Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жаштардын каржылык сабаттуулугу – өлкө ийгилигинин фактору” Долбоору

2014-08-22 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
“Жаштардын каржылык сабаттуулугу – өлкө ийгилигинин фактору” Долбоору

Өнүктүрүү саясат институту долбоордун концепциясын иштеп чыкты, ал Кыргыз Республикасындагы мектептерде каржылык агартуучулук кыймылын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүгө жол берет. 2014-жылдын жай мезгилинде “Сорос – Кыргызстан” Фондунун Швейцария Өкмөтү жана Эл аралык кызматташтык боюнча Британин министрлиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун колдоосу менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болду.

Долбоордун максаттары

Өнүктүрүү саясат институту долбоордун концепциясын иштеп чыкты, ал Кыргыз Республикасындагы мектептерде каржылык агартуучулук кыймылын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүгө жол берет. 2014-жылдын жай мезгилинде “Сорос – Кыргызстан” Фондунун Швейцария Өкмөтү жана Эл аралык кызматташтык боюнча Британин министрлиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун колдоосу менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болду.

Долбоордун максаттары

  • каржылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана жеке каражаттарын башкаруу боюнча билимди жайылтуу үчүн жаштарга шарт түзүү; мындай билим болочок муундун ийгиликтүү жана саламат жашоосун камсыздоодо чукул фактор болуп эсептелет;
  • жаштарга Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө билимдин негиздерин берүү, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жарандын көндүмдөрүн өнүктүрүү, анын ичинде коомдук каржыны – жергиликтүү бюджетти акыл-эстүү жана натыйжалуу башкаруу жаатында.

Долбоордун тапшырмалары

Максатка жетүү үчүн Долбоор төмөнкү тапшырмаларды аткарат:

  • окуучулардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелеринде жогорку класстардын педагогдорунун дараметин күчтөндүрүү;
  • окуучулардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелеринде жогорку класстардын педагогдору арасында тажрыйба алмашуу үчүн түйүн түзүүгө көмөктөшүү;
  • жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун инновациялык усулдарын апробациялоо;
  • каржылык сабаттуулук маселелеринде жаштардын тажрыйба алмашуусунун республикалык аянтчасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • мектептерде жана жогорку окуу жайларда каржылык ыктыярчылардын кыймылын түптөөгө башат берүү.

Ишке ашыруу таржымалы

Педагогдорду – долбоордун катышуучуларын иргеп алууТандап алуунун критерийи – үйрөнгөн усулдарды окуу процессине жана өз окуу мекемелериндеги коомдук жашоого жайылтууда педагогдордун жөндөмдүүлүгүнүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бар болгону. 2 аптанын ичинде жарыя маалымат таратуу жолу менен жеткирилди. Маалымат жеткирүү иштерине ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун түйүнү жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (БДКФ) тартылды, фонд жарыяны өз мектеп-өнөктөштөрүнө жолдоду. Көрсөтмө берүүчү семинарга катышып, андан кийин жайкы мектепте иштөө максатында тандоодон өтүү үчүн мугалимдер кызыгуусун билдирген кат жазып, анда төмөнкү суроолорго кыска, бирок толук жооп бериш керек эле:

  • Жынысыңыз, жаш курагыңыз, адистигиңиз, жашаган жериңиз жана иштеген жериңиз.
  • Эмне үчүн сиз окуучулардын жана жалпысынан калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл деп эсептейсиз?
  • Окуучулардын каржылык сабаттуулугун кантип жогорулатса болот?
  • Төмөнкү багыттарда кандайдыр бир тажрыйбаңыз барбы: класстан тышкаркы ишти же факультативдик билимди жүргүзүү, мектептин жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуу, окутууда жана тарбиялоодо стандарттык эмес усулдарды колдонуу?

Баары болуп 44 өтүнмө түштү, башкача айтканда, сынакта бир орунга 2 киши талапкер болду. Географиялык жактан алганда өтүнмөлөр төмөнкүдөй болду:Жалал-Абад облусу – 16 адам;Талас облусу – 1 адам; Нарын облусу – 1 адам;Ош облусу – 15 адам; Чүй облусу – 4 адам; Баткен облусу – 3 адам; Ысык-Көл облусу – 4 адам.Сынактык комиссия көрсөтмө берүүчү семинарга 21 катышуучуну (резервде 3 киши) тандап алды. Географиялык жактан алганда катышуучулар төмөнкүдөй болду: Жалал-Абад облусу – 6 адам; Талас облусу – 1 адам; Нарын облусу – 1 адам; Ош облусу – 5 адам; Чүй облусу – 3 адам; Баткен облусу – 1 адам; Ысык-Көл облусу – 4 адам;

РЕЗЕРВДЕ – 3 адам.

Иргеп алуу тандап алынган педагогдор каржылык билимди зарыл болгон деңгээлде өздөштүрүүгө, ошондой эле аларды жаңылоо боюнча маалымат булактарын пайдалана алууга жетиштүү даражада даяр болот дегенди түшүндүрдү. Ошондой эле алар өз окуу жайындагы окуучуларды долбоорго катышууга тартууга көмөктөшөт; алар менен чогуу команда түзүп, долбоорго катышкандан кийин алынган усулдарды андан ары өзүндө жайылтат.

Педагогдор үчүн көрсөтмө берүүчү семинар жана каржылык сабаттуулук жайкы мектебинин программасын түзүү

2014-жылдын 24-апрелинен 27-апрелине чейин тандалып алынган педагогдор үчүн көрсөтмө берүүчү семинар өттү. Семинардын программасы проф. Прутченковдун Александр Ивановдун жана Нелли Симонованын катышуусу менен иштелип чыкты. Семинардын максаты: каржылык сабаттуулукту жогорулатуунун бар болгон усулдары тууралуу билимди өткөрүп берүү жана окуучулар үчүн каржылык сабаттуулуктун жайкы мектебинин деталдуу программасын түзүү. Катышуучулар – Кыргыз Республикасынын мектептериндеги жогорку класстардын мугалимдери жана социалдык педагогдор.

Семинардын программасына жалпысынан каржылык агартуучулукту өнүктүрүүгө жана аны менен катар окуучулардын каржылык агартуучулугун өнүктүрүүгө байланышкан теориялык суроолор кирди:

  • Каржылык сабаттуулуктун концепциясы. Каржылык сабаттуулуктун деңгээлинин, экономикалык өсүштүн жана социалдык туруктуулуктун ортосундагы байланыш. КС-КБ долбоорунун концепциясы
  • Кыргыз Республикасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу практикасы: улуу муундун өкүлдөрү үчүн каржы боюнча билим берүүчү маалыматты жеткирүүнүн мисалы
  • Окуучулардын, педагогдордун жана ата-энелердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун максаттуу программасы: Стратегиялык тапшырмалар, негизги көрсөткүчтөр, програмалык иш-чаралар
  • Москванын мектептеринде жана Орусияда колдонулган каржылык жактан агартуунун негизги технологияларына сереп
  • “Жеке каржылык план” ишкер оюну: түрдүү максаттуу аудиторияга колдонуунун жана адаптациянын варианттары
  • Окуучуларды каржылык жактан агартуу максатында компьютердик программаларды жана интернет-сервистерди пайдалануу
  • “Шаардык компетенциялар мектеби” программасы студент-ыктыярчылардын жана окуучулардын активдүү катышуусу алдында жарандарды каржы жагынан агартуунун комплекстик технологиясы

Ошондой эле программага жайкы лагердин программасын жана форматын, ошондой эле аны уюштурууда педагогдордун ролун иштеп чыгууга байланыштуу практикалык суроолор кирди.

“Мегаполис” тематикалык нөөмөтү жайкы балдар лагеринин шарттарында: программаны иштеп чыгуу, катышуучуларды даярдоо, өткөрүү жана натыйжалардын анализи.

  • Орусия Федерациясында колдонулган усулдарды Кыргыз Республикасында кайталоо мүмкүнчүлүгүнө анализ. Айырма эмнеде болуш керек? КРдагы жамааттардын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен кайсы кошумча аспаптарды колдонсо болот?
  • Мектептин методикалык концепциясын иштеп чыгуу: биз кайсы идеянын же моделдин тегерегинде мектепти курабыз – ишкер оюнбу, таймашпы, фестивалбы?
  • Иш-чараларга бөлүү менен жайкы мектепти күнүмдүгүн күн сайын пландоо
  • Жайкы мектептин педагог-кураторлорунун милдеттери: жогорку класстын окуучуларынын командасын түзүү, жайкы мектепте иштөө, жоопкерчилик, отчеттуулук

Окутуунун төртүнчү күнү аягына чыгып калган маалда катышуучулар тесттик анкеталарды толтурушту. Анда мугалимди жайкы окутуу процессине кошуу мүмкүнчүлүгүн эң мыкты аныктоого шарт түзгөн уюштуруучулук бөлүмдү; ошондой эле окуучуларды каржылык жактан агартуу боюнча материалды өздөштүрүүнүн деңгээлин баалоого жол берген теманы түшүнүүгө суроолордун бир бөлүгү камтыган. Төрт күндүк окутуунун жана интерактивдүү баарлашуунун натыйжасында, ошондой эле толтурулган анкеталарга анализ жүргүзүү менен комиссия жайкы мектепке катышуу үчүн 10 педагогду тандап алды:

Абдуллаева Шазадахан Кочкорбаевна

shazadakhan@mail.ru

Жалал-Абад ш., Давлетов ат. №14 мектеп-лицей

Асакеева Луиза Диасовна

asakeev1@mail.ru

Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Тектир ай., Манас ат. №7 мектеп

Нуралиева Нургүл Акимбековна

nuralieva1983@inbox.ru

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айылы, С.Макаренко ат. №1 мектеп-гимназиясы

Сулайманова Анаргүл Аскербековна

Narynscool@mail.ru

Нарын ш., В.П.Чкалов ат. №2 мектеп-гимназия

Кузнецова Лариса Владимировна

smailkg@rambler.ru

Ош ш. “Олимп” мектеп-гимназиясы

Абдывасиева Алима

alima2004@mail.ru

Ош ш., “Илим-Ош” билим берүү комплекси

Маслова Ирина Викторовна

irina.maslova.66@mail.ru

Кара-Балта ш., №6 мектеп-гимназия

Эргешов Сухробжон Хакимжанович

sukbrobzhone.kg@gmail.com

Баткен облусу, Лейлек району, Андарак айылы, Андарак а. мектеп

Ярославцева Ольга Викторовна

olga-yaroslavna63@mail.ru

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга а., Тамга мектеби

Педагогдор жайкы лагердин баштапкы программасын түздү. Ага окутуунун интерактивдүү усулдары, жайкы университет, оюн түрүндөгү иш-чаралар кирди. Алардын мазмуну каржылык сабаттуулукка жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналды. Ошондой эле педагогдор программаны атоонун бир канча варианттарын сунуштап, көпчүлүк добуш менен Фин-Билим-Сити Муниципалитети деген аталыш тандалды.

Жаштарды жайкы мектепке катышуу үчүн тандап алуу

Долбоорго катышуу үчүн жаштарды тандап алууда негизги талап – жалпы дүйнө таанымы жана каржылык билимди алууга жана жайылтууга мотивациянын бар болгону. Тандап алуу сынактык негизде, дил баян таймашы менен өттү. Сынак тууралуу жарыя ММКга жайгаштырылып, интернет аркылуу жайылтылды. Ыктымал талапкерлер тууралуу маалыматтын атайын булагы – педагогдор – көрсөтмө берүүчү семинардын катышуучулары, алар өзүнүн жана кошуна мектептерде жарыяны таратышты.

Жайкы мектепке катышуу максатында тандоодон өтүү үчүн катышуучулар дил баян жазышты, анда алар төмөнкү суроолорго кыска, бирок толук жоопторду беришти:

  •  Сиздин жынысыңыз, туулган күнүңүз, жашаган жериңиз жана окуган жериңиз?
  • Эмне үчүн сиз окуучулардын жана жалпысынан калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл деп эсептейсиз?
  • Окуучулардын каржылык сабаттуулугун кантип жогорулатса болот?
  • Коомдук иштерде кандайдыр бир тажрыйбаңыз барбы?

2014-жылдын 27-майына карата ӨСИге Кыргыз Республикасындагы бардык аймактардан 160 дил баян түштү. Алардын ичинен комиссия жайкы мектептин 50 катышуучусун тандап алды.Жайкы лагерде балдар менен иш алып баруунун андан кийинки тажрыйбасы көрсөткөндөй, тандоо өтө сапаттуу жүргүзүлгөн. Бардык балдарда мотивация жогору болуп, алар лагерге активдүү катышып, өзүнүн чыгармачыл дараметин ачышып, жайкы университетте жакшы билим алышты.

Албетте кызыктын баары жайкы мектепте, же жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган лагерде – Фин-Билим-Сити Муниципалитетинде болду.


Москва Ачык билим берүү институтунун экономика кафедрасы – ушул долбоорду ишке ашырууда ӨСИнин өнөктөшү .Эксперттер менен талкуунун натыйжасы боюнча, долбоорго жогорку окуу жайлардын педагогдорун тартпоо тууралуу чечим кабыл алынды. Анткени коопсуздук жана тартипти көзөмөлдөө максатында жайкы мектепке жогорку окуу жайлардын студенттерин, б.а., ичимдик ичүүгө жана тамеки тартууга мыйзамдык укугу бар, жашы жеткен адамдарды тартпоо тууралуу чечим кабыл алынган. Иш жүзүндө мектептин ишине 1-таблицада саналган 9 педагог катышты.

 

Окшош материалы: