Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик социалдык тапшырык жол-жобосундагы КӨЙГӨЙЛӨР жана аларды чечүү боюнча сунуштамалар

2014-08-01 / Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик социалдык тапшырык жол-жобосундагы КӨЙГӨЙЛӨР жана аларды чечүү боюнча сунуштамалар

Мыйзамдарга жана МСТны колдонуу практикасын анализдөөнүн жүрүшүндө МСТ сынактык жол-жобосунда бир катар көйгөйлөр аныкталды. Төмөндөгү текстда ошол көйгөйлөрдү (сынактык жол-жоболордун баскычтары боюнча топтоштурулган), ошондой эле аларды чечүү боюнча сунуштамаларды көрүүгө болот.

Сунуштама МСТ тууралуу мыйзамдарда калктын жалпысынан социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде МСТ механизми аркылуу каржыланса боло турган кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөсүн аныктоонун натыйжалуу механизмдери жок. Ушул тапта мамлекеттик орган коомдун же калктын белгилүү бир категориясынын муктаждыктарын өз алдынча аныктап келет.Бул болсо МСТ системасынын натыйжалуулугун азайтууда, анткени калк менен консультациялык процедуралардын жоктугунан улам калк анчалык деле муктаж болбогон, же болбосо башка, дагы да актуалдуу жана ошол учурда өтө зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө салыштырмалуу азыраак деңгээлде керек болгон социалдык долбоорлорду жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо фактысы орун алат. Калктын жалпысынан социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде МСТ механизми аркылуу каржылана ала турган кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөсүн аныктоонун механизмин рационалдаштыруу зарыл. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
 
  • мамлекеттик органдардын сайттарында социалдык маселелер тууралуу электрондук маалымат базасын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. Ал жакка жарандар жана жарандык коом уюмдары каалаган учурда өз сунуштарын жиберип турмак,
  • тиги же бул калктуу конуштар, региондор жана өлкө боюнча белгилүү бир убакытка эң олуттуу социалдык маселелерди аныктоо үчүн атайын изилдөөлөрдү өткөрүү,
  • социалдык программаларды МСТ механизмдери аркылуу чечүү боюнча каржылоо үчүн эң олуттуу социалдык маселелерди аныктоо максатында коомдук угууларды өткөрүү.

Сунуштамалар Каржы министрлиги акыркы 5 жылда МСТга каражат бөлгөн статистикасын изилдөө, эң акыркы датасын алып, аны сынакты жарыялоо күнү катары сунуштоо. Сынак тууралуу жарыя менен бирге жеңүүчүлөрдү тандоонун критерийлерин басып чыгаруу зарыл.

Сунуштамалар Сынактарды өткөрүү тартиби жана каржыланган долбоорлор тууралуу маалымат жарандар үчүн жеткиликтүү болуш керек жана Коомдук Биринчи канал аркылуу (өлкөдөгү эң белгилүү сыналгы жана үналгы) социалдык жарнама катары жарыяланыш керек, ошондой эле СӨМ сайтында дайыма ачык жерде илинип туруш керек. КЭУ-кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүү зарыл,ошондой эле МСТны ишке ашыруунун алкагында сапатсыз кызмат көрсөткөн, же кандайдыр бир мыйзамдарды бузган коммерциялык эмес уюмдардын “кара” жана “күңүрт” тизмелерин түзүш керек. Мыйзамдарда катышуучуларга сынактын натыйжаларын жеткирүүнүн жана билдирүүнүн механизми жана мөөнөттөрү каралышы абзел. Мисалы, SMS жөнөтмө аркылуу жана электрондук почта менен КЭУ-МСТ катышуучулардын маалымат базасына киргизилген коммерциялык эмес уюмдарга маалымат жеткирсе болот. Бул болсо КЭУга маалымат базасында өздөрү тууралуу маалыматтарды өз убагында жаңылап турууга көмөктөшөт.

Сунуштамалар МСТ боюнча сынакка документтер берүүнүн татаалдыгы. Сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин даярдоо процесси түйшүктүү болот жана кымбатка турат. Ошону менен катар сынакка катышуу үчүн катышуучулардын уюмдаштыруу документтерин эки тилде жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эки нускада берүү талап кылынат. Сынакка катышууну каалаган КЭУ алыскы аймакта жайгашканына карабастан документтерди өткөрүү үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болгону кырдаалды татаалдаштырууда. Себеби документтерди кабыл алган сынактык комиссия иш жүзүндө өлкөнүн борбор калаасы Бишкекте гана Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу түзүлөт.Мунун баары сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруу процессин КЭУ үчүн кымбат жана түйшүктүү кылып жатат.

Сунуштамалар Мыйзамдарда сынактык документтерди эки бөлүккө бөлүүнү караштыруу зарыл:

  • купуя (долбоордук сунуштар жана анын бюджети);
  • ачык документтер (уставдын, күбөлүктүн жана башка документтердин көчүрмөлөрү).
Сынакка катышуу үчүн тапшырылган документтердин пакетине талаптар өтө түйшүктүү болбош керек. Аны менен бирге нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсүн берүү зарылчылыгы жок.Арыз берүүчүнүн тандоосу боюнча сынакка документтерди өткөрүүнүн бир нече ыкмасын караштыруу зарыл:
 
  • КЭУнун өкүлүнүн жеке тапшыруусу;
  • почта боюнча, атайын кат менен;
  • электрондук почта аркылуу;

​Сынакка катышуу үчүн биринчи жолу табыштама берген коммерциялык эмес уюм мамлекеттик тапшырыкчы жыл сайын долбоордук сунушту (сүрөттөлүшүн жана бюджетти) гана талап кыла алгыдай болгон маалымат камтылган документтерди толтуруп, маалымат базасына катталууга тийиш.Мындай учурда КЭУ акыркы жолу бергенден бери өзгөргөн документтерди гана тапшырып калат (мисалы, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген учурда).

Долбоордук сунуштарды баалоонун жол-жоболору Мыйзам сынактын жеңүүчүлөрүн тандап алуунун так критерийлерин камтыбайт. Критерийлер мыйзам алдындагы акттарга киргизилген,бирок алар таптакыр натыйжасыз. Себеби:

  •  баалоо критерийлери так эмес жана атүгүл комиссия мүчөлөрүнүн өздөрүнө да аларды ар түрдүүчө чечмелөөгө мүмкүнчүлүк берет;
  • мыйзамдарда факультативдик критерийлер жок, алар тиги же бул сынактын өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен комиссиянын кароосу боюнча киргизилмек;
  • комиссия көңүлгө алган бир катар маанилүү факторлор расмий критерий катары бекитилген эмес. (мисалы, долбоордун бюджетиндеайлык акынын сунушталган көлөмдөрү). Ошондой эле долбоордук сунуштарды объективдүү эмес баалаган учурлар кездешет. Комиссиянын ар кайсы мүчөсү бир эле критерий боюнча койгон баллдар таптакыр ар башка болушу мүмкүн. Бул болсо комиссия мүчөлөрүнүн компетентсиздиги жана критерийлердин так эместиги тууралуу божомолдорду жасоого жол ачат. Практикада төмөн балл алган (башка КЭУларга салыштырмалуу) КЭУ сынактын жеңүүчүсү деп табылган, бул болсо андан жогору балл алган КЭУнун нааразычылыгын жараткан учурлар кездешет.

Сунуштамалар Табыштамаларды баалоонун бардык критерийлери сынак тууралуу кулактандыруу жайгаштырылган учурда эле жарыяланыш керек. Ошондой эле учурда мыйзамдарда бекитилип калган табыштамаларды баалоо критерийлерин жана өз-өзүнчө критерийлер боюнча баллдарды жайлаштыруунун тартибин кайра карап чыгуу зарыл. Сынактын айрым бир түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу үчүн комиссиянын кароосуна факультативдик критерийлерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл. Критерийлерди иштеп чыгууда иш жүзүндө сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл алууга таасирин тийгизчү бардык факторлорду эсепке алуу зарыл. Долбоордун бюджетине киргизиле алчу айлык акынын (сыйакынын) көлөмү боюнча шарттарды мыйзамдарда бекитүү зарыл.

Мындан тышкары бир эле критерийлер боюнча баллдар ар башка болгон учурда макулдашылган чечим кабыл алуу үчүн механизм болуш керек – комиссия мүчөлөрүнүн ортосундагы кеңешүү, же арыз берүүчүлөрдүн өздөрү менен баарлашуу. Ошондой эле сынактын катышуучуларынын тизмеси жана алар алган баллдар сынактын жыйынтыгын жарыялоодо малекеттик тапшырыкчынын сайтында жарыяланыш керек. Ушул маселени чечүү максатында МСТ жөнүндөгү Мыйзамга сынактык комиссиянын иш тартиби жөнүндө тийиштүү нормаларды кошуу зарыл. Ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин, аны менен катар Азербайжандын тажрыйбасын көңүл салып үйрөнүү керек. Азербайжанда сынактык комиссия акыга бир нече экспертти жалдайт, алар долбоордук сунуштарды көз карандысыз жана жашыруун (б.а., кайсы КЭУнун табыштамасы болгонун билбестен жана бири-бирин тааныбастан) карап чыгышат. Эгерде долбоордук сунуштарда түшүнүксүз жерлер болсо, алар КЭУнун жетекчисин бетме-бет жолугушууга, же Скайп аркылуу баарлашууга, же дагы башка ыкмалар менен жолугушууга чакырышат.
Социалдык долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишим Келишимдерде долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар формулировкаланган эмес.Келишим долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалардын сүрөттөлүшүн караштырбайт,долбоорду аткарууда сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн күн мурунтан сүйлөшүп албайт. Мындай факторлор имплементацияланган долбоордун натыйжаларынын субъективдүү баасын минималдаштырууга жол ачмак.
Сунуштамалар МСТ алкагында социалдык долбоорду күтүлгөн натыйжалар жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу жобону кошуу менен ишке ашыруу тууралуу жаңы типтүү келишимди иштеп чыгуу зарыл. Ошол эле натыйжалар долбоор жыйынтыкталгандан кийин (же келишимде көрсөтүлгөн белгилүү бир мөөнөттөрдө) КЭУ тапшырыш керек болгон отчеттуулук формаларында да формулировкаланыш керек.Атүгүл долбоордун натыйжаларын баалоо усулдары берилген тапшырмаларды баалоодо сөзсүз аныкталыш керек. Башкача айтканда, долбоорлордун натыйжалары өлчөнгүдөй болуш керек.Ошондой эле жеңип чыккан табыштамаларды тандап алууда аныкталган баалоонун усулдары жана критерийлери келишимге да, отчеттуулук формаларына да камтылыш керек.
МСТ сынактык жол-жобосун өркүндөтүү 
МСТ сынагынын жол-жоболорунун сапаты бөлүгүндө КЭУдан кайра байланыш жок.
Сунуштамалар МСТ сынагы аяктагандан кийин аны өткөрүүнүн жол-жоболук маселелеринин сапаты боюнча КЭУга сурамжылоо жүргүзүү зарыл. Алынган маалыматты жыл сайын анализдеп, өз убагында пайда болгон маселени чечүү керек.