алабыз. Башка күндөрү да өткөргүбүз келет, бирок финансылык мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Ийримдерди уюштуруу үчүн жабдуулар болуп, машыктыруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөш керек.

Демөөрчүлөрдү тартууга аракет кылып жатабыз, мисалы, алардын жардамы менен №1 мектептин футбол аянтчасында дарбазалар орнотулган”.