Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Эч ким обочодо калбайт” же “Бактылуу адамдардын аймагы”

2022-10-16 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
“Эч ким обочодо калбайт” же “Бактылуу адамдардын аймагы”

Автору: Алтынай МОЛДОЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун гендердик жана социалдык контент боюнча адиси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күн сайын көйгөйлөрдү чечип, жамааттагы ар кандай топтордун муктаждыктарын канааттандыруу зарылчылыгына туш болушат. Кимдир бирөөнүн үнү катуу чыгып, талапты коё билет, анын таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар, укуктук билимге ээ жана өз укуктарын коргой алат, ал эми башкасы болсо ар кандай жагдайлардан улам кыйналса да үн катпай отурат. Саясатчылар ЖӨБ органдарынан дотациядан чыгууну жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнү, жумуш орундарын түзүп, өндүрүштү баштоону талап кылып келишет. Тургундар ЖӨБ органдарынан заманбап бала бакчаларды, ишкерлерден болсо жакшы жолдорду жана коммуникацияларды талап кылышат. Мына ушинтип туш тараптан жаңырган добуштардын ичинен көп учурда саясатчылардын жана бизнес өкүлдөрүнүн үнү жеңишке жетет. Саясатчылардын бийлиги болгону үчүн үнү жетсе, бизнес өкүлдөрү бюджетти “багып”, жумуш орундарын түзүп, аймакты товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылышат. Ал эми бийлиги да болбогондор, казынага акча бере албагандар да үнүн жеткире албай кала беришет. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ансыз да чектелүү убактысын жана ресурстарын “артта калып жаткандарга” коротуу канчалык зарыл? ЖӨБ органдарын аялуу топтордун көйгөйлөрүн чечүүгө боорукердик жана адилеттүүлүк сезимдеринен тышкары дагы кандай факторлор түрткү бериши керек?

Ар кандай саясий жана экономикалык доктриналар артта калып жаткан топтор менен иш алып баруу зарылдыгын ар башкача баалап келишкен. Социалисттик система жакыр жана аялуу адамдардын таптакыр болбошун көздөп, социалдык адилеттүүлүк жана теңдик принциптерине таянган. Бул көп учурда теңсиздикке алып келген: калк тегиз жакыр болуп, ал эми аялуу адамдардын көйгөйлөрү унутта калып, мисалы, майыптыгы бар адамдар коом үчүн жок болгондой кырдаал түзүлгөн. Капиталисттик система аялуу адамдарга мүмкүн болушунча аз ресурстарды сарптоого умтулуп, бардык күчтү ишкердүүлүктү жана бизнести өнүктүрүүгө багыттап, коом аялуу адамдарга боор тартып, мамлекеттин катышуусу жок өз алдынча кам көрүп кете алат деп ишенген. Мамлекет аялуу топтор өз көйгөйлөрүнүн көпчүлүгүн өздөрү чече ала тургандай шарттарды түзүүгө аракет кылганы коомдун жана мамлекеттин гармониялуу өнүгүүсүнүн азыркы элесин берет. Мындай мамиленин реалдуулугу илимий-техникалык прогресстин азыркы деңгээлинде жогорулайт. Мурда майыптыгы бар адам кесип тандоодо чектелип, иштин көп түрлөрү менен алектене албай келсе, эми технологиялардын өнүгүшү менен майыптык жашоонун жогорку деңгээлине тоскоол болбой калды. Бул үчүн адам билимге жана мисалы, санариптик мейкиндикте жогорку технологиялык көндүмдөргө ээ болгону талап кылынат.

Бир нече себептерден улам жамааттын аймагында артта калып жаткан топторду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн өтө маанилүү.

Биринчиден, социалдык, маданий, укуктук, экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү адам капиталынын сапатын көтөрүп, аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Экинчиден, социалдык чыңалууну азайтып, чыр-чатактарды азайтып, жамааттын ден соолугун чыңдап, аны гармониялуу жана тышкы чакырыктарга туруктуу кылат.

Үчүнчүдөн, бюджетке социалдык түйшүктү азайтат, себеби артта калган аялуу топтор билим жана көндүмдөргө ээ болуп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошо алышат.

Төртүнчүдөн, жалпысынан жамааттын бакубатчылык деңгээлин жогорулатат, бул болсо экономикалык өсүшкө жана жамаат менен аймактын комплекстүү өнүгүүсүнө алып келет.

Мунун бардыгы бир заматта эле болуп кетпейт, көптөгөн жыйынтыктарга жетишүү үчүн убакыт жана олуттуу күч-аракет талап кылынат. Бирок бул аракеттер болмоюнча жамаат жана бийлик үчүн жогоруда айтылган жыргалчылыктарды алуу ого бетер кыйын болгонун түшүнүш керек.

Артта калып жаткан топторду өзү “тартып кете” турган экономикага бардык күч-аракеттерди жумшоо керек деген пикир актуалдуулугун жоготту. 

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө көрсөткөндөй, экономиканын катуу өсүшү да аялуу топтордун бакубатчылыгына эч кандай таасир этпейт, себеби алар бизнес салык алып келген бюджеттен гана социалдык жардам ала беришет. Экономикалык жана социалдык процесстерге аялуу топторду тартуу, аларды “адам капиталын жүгүртүүгө” киргизүү гана кырдаалды өзгөртө алат. Жакырчылыктан социалдык жөлөкпулдар эмес, социалдык кызмат көрсөтүүлөр сууруп чыгат деген ырастоону эч ким талашкан жери жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу саясатына карата да ошондой – эч кандай майрамдар, марафондор, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү аялуу топтордун абалына олуттуу таасирин тийгизбейт. Аялуу топтордун өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, аларды жигердүү социалдык жана экономикалык турмушка тартуу гана аларды ушул абалдан чыгара алат.

Бул саясат расмий түрдө жалпы цивилизациянын деңгээлинде таанылган жана өзүнчө топ же өлкө ойлоп тапкан идея эмес. Биринчи жолу коомдун бардык мүчөлөрүн камтыган инклюзивдүү өнүгүүнүн зарылдыгы жөнүндө идея Давос экономикалык форумунда көтөрүлүп, анын булагы мамлекет жана коом эмес, ири бизнес болгон. Дүйнөлүк экономиканын өзөгүн түзгөн ири ишкерлер мамлекеттик бюджеттин жөлөкпулга укмуштуудай көп чыгымдары жакырчылыкты азайтпай жатканын, мамлекеттин бул чөйрөдөгү ролун радикалдуу түрдө өзгөртүп, пассивдүү бөлүштүрүүдөн активдүү камтууга өтүү керектигин биринчилерден болуп баамдашты.

Мындай мамиле коомдо жана эл аралык башкаруу институттарында колдоо таап, таанылды. Ошентип, эч кимди обочодо калтырбоо чакырыгы пайда болду, ал мамлекеттерге, элдерге, бизнеске жана аялуу адамдарга бирдей багытталган. Ал Туруктуу өнүктүрүү максаттарында (ТӨМ), анын ичинде жакырчылыкты жоюу, планетабызды коргоону камсыз кылуу, жашоо сапатын жогорулатуу жана дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын келечегин жакшыртуу боюнча иш-аракеттерге жалпы чакырык катары түзүлгөн. Бул 17 Максатты БУУнун бардык мүчө мамлекеттери 2015-жылы кабыл алышкан. Кыргыз Республикасы БУУнун башка өлкөлөрү менен катар глобалдык ТӨМгө жетишүүгө салым кошуу, ошондой эле аларга жетүү аракеттерине мониторинг жүргүзүү боюнча өзүнө милдеттенме алган.

Бара-бара, чакырык ар кандай деңгээлдерде жүзөгө ашырылган саясаттын принциптерине жана чаралар топтомдоруна өзгөрдү1:

  • натыйжалуу жетекчиликти камсыз кылуу, көбүрөөк ресурстарды бөлүштүрүү жана ойлонулган чечимдерди кабыл алуу боюнча глобалдык деңгээлдеги иш-аракеттер;
  • саясатты, бюджеттерди, мекемелерди жана өкмөттөрдүн, шаарлардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ченемдик-укуктук базасында зарыл болгон өзгөртүүлөрдү камтыган жергиликтүү деңгээлдеги иш-аракеттер;
  • адамдардын, анын ичинде жаштардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жеке сектордун, кесиптик бирликтердин, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын аракеттери.

Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдар, ошондой эле жарандык коомдун өкмөттүк эмес уюмдары менен өнөктөштүктө иштеп, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору жергиликтүү деңгээлдеги иш-аракеттер аркылуу Кыргыз Республикасынын алдында турган милдеттерге жете алуусуна өз салымын кошууга умтулуп келет, ошондой эле өлкөдөгү жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган адамдардын иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүдө.

Долбоор өз ишин пландаштырууда гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия принциптерин сактоого өзгөчө көңүл бурат. Ошону менен катар Долбоор Швейцариянын Өнүктүрүү боюнча агенттигинин (SDC) концепциясын карманат, бул концепция Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан өнүгүү долбоорлорунун бардык өңүттөрүндө жана бардык этаптарында “Эч кимди обочодо калтырбоо” (Leave No One Behind) принцибин ийгиликтүү чагылдырган колдонмо түрүндө болот1.

“Эч кимди обочодо калтырбоо” принциби - коомдун өнүгүү деңгээли анын эң алсыз мүчөлөрүнүн бакубатчылыгы менен өлчөнөт деп чечмеленет. “Обочодо калгандар” деп туруктуу өнүгүүдөн четтетилген же жашоо деңгээлинин минималдуу стандарттарына жете албаган топтор эсептелет.

Эч кимди обочодо калтырбоо милдеттенмесинин алкагында жакырчылыкты кыскартуу жана коомдун турмушунан четтетүү аракеттерине артыкчылыктуу маани берилет. Ошону менен бирге жакырчылык көп кырдуу көрүнүш катары каралат жана беш өлчөм менен берилиши мүмкүн: экономикалык жакырчылык, адамдардын жакырчылыгы, саясий жакырчылык; социалдык-маданий жакырчылык; өзгөчө кырдаалдагы жакырчылык (1-сүрөттү караңыз).

Жакырчылык ушул өлчөмдөрдүн бир нечесинде пайда болуп, адамдын же адамдардын тобунун аялуу абалын начарлатып, аларды өнүгүү процессинен четтетиши мүмкүн. Мындан улам жакырчылык менен күрөшүү бардык көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталууга тийиш.

Айрым адамдарды же жарандардын топторун коомдун жашоосунан жана өнүгүү процессинен четтетүүнү жеңүү биринчи кезекте мындай четтетүүнүн себептерин түшүнүүнү талап кылат.

Четтетүү үчүн мүмкүн болгон негиздер:

  • улуту;
  • теги (географиялык, үй-бүлөлүк, социалдык абалы);
  • ден соолугундагы чектөөлөр;
  • дин;
  • жынысы жана/же гендер;
  • жаш курагы;
  • расасы;
  • экономикалык статусу;
  • башка чектөөлөр.

Көп кырдуу жакырчылык менен күрөшүү стратегиясы жана “эч кимди обочодо калтырбоо” принцибин практикада ишке ашыруу үч негизги багытта топтолгон ресурстарга жана өнүгүү шарттарына өз ара байланышкан топтордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга негизделген. Алар:

  • рынокторго жеткиликтүүлүк (жер, турак жай, эмгек, каржылоо);
  • кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк (социалдык коргоо, маалымат, энергия, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу);
  • мейкиндиктерге жеткиликтүүлүк (саясий, физикалык, маданий жана социалдык).

1-сүрөт. Жакырчылыктын Швейцариянын өнүктүрүү агенттигинин (SDC) концепциясына ылайык өлчөнүшү.

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн бул чөйрөлөрдүн ар биринде кырдаалды оңдоп, аракет кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Муниципалдык деңгээлдеги базарларга жеткиликтүүлүк, аялуу топтор үчүн соода орундарын камсыз кылуу менен муниципалдык рыноктордун (базарлардын) ачылышын да, татаал, комплекстүү чараларды да билдириши мүмкүн. Мисалы, эмгек рыногуна жеткиликтүүлүк аялуу кожолуктарды кошумча нарк тизмегине киргизүүнүн, аларды чийки зат өндүрүшүнө тартууга көмөктөшүүнүн эсебинен камсыздалышы мүмкүн. Мисал менен түшүндүрөлү. Жакыр үй-бүлөгө керектөө максатында сүт өндүрүү үчүн уйду белек кылуунун ордуна, жергиликтүү сүт иштетүүчү завод үчүн чийки зат өндүрүүгө кошула турган уйду берүү пайдалуураак. Аялуу топторго балыкты таратып бергендин ордуна, Жер рыногуна жеткиликтүүлүк жерди адилеттүү жана ачык-айкын бөлүштүрүү, жакыр үй-бүлөлөрдү кооперативдерге бириктирүү үчүн көмөктөшүү, жарандарды мейкиндикти пландаштырууга тартуу дегенди билдирет. Финансылык рынокторго жеткиликтүүлүк же финансылык камтуу – финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, аларда үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу көндүмдөрүн өнүктүрүү, ишкердик жөнүндө баштапкы билимдерди берүү, ойлонбостон насыя алуудан коргоп калуу боюнча иш-чараларды өткөрүү дегенди билдирет.

Кыргызстандын муниципалитеттеринде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (турмуш тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө) жеткиликтүүлүк кыйла түшүнүктүү жана жакшы өнүккөн, бирок бул багытта да мындан аркы аракеттер талап кылынат. Мисалы, айылдык аймактарда аялуу топтор үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө жеңилдетилген тарифтерди белгилөө практикасы кеңири жайылган. Бирок бул туюк жол, себеби жеңилдетилген тарифтер кызмат көрсөтүүчүгө терс таасирин тийгизет жана демек, жалпысынан кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү азайтат, мындан тышкары, жеңилдиктерди акылга сыярлык керектөөгө түрткү болуп бербейт. Натыйжалуу жол – бул жеңилдиктерди монетизациялоо же акылга сыярлык керектөөгө түрткү берүү. 

Социалдык, маданий, укуктук, маалыматтык өнүгүү үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө жана мейкиндикке аялуу адамдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдары дагы көп иштерди жасашы керек. ЖӨБ органдарында бул үчүн ресурстар жана күч бар, бирок билим жана практика жетишпей турат. Элеттик китепканалар жарым-жартылай бош турат, клубдар майрамдарда гана ачылат, спорттук жайлар эркектерди гана тейлейт. Бул активдин бардыгын кайрадан карап чыгып, аялуу топтордун муктаждыктарын түшүнүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык, маданий, спорттук, эс алуу чөйрөлөрүн кайра форматтап чыгуу зарыл, аны аялуу топторго мындай абалдан чыгууга, же жок дегенде мындай абалын жумшартууга жардам бере турган кызмат көрсөтүүлөр менен толтуруп чыгуу керек.

Инклюзивдүү өнүгүү процесси жаңыдан гана башталууда. Бирок Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дүйнөлүк практиканы колдонуп, жардамды пассивдүү бөлүштүрүүнү аялуу топторду өнүктүрүүгө, жигердүү социалдык жана экономикалык жашоого активдүү киргизүүгө багыттаса, жашоонун жалпы деңгээли ошончолук тез көтөрүлөт жана өлкөдө бактылуу адамдар жашаган көптөгөн аймактар пайда болот.

_________ 

1 https://www.un.org/sustainabledevelopment/ru/decade-of-action/   

2 https://www.shareweb.ch/site/Poverty-Wellbeing/leave-no-one-behind/Shared%20Documents/sdc-guidance-leave-no-one-behind_EN.pdf

 

Окшош материалы: