Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Ден соолук – ийгиликтин ачкычы
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаң-Жол АА ийгилик баяны
Көйгөйдү сүрөттөө
Жаңы-Жол айылдык аймагы төрт айылдан турат, калктын саны 6500 адамдан ашат. Кайсы бир учурда Жаң-Жол райондук борбор болчу. Анын аймагында элеттиктерди жумуш жана кызмат менен камсыздаган бир топ уюмдар, ишканалар бар эле. Эми болсо ишканалар жана уюмдар иштебей калды, тейлөө деңгээли жана жашоо деңгээли төмөндөдү. Бөлүнгөн медициналык мекемелердин абалы начарлай баштады. Жаңы-Жол айылындагы участкалык ҮДТ-9 өтө кыйын абалда калды. Анткени акыркы 20 жылда өкмөттүн берекесиз бюджетинин айынан өкмөт капиталдык ремонтко эч нерсе бөлгөн эмес.
Эмне жасалды?
Айылдык жыйында аксакалдардын бири Аскар Боронбаев буларды айтты: “Биз узак өмүр сүрдүк. Бирок эми мен биздин балдар, алардын саламаттыгы, алардын генофонду үчүн тынчсызданып жатам. Андыктан биз ремонт үчүн акча чогулта алсак, ҮДТ (бейтапкана) абалын жакшыртууга көмөктөшүшүбүз керек”. Каржылоону, демөөрчүлөрдү жана донордук уюмдарды издөө үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлдү.
Натыйжалар
Долбоорду ишке ашыруу үчүн донорду издөөнүн натыйжасында Элет жергесин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Дирекция жардам көрсөтүүнү чечти. Алар курулуш материалдары түрүндө жардам көрсөтүштү. “ҮДТ-9 ремонту” долбоорунун ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн ҮДТ медперсоналынын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана коомчулуктун ичинен комиссия түзүлдү. Долбоорду ишке ашыруу процессинде айылдын тургундары бир топ салым кошту – бири боёк берсе, экинчиси акчалай жардам, үчүнчүсү бекер иштеп берди. Натыйжада жалпы аракеттер менен полдор алмаштырылып жана ремонттолуп, дубалдар оңдолуп, терезе-каалгалар сырдалды.
Окшош материалы:
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнөбүз: Баткендеги муниципалитеттер Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөрдүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүүдө
-
№6-7 / 2022-07-05 “Кайрымдуулук” социалдык дүкөнү калктын аялуу топторуна жардам берүүдө
-
№6-7 / 2022-07-04 Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу
-
№5 (127) / 2022-06-01 Балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы – бул Шагым айылынын жашоочуларынын эмгеги
-
№1 (123) / 2022-01-11 Маданият үйү жана көчөлөрдүн жарыктандырылышы айылда жаңы маанайды жаратты
-
№7-8 (117-118) / 2021-08-09 Муниципалитеттин кайдыгер эмес тургундары муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү ишин колго алышты
-
№7-8 (117-118) / 2021-08-09 Мэрия жаштар комитети менен биргеликте жаштар үчүн шарттарды түзүп бере алат