Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токтогулдагы үлгүлүү мектеп – көп тараптуу кызматташуунун олуттуу жыйынтыгы

2022-09-19 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Токтогулдагы үлгүлүү мектеп – көп тараптуу кызматташуунун олуттуу жыйынтыгы

Авторлору: Гузель ЖАНАЛИЕВА, Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин байланыш боюнча консультанттары

2013-жылы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздугуна жалпы улуттук баа берилип, Кыргызстандагы мектептердин 80% авариялык жана “структуралык жактан кооптуу” деген тыянак чыгарылган.

Бул маалымат жаңы курулушту талап кылган өзгөчө авариялык абалда турган мектептердин саны боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган 2019-жылдын жалпы тизмесин да тастыктап турат.

Мектеп имараттарынын көпчүлүгү Совет мезгилинде эле курулган, дааратканалары сыртта жайгашкан, сууну кудуктан алып ичишет, мектептин дубалдарында жарака кеткен, шыптар күбүлүп түшүүдө, класстар жылытылбайт жана муздак, мындан улам балдар көп оорушат. Мектептердин авариялык абалы балдардын саламаттыгына да, билим берүүнүн сапатына да таасирин тийгизип жатат. Бул жерде билим берүүгө республикалык жана жергиликтүү бюджеттен жыл сайын канча каражат бөлүнөрүн жана бул каражаттар кантип сарпталып жатканын түшүнүү маанилүү. Кыргызстанда билим берүү акысыз болгонуна (номиналдуу түрдө), ал эми мугалимдердин эмгек акысы Билим берүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланганына карабастан, билим берүү мекемелеринин имараттарын карап-күтүүгө акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт, себеби имараттар муниципалдык менчик болуп саналат , мектептерди оңдоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат такыр жетишсиз болууда.

Имараттарды күтүүгө кеткен чыгымдар (анын ичине ремонт иштери, имаратты жылытуу, балдардын тамактануусу ж.б. кирет) көпчүлүк учурда жергиликтүү бюджеттердин жарымына жакынын “жеп коюуда”. Бул, айрыкча, дотацияда турган, өп-чап жашап жаткан муниципалитеттердин бюджеттерине катуу таасирин тийгизүүдө, алар мектептин имаратын оңдоого каражат бөлө алышпайт.

Албетте, бюджети бул чыгымдарды көтөрө алган, өзүн-өзү камсыз кылган муниципалитеттер да бар. Мисалы, өлкөдөгү дээрлик бардык шаарлар өзүн-өзү камсыз кылат, бирок алардын дайыма эле мектептердин бардык муктаждыктарын жаап кетүүгө кудурети жете бербейт. Айрыкча, эгерде бул имараттар авариялык жана пайдаланууга жараксыз деп табылса да, бирок башка жолдору болбогондуктан аларда баары бир окуу уланууда. Мындай учурларда ушул билим берүү мекемелеринин директорлору эмне кыла алышат? “Бир күнү чечилип калаар” деп отура бериши мүмкүн. Бирок бул канчага чейин созулат?

Мектептин директору балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим алуусун жакшыртуу үчүн каражат берүүгө даяр демөөрчүлөрдү же меценаттарды өзү издеп, таап, инвестиция тарткан мисалдар аз эмес. Бирок каражат табылган күндө да, жетекчинин эрки болбосо, бул көйгөйлөр чечилбеген бойдон кала берет.

Балдарды окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулган эрктүү жетекчилердин мыкты үлгүлөрүнүн бири – педагог жана филолог Асылбү ТҮЛЕКЕЕВА. Педагог “мугалим” деген наамды татыктуу алып жүрүш керек деп эсептейт.

Асылбү Таштемировна 2006-жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин директору болуп иштейт. Мектептин аймагы 1,18 гектарды түзөт, ал эми мектеп өзү 1976-жылы пайдаланууга берилген. Мектеп 980 окуучуга эсептелген, бирок азыркы учурда мектепте эки нөөмөт менен 1 650 бала окуйт, 82 адис иштейт. Көп жылдар бою кыш мезгилинде класстар жылытылбай, суук болгондуктан окуучулар сырткы кийимин жана баш кийимин чечпей отурушчу, бирок ошого карабастан да буттары тоңуп калчу. Мектептин имаратында жылытуу системасы орнотулган, бирок имараттын дубалдары өтө эски болгондуктан, алар жылуулукту сактай алчу эмес. Мектептин имаратынын алдындагы аянтча да, сырткы көрүнүшү да, мектептин өзүнүн абалы да көргөн кишинин зээнин кейитчү. Балдар колдорун мектептин короосундагы жалгыз крандан чыккан муздак сууга жуушчу, класстарды тазалаш үчүн да сууну короодон алып келүүгө мажбур эле. Эски мектепте көйгөйлөр көп эле, бирок аларды чечүүгө каражат жок болчу. Директор болгонго чейин мугалим жана башчы болуп иштеп келген Асылбү Таштемировна мамлекеттик институттарга гана кайрылбастан, ошондой эле эл аралык уюмдарга да долбоорлорго, гранттык конкурстарга катышууга өтүнмөлөрдү жиберип, жергиликтүү бюджеттин коомдук талкуусуна жигердүү катыша баштаган.

Асылбү Таштемировна кайрылган ар кандай донорлордон жана өнүктүрүү программаларынан гранттык каражаттарды тартып келүүнүн натыйжасында бүгүнкү күндө мектептин имаратында ар бир кабатта окуучулар үчүн дааратканалар бар, мурда сууну короодон алышса, эми болсо ысык жана муздак суу чыккан кол жуучу жайлар мектептин ичинде орнотулган. Суу менен камсыздоо, жылытуу, электр энергиясы, желдетүү ж. б. коммуникациялар жаңыртылды.

Өрт чыкса, кабар берчү сигнализация системасы бар, анын ичинде өрттү сууну чачыратып өчүрүүчү система орнотулган жана тийиштүү белгилер коюлган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен кызматташтыкта Асылбү Таштемировна ошондой эле мектепти КР Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (ARIS) пилоттук долбооруна киргизе алды. Бул долбоордун алкагында бүгүнкү күндө ар бир класста ооруну козгогон бактерияларды жок кылган кварц лампалары бар аба тазалагычтар орнотулган.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен башталгыч класстарга экологиялык жактан коопсуз материалдардан жасалган, мамлекеттик стандартка шайкеш келген парталар жана отургучтар сатылып алынды. Эмгек сабактары үчүн бир нече тигүүчү машина, окуучулар тамак жасаганды үйрөнө турган ашкана бурчу жана таттуу бышыруучу меш, жыгач устачылыгы үчүн стол ж.б. сатып алынган.

“Балдар жана ата-энелер мектептин өнүгүүсүнө тартылып, талкууларга катышуусу үчүн билим берүү мекемесинин имаратынын кире беришинде биз мектепти өнүктүрүү планын илип койдук, – дейт Асылбү Таштемировна. – 2022-2024-жылдарга карата жаңы планда биз мектептин спорт аянтчасын оңдоо максатында эл аралык донорлордун долбоорлоруна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жибере беребиз. Биз эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү программалары менен кызматташуу процессинде көп нерсеге үйрөндүк, атап айтканда материалдардын сапатына катуу мониторинг жүргүзгөндү, эксплуатациялоо маселелерине кылдат мамиле жасаганды билип калдык”.

Асылбү Таштемировна өз эмгектеринин жыйынтыктары менен бөлүшүп жатканда, полдорду жана дубалдарды толук жаңыртып, жылуулоонун натыйжасында мектеп имаратынын жер титирөөгө туруктуулугу жана энергонатыйжалуулугу кантип жогорулаганы жөнүндө өзгөчө кубаныч менен айтып берет. Бул иштер КР Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (ARIS) ишке ашырган Шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында жасалды.

“Мен Токтогул шаарынын мэриясына ыраазычылык билдиргим келет: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэрия жарандардын кайрылууларына дайыма ачык, мен өз кайрылууларыма оң жооп алдым. Мэрия менен кызматташып жүрүп, биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн каражаттарды жергиликтүү бюджеттен да тарта алдык. Мисалы, шаар мектептин имаратынын ичине айнектерди, дааратканаларды, кол жуугуч раковиналарды орнотууга, короого да даараткана курууга жардам берди. Өз жамаатыма, мектеп мугалимдерине өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет, алар мен сыяктуу эле мектеп үчүн чын дилинен күйүшөт. Биздин долбоорлорду колдоп, коомдук угууларга, мектептеги шарттарды жакшыртуу боюнча талкууларга жигердүү катышкан окуучулардын ата-энелерине да рахмат. Сапаттуу билимдин жана түзүлгөн шарттардын аркасында мектеп окуучулары 2006-жылдан баштап шаардык, райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келишет. Акыркы 11 жылдан бери биздин мектеп райондо сап башынан түшпөй келатат; беш жолу мектеп облустук олимпиадада биринчи жана экинчи орундарды, республикалык олимпиадада үчүнчү орунду ээледи”, - деп айтты директор.

Асылбү Таштемировна кесиптештерин үмүтүн үзбөй, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен биргеликте балдардын жакшы келечеги үчүн өнөктөштүктүн жана кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө үндөйт.

Окшош материалы: