Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институту мамлекеттик кызматтын ӨнүгүүсүнӨ кошкон салымы үчүн КР Мамлекеттик кадр кызматын БУУнун сыйлыгына кӨрсӨттү

2015-01-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча консультативдик эксперттик кеңеш мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бириккен улуттар уюмунун сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул демилгени 2014-жылдын декабрында Өнүктүрүү саясат институту көтөргөн.

Мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн БУУнун сыйлыгына көрсөтүү жыл сайын өтүп турат. Дүйнө өлкөлөрүндө мамлекеттик мекемелердин мамлекеттик башкаруунун дагы да натыйжалуу жана ыкчам системасына салым кошуу жана чыгармачыл жетишкендиктерди таануу программанын максаты болуп эсептелет.БУУнун бул сыйлыгы 2003-жылдан бери берилип келет. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан мындай сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Иш диапазону кеңири болгонуна байланыштуу жеңүүчүлөр региондор боюнча аныкталат. Кыргызстан сынакка Азия-Тынч океан региондорунун алкагында көрсөтүлүүдө. Бул региондун алкагында ар кайсы жылдары жеңүүчү болуп Сингапур, Корея жана Жапония таанылган.
 
Сынактын шарттары боюнча сыйлыкка үчүнчү жак көрсөтүш керек. Кыргызстанды Өнүктүрүү саясат институту сунуштады. Аталган коммерциялык эмес уюм Мамлекеттик кадр кызматынын талапкерлигин “Инновациялык механизмдерди колдонуу менен саясий жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусун шыктандыруу” категориясында көрсөттү.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы сынактын 1-турунан ийгиликтүү өттү. 1-турунда БУУнун Мамлекеттик башкаруу түйүнүнүн (UNPAN-United Nations Public Administration Network) расмий сатында онлайн-табыштама толтурулат.
 
Бул жерде көйгөйлөргө анализ, стратегиялык мамиле жасоо, аткаруу жана жүзөгө ашыруу, таасирин тийгизүү жана туруктуулук өңдүү бөлүмдөр каралган. Алардын ичинде жогоруда аталган сыйлыкка тиешелүү бир катар суроолор камтылган. Акыйкат баа берүүнү камсыздоо үчүн табыштама бири биринен көз карандысыз ар башка эксперттер тарабынан каралат.Ушул тапта экинчи тур үчүн документтер даярдалып жатат. Азыркы учурда табыштама толукталган документтер менен экинчи турда кароодон өтүп жатат.

Окшош материалы: