Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча айрым маселелер тууралуу” 2012-жылдын 17-февралындагы №44 Жардыгына карата өнүктүрүү саясат институтунун саясий контексти жана сер

2012-02-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тарыхы, көптөгөн жана бир нече жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр, ошондой эле факттарды эл аралык тажрыйба менен айкалыштыруу төмөнкүдөй так кесе бүтүм чыгарууга негиз берет.

 

КР резидентинин бул Жардыгын мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын функцияларын ирээтке келтирүү жана андан ары ажыратуу боюнча чара катары гана эмес, ошону менен катар акыркы бир нече жыл ичинде өлкө саясатчыларынын Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу кандай болуш керек деп чече албай, бир жерде турганын жеринен баштап алдыга карай кадам деп эсептесе болот. Ушул Жардыгы менен президент мындан ары мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө карата кадам таштады деп ишенгибиз келет.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тарыхы, көптөгөн жана бир нече жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр, ошондой эле факттарды эл аралык тажрыйба менен айкалыштыруу төмөнкүдөй так кесе бүтүм чыгарууга негиз берет. 
 
1. Карапайым адамга эң жакын деп эсептелген башкаруу системасы катары жергиликтүү өз алдынча башкарууну адамзатынын бир кылка өнүгүүсү үчүн керек болгон зарыл шарт деп караса болот.
 
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзү мамлекеттин жана коомдун өзгөчө мамилесин талап кылат. Бул мамиле кыска мөөнөттүү партиялык-саясий, же тек гана экономикалык кызыкчылыктар менен чектелбеш керек. 
 
Азыркы учур жергиликтүү өз алдынча башкарууга төмөнкүлөр үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө эң ыңгайлуу убакыт: 
 
1) жергиликтүү жамааттардын саясий, административдик жана каржы-экономикалык өз алдынчалуулугун бекемдөө;
 
2) адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу.Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анын ичинде:
 
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чыныгы демократиялык саясий-укуктук базасын түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген жаңы Конституция;
 
2) бийликти борбордоштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну чектөө үчүн жасалган аракеттерге бөгөт коюуга жөндөмдүү көп партиялуу система, активдүү жарандык коом жана партиялык парламент;
 
3) жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик эгемендүүлүк алган 20 жылдан бери топтолгон тажрыйба;
 
4) бир кылка болбосо да анык мыйзамдык база;
 
5) калктын алардын ой-мүдөөсүн, кызыкчылыктарын бийликке жеткирүүсүн камсыздай ала турган башкаруу системасын көргүсү келип жатканы;
 
6) эксперттердин дарамети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар муниципалдык кызматкерлердин ири корпусу болгону. 
 
Түзүлгөн кырдаалда өзгөчө эмне маанилүү? Эң негизгиси – бир кылка жана ойлонуп аракеттенүү керек. Буга чейинки чаржайыт жана туруксуз аракеттерден улам мамлекет бирде ЖӨБну каржы жагынан камсыздабастан ага саясий автономия берип, бирде саясий автономиясын тартып алып, каржылык өз алдынчалуулук берип келген. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча ар тараптуу стратегияны бери дегенде 2020-жылга чейин иштеп чыгуу зарыл. ЖӨБ элеси – 2020 мунун багыт көрсөтүүчүсү болушу шарт. Бул стратегиянын негизги тапшырмалары төмөнкүлөр болушу керек: жергиликтүү жамааттардын жана алардын башкаруу органдарынын саясий, административдик жана каржылык автономиясын камсыздоо. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жооп бериши керек болгон маселелер так аныкталышы керек.
 
Өнүккөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бери дегенде төмөнкүдөй болгонун түшүнүү маанилүү: 
 
• күтүү, адамдардын жеринде аракеттенүү предмети жана алардын жеринде кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликтин 
бир бөлүгүн өзүнө алуу менен башкарууга катышуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү; 
 
• мамлекетти ага мүнөздүү болбогон функциялардан “жеңилдетүү” ыкмасы; 
 
• бийлик үчүн партиялар аралык күрөштүн калпыстыктарын толуктоо ыкмасы, мында парламенттик шайлоодо жеңишке жетишпей 
калган партия ЖӨБ деңгээлиндеги иштеринин жана жеңиштин эсебинен өзүнүн борбордогу абалындагы кемчиликтерин толуктап, 
муну менен мамлекеттик саясатка таасирин тийгизүүгө кудуреттүү;
 
• жергиликтүү жамааттардын күчү жана эсебинен экономиканы өнүктүрүү, маданиятты жана социалдык өнүгүүнү колдоо ыкмасы. Кемчиликтерине караганда жетишкендиктери көбүрөөк болгону анык. Ошондуктан тобокелчиликтерге жана минималдык чыгымдарга карабастан мамлекеттик бийликти борбордон алыстатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары пландуу жана комплекстүү кадамдарды жасоого милдеттүү. Ошол эле маалда эгерде мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө маселесине көңүл бурбаса, же аларды экинчи баскычтагы мамлекеттик органдын карамагындагы тармакка өткөрүп койсо, кырдаал жакшы жагына өзгөрөт деп күтпөй эле койсо болот. Бул маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын комплекстүү өнүгүү маселеси үчүн жооптуу болгон эң жогорку деңгээлде чечүү зарыл. 
 
Эгерде буга чейин ушул функцияларды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттик аткарып келсе, эми өкмөт структурасындагы жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын бардык системасындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бул функциялардын көбү мамлекеттик органдарды кайра түзүүнүн жүрүшүндө көңүл назарынан чыгып калышы ыктымал болуп турат.
 
Өзгөчө бул нерсе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түптөлгөн күнүнөн тарта ушул убакытка чейин көп учурда сезилээрлик күч катары каралып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптеринин алып жүрүүчүсү жана сактоочусу болуп, жетишээрлик деңгээлде иш тажрыйбасын алган муниципалдык кызматкерлердин ири корпусу үчүн кооптуу. Муниципалдык кызматтын корпусу мамлекеттик кызматтын кадимки резерви, анын негизи болуп эсептелет. Буга чейин топтолуп келген башкаруу тажрыйбасын сактап калуу, аны мындан ары да арттыруу жана мамлекеттик кызмат тажрыйбасы менен биргеликте чыгармачылык менен өнүктүрүү – мамлекеттин милдети. 
 
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча айрым маселелер тууралуу” №44 Жардыгы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы баскычындагы башаттык пункт болуп калышы ыктымал. Бирок бул нерсе анын артынан жогоруда айтылган стратегиялык документтер пайда болгон учурда жана Жардыктын негизинде мамлекеттик бийлик бутактары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун эсепке алган мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата так жана реалдуу саясаты түзүлгөн учурда ишке ашат.