Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Осмонкулов айыл аймагында калктын аялуу катмары үчүн киреше булагы катары органикалык продукцияны өстүрүү

2022-09-19 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Осмонкулов айыл аймагында калктын аялуу катмары үчүн киреше булагы катары органикалык продукцияны өстүрүү

Автору: Айгуль НИЯЗАЛИЕВА , BIO-KG ОКФнын коммуникация боюнча адиси

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Талас облусунун Талас районундагы Осмонкулов айыл аймагында болгону эки айыл бар - Талды-Булак жана Ак-Коргон. Бул айылдардын жалпы аянты 61 808 гектарды түзүп, 804 үй кожолугунда 4294 адам жашайт. Айылдар бийик тоолуу аймакта, деңиз деңгээлинен 2 022 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жердин абасы суук, өсүмдүк өстүрүү оңой эмес, себеби вегетациялык мезгил өтө кыска. Мына ушундай табигый шарттар элеттиктердин жашоо калыбына да таасирин тийгизүүдө. Биринчи кезекте жумушсуздуктун деңгээли жогорку болгонун белгилей кетүү зарыл - 1524 адам жумушка муктаж.

Географиялык жайгашуусуна байланыштуу (облустун борбору Талас шаарынан 65 чакырым алыстыкта орун алган) аймактын айылдарында азык-түлүктүн бардык түрлөрүнө баалар кымбат. Бийик тоолуу айылдардын климаттык өзгөчөлүктөрүнөн улам тургундар мал багып, адатта картошка жана сабиз өстүрүп келишкен. Малина, карагат, кызылча, кольраби өңдүү мөмө-жемиштерди өстүрүү жөнүндө кеп да болчу эмес. Кыш мезгилине кыям жана салат жаап алуу үчүн облустун борборуна барууга туура келген, себеби төмөн жактагылар мөмө-жемиштердин көпчүлүк түрүн өстүрүшөт эмеспи!

Мына ушундай жагдай жылдар бою жашоочулардын жашоо сапатына – адамдардын саламаттыгына, тамактануусуна, жашоо деңгээлине да таасирин тийгизип келди, жумуштун жоктугунан улам өз жеринде жашоо мүмкүнчүлүгү болбой, адамдардын маанайы жакшы эмес эле. 

Эмне жасалды?

2016-жылы Осмонкулов айыл аймагынын Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында “Органикалык аймактар” долбоору (мындан ары – Долбоор) ишке ашырыла баштаган. Бул Долбоорду BIO-KG Органикалык кыймыл федерациясы (мындан ары – BIO-KG ОКФ) аткарат. Аталган федерация Кыргызстандын бир нече облустарында органикалык айыл чарбасын жайылтуу ишин жүргүзүп келет. Агробиомаданий көп түрдүүлүктү өнүктүрүү, салттуу маданиятты жандандыруу, жашоочулардын кошумча киреше булагы катары органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүү, жердин бузулушуна жол бербөө жана табиятты урпактарга сактап калуу аркылуу аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү Долбоордун максаты болуп саналат. 20 жыл мурун ар бир дыйкан өз чарбасын өз алдынча жүргүзүп келсе, эми Долбоор айыл чарба иштери аркылуу кошумча киреше булактарын табууга жашоочулардын башын бириктире алды. Уюм бул жерде кайсы жер-жемиш өсүп, ал эми кайсынысы тамыр албастыгын түшүнүү үчүн кыйла көп күч жумшады. Ар бир дыйкан органикалык айыл чарба эрежелерин өздөштүрө алды: питомниктерди куруп, адегенде табигый жер семирткичтерди сатып алышса, кийинчерээк үй шартында эле биогумус жана компост жасаганды үйрөнүштү. 

Долбоор алгач Айдаралиев айыл аймагында ишке ашырылган (“Көпүрө-Базар” органикалык аймагы), мында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү чөйрөсүндө бир кыйла натыйжалуу жана реалдуу көрсөткүчтөргө жетүү мүмкүн болду. Осмонкулов айыл аймагынын жашоочулары коңшуларынын ушундай жемиштүү тажрыйбасын көрүп, элеттик чогулуштарды уюштурушту. Бул жыйындарда “Көпүрө-Базар” сыяктуу органикалык аймакты ачуу максатында ЖӨБ органы менен бирге BIO-KG ОКФга кайрылууну чечишкен. 

Ошентип, ЖӨБ органы менен дыйкандардын BIO-KG ОКФга биргелешкен кайрылуусунан кийин 2016-жылы Осмонкулов ААнын Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында Долбоор ишке ашырыла баштаган. Долбоорго жаңыдан кошулган дыйкандар үчүн жыл бою “салттуу маданият” жана “органикалык айыл чарба” тематикасы боюнча тренингдер өткөрүлгөн. Окуулар ар бир мезгилде - кышында, жазында, жайында жана күзүндө практикалык сабактар менен коштолуп турган. Ар бир тренингге 40тан 50гө чейин адам катышты, алардын 45 пайызы аялдар болду. 

Долбоор техникалык жардам көрсөтүп, дыйкандарга жашылча жана дары чөптөрдүн үрөндөрүн, био жер семирткичтерди, кийиз-ныктоочу станокту, канаттуулар чарбачылыгы үчүн инкубаторлорду, чакан тракторду, фреза, культиваторду, картошка казуучу жана тазалоочу техниканы, дагы башка чакан механизация буюмдарын, Романов койлорун, өсүмдүктөрдү кургатуучу аппараттарды берип, күнөсканаларды, питомниктерди жана тамчылатып сугаруу тутумдарын орнотту. 

2020-жылдан тарта сыноо үчүн тандалып алынган жер тилкелеринде органик дыйкандар календула, жалбыз, валериан тамыры, ромашка сыяктуу дары чөптөрдү өстүрүүгө үйрөтүлө баштады. Бийик тоолуу айылдардын питомниктеринде Ысык-Көлдөн алынып келинген карагаттын жана малинанын көчөттөрү отургузулуп, алардын саны көбөйүп жатат. 

2023-жылы BIO-KG  уюму аймакта карагаттын төрт түрүн жана малинанын эки түрүн отургузуу үчүн 60-70 үй кожолугун тартуу максатын көздөөдө. 

Долбоордун координаторлорунун жардамы менен органиктердин дайындар базасы түзүлүп, ага дыйкандардын саны, жер аянты, өстүрүлгөн жашылчалардын, жемиштердин, мөмөлөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн түрлөрү боюнча толук маалымат кирди. Тактап айтканда, аймактагы ар бир дыйкандын ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат сакталган бирдиктүү аянтча түзүлдү. Ушул иштердин натыйжасында дыйкандар тууралуу маалыматтар алынып, алардын келечекке пландары белгилүү болду – кайсы дыйкан эмнени өстүрүп жатканы, өз жеринде дагы эмнелерди өстүрүүнү пландаганы ж.б. жөнүндө кабар алууга шарт түзүлдү. 2016-жылы аймакта 16 органикалык дыйкан болсо, 2022-жылга чейин алардын саны 120га чейин көбөйгөн. Тартылган дыйкандардын төрттөн бирине жакыны “инклюзивдүү” топко киришет – алардын арасында майыптар, жалгыз бой энелер, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр бар.

Ошентип, Талас облусунун аймагында “Талды-Булак” деп аталган экинчи толук органикалык аймак пайда болду. 2016-жылдан бери органикалык аймакта агробиокөптүрдүүлүк боюнча ассортименттин көбөйүп,  саны боюнча Талас облусунун төмөнкү зонасына жакындап келатат. Бүгүнкү күндө Осмонкулов ААнын тургундары картошка, сабиз, сарымсак, кызылча, валериан тамырын, жалбыз, календула, топинамбур, жашыл буурчак, кольраби, брюква өстүрүп, булардын баарын сатышат. Ошондой эле аймакта баш кийимдерден тарта шырдактарга чейин кийизден буюмдарды жасаган цех иштейт. Чеберлер ар бир шырдактан 3 миң сомдон киреше табышат. Аймакта чыккан продукциянын бардыгы Бишкекте жыл сайын өткөн “Оп-Майда” көргөзмө-жарманкесинде сатылат. Бул жарманкени BIO-KG ОКФ уюштуруп турат. Баса, 2021-жылы бул жарманкеге болжол менен 15 миң киши катышкан. 

Акыркы эки жылда органикалык продукцияны Бишкектин соода түйүндөрүнө жеткирүү иши да жолго салынды. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын мартына чейин Талды-Булак органикалык аймагынын жашоочулары “Экомейд” тармагына бир нече тонна картошканы, ошондой эле сабизди, капустаны, кызылчаны, сарымсакты, топинамбурду ж.б. сатышкан. Акыркы эки жылда органикалык продукцияны Бишкектин соода түйүндөрүнө жеткирүү иши да жолго салынды. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын мартына чейин Талды-Булак органикалык аймагынын жашоочулары “Экомейд” тармагына бир нече тонна картошканы, ошондой эле сабизди, капустаны, кызылчаны, сарымсакты, топинамбурду ж.б. сатышкан. 

Чыгымдар 

Долбоорду ишке ашырууда “Талды-Булак” органикалык аймагы (ОА) 2016-2021-жылдары BIO-KG ОКФдан 26 193 АКШ доллары көлөмүндө каржылоого ээ болгон. 

2021-жылы Осмонкулов ААнын дыйкандары Глобалдык экономикалык фонддон 60 000 доллар грант утуп алышкан. Глобалдык экономикалык фонд биомаданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт. BIO-KG ОКФнын алкагында алынган иш тажрыйбасы долбоордук сунушту даярдап жатканда өзөктүк ролду ойногонун белгилей кетүү зарыл. 

Экономикалык натыйжалуулугу 

Жыл сайын күзүндө “Талды-Булак” ОАнын дыйкандары бакчасында өстүрүлгөн жашылчаларды жана дары чөптөрдү сатышат. 2020-жылы пандемиянын айынан түзүлгөн оор кырдаалда Бишкекте жыл сайын өткөрүлүп келген органикалык азыктардын жарманкесин уюштурууга уруксат берилген эмес. Мына ошондо BIO-KG ОКФ жарманкени FermaMarket дүкөнүнүн кире беришинде өткөрүүгө уруксат алып берген. Үч күндүн ичинде 3500 кило эки сорттогу картошка (“джелли” жана “пикассо”), ошондой эле жарым тонна сабиз, 200 кг кызылча, 50 кг топинамбур, 200 кг алма сатылган. Үч сорттогу медициналык чөптөр - 10 кило календула, 50 кило валериан тамыры, 5 кило жалбыз да сатылган. Чакан жарманкеде дыйкандар баштыктарга таңгакталып салынган чөптөрдүн баасына өзгөчө ыраазы болушту, алар жалбыздын бир баштыгын (салмагы 50 грамм) 60 сомдон сатышкан. 2020-жылы аймактагы бул чөптөр сыноо үчүн тандалып алынган үч жер тилкесинде отургузулган, 2021-жылы чөптүн үрөнү 37 участокто себилген, ал эми 2022-жылы чөптөр 52 жерде өстүрүлүп жатат. 

“Талды-Булак” ОАдагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн (мөмөлөрдүн) көчөттөрүн көбөйтүү үчүн курулган питомниктерди да белгилей кетүү керек. 2020-жылы аймакта питомник бир тилкеде уюштурулган болсо, 2022-жылы үч тилкеде ачылган. Осмонкулов ААнын дыйкандары бир сотик жерге отургузулган картошкадан 3450 сом, календуладан 8400 сом киреше табышат. Эгерде календуланы кагаз дойпактарга салып сатса, пайда 3,5 эсе көбөйө түшөт. Бул аймактын органиктери Бишкектен картошкага, капустага, сабизге, кызылчага алдын ала буйрутма алып турушат, “Экомейд” соода маркасы BIO-KG ОКФ менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзгөн. Ушул тапта Кыргызстандын дагы бир ири соода тармагына жашылчаны жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Долбоордун жардамы менен 2021-жылы Талды-Булак айылында тоннель күнөскана орнотулган, ал эми 2022-жылы ушундай жети күнөскана пайда болгон, алардын жардамы менен кыска вегетациялык мезгилден коркпой, бадыраңдын, помидордун ж.б. көчөттөрүн өстүрсө болот. Сугатка байланышкан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн жергиликтүү дыйкандар тамчылатып сугаруу системасын өздөштүрүштү. Практикалык окутуунун натыйжасында дыйкандар калдыксыз чарба жүргүзгөндү, табигый жер семирткичтерди – компост менен биогумусту жасаганды үйрөнүштү.

Социалдык натыйжалуулугу

Долбоордун жардамы менен “Талды-Булак” ОАнын дыйкандары (Осмонкулов АА) акылдашып, көбүрөөк иштей башташты, күчтү бириктирип иштөө да өз жемишин берүүдө, мисалы, кыш мезгилинде эски мектептин имаратында спорт зал ачык, аялдар гимнастика менен машыгып, сергек жашоо образына өтүп жатышат. Ошондой эле аймактын тургундары арасында жалбызды чайга демдеп ичүү адаты жайылып жатат – жалбыз ички органдар үчүн абдан пайдалуу. Дыйкандар тамактануусу оңолуп, ден соолукка жакшы пайда болуп жатканын ырасташууда, себеби өстүрүлүп жаткан органикалык азык биринчи кезекте алардын дасторконуна түшүп, андан кийин гана сатыкка чыгат. 

Калктын аялуу катмары – жалгыз бой энелер, майыптар, аз камсыз болгондор да өз тилкесинен акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айыл боюнча алынган маалыматка ылайык, 165 үй-бүлө социалдык жардамга муктаж, алардын 12си 2021-жылдан бери дары чөптөрдү өстүрүп келатат. 

2020-жылы медициналык чөптөрдү өстүрүп, бакчасына кам көргөн дыйкандар ковид вирусунан алыс болушту, себеби календула жана башка чөптөрдүн эфир майы оорудан коргойт. 

Административдик натыйжалуулугу

Осмонкулов ААнын ЖӨБ органы өзгөчө калктын аялуу катмарынын арасында айылдардагы социалдык абалды (жумушсуздук, толук кандуу тамактануу) жакшыртуунун аспабы катары органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө көбүрөөк маани бере баштады. Жашоочулар ЖӨБ органдары менен тыгыз байланышта болуп, жергиликтүү бийликке ишеними артып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштурган коомдук иш-чараларга жигердүү катыша башташты. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычынан тартып, ЖӨБ органдарынын жигердүү колдоосу менен BIO-KG ОКФ дыйкандарды мобилизациялоо боюнча натыйжалуу маалыматтык өнөктүк жүргүзө алды. 

Катышуучулардын пикирлери

Асыл ИМАНАЛИЕВА, “Талды-Булак” органикалык аймагынын координатору: “Биздин тургундар айыл чарба продукциясы менен өздөрүн да камсыз кылып, аны борборго сатууга да мүмкүнчүлүк алышты. Бизге айыл чарба техникаларын, үрөндөрдү жана башка жабдууларды берип гана тим болбостон, ошондой эле бир нече жылдан бери жерди натыйжалуу пайдаланганды, калдыксыз чарба жүргүзгөндү үйрөтүштү. Азыр өстүрүп жаткан жер-жемиштер мурда түшүбүзгө гана кирчү. Бизде мөмө-жемишибизди дүңүнөн сатып алган туруктуу кардарларыбыз пайда болду, бул продукцияны сатуу процессин кыйла жеңилдетүүдө”.

Сыйнагүл КАРЫМШАКОВА, дыйкан: “2016-жылы ишке ашырыла баштаган Долбоор айылдагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди. Жашылча сатып алуу үчүн 60 чакырым алыстагы шаарга көп деле каттабай калдык, себеби аларды өзүбүз өстүрөбүз. Долбоор адамдардын башын бириктирди, мисалы, Долбоордун жардамы менен ачылган маалымат борборунда жашоочулар окутуу тренингдерине катышуу үчүн гана эмес, элеттиктердин турмуш шартын жакшыртуу жолдорун талкуулоо максатында да чогулуп турушат. Аялдар спорт залга чогуу бара башташты, ошол эле жерде балдар үчүн англис тили курстары да ачылды. Биздин аймакта жашы жете электердин бош убактысын уюштуруу өзүнчө актуалдуу тема, улуулар балдар үчүн иш-чараларды уюштуруунун жолун издеп келет. Ошондой эле Долбоор бизди жерге аяр жана кылдат мамиле жасаганды үйрөтүштү, жерге кандай мамиле кылсаң, ал да ошондой жооп кайтарат эмеспи”.  

 

Окшош материалы: