Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Инклюзивдүү пландоонун мисалдар жыйнагы. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын практикасы

2022-10-16 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Инклюзивдүү пландоонун мисалдар жыйнагы. Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын практикасы

ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин бири да аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө жардам берүү милдетинен баш тартпайт. Алар бул милдеттин маанилүүлүгүн түшүнүшөт жана мүмкүн болушунча жардам берүүгө аракет кылышат. Ошол эле маалда ЖӨБ органдарынын аялуу топторго жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү ыйгарым укуктары жагынан да, ресурстар көз карашынан алганда да дайыма эле айкын боло бербейт. Ыйгарым укуктар көз карашынан алып караганда ЖӨБ органы, мисалы, социалдык борборду уюштура алабы же бул министрликтин ыйгарым укугуна киреби – мына ушуну көп учурда түшүнө албай калат. Ресурстардын көз карашынан алганда, ал тандай албай убара болот: бизнестин керектөөлөрүн канааттандырып, аймактын же шаардын экономикасын жакшыртуу үчүн муниципалдык рынокко жеткирчү жаңы жолду курушу керекпи, же аялуу катмарга акча таратып бериш керекпи? Мындай учурда алар жамаат үчүн пайдалуу болчудай эч нерсени өндүрбөстөн, ресурстарды керектөөчү бойдон кала беришет.

Мына ушундай маселелер менен алпурушуп жатып, ЖӨБ органдары өздөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына аялуу топтор үчүн өнүгүүнүн реалдуу чараларын эмес, иш-чара да, бюджеттик чара да болуп саналбаган ниет-каалоолорду көп киргизишет. Ондогон жана жүздөгөн аймактар менен шаарлардын СЭӨПсы жакырларга көмөктөшүү, аялуу адамдарды колдоо, жумушсуздукту кыскартуу, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча пункттарды камтыйт, бирок бул чаралардын артында конкреттүү, алгылыктуу иш-аракеттер байкалбайт. Чаралардын инклюзивдүү багыты көпчүлүк учурларда жалпыланган түрүндө туюндурулат, мисалы: “Калктын корголбогон катмарына (аз камсыз болгондорго, майыптарга, жумушсуздарга, жетим балдарга, көп балалуу адамдарга) жардам көрсөтүү жана жакырчылыкты кыскартуу багытында кызмат көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү”. Чаранын мындай сыпаттамасы максаттуу топ жөнүндө, ЖӨБ органдарынын болжолдонгон конкреттүү иш-аракеттери, тартылган өнөктөштөр жана башка кызыкдар тараптар, күтүлүп жаткан жыйынтыктар жөнүндө так түшүнүк бербейт. Кандай ыкмаларды колдонуу пландалууда? Алар жакырчылыкты азайтууга кандайча жардам бере алат? Чараны киргизүүдөн канча адам пайда ала алат? Бул чаранын аткарылышын өлчөө индикаторлору кандай? Мындай жалпыланган формулировкалар иш жүзүндө бул чаралар реалдуу жана сезилээрлик жемиштерди алып келбестен, ишке ашпай, же “кожо көзүнө” жасалып жатат. Акыйкаттык үчүн белгилей кетели, адатта чаралардын ордуна мындай ниеттер СЭӨПкө да кошулат, бизнеске, экономикага, ишкердик чөйрөсүнө карата да киргизилет. Бирок бул жерде кырдаал бир аз жакшыраак – жергиликтүү кеңештерде көрсөтүлгөн бизнес көбүнчө СЭӨП үчүн сунушту өзү түзүп, аны кабыл алууга жетише алат. Ал эми аялуу топтор кеңештерде болбой калат, ошол эле маалда өз кырдаалын жакшыртуу үчүн сунуштарын даярдай алышпайт, мындан улам акча, товарлар, азык-түлүк, жеңилдиктер түрүндө көбүрөөк жардам суроо менен чектелип кала беришет.

Ошону менен бирге, СЭӨПтө жашоо шарттарына жана аялуу топторду өнүктүрүү үчүн шарттарга чындап таасирин тийгизген мисалдар көп кездешет. Мындай нерсе ЖӨБ органдарынын ичинде билимди бекемдөөнүн таасири астында да, өнүктүрүү долбоорлорунун таасири астында да болуп жатат. Атап айтканда, Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы көпчүлүк муниципалитеттер менен иш алып барып, калктын аялуу топтору менен иштөөгө басым жасайт. ЖДКЖ долбоору ЖӨБ органдарына аялуу топторго алардын абалын бир аз убакытка оңдоого эмес, бул топтор аялуу абалдан чыга алышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган таасир этүүчү ыкмаларды даярдоого жардам берет. Атап айтканда, ЖДКЖ долбоору Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык колдонмону1 аялуу топтордун кызыкчылыктарын эсепке алып, аларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү ыкмалары менен толуктап чыгууну сунуш кылды. Бул максатта долбоор өзүнчө методиканы иштеп чыкты. Ошондой эле долбоор СЭӨПтө социалдык жана гендердик багыттуулук өңүттөрүн мыкты чагылдырууга; жамааттардагы аялуу топтордун абалын кескин жакшыртуу үчүн алардын кызыкчылыктарын эсепке алууга жана шарттарды түзүүгө конкурс өткөрдү. Конкурс инклюзивдүү өнүгүүгө багытталган, ЖӨБ органдары колдонгон чаралардын жыйнагын чогултууга мүмкүндүк берди. Ошентип, убакыттын өтүшү менен жамааттагы аялуу топтордун абалын олуттуу жакшыртууга жана ал тургай аялуу категориядан чыгууга мүмкүндүк бере турган мындай шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралар камтылган жыйнак пайда болду. 

Белгилей кетүүчү нерсе, жыйнакка киргизүү үчүн чараларды тандоодо алардын мазмунуна жана ошол аймак үчүн маанисине көңүл бурулган. Айрым чаралар жыйнакка муниципалдык органдардын учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана аларды жеңүү боюнча ишти уюштурууга инновациялык же чыгармачыл мамилесин көрсөткөндүгүнө байланыштуу киргизилген. Жыйнакка ишке ашырылып жаткан же кечирээк мезгилге пландалып жаткан чаралар да кирди. Көрсөтүлгөн айрым чаралар али ишке ашырыла элек болсо да, алар муниципалитеттердин деңгээлинде прогрессивдүү жана социалдык жактан адилеттүү стратегиялык пландоонун мисалдары болуп саналат.

Бул чаралар сунушталган методология долбооруна ылайык иштелип чыккан, ал эми жыйнакта инклюзивдүүлүктүн үч багыты боюнча категорияларга топтолгон: рынокторго, кызмат көрсөтүүлөргө жана мейкиндиктерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

Айрым чараларды толук сүрөттөөгө кошумча, бул жыйнактын 1-тиркемесинде конкурстук СЭӨПтү эксперттик баалоо процессинде аныкталган башка инклюзивдүү чаралардын тизмеси берилген, алар жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү багыттары боюнча бөлүштүрүлөт (жергиликтүү бюджеттин бюджеттик классификациясына жакын). Бул чаралар жыйнагы кызыкдар муниципалдык лидерлерге өздөрүнүн СЭӨ программасын иштеп чыгуу процессинде башка муниципалитеттер тарабынан колдонулган өзүнө ылайыктуу чараларды табууга мүмкүндүк берет.

Жыйнак жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине, жергиликтүү активисттерге, КЭУга, демилгечи топторго, ишкерлерге жана жергиликтүү өнүгүүгө кызыкдар болгон жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоого катышкан башка адамдарга багытталган.

Жыйнактын максаты – ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын иклюзивдүү өнүгүү, укуктардын теңдиги жана өнүгүү үчүн шарттарга жеткиликтүүлүк маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, бул жарандардын аялуу жана укуктары бузулган топторун коргоого багытталган чаралардын көбөйүшүнө алып келиши керек. “Эч кимди обочодо калтырбоо” принцибине негизделген жергиликтүү жамааттарды инклюзивдүү өнүктүрүү бүтүндөй улуттун бакубатчылыгынын өсүшүнө, экономикалык, укуктук, аймактык теңсиздиктин кыскарышына алып келиши керек, бул Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Жыйнак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын улуттук конференциясында талкууланат, конференцияны Долбоор 2022-жылдын октябрь айында Бишкекте өткөрүүнү пландап жатат. Конференцияга республиканын бардык облустарынан жергиликтүү жана райондук администрациялардын, эл аралык уюмдардын, ошондой эле инклюзивдүү өнүктүрүү чөйрөсүндө жергиликтүү эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

ЖДКЖ долбоору кызыкдар тараптарды инклюзивдүү өнүктүрүү чараларынын жыйнагын талкуулап, аны толуктай берүүгө чакырат.  Бул иштерди ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына (www.myktyaimak.gov.kg) ийгиликтүү мисалдарды жарыялоо жолу менен да жасаса болот.

Жыйнактын QR-коду

______________ 

1 Шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык колдонмо. КР Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 биргелешкен буйруктары менен бекитилген.

Окшош материалы: