Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“ГҮЛ” эстафетасы тынчтык куруунун аспабы катары

2022-09-19 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
“ГҮЛ” эстафетасы тынчтык куруунун аспабы катары

Автору: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникация боюнча консультанты

“Жергиликтүү тургундар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (ЖӨБ) таштандыларды чыгарууну, көрктөндүрүүнү “уюштурбайт” жана “жасабайт”, көчөлөрдү жарыктандырбайт же жергиликтүү калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртпайт деп айыптап жатышканын көп угабыз. Бирок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган талкууларга, коомдук угууларга жана чогулуштарга адамдар өздөрү көп келишпейт жана жергиликтүү бюджет кандайча, кимге жана эмнеге бөлүштүрүлөрүн билишпейт. Мунун натыйжасында алар маалыматка ээ эмес жана кандай кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу жана милдеттүү болгонун түшүнүшпөйт, атүгүл кээ бир жолугушууларда ар кандай деңгээлдеги чыр-чатакты ырбатып, өздөрүн орой алып жүрүшөт. Муну менен кантип күрөшсө болот? Мындай чыр-чатактуу кырдаалды кантип алдын алууга болот?”.

Казарман айылынын гана эмес, жалпысынан эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун активисти Алтынай ЖЕҢИШОВА ушул суроолорго жоопторду көп издеп келди.

Алтынай өз районунун абалына кайдыгер карай албагандыктан, райондун жашоосуна жигердүү катышууга эч качан күчүн да, убактысын да, кээде өзүнүн каражатын да аяган эмес. Анын катышуусу жана түздөн-түз координациясы менен райондун аймагында ар кандай эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды. Бул долбоорлор жергиликтүү өнүгүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттын потенциалын жогорулатууга багытталган.

2021-жылы олуттуу окуя болду – Тогуз-Торо районунун 5 муниципалитетинин бири болгон Каргалык айыл өкмөтү “Ынтымактуу жашоо” долбоору үчүн Кыргызстандагы 25 өнөктөштүн бири болуп тандалып алынган. Бул Долбоорду Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (DPI) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен International Alert командасы ишке ашырып келет. Жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы социалдык чыр-чатактарды алдын алууда жана укук тартибин сактоодо жигердүү болуу – долбоордун негизги максаты.

Каргалык муниципалитетинин ЖӨБ органдары “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун өнөктөш айылдык аймагы болууга макулдугун билдирип, долбоор ишке ашырыла баштаганда тынчтыкты сактоого, чыр-чатактарды болтурбоого жана чыр-чатак чыкса, аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө багытталган өз аракеттерин күчөтүүгө тийиш экендигин түшүнүштү. ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/844 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө типтүү жобону киргизүү аркылуу алдыга коюлган милдеттерге жана максаттарга жетишүү чечими кабыл алынган. “Баса, Каргалык айыл өкмөтү “Жергиликтүү демилге” механизмин киргизүү аркылуу чыр-чатактарды башкарууга катышууга даярдыгын билдирген сегиз муниципалитеттин бири болуп калды”,-деди ӨСИнин гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн долбоор менен кызматташуунун алкагында тренингдерден баштап, жергиликтүү бюджеттен байге фондуна каражат бөлүп, мыкты жергиликтүү демилгеге конкурс өткөрүүгө чейинки бардык этаптардан өтүштү. 2022-жылдын январь айында алар ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жарандык жамаат менен өз ара аракеттенүүсү үчүн арналган “Ынтымактуу жашоо” долбоорунан гранттык каражаттарды утуп алышкан. Алар чыр-чатактарды алдын алуу жана жергиликтүү жамааттын кеңири чөйрөсүн чыр-чатактарды талдоо көндүмдөрүнө үйрөтүү боюнча биргелешкен натыйжалуу инклюзивдүү чараларды иштеп чыгышкан. Мунун жыйынтыгы күтүлгөндөн да ашып түштү!

2021-жылдын этегинде Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши өзүнүн токтому менен “Жергиликтүү демилгелердин конкурсун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө” Типтүү жобону бекитти. Процедурага ылайык, атайын окуудан өтүп, жергиликтүү калк арасында конкурс өткөргөн 5 адамдан турган конкурстук комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында 3 өтүнмөнүн ичинен “Жашоочулардын тилектештиги – кооз айыл” демилгеси колдоого алынып, 2022-жылдын май айында Казарман айылынын демилгелүү жаштар тобу долбоорду ишке ашырууга киришкен. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылындагы көрктөндүрүүнүн жана жашылдандыруунун мисалында жергиликтүү жамаатты жергиликтүү демилгелерге тартуу, айыл жериндеги көйгөйлөрдү биргелешип чыр-чатаксыз чечүүгө жана айылды өнүктүрүү программаларын биргелешип даярдоого чакыруу долбоордун максаты болгон. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжасында Казарман айылындагы Т.ЖЕЕНАЛИЕВ борбордук көчөсүнүн түндүк тарабындагы жол жээгинде темирден жасалган 9 ваза жана 63 гүл идиш орнотулган. Мындай кооздукту көрүп, жергиликтүү тургундар өздөрү да бул демилгенин бир бөлүгү болууну каалашып, айылын гүл бакчага айландырып жиберишти. Жергиликтүү тургундар бул иш-аракеттерди шарттуу түрдө “Гүл кубогу” деп атап коюшту.

200гө жакын адам катышкан “Гүл кубогу” эстафетасынын алкагында 4 мекеме (Тогуз-Торо райондук жергиликтүү администрациясы, райондук медициналык борбор, Тогуз-Торо айыл өкмөтү, Каргалык айыл өкмөтү), 2 ишкер жана 1 бала бакча 90 гүл идиш менен 16 вазаны орнотушкан. Бул максатта алар убактылуу жумушсуз жүргөндөрдүн ичинен 8 эркек жана 4 аялды ишке тартышкан, алардын төртөө майыптуулугу бар үй-бүлөлөрдөн. Ишке тартылгандардын баарына кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөндү. Ал эми “KAZARMAN MONTE” конок үйү Казарман айылынын борбордук көчөсүндөгү Маданият үйүнүн жанына “Мен Казарманды сүйөм” деген жазуусу бар инсталляцияны орнотушкан. Жеке ишкер Кенжегул АПАСОВ гүлдөрдү багып, гүл идиштери менен вазаларды күтүү иштери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Жалпысынан долбоорго 12 700 адам тартылды. Долбоордун бюджети 221 820 сомду түздү, анын ичинен: “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун гранттык каражаттары – 144 000 сом; жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат – 15 000 сом (цементке жана окутуу иш-чараларынын таратма материалдарына – 3 000 сом); 31 320 сом – 12 убактылуу кызматкердин кызмат көрсөтүүсү үчүн акы; 31 500 сом – өнөктөштөрдүн салымы.

Гүл идиштерин орноткондон кийин конкурстук комиссиянын жигердүү мүчөлөрү жана жергиликтүү активисттер коомчулукту жергиликтүү маанидеги башка маселелерге тартуу боюнча бир катар башка иш-чараларды өткөрүштү: жергиликтүү демилгени ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү маанидеги жана социалдык-экономикалык өнүгүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине жергиликтүү тургундарды тартуу боюнча; чыр-чатаксыз жашоо эрежелери боюнча; ынтымактуу жашоодо медиациянын ролу жөнүндө; жергиликтүү маанидеги маселелер жана жарандык катышуу боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүштү.

Ооба, кээде социалдык өнүгүүгө начар мамиле жасап жатат деп биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жемелегиң келет. Бирок, жакшылап карап көрсөк, ЖӨБ органдары жарандардын социалдык муктаждыктарын каржылай албай тургандыгын түшүнүүгө болот, себеби чектелген ресурстар менен алар базалык инфраструктураны карап, иштетип турууга – ичүүчү суу жана таштандыларды тазалоо сыяктуу жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди чечүү менен алек болушат. Социалдык маселелерге акча да, убакыт да артпай калууда. Бул эми ЖӨБ органдары үчүн эмес, мамлекет үчүн белги болуп саналат. Себеби, жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү улуттук кирешелер жергиликтүү жамааттардын толук кандуу социалдык өнүгүүсү үчүн жетишсиз болууда, алардын социалдык өнүгүү деңгээлинен балдардын ден соолугунан жана билим деңгээлинен тартып, социалдык биримдикке жана элдин чыр-чатактарга, экстремизмге жана биз жашап жаткан оор мезгилдин башка чакырыктарына туруктуулугуна чейин көп нерсе көз каранды. Ишке ашырылган жергиликтүү демилгенин дээрлик ар бир мисалы бир нерсени көрсөтүп турат: жергиликтүү активисттер, жарандык коом уюмдары адатта жамааттардын реалдуу муктаждыктарын жакшы билишет жана мындай муктаждыктарды канааттандыруу боюнча идеяларды сунуштай алышат. Алар жергиликтүү бюджеттин каржылык салымы чакан болсо да долбоорлорду мыкты аткара алышат. Каргалык муниципалитетинде ишке ашырылган демилге ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө зарылчылыгынын түздөн-түз далили болуп саналат”. Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы.

Окшош материалы: