Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттин кайдыгер эмес тургундары муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү ишин колго алышты

2021-08-09 / ЖӨБ тажрыйбасы
Муниципалитеттин кайдыгер эмес тургундары муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү ишин колго алышты

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын контент боюнча администратору

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Жаңы-Жолу айыл аймагында көп жылдар бою жергиликтүү бийлик муниципалитеттин аймагындагы токойлордун жоголуп жатканына коңгуроо кагып келишет. Бак-дарактардын эскиришинен жана алардын тынбай кыйылышынан улам жерлер акырындап жараксыз абалга келе баштады. Малды ирээтсиз жаюуга, бир нече жолу чыккан өрткө, шамал жана суу эрозиясына байланыштуу жайыт жерлери түшүмсүз болуп, жайыт жерлери начарлап кетти.

Эмнелер жасалды?

Жемиш бактарын жана тез өсүүчү плантацияларды түзүү жолу менен деградацияланган муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү максатында 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КР Өкмөтүнө караштуу АЧКТЧМА) Токтогул районунун 4 айыл аймагын “КР токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу” долбооруна катышуу үчүн тандап алды. Аталган долбоорду Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд каржылайт. Бул долбоордо “Деградацияланган муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү” чакан компоненти бар, аны ишке ашыруу үчүн Агенттик райондогу төмөнкү пилоттук айыл аймактарын тандап алган:

  • Чолпон-Ата АА,
  • Бел-Алды АА,
  • Ничке-Сай АА,
  • Жаңы-Жол АА.

Долбоордун шарттарына ылайык, жогоруда аталган муниципалитеттердин ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттар менен биргеликте, 300 гектардан ашык аянттагы тез өсүп турган бак-дарактардын жана жемиш бактарынын плантацияларын түзүү боюнча инвестициялык долбоордук сунуштарды даярдашты.

Түшүмдү аз берген жана суусуз жерлерди өздөштүрүү максатында тамчылатып сугаруу системасы жана суу алуучу жайлардын курулушу уюштурулган. 2021-жылдын жазында долбоор тосмолорду, тамчылатып сугаруу системасын жана суу алуучу жайларды куруу үчүн материалдарды жана жабдууларды сатып алып, жеткирип берип, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана колдонууга берүү боюнча консультацияларды өткөрдү. Жаңы-Жол ААнын ЖӨБ органдары жана долбоорду ишке ашырууга катышкан жергиликтүү тургундар өз салымдары катары объектилерге алынып келинген материалдарды орнотушту. Натыйжада жемиш бактары жана тез өсүүчү плантациялар үчүн муниципалдык участоктун 200 гектардан ашык аянты тосулган.

2021-жылы март айында жемиш бактарын түзүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө өрүктүн жана алманын 7 720 көчөтү өткөрүлүп берилген. Көчөттөрдү отургузуу үчүн топурак жана чуңкурлар атайын техниканын жана шаймандардын жардамы менен эрте жазда даярдалган, аларды да токойду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн долбоор сатып алган[1].

Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө токойлорду жайыттардын эсебинен кеңейтүү каралгандыктан, Жайыт комитети менен кызматташуу турган иш эле. Ошондой эле 70 гектар аянтты кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоордун сунушу биргелешип иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө көчөттөр 25 гектар аянтка отургузулду (жалпысынан 50 гектар тосулган), калган аянтттар   да жашылдандыруу иштерине даярдоо процессинде турат. Даяр болгон аянт 25 үй кожолуктун арасында бөлүштүрүлдү (ижарага берилген). Ошентип, ЖӨБ органдары жергиликтүү тургундарды кошумча киреше булагы менен гана камсыздабастан, жумушчу орундарын да түзүп берди. Ижарачылар долбоордун башталышынан бери биз менен чогуу жүргөн аймактын жигердүү тургундарынын арасынан тандалып алынды; алар фокус-топторго, семинарларга, сурамжылоолорго, изилдөөлөргө катышып, салым кошууга жана долбоордун бардык шарттарын аткарууга даяр экендигин билдиришти.

Чыгымдар

Дүйнөлүк банк 6 пилоттук муниципалитетке болжол менен 5 миллиард сом бөлүп берди, анын 50% насыя, 50% грант.

Жаңы-Жол АА 14 миллион сомдук инвестициялык сунушун коргоду; жамааттын кошумча салымы 3,5 миллион сомду түздү (26%).

Экономикалык жана социалдык натыйжалуулук

Жемиш бактары 4-5 жылдан кийин өз жемишин бере баштайт. Ал эми азырынча мөмөлүү дарактардын ортосунда карагаттын, малинанын ж.б. бадалдары өсүп келатат.

Ошондой эле сугат суу көйгөйүнөн улам тамчылатып сугаруу системасы сунушталган: бул системаны колдонгондо суу жүз эсе аз сарпталат. Ижаранын баасы символикалуу – жылына 1000 сом (жергиликтүү бюджетке түшөт). Жеңилдетилген ижара акысы аркылуу айыл өкмөтү долбоорго салым кошкон жигердүү тургундарды колдоону жана шыктандырууну чечти.

Мындан тышкары, ижарачылар жумушсуз тургундарды жай мезгилинде ишке тартышат – аларга күнүнө 500 сомдон 700 сомго чейин төлөнөт; жумушчуларды тамак менен камсыз кылып турушат.

Жемиш бактардын жана тез өсчү плантациялардын аянты өз салымын кошууга жана иштөөгө даяр болгон бардык кызыкдар тургундарга ижарага берилет. Мындан тышкары, ЖӨБ органы калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүүнү да пландаштырууда. Алар долбоордун эсебинен мөмөлүү бактардын көчөттөрүн ала тургандардын тизмесине киргизилген. Бул жарандардын жоопкерчилигин жогорулатат жана аларды бириктирет, анткени бардыгы бир эле нерсени жасап жатышат.

Уланбек МАМБЕТОВ, долбоордун координатору: “Жемиш бактарын жана тез өсчү плантацияларды түзүү менен бузулган муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү долбоордун максаты болгон. Көчөттөр Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд каржылаган “КР токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу” долбоорунун алкагында сатылып алынып, жеткирилген. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу бизге кошумча киреше булагын берет жана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү болот. Жемиш бактарын отургузуу айлана-чөйрөбүздү жана биздин аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн жакшыртууга көмөктөшөт”.

Административдик натыйжалуулугу

Бадалдуу бактарды да, жемиш бактарын да камтыган “муниципалдык токой” түшүнүгү киргизилди.

Эркинбек ТОЙГОНБАЕВ, айыл өкмөт башчысы: “Биздин айыл өкмөтүбүздүн балансында 7-8 гектар токой бар болгону менен (дарыялардын, бадалдардын жээгинде), бул долбоордун аркасында айыл өкмөтүбүздө “муниципалдык токой” деген түшүнүк пайда болду. Учурдагы жаңы бактын ордунда мурун алма багы (болжол менен 25 гектар) бар болчу, бирок анын топурагы бузулуп, СССР кулагандан кийин ал жерде болжол менен 2-3 гектар гана калган, анысы да дарактарды кыя беришкендиктен акырындык менен жок болуп бараткан. Эми ушул долбоордун жыйынтыгы менен токойлорубузду жана жашыл аймактарды калыбына келтирүүнү пландап жатабыз”.

Акматалы ЖУСУПОВ, ижарачы: “Бир-эки жыл мурун 3-4 гектар жер бөлүп берүү сунушу менен акимге жана айыл өкмөт башчысына кайрылганбыз. Биз кирешенин 30% кайрымдуулук катары биздин аймактагы жону жука  үй-бүлөлөргө, карыларга, жетим балдарга бөлүп беребиз деп айтканбыз. Бирок ошол кезде бул сунушубуздан майнап чыккан эмес. Андан кийин биз бул долбоор жөнүндө угуп калып, аны ишке ашырууга абдан дилгир болуп катыша баштадык. Биздин кайрымдуулук сунушубуз унутта калган жок. Киреше ала баштаарыбыз менен, ошол замат берген убадабызды аткара баштайбыз.

Бизди Бишкекте окутушкан, ошонун аркасында тамчылатып сугаруу механизми менен жакындан тааныштык. Бул өзгөчө сугат суунун жетишсиздиги байкалган биздин аймак үчүн абдан маанилүү. Мисалы, тамчылатып сугаруу менен, 10 тонна сууну аянты 5 гектар болгон жерди бир жолу сугарууга жеткирсе болот, эгерде мурдагыдай эле салттуу түрдө сугарсак, анда жетмек эмес. Анын үстүнө участок эңкейиш жерде жайгашкандыктан жалпы сугаруу көйгөйү бар болчу. Натыйжада, суу максаттуу түрдө көчөттүн тамырына жетип, бардык отоо чөптөр суунун жетишсиздигинен жок болуп жатат”.

Алынган сабактар

Эркинбек ТОЙГОНБАЕВ, айыл өкмөт башчысы: “Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө элибиздин арасында “муниципалдык менчик” жөнүндө көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экендигин түшүндүк. Мисалы, айдоо аянттарын тосуп чыккандан кийин кээ бир тургундар тосмолорду жөн эле бузуп салышкан, муну мал жаюуга жердин жоктугу менен негиздешкен. Мурда бул жерлер жайыт болчу да, ошонун эсебинен кеңейтүү иштери жүргөн”.

Акматалы ЖУСУПОВ, ижарачы: “Көчөттөрдүсатып алганда аларды мүмкүн болушунча жакшылап агрономдун катышуусунда текшерип чыгыш керек. Быйыл өрүктүн көптөгөн көчөттөрү жараксыз болуп чыкты – 50 көчөттүн экөө гана өсүп кетти”.

 

 

Окшош материалы: