Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мэрия жаштар комитети менен биргеликте жаштар үчүн шарттарды түзүп бере алат

2021-08-09 / ЖӨБ тажрыйбасы
Мэрия жаштар комитети менен биргеликте жаштар үчүн шарттарды түзүп бере алат

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын контент боюнча администратору

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Кара-Көл шаарынын жаштары жергиликтүү бийликке үнүн жеткиргиси келген. Себеби жаштар өз оюн билдирип, сунуштары жана идеялары менен бөлүшүп, жаштардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн ар кандай демилгелерди сунуштап, бирок чоңдордун колдоосун таппай калган учурлар көп эле болот эмеспи. Натыйжада, прогрессивдүү жана жигердүү жаштар өз көйгөйлөрү жана тынчсызданган маселелери менен бетме-бет калышып, коом үчүн маанилүү болгонуна ишеними да жоголот. Убакыт өтүп, жаштар топтору “чачырап”, лидерлери башка жактарга кетип, түзүлгөн уюмдар формалдуу түрдө кагаз жүзүндө гана калып, ал эми мэриялар бул темада сүйлөшө турганга эч кимди таба албай, жаштардын атынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга эч кимди тарта албай калышат.

Эмнелер жасалды?

Анткен менен, Кара-Көл шаарында кырдаал башкача нукта өнүгүүдө. Бул шаарда реалдуу түрдө иштеп жаткан Жаштар кеңеши коомдук бирикме түрүндө түзүлгөн, анын уставы 2019-жылдын март айында шаардык кеңеш тарабынан бекитилген. Жаштар кеңеши шаардагы жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарына байланыштуу маселелерди чечүү максатында мыйзамдуу негизде Жаштар иштери жана спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүмү менен кызматташат. Мындан тышкары, мэрияга караштуу Жаштардын консультативдик кеңеши түзүлүп, анын мүчөлөрү шаардын ЖӨБ органдары үчүн жаштар менен иштөө боюнча пландарды, сунуштарды жана сунуштамаларды даярдашат. Мунун бардыгы мэрияга иш жүзүндө жана жакшы таризделген негиздемелерге – мэриянын расмий өнөктөшү болгон Жаштардын консультативдик кеңешине берилген сунуштамаларга таянып, жаштардын сунуштарын карап чыгууга жана кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле идея же демилге жактырылган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет (кошумча маалымат: Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджети 110 миллион сомду түзөт, бул шаарда 26 362 адам жашайт).

2019-жылдын сентябрь айында Жаштар кеңеши жаштардын күч-аракеттерин бириктирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды ийгиликтүү өткөрдү, анын ичинде башка облустардан келген жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар форуму өтүп, анда жаштардын аймактардын өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды. Бул ар кайсы аймактардан келген жаштардын өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүүгө жана тажрыйба алмашууга шарт түздү.

КР Өкмөтүнүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсу мэрия менен жаштардын кызматташтыгын калыптандырууга чоң таасирин тийгизди. Конкурска катышуу шаардык жаштарды өнүгүү көрсөткүчтөрүнө көбүрөөк кунт коюп, кылдат мамиле кылууга, сандар менен таанышып, түшүнүүгө, маалыматтын маанилүүлүгүн жана алардын тактыгы үчүн жоопкерчиликтин маанисин баалоого үйрөттү. САТАРОВА Гульмира, Кара-Көл шаарынын вице-мэри: “Биз маалымат чогултууда ар бир майда-чүйдөсүнө көңүл бурганды үйрөндүк. Мисалы, шаардын профайлын таблицалар менен түзүп, 5 жылга жаштар үчүн шарттарды өнүктүрүүнүн ар бир багыты боюнча талдоо жасап чыктык. Буга чейин бул маалыматтар статистика бөлүмүндө гана болуп, жалпы отчеттун ичинде гана берилип келген жана алардын мааниси бизди көп деле кызыктырчу эмес. Бирок эми, конкурска катышкандан кийин, 2019-жылдан баштап шаарыбыздын өнүгүшүнүн салыштырмалуу динамикасына көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ошол эле учурда кандай кемчиликтерибиз бар, кайсы чөйрөдө позицияларыбызды жакшыртышыбыз керек, ал эми кайсы жагында ошол эле деңгээлде ишибизди уланта берсек болоорун көрүп турабыз. Ушул процесстин баарында биз ӨСИнин консультанттарынын эбегейсиз зор ролун жана жардамын өзгөчө белгилегибиз келет, алар сөздүн түз маанисинде колубуздан жетелеп алып, болгон жардамын аяшкан жок. Мындан тышкары, биз жаштардын өздөрүнүн өзгөрүлүп жаткан шарттар жана муктаждыктар жөнүндө ойлонбостон стандарттуу иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Ал эми азыр болсо, конкурска катышкандан кийин шаарыбыздын календарында жаңы эки өзгөчө күн пайда болду – 11-октябрда биз Кыздар күнүн, 5-декабрда Ыктыярчылар күнүн белгилейбиз. Атүгүл Шаар күнүндө да биз кеңири масштабдуу маалымат өнөктүгүн жүргүзүп жатабыз, анда кыздарга көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгилейбиз. Биз жарандарыбызга улуттун келечеги жана коомдун пайдубалы кыздардын бакубатчылыгынан, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүдөн көз каранды экендигин, кыздардын билим алышы жана инсан катары калыптанышы үчүн шарттарды түзүү менен, муну түшүнүү жана кабыл алуу биз үчүн өтө маанилүү экендигин жеткирүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Социалдык кызматкерлер менен биргеликте биз “Кыздарга кырк кеңеш” басылмасын даярдап, жайылттык, анда кыздарга байланыштуу – алардын ден соолугу, укуктары жана милдеттери, билим, тарбия алуунун мааниси, коомдо өзүн алып жүрүү жөнүндө суроолорго жооптор бар. Ошондой эле зарыл болгон учурда байланыша ала турган адамдардын даректерин, телефондорун да коштук. Мисалы, ар дайым жардам берүүгө, угууга же медиатор болууга даяр болгон дарыгердин, Аялдар кеңешинин төрайымынын ж.б. байланыш номурларын коштук. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөргө, айрыкча энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, четке чыгып жатканда балдарын бул жакта калтырбоого, баласы жок дегенде үч жашка чыкканга чейин иш издеп кетип калбоого үндөп келебиз. Себеби баланын жашоосунун биринчи жылдары ата-энелердин, өзгөчө энелердин бар болгону баланын калыптануусунда абдан маанилүү. Эч кандай акча, кийим-кече, таттуулар, тамак-аш жана башка материалдык жыргалычылыктар эне менен атанын балдарга жасаган мамилесин алмаштырбайт”.

Жыйынтыктар

Кара-Көл шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу өкмөттүк конкурста 1-орунду ээлеп, жергиликтүү бюджеттин атайын эсебине которулган 3 миллион сомдук сыйлыкка ээ болду. Конкурска даярдануунун жүрүшүндө мэрия жаштар “Кайыңды” балдар лагериндеги музыкалык жабдуулардын жетишсиздигин жана жалпы шарттарын биринчи кезекте чечилиши керек болгон маселе деп эсептээрин аныктады. Ошондуктан, мэрия акчалай сыйлыктарды “Кайыңды” лагеринин инфраструктурасын жакшыртууга жумшоону пландаштырууда: эс алуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерди (амфитеатр, от жагуучу жай), ашкананы жана башка жерлерди капиталдык ремонттон өткөрүүнү чечти. Шаардын алты мектебинин ар бири үчүн, лагерь үчүн, шаардык китепкана үчүн 9 комплект музыкалык жабдууларды сатып алуу пландаштырылууда.

Баса, шаарда китепкананы жаштар борборуна айлантуу пландаштырылууда, анткени китепкана буга чейин жаш шаардыктар чогулган жайга айланган: бул жерде жаштардын катышуусунда көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп турат, бирок музыкалык жабдуулар жетишсиз. Мэрия калган 1 комплектти коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн өз карамагында калтырууну пландап жатат.

Социалдык натыйжалуулугу

Лагердеги жана китепканадагы шарттардын жакшыртылышы балдардын өз алдынча болууга, коомдо өзүн алып жүрүүгө үйрөтүп, толеранттуулук көндүмдөрүн өрчүтүп, талантын ачууга жардам берет.

Жетимдер, аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары (жүзгө жакын бала) лагерге акысыз жолдомо алышат. Балдар зарыл болгон нерселердин бардыгы менен камсыз болушат жана бул алардын адаптацияланышына жана теңтуштарынын арасында өзүн кембаа сезбөөсүнө жардам берет.

Ал эми калган балдарга профсоюз уюмдары аркылуу жолдомолор берилет (Кара-Көл – энергетиктер шаары, ал жерде ири ишканалар жана профсоюздар иштешет).

Лагерде болуу – балдар жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана чыр-чатактардын алдын алуу болуп саналат. Анткени, азыр мектептер арасында чыр-чатак чыкан учурлар көп болууда, ал эми лагерь ар кайсы мектептин балдары менен достошууга мүмкүнчүлүк берет.

Лагердин мезгилдүүлүгүн эске алуу менен, жумушка жаштар жана балдар менен “бир толкунда” боло турган студенттердин арасынан вожатыйлар тартылат. Алар лагердин программасына ар кандай адаптацияланган заманбап программаларды киргизишет, мисалы, “Бүркүт жана решка” оюну кошулат, “Керемет кылым” теленовеласы коюлат, таймаштар, конкурстар   ж.б. өткөрүлөт.

Лагерь 2-июлдан 17-августка чейин иштейт, улам кийинки топтор келгенче ортодо санитардык тазалоо үчүн эки күн бөлүнөт. Жалпысынан лагерге 700гө жакын баланы кабыл алуу пландалууда.

Саид, активист: “Лагердеги амфитеатрда туруп, мен ар дайым өзүмдү Римдин Колизейинде жүргөндөй элестетчүмүн. Жалгыз мен гана ушундай эмес экенмин. Кантсе да, биз, жаштар, бул жерде ойноп, ролдорду аткарып, ошол эле учурда оюбузду топтоп, аудиториянын алдында сөз сүйлөгөндү, адамдар менен байланышканды үйрөндүк. Жалпысынан менин талантымды ачып, андан ары өнүктүрүүдө лагердин ролу өтө чоң. Мунун аркасында мен жаштар арасында активдүү лидерге айланып, көптөгөн өспүрүмдөрдү жана жаштарды ээрчитип, алардын башын командаларга бириктире алдым. Бул лагерь биз үчүн мектеп сыяктуу эле өзгөчө болуп калды”.

Экономикалык эффективдүүлүгү

Лагерь мезгилдүү иштейт, жай мезгилинде 2-3 агым болот, бирок акыркы жылдары ар бири 10 күндөн турган 4 агымды уюштурууга мүмкүн болду. 1 агым 160 баланы кабыл алат. Эгерде быйыл инфраструктураны жакшырта алсак, анда ар бир агымдагы балдардын жана тарбиячылардын санын көбөйтөбүз.

Алынган сабактар

2015-жылы Кара-Көл шаары 1 миллион сом суммага мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырган. Калк мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга шарт түзүүнү артыкчылыктуу маселе катары тандап алышкан, бирок долбоор аяктагандан кийин мэрия бул тажрыйбаны ийгиликтүү улантып кете алган жок, анткени кызмат көрсөтүү республикалык бюджеттин эсебинен каржыланышы керек болчу. Ошондуктан, мындан ары мэрия балдарды жана жаштарды колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу тармактарды, мисалы, балдар жана өспүрүмдөр үчүн лагерь уюштурууну тандап алууга аракет кылат.

Кара-Көл шаары тарабынан иштелип чыккан тажрыйба алмашуу үчүн пайдалуу документтер:

  • Жаштар комитетинин Уставын бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин токтомун жана Жаштар комитетинин Уставын.
  • “Кыздарга кырк кеңеш” басылмасын.
  • 2019-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси боюнча шаардык коллегиянын протоколун.
  • 2019-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомун.
  • Кара-Көл шаардык кеңешининөспүрүмдөр жана жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча токтомун.
  • 2019-жылы жаштар форумун өткөрүү маселеси боюнча шаардык коллегиянын протоколун.
  • 2019-жылы жаштар форумун өткөрүү маселеси боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомун.

 

Окшош материалы: