Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик социалдык тапшырык тууралуу түшүнүк, анын мамлекеттик сатып алуулардан айырмасы

2014-08-01 / Мыйзам жаӊылыктары

МСТ – бул мамлекеттик бюджеттик каражаттардын эсебинен социалдыкэкономикалык милдеттерди чечүүгө жана кызмат көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды (долбоорлорду) жана айрым бир иш-чараларды жүзөгө ашыруу формасы. МСТ жөнүндө мыйзам социалдык программаларды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик социалдык тапшырыктарды түзүүнүн,жайгаштыруунун жана жалпы принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.

Мыйзам социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.
 
  • МСТнын максаттары:
  • мамлекеттик органдардын иш-аракетинде камтылбаган же толук эмескамтылган социалдык маанилүү проблемаларды чечүү;
  • мамлекеттик эмес булактардан социалдык чөйрөгө кошумча түрдө адамдык, материалдык, финансылык ресурстарды тартуу;
  • бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышы үчүн аткаруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
  • социалдык жактан коргоо чараларынын даректүүлүгүн жогорулатуу;
  • калкка социалдык кызматтарды натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн укуктук механизмди түзүү;
  • социалдык тапшырыкты аткаруучулардын ортосундагы атаандаштыкты көбөйтүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
  • мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
  • социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча рынок түзүү.
МСТ – бул өлкөдөгү социалдык маселелерди чечүүгө карата жаңыча мамиле. Эгерде мурда мамлекет социалдык маселелерди салттуу жол менен – мамлекеттик мекемелерди түзүү жолу менен (колдо болгон кызматкерлер, тийиштүү жайлар, мамлекеттик бюджеттен үзгүлтүксүз каржылоо ж.б.) чечүүгө аракет жасап келсе, МСТ механизмдерин киргизгенден кийин мамлекетте социалдык маселелерди альтернативалык жол менен – туруктуу мекемелерди түзбөстөн коммерциялык эмес уюмдарга сынактын негизинде гранттарды берүү аркылуу чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. МСТнын алкагында мамлекет коом үчүн өзгөчө көйгөйлүү маселелерди аныктап алып, ошол маселелерди чечүү үчүн каржылоо бөлүп, КЭУ арасында сынак жарыялайт. Алар өз кезегинде ошол социалдык маселелерди чечүү боюнча өздөрүнүн долбоордук сунуштарын түзөт жана аларды сынактык комиссияга жолдошот. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо сынактык программанын максаттарына жетүүнүн сунушталган жолдорунун натыйжалуулугу, КЭУнун өзү сунуштаган долбоорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү жана башка факторлор чечүүчү ролду ойнойт. Сынактык комиссия түшкөн сунуштарды карап чыгат жана сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт, алар менен мамлекеттик орган социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзөт. Келишимде КЭУ ишке ашырышы керек болгон долбоордун шарттары жана аталган долбоорду мамлекет тарабынан каржылоонун шарттары сүрөттөлөт. Тараптар ортосундагы өнөктөш мамилелерди кепилдөө үчүн социалдык тапшырык келишиминин шарттарын эки тарап тең талкуулайт, бир жактын макулдугу болбосо эле аткаруучуга таңууланбайт. МСТ элдин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик органдар менен жарандык коом уюмдарынын өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жаңы механизмдеринин бири болуп эсептелет.
Сатып алуулардын ыкмасындагы айырмалар Эгерде мамлекеттик сатып алуулар процессинде сатып алуучу уюм күн мурда эмне сатып алаарын билсе, МСТда мамлекеттик же муниципалдык орган ал жетиши керек болгон максаттарды гана билет, бирок ошол максаттарга жетүүнүн жолдорун билбейт. Ушул максаттарга жетүүнүн жолдорун КЭУ – сынактын катышуучулары сунуштайт.
Сынактын тендердин жеӊучүлөрүн аныктоо ыкмасындагы айырмачылыктар Эгерде мамлекеттик сатып алуулар процессинде тедердин жеңүүчүсүн аныктоодо башкы критерий сунушталган товарлардын, жумуштадын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менен сапатынын айкалышы негизги критерий болсо,МСТда сынактын жеңүүчүсүн аныктоодо сынактык программанын максаттарына жетүү үчүн сунушталган жолдордун натыйжалуулугу, КЭУнун ал сунуштаган долбоорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү жана башка факторлор чечүүчү ролду ойнойт