Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИ: айылда ыңгайлуу шарт түзгөн ишкана

2023-04-27 / Кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык ишканалар
“Сантех-Сервис-Аламүдүн” МИ: айылда ыңгайлуу шарт түзгөн ишкана

Канализация системалары – шаарлардын жана айылдардын инфраструктурасынын бир бөлүгү, айлана-чөйрөнү таза жана адамдардын жашоосу үчүн коопсуз сактоого жардам берет. Канализация элеттиктер үчүн маанилүү эмес деген пикир жалган. Айылдыктар шаардыктардай эле ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шарттарына умтулушат. Айрыкча, айыл Аламүдүнгө окшоп борбор калаа менен чектешсе, бул каалоо өзгөчө күчтүү болот.

Аламүдүн айылдык аймагында канализациялык инфраструктураны түзүп, аны тейлөө үчүн 2010-жылдын 12-ноябрында негизделген “Сантех-Сервис-Аламүдүн” муниципалдык ишканасы жооптуу.

Ишкана канализация системасынын элементтерин орнотуу жана тейлөө менен алектенип, агынды сууларды айыл аймагынан Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларына жеткирүү үчүн жооп берет. Ишкана ошондой эле люктардын ремонту, аларды тазалоо, ички жана тышкы инженердик системалардын жана канализациялык тармактардын монтажы өңдүү акынын негизинде кызматтарды да көрсөтөт. Ишкананын жетекчиси Токтобек АЯЗБЕКОВду кепке тарттык.

– Сиз 2012-жылдан бери “Сантех-Сервис-Аламүдүн” ишканасын жетектеп келаткан экенсиз. Ушул он жылдын ичинде ишкананын менеджери катары сыймыктанган кандай ийгиликтерди атай аласыз?

– Аламүдүн айылдык аймагынын айланасында узундугу 20 километр болгон канализация түтүктөрү төшөлгөн, калктын 30% бул канализацияны пайдаланат. Биз бүтүндөй канализация системасынын эксплуатациялык абалын кармап келебиз. Мен ар бир иш күнүм менен сыймыктанам, себеби биз адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатпайбызбы.

Ишкананын ишин дээрлик нөлдөн баштап түзүү оңой болгон жок. 2016-жылга чейин биз негизинен Советтер Союзунан калган системаларга техникалык тейлөө жана ремонт иштерин жүргүзүп келгенбиз. Акыркы беш жылдан бери жаңы түтүктөрдү төшөп, жеке кызматтарды көрсөтүп келе жатабыз.

Өзгөчө биз өзүбүздүн биринчи долбоорубуз – “Жомок” бала бакчасы үчүн тазалоочу курулманын курулушу менен сыймыктанабыз. Долбоордун жалпы наркы 3 400 000 сомду түзүп, анын 600 000 сомун айыл өкмөтү бөлүп берген. Балдар биздин келечегибиз жана алардын ден соолугу айлана-чөйрөнүн абалына жана жашоо үчүн түзүп жаткан шарттарга жараша болот.

– Чындыгында эле командаңыз жасаган иш чоң мааниге ээ. Айыл өкмөтү жардам берип жатабы?

– Биз өзгөчө 2016-жылдан тарта айыл өкмөтүнөн олуттуу колдоо алып жатабыз. Башчы Найзабек КӨЛБАЕВдин жардамы менен биздин ишибиз бир топ илгериледи. Аламүдүн айылынын көптөгөн көчөлөрүндө – Алматы, Гидростроитель, Иваницын, Чугуев, Горький, Гоголь, Чүй көчөлөрүндө, Кавказ туюгунда, Фабрика, Кыргызстан конушунун 8-көчөлөрүндө, “Бөбөк”, “Жомок” жана “Тумар” бала бакчаларында, №1 жана №2 мектептерде, айыл өкмөтүнүн кеңсесинде канализация элементтери ийгиликтүү ишке киргизилди.

Мындан тышкары, биз кызматкерлердин айлыгын 11 миң сомго чейин көтөрдүк. Бул азыркы шарттарда көп эмес, бирок жок дегенде мурункудан көбүрөөк.

– “Сантехсервис” кандай көйгөйлөргө туш болду жана алар кантип чечилди?

– Бизде кыйынчылыктар аз болгон жок. Тарифтин төмөндүгү жана COVID-19 пандемиясы кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны өз убагында чогулта албай, Бишкек суу чарбасына 1 млн 400 миң сом, Социалдык фондго 500 000 сом жана салык органына 70 000 сом карыз болуп калдык. Буга байланыштуу биз жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөт башчысына тарифтерди кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылып, бул маселеде колдоо тапканбыз. Ошентип, 2022-жылдын февралынан тарта тариф 25 сомдон 35 сомго чейин көтөрүлгөн.

– Сиздин аймактагы соңку окуялар жөнүндө айтып берсеңиз.

– 2021-жылы Дальняя, Алматы, Гидростроитель көчөлөрүндө, ал эми 2022-жылы Чапаев, Заречная, Панфилов көчөлөрүндө жана Кыргызстан конушунун калган беш көчөсүндө жаңы канализация системаларын курдук, ошондой эле Гидростроитель көчөсүндө диаметри 300 мм болгон түтүктү алмаштырдык.

Быйыл Бишкек суу чарбасына жана салык кызматына карызыбыздан кутулдук. Азыр Социалдык фондго 250 000 сом өлчөмүндө гана карыз калды, аны жакын арада төлөп беребиз.

Өзүбүз үчүн чакан кеңсе жана техниканы бир жерде чогултуп, оңдоп-түзөө үчүн бастырма куруп, иштөөгө шарттарды түздүк.

– Пландарыңыз кандай?

– 2023-жылы Аламүдүн айылынын 13-көчөсүнө жана Набережная көчөсүнө жаңы канализация системасын киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле насостук станциялары бар үч тазалоочу курулмаларды кургубуз келет. Кызматкерлердин айлыгын бара-бара көтөрөбүз.