Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору максаттуу муниципалитеттерине коммуникациялык пландарды даярдоого жардам берди

2022-09-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору максаттуу муниципалитеттерине коммуникациялык пландарды даярдоого жардам берди

25-26-июлда Нарын шаарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун беш максаттуу муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун айрым уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен практикалык тренинг өттү. Иш-чара калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана муниципалитеттердин өздөрүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн коммуникациялык аспаптарды киргизүү максатында өткөрүлдү.

Жарым күндүк практикалык сабактын жүрүшүндө катышуучулар коммуникациялардын түрлөрү жана катышуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда байланыштын жана маалымат алмашуунун ролу, байланыш чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база жөнүндө билишти, маалымат алмашуу, медиа сабаттуулук жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту. Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар “Фейсбукта” өз муниципалитеттеринин расмий баракчаларын түзүп, социалдык тармактар жана мессенджерлер үчүн контент даярдоо боюнча жаңы үйрөнгөн көндүмдөрүн сынап көрүштү, байланыш жана маалымат алмашуу аспаптарын колдонуу менен коммуникациялык пландарын түзүштү.

“Тренингдерге USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринин жумушчу топторунун өкүлдөрү, консультанттар жана долбоордун алкагында түзүлгөн ЖКУ тармагынын мүчөлөрү катышты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ар бир муниципалитеттин өкүлдөрү өз муниципалитети үчүн коммуникациялык пландын долбоорун даярдап чыгып, жооптуу адамдарды жана мөөнөттөрдү аныктап алышты. Коммуникациялык пландарды талкуулоо жана бекитүү кийинки кадам болмокчу”, - деп белгиледи тренер Айнура БАЛАКУНОВА.

Ушундай эле тренингдер 2022-жылдын 5-6-июль күндөрү Жалал-Абадда, 7-8-июлда Ошто, 12-13-июлда Чолпон-Атада өткөрүлгөн.

Окшош материалы: