Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аламүдүн айыл өкмөтү аймактын жашоосун кантип жакшыртууда: муниципалдык ишканаларга сереп

2023-04-27 / Кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык ишканалар
Аламүдүн айыл өкмөтү аймактын жашоосун кантип жакшыртууда: муниципалдык ишканаларга сереп

Адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүдө муниципалдык ишканалар жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде абдан маанилүү ролду ойнойт. Алар коммуналдык чарба, суу, газ, электр менен жабдуу, таштандыларды башкаруу, транспорттук тейлөө, билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо өңдүү иштердин ар кандай түрлөрүн аткара алышат. Аламүдүн айылдык аймагында дээрлик бардык чарбалык жана спорттук-маданий иштерди муниципалдык ишканалар жүргүзөт. Бул жерде мындай 11 чарба субъектиси түзүлгөн. Айыл өкмөтүнүн демилгелүү иштеринин ырааттуулугун көрүү үчүн ишканаларды түзүлгөн жылы боюнча тааныштырып чыгалы.

2005-ЖЫЛ: “ГИДРОСТРОИТЕЛЬ” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ

“Гидростроитель” МИ кожолуктарды жана уюмдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Ишкана элеттик суу менен камсыздоо системасын тейлейт. Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн 6 300 адам колдонот. Тарифтер киши башына 25 сомду, юридикалык жактар үчүн куб метрине 25 сомду түзөт. Айыл өкмөтү суу менен жабдуу системасын оңдоо үчүн жыл сайын бюджетте каражат караштырып турат. Ичүүчү суу менен камсыздоо 95 пайызды түзөт. Көлөмү 100 тонна болгон суу мунарасы иштеп жатат.

2010-ЖЫЛ: “МЭЭНЕТ-АЛАМҮДҮН” ЖАНА “САНТЕХ-СЕРВИС-АЛАМҮДҮН” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАРЫ

“Мээнет-Аламүдүн” МИ катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, туш келди жерде таштанды таштоочу жайларды болтурбоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү менен алектенет. Ишкана аймактын элинин 100 пайызын тейлейт. Бизнес объектилери менен 300гө жакын келишими бар жана өзүн-өзү каржылайт.

“Сантех-Сервис-Аламүдүн” муниципалдык ишканасынын негизги милдети – коммуналдык чарбанын эксплуатациялык абалына көз салуу, канализация тармактарында жана тазалоочу курулмаларда утурумдук ремонт иштерин жүргүзүү. МИ жеке жана юридикалык жактарды тейлөө боюнча келишимдерди түзүүгө жана өзүнө милдеттенмелерди алууга ыйгарым укугу бар. Аймакта 20 км канализация түтүгү төшөлүп чыккан. Калктын 30 пайыздан ашыгы канализацияга кошулган. Канализация системасын көбүрөөк адамдарга жеткирүү ишкананын максаты болуп саналат.

2019-ЖЫЛ: ЖАМААТТЫН АР КАНДАЙ ТҮРДӨГҮ МУКТАЖДЫКТАРЫ ҮЧҮН МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАЛАР

“Шоола-Аламүдүн” муниципалдык ишканасы электр-монтаж иштерин жана айылдык аймактын көчөлөрүн түнкүсүн  жарыктандыруу иштерин жүргүзөт, юридикалык жактардын буйрутмалары боюнча иштейт, калкты жарыктандыруу маселелери боюнча тейлейт.

“Ынтымак-Аламүдүн” муниципалдык ишканасынын тарыхы Нооруз күнү башталган.  Айыл тургундары кварталдардын ортосунда ыр-кесе уюштуруп, натыйжада “Тумар” чыгармачылык ансамбли түзүлгөн. Учурда ансамбль 30 жаштан 75 жашка чейинки курактагы эркектер менен аялдардан турат жана “Ынтымак-Аламүдүн” ишканасынын алдында иш алып барып, аймактагы бардык маданий иш-чараларга катышып келет. Ишкана жаштар арасында ата-бабалардын кол өнөрчүлүгүн жана кыргыз элинин каада-салттарын жайылтуу максатын көздөйт.

“Аламүдүн Авто Транс” муниципалдык ишканасы Бишкек менен Аламүдүн жана Садовое айылдарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт. 2020-жылы ишкана “Айыл Банктын” лизинги аркылуу жалпы наркы 18 млн сомдон ашкан сегиз чакан автобусту сатып алган. Транспорт Аламүдүн жана Садовое айылдарынын тургундарын Бишкекке жеткирип, кайра алып келет. 

Ишканада 15 кызматкер иштейт: директор, механик, диспетчер, нарколог, бухгалтер, сегиз айдоочу, унаа жуугуч, күзөтчү. Жаш курагы боюнча пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар,  7 жашка чыга элек балдар, сентябрдан майга чейин окуучулар жол акысын төлөөдөн бошотулган.

“Аламүдүн долбоору” муниципалдык ишканасы чарбалык эсептин негизинде архитектуралык долбоорлоо маселелерин чечет. Уюмдарга да, жеке адамдарга да өз кызматтарын көрсөтүп келет.

“Санитардык-экологиялык кызмат” муниципалдык ишканасы Аламүдүн аймагынын тургундарына жана чарба субъекттерине ветеринария, санитария жана экология маселелери боюнча муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн, жигердүү жарандардан жана санитардык-экологиялык кызматтын кызматкерлеринен турган Комиссия көчөлөрдү жана короолорду туруктуу түрдө кыдырып турат. Тургундар менен жолугушуулар жана чогулуштар ишканага туш келди жерге ыргытылган таштанды жайлары, көчөлөрдүн булганышы, жолбун иттер өңдүү фактыларды аныктап, тартип бузууларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Аймактарды жашылдандыруу санитардык-экологиялык кызматтын артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Биринчи кадамдар жасалды, тактап айтканда Аламүдүн дарыясынын боюна 600 дарак отургузулду. Көйгөйлөр да бар: атайын техника, бодо малды кароо үчүн фельдшердик пункт зарыл, чириген бутактарды жана кургак чөптөрдү сактоо үчүн кампа тартыш.

“Муницстрой” муниципалдык ишканасы имараттарды, курулмаларды, жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу багытында иш алып барат. Ишкана айылдык аймакта буйрутмаларды аткарат. Бул үчүн анын тиешелүү техникасы – самосвалдар, автогрейдерлер, экскаватор, каток бар.

“Ачык Келечек” муниципалдык ишканасы – бул балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн түрдүү курстар ачылган балдардын билим берүү борбору. Ал төмөнкү багыттар боюнча иштейт: балдарды мектепке даярдоо, англис тили курсу, логопед, балдар хореографиясы, мектептен кийин кеңейтилген ийримдер. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 15 баланы, жетим балдарды жана турмушу оор балдарды окутуу каржыланат. Борборго кыркка жакын бала келет.

2020-ЖЫЛ: “АЛАМҮДҮН СПОРТ” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ

“Аламүдүн Спорт” муниципалдык ишканасынын негизги ишмердиги – кыздар арасында «Алты бакан», «Селкинчек», «Ордо», кыздар арасында «Беш таш», «Таяк тартыш», «Аркан тартыш», гиря көтөрүү, таэквондо сыяктуу элдик жана спорттук оюн-зоок мелдештерин уюштуруу.