Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Текшерүүлөр тууралуу мыйзам кантип аткарылууда?

2019-03-06 / Мыйзам жаӊылыктары
Текшерүүлөр тууралуу мыйзам кантип аткарылууда?

2018-жылдын 17-декабрында КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети 2016-жылы кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик угууларды өткөрүштү. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдын аткарылышын ар башкача баалай турганы угууларда белгилүү болду.

 
 

Айталы, текшерүүчү органдар жогоруда аталган мыйзамдын талаптары канчалык сакталып жатканы тууралуу отчет берсе, ЖӨБ органдары текшерүүлөр алардын туруктуу ишине мурдагыдай эле тоскоол болуп жатканына даттанышууда. Ошону менен бирге ЖӨБ органдары кырдаал бир аз да болсо өзгөргөнүн ырасташты. Бирок практика мыйзамдын кайсы жоболорун кайра карап чыгуу керектигин көрсөтүүдө. Мисалы, мыйзамда даттануучулардын жоопкерчилиги тууралуу ченемди киргизүү зарыл. Анткени алар түрдүү мамлекеттик органдарга бир эле маселе боюнча кайра-кайра даттануу жазышууда, ал эми ошол даттануулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталбайт. Парламенттик угууларда КР Башкы прокуратурасы жана ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар маалымат беришти. Ошондой эле Мыйзамды ишке ашыруу максатында жогоруда аталган органдар көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Угууларда ЖӨБ органдарынын ишин текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши, мыйзамды аткаруу процессиндеги кемчиликтер, ошондой эле ЖӨБ органдары көбүрөөк кетирген каталар талкууга алынды. Угууларга катышууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылары, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер чакырылды. Парламенттик угууларга 52 катышуучу, анын ичинде жети аял келишти. Угууларды Комитеттин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек ТИЛЛАЕВ алып барды. 

Биринчи болуп КР Башкы прокурорунун орун басары Нурлан ДҮЙШӨМБИЕВ сөз алып, аталган Мыйзамды аткаруу максатында КР Башкы прокуратурасы көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. ДҮЙШӨМБИЕВ ЖӨБ органдарынын ишин текшерүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү тууралуу; текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн (пландуу, пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүү) эсепке алуунун бирдиктүү формасы тууралуу; текшерүүлөрдүн жана кетирилген мыйзам бузуулардын жыйынтыктарын прокуратура органдарынын сайтына жайгаштыруунун бекитилген формасы тууралуу айтып берди. Прокуратуранын өкүлү 2017-жылга жана 2018-жылга ЖӨБ органдарынын ишине пландуу текшерүү жүргүзүүгө укугу бар болгон ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү жүргүзүүгө бекитилген пландары тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн бардык текшерүүлөрүн прокуратура органдары каттоого алып турат (эсепке коет).

КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Эсен НУРДИНОВ берген маалыматка ылайык, 2018-жылга карата Социалдык фонддун Башкы прокуратура бекиткен текшерүүлөр планы http://socfond.kg сайтына жайгаштырылган. Планга кирген 159 ЖӨБ органынын ичинен Социалдык фонд 108 ЖӨБ органынын ишине текшерүү жүргүзүп чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек ЖУНУШЕВ өз сөзүндө ЖӨБ органдары экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көп кетирип жаткан мыйзам бузууларга токтолду. Алар: жайыт жерлерин колдонуунун эрежелерин бузуу; калктуу конуштун жерлерин пайдалануунун эрежелерин бузуу; жер участокторун максатсыз пайдалануу; жер участокторун басып алуу ж.б. Пландалып жаткан 465 текшерүүнүн ичинен планга ылайык 421 ЖӨБ органдын ишине текшерүү жүргүзүлдү.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө ИСАКОВ Департамент пландуу текшерүүлөрдөн сырткары пландуу эмес, контролдук жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүп тураарын белгилеп, пландан тышкаркы текшерүүлөр кандай учурларда жүргүзүлөрүн тактап өттү. Анын айтымында, жарандардан арыздар түшкөндө, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч пайда болгон учурларда пландан тышкаркы текшерүүлөр өткөрүлүп турат. Директор ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы бир маанилүү нерсени көрсөткөнүн белгиледи: эхинококкоз жана альвеококкоз өңдүү мите ооруларга каршы айыл өкмөтүнүн иши аксап жатат жана үй жаныбарлары менен дарылоо-алдын алуу иштери жүргүзүлбөй келет. Комплекстүү ведомство аралык ишке жана калктын саламаттыгы боюнча иштердин планын аткарууга маани берилбей жатат. 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы 2016-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнүн бирдей тартибин белгилөө, мамлекеттик органдардын ЖӨБ органдарынын иштерине мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды айкындоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүдө негизги роль прокуратура органдарына берилген. Алардын компетенциясына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашуу, ошондой эле текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн бирдиктүү эсепке алуу кирет. Муну менен алар андан ары да көз салып, сунуштарын берип турушат.

Парламенттик угууларда Мыйзамдын негизги демилгечиси, ЖК депутаты Кенжебек БОКОЕВ да сөз сүйлөдү. Депутат мыйзам практикада көп жакшы аткарылбай жатканына, текшерүүчү органдар Мыйзамдын айрым ченемдерин сактабай келатканына, прокуратура Мыйзамдын талаптарын бузган текшерүүчү органдарга реакция жасабаганына жана жоопко тартпай жатканына көңүлдү бурду. Ошондой эле депутат текшерүүлөрдүн процессинде ЖӨБ органдары өз укуктарын жана милдеттерин билбей жатканын белгиледи. БОКОЕВ Комитетке жумушчу топту түзүү тууралуу чечим кабыл алууну сунуштады. Депутаттын айтымында, жумушчу топ маселе менен жеринде толук таанышып чыгып, андан соң көчмө изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен КР Жогорку Кеңешинин жыйынында тааныштыра алмак.

КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Өмүрбек АЛМАМБЕТОВ Башкы прокуратураны кошпогондо, ЖӨБ органдарын пландуу текшерүүнүн пландарын мамлекеттик органдардын сайттарында жайгаштыруу тууралуу мыйзамдын талаптары аткарылбай жатканына көңүлдү бурду. АЛМАМБЕТОВ мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын сайттарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар болбогонун; мамлекеттик органдар текшерүүчү органдардын (жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, салык кызматы жана башкалар) тизмесине кирбеген текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын; ошондой эле журналисттик иликтөөлөрдүн алкагында журналисттер текшерүү жүргүзүп жатышканын белгиледи. Өмүрбек АЛМАМБЕТОВдун баамында, текшерүүчүлөрдүн санынын көптүгү ЖӨБ органдарына түйшүктү көбөйтүүдө.

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жалпысынан Мыйзамдын кабыл алынышы менен, кырдаал бир аз да болсо оңолгонун белгилешти: текшерүүлөрдүн саны азайды, текшерүү жүргүзүүнүн жол-жобосу ирээтке келди. Бирок текшерүүгө укугу болбогон айрым мамлекеттик органдар эч жүйөсүз эле текшерүү жүргүзүп жаткан учурлар практикада болуп жатат. Жеке таарынычтын жана дооматтардын негизинде айыл өкмөтүнүн ишин терс кабыл алган жарандардын даттануулары жана кайрылуулары да ЖӨБ органдарын текшерүүгө себепчи болуп жатат. Арзыбаган себеп менен даттануу да текшерүүгө түрткү берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин бир топ убакытка аксатып коюуда. Буга кошумча бир эле даттануунун негизинде түрдүү маморгандар бир нече жолу текшерүү жүргүзгөн учурлар сейрек эмес. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык аймагынын мурдагы башчысы Эльмира МАМБЕТОВА эч жүйөсүз эле түрдүү инстанцияларга даттанган жарандарды жоопко тартуу тууралуу ченемди мыйзамга киргизүүнү өтүндү: “АӨ башчысы катары иштеген алты айдын ичинде эки жолу мага эскертүүнүн ордуна айып салышты. Жеке таарынычтардан улам мага каршы турган бир ууч адамдар мага иштеп кетүүгө бут тосушту. Бул адамдар прокуратурага жана башка инстанцияларга тынбай арыз жазып турду. Акыры жүйөсүз даттануулардын жана аягы көрүнбөгөн текшерүүлөрдүн айынан кызматымдан кетүүгө аргасыз болдум. Мындан улам Башкы прокуратурага суроо менен кайрылгым келет: Эгерде текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча айыптоолор тастыкталбаса, негизсиз даттанган жарандарга карата чара көрүүгө болобу? Мындай адамдар ЖӨБ органдарынын нормалдуу ишине тоскоол болуп жатпайбы”.

Кочкор районундагы Кочкор айылдык аймагынын башчысы Рахатбек АБАБАКИРОВ бул кызматка дайындалган сегиз айдын ичинде 10 эпизод боюнча 18 текшерүүнү башынан өткөргөнүн айтып берди. Анын үстүнөн жазылган арыздардын баарын бир ууч адамдан турган топ уюштурган жана алардын катарында мурдагы АӨ башчысы да болгон. РИИБге жана облустук прокуратурага кайракайра эле чакыртыша бергендиктен АБАБАКИРОВ ишине талаптагыдай көңүл бура албай жатканын кошумчалады. Айыл өкмөтүнүн башчысы укук коргоо органдарын бейтарап болууга, эгерде коюлуп жаткан айыптар тастыкталбаса, арыздануучуларды жоопко тартууга чакырды.

Катышуучулар ошондой эле текшерүүчү органдар тарабынан дагы эле документтердин түп нускасын тапшыруу тууралуу суроо-талаптар түшүп жатканын белгилешти. Алардын айтымында, прокуратурага жүйөсүз улам-улам чакыртуулар, ЖӨБ органдарына комптенециясына кирбеген же алар чече албаган маселелерди аткарбаганы үчүн ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрү жана салган айыптары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине тоскоол болуп жатат: “Мыйзам кабыл алынгандан кийин текшерүүлөргө байланышкан кырдаал оңолду. Бирок текшерүүчү органдар дагы деле документтердин түп нускасын алып келүүнү талап кылышууда. Ошону менен бирге алар прокуратура органдарынан уруксат алышпайт”, - деп белгиледи Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылдык аймагынын башчысы Жамшит МАТАНБАЕВ.

Айрым АӨ башчылары каражаттын жоктугуна байланыштуу кээде эрежелерди бузууга мажбур болушканын, бул эрежелерди сактоо үчүн шарттар түзүлбөгөнүн мойнуна алышты. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылдык аймагынын башчысы Гүлмайрам УЧУГЕНОВА текшерүүлөр кайсы бир деңгээлде ЖӨБ органдарына өз ишиндеги кемчиликтерди табууга жардам берип жатканын белгиледи: “Экотехинспекциянын, Эсеп палатасынын адистери жөн гана текшербестен, кеп-кеңештерин, консультацияларды беришет. Текшерүүлөрдүн пайдасы мына ушунда деп эсептейм. Бирок мойнубузга алалычы, шарттар түзүлбөгөндүктөн, биз да кээде мыйзамдарды бузууга мажбурбуз. Мисалы, жакында эле Экотехинспекциянын кызматкерлери текшерүү маалында мага өрт коопсуздугунун талаптарына байланыштуу эскертүү беришти – айыл өкмөтүндө кочегар жана имараттын кароолчусу жок. Бирок биздин аймак дотацияда турат, кочегар менен кароолчунун штаттык бирдиги КР Өкмөтү бекиткен айыл өкмөтүнүн типтүү штаттык ырааттамасында каралган эмес. Экинчи бир мисал – МАИ кызматтык автоунаамды дем алыш күндөрү колдонгонум үчүн эскертүү берет. Бирок айылда ар нерсе болуп калат да. Жумушка дем алыш күндөрү да чыгууга мажбурбуз. Текшерүүчү органдар ЖӨБ органдарынын иш шарттарын эсепке алууга тийиш же мыйзамдардын талаптарын өзгөртүү тууралуу Өкмөттү кабардар кылышы керек”. Катышуучулар мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселесине да өзгөчө көңүл бурушту. Алардын айтымында, ЖӨБ органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды эч кандай финансылык колдоосуз эле аткарууга мажбур. Демек, мыйзамдагы талаптарды ЖӨБ органдары да, мамлекеттик органдар да бузуп жатышат. Өз кезегинде депутат Кенжебек БОКОЕВ Башкы прокурордун орун басарына кайрылып, мамлекеттик ыйгарым укуктарды финансылык колдоосуз эле өткөрүп берген Финансы министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга карата прокуратура органдары кандай чараларды көрүп жатканына кызыкты. Прокурордун орун басары Башкы прокуратура реакция жасоо актылары КР Өкмөтүнө жана КР Финансы министрлигине жиберилгенин, бирок республикалык бюджетте финансы каражаттары жетпегендиктен маселе чечилбей келатканын айтты. Сөз соңунда Кенжебек БОКОЕВ ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүдө прокуратура органдарына маанилүү роль берилгенин кошумчалады: “Биз бул мыйзамды жазып жатканда, Башкы прокуратурага маанилүү ролду бөлүп бергенбиз – Башкы прокуратура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө карата башка ыйгарым укуктуу органдарды контролдоп, ЖӨБ органдарын кызыкчылыктарын жүйөсүз текшерүүлөрдөн коргосун деп ушул ролду бергенбиз. Ошондуктан текшерүүчү органдарга көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам бузуулар болгон учурда аларды жоопко тартууңарды өтүнөм”.

Парламенттик угуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып, катышуучулар бул маселеге алты айдан кийин кайрылып, аны КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жибериш керек деген бир пикирге келишти. Ошондой эле жер-жеринде Мыйзамдын талаптары кантип аткарылып жатканы менен таанышуу үчүн жумушчу топту түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.