Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Насостук көмөк чордону Тогуз-Торо айыл аймагынын аялуу тогуз кожолугунун абалын оңдоого мүмкүндүк берет

2022-09-19 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Насостук көмөк чордону Тогуз-Торо айыл аймагынын аялуу тогуз кожолугунун абалын оңдоого мүмкүндүк берет

Автору: Гузель ЖАНАЛИЕВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

Кыргызстандын эң алыскы жана бийик тоолуу аймагы болуп саналган Тогуз-Торо районунун дыйкандары сугат суунун тартыштыгынан көптөн бери чоң көйгөйлөргө туш болуп келишет. Татаал географиялык-табигый шарттар дыйкандарды сууну насос менен сордуруп, арыктан жүз метр бийиктикке суу чыгарууга мажбур кылып жатат, себеби дыйканчылыкка жарактуу сугат жерлери ушул жерде гана бар.

Элеттиктер кымбат баалуу насостук көмөк чордондорду ала албагандыктан, 2018-жылы 60 дыйкан демилгелүү топко биригип, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнөн 45 гектар жерди беш жылга ижарага алып, жалпы күч-аракет менен насосту сатып алышкан. Эми бул насос демилгелүү топтун балансында турат. Бирок, бүтүндөй массивди өздөштүрүүгө өтө көп убакыт кетти: “Узак убакыт бою ижарага алынган 45 гектар айыл чарба талаанын 20 гектары гана колдонулуп келген. Калган 55% сугат суунун жоктугунан улам колдонулбай калган, - деп айтып берди “Мол түшүм” демилгелүү тобунун төрагасы, 65 жаштагы Шаарман БЕЙШЕНАЛИЕВА. – Сугат маалында эскилиги жеткен түтүктөр сууну жоготууга алып келет, ал эми насостун өзүндө кубаттуулук жетишпейт, мунун натыйжасында дыйкандар түшүмүн жоготушат, сарпталган каражат акталбай калууда. Дыйкандардын басымдуу бөлүгү талаасын иштетүү үчүн насыя алышат, ал эми сугат суусу менен байланышкан көйгөйлөр дыйкандарды банкротко учуратууда, сугат суунун жоктугу райондун калкы үчүн татаал шарттарды түзүп жатат. Биздин район республикалык жана облустук борборлордон алыс жайгашкан, апталап жааган кардан кийин кар көчкү жүрүп, Тогуз-Торо районун Жалал-Абад облусу менен байланыштырган жолдор сегиз айга жабылып калат. Ошентип, сентябрдын аягынан май айына чейин жергиликтүү тургундар сырт дүйнөдөн обочодо калышат”.

Бул жерде кыш узак жана катаал болот, демек, малга көбүрөөк тоют камдап алуу зарыл. Аймактын сугат жерлеринин үлүшү бардык жерлердин 0,7% гана түзгөнү чоң көйгөйлөрдүн бири. Ал эми бодо малдын тоюттарын дан өсүмдүктөрү менен байытуу буудай, жүгөрү жана арпа өстүрүүнү талап кылат, ал үчүн көп жылдык чөптөргө караганда сугат суусу көбүрөөк керек.

“Мен экинчи топтогу майыпмын, демилгелүү топто мендей 8 адам бар, биз бардык инстанцияларды кыдырып чыгып, жаңы насоско каражат топтоого аракет кылдык, бирок көптөгөн дыйкандар кургакчылыктан жабыр тарткандыктан, керектүү сумманы баары бир чогулта алган жокпуз. Бирок, ишибиз оңунан чыгып, биздин Тогуз-Торо айыл өкмөтү “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун өнөктөш муниципалитети болуп калды. Бул долбоордун алкагында насостук көмөк чордонун сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу иштери каржыланган”, – деп сөзүн улантты Шаарман БЕЙШЕНАЛИЕВА.

Жигердүү жана оор иштин натыйжасында, 2022-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл аймагында кайрак жерлерди сугаруу үчүн насостук станциянын техникалык базасын көбөйтүү аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. 2022-жылы 45 гектар айыл чарба жерин сугаруу маселеси ийгиликтүү чечилүүдө.

“Жаңы насостук жабдууларды колдонуу айдоо жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, жеткиликтүү жогорку сапаттагы тоюттарды, мал чарбачылыгы үчүн дан азыктарын өстүрүүгө мүмкүндүк берет, бул болсо районду өнүктүрүүнүн негизги компоненти болуп саналат. “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоору жергиликтүү бизнес менен ЖӨБ органдарынын байланышын чыңдоого, жер-жерлерде ишкердик долбоорлорду даярдап, ишке ашырууга жана албетте, аялуу адамдарды экономиканы өнүктүрүү процессине тартууга жардам берди”, - деп белгиледи Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын акими Мирлан КАРАГУЛОВ.

Азыркы учурда сугатка муктаж жерлер демилгелүү топко өткөрүлүп берилди, топтун курамына кооперативде иштеген 9 кожолуктун 66 мүчөсү кирет, алардын арасында 25 аял, 24 жашы жете элек бала, 8 майып адам бар. Долбоорду ишке ашыруу процессинде аянты 25 гектар болгон айыл чарба жерлерин кайрак жерден сугат жерине айландыруу күтүлүүдө, бул көп жылдык чөптөрдүн жана дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 55 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк берет. Айдоо аянтынын көбөйүшүнүн натыйжасында 10го жакын сезондук жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле сугат жерлерин иштеткен дыйкандардын да саны көбөйөт. 

Толук комплекттеги жаңы насостук көмөк чордону “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” долбоорунун каржылык колдоосу менен орнотулду. Бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Ага Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы финансылык колдоо көрсөтөт. Программа Евробиримдик менен  Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) кошо каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Окшош материалы: