Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Баалоо жергиликтүү деңгээлде башкаруу аспабы катары: Баалоо боюнча Бишкек форумунун жыйынтыгы
Өз кабарчы
2025-жылдын ноябрь айынын этегинде Бишкекте өткөн Баалоо боюнча форумда эксперттер жана практиктер чечим кабыл алуучуларга, анын ичинде шаар жетекчилерине жана айыл өкмөттөрүнө жашоочулар түшүнгөн жана бюджеттин артыкчылыктарын негиздеп берген чечимдерди кабыл алууга жардам берүү үчүн дайындарды кантип чогултуп, кантип колдонуш керектигин талкуулашты. Форумдун программасы баалоонун эл аралык стандарттарын, репрезентативдик сурамжылоонун усулдарын талкуулоону, жыйынтыктарды визуалдаштырууну жана аларды башкаруу циклине киргизүүнү, ошондой эле бийлик органдарынын жетекчилери үчүн атайын модулду камтыды; иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында, Парк отелде жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында өттү. Форумга Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү, анын ичинде Надежда ДОБРЕЦОВА жана Сабина ГРАДВАЛЬ катышып, баалоонун жыйынтыктарын жана жалпысынан дайындарды колдонууну кеңейтүү боюнча Институттун тажрыйбасы тууралуу баяндамаларды жасашты.
“Муниципалитет” журналында биз форум жөнүндө материалды жарыялаганыбыздын себеби, анын тыянактары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тикелей тиешелүү: бирдиктүү көрсөткүчтөр аймактардын ортосундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын салыштырууга, тургундарга чечимдердин логикасын түшүндүрүүгө жана фактылардын негизинде борбордук ведомстволор менен диалог түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ачык-айкын пландоого, ресурстарды так бөлүштүрүүгө жана шаар менен айылдын деңгээлинде туруктуу өзгөрүүлөргө карай жасалган кадам.
Баалоо боюнча форум башкаруу жана өнүктүрүү маселелерин өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдүн тилине которгон адистердин практикалык жолугушуусу үчүн уюштурулган. Максаты – жашоочулар түшүнгөн чечимдерди кабыл алууга бийликке жардам берүү үчүн дайындарды кантип чогултуп, пайдалануу керектиги боюнча тил табышуу. Программага сурамжылоонун методикасы жөнүндө баяндамалар, ылгап алуунун репрезентативдүүлүгү, катарлардын салыштырылышы, жыйынтыктарды бюджеттик жана башкаруу циклинде визуалдаштыруу жана колдонуу боюнча талкуулар киргизилген. Катышуучулар жөнөкөй тыянактан башташты: так көрсөткүчтөр болбосо, калктын күтүүлөрүн башкаруу жана жергиликтүү бийлик эмнелерди эмне үчүн жасап жатканын түшүндүрүү кыйын болот.
Сабина ГРАДВАЛЬ жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу боюнча көп жылдык сурамжылоолордун жыйынтыктары менен тааныштырып, “кургак” сандар кантип борбордук ведомстволор жана жамааттар менен баарлашуунун каражатына айланганын көрсөтүп берди. ӨСИнин изилдөөсү жалпы өлкө боюнча кожолуктарды репрезентативдүү ылгап алууну колдонот жана 2007-жылдан бери жүргүзүлүп келет, бул болсо дайындардын “узун” катарларынын ыргагын салыштырууга мүмкүндүк берет. Акыркы өлчөө боюнча 2024-жылы жарандардын жергиликтүү деңгээлде уюштурулган кызмат көрсөтүүлөргө (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө) канааттануусу 62 пайызды түзсө, мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ошол эле көрсөткүч жалпысынан 81 пайызды түзгөн. Бул сандар жөн гана ажырымды көрсөтпөйт; алар чечимдердин ичинен артыкчылыктуусун тандап алууга жана жашоочулар адатта кайсы учурда жана эмне үчүн нааразы болуп жаткандыгы жөнүндө олуттуу диалог жүргүзүүгө жардам берет.
Талкууда Сабина ГРАДВАЛЬ баалоо “жылына бир жолу жасалган отчет” эмес, башкаруу циклинин бир бөлүгү экенин баса белгиледи. Муниципалитет өз аймагында көйгөйлүү кызмат көрсөтүүлөр бар экенин көргөндө бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип, тургундарга кабыл алынган чечимдердин логикасын түшүндүрүп, жыйынтыгын сурамжылоолордун кийинки айлампасында аныктай алат. “Адамдар өлчөө өзгөрүүгө алып келерин канчалык көбүрөөк көрүшсө, сурамжылоонун жол-жобосуна болгон ишеним да ошончолук жогору болот” – мына бул тезис өз пландарын калктан түшкөн кайтарым байланыш менен байланыштырууга аракет кылгандар үчүн маанилүү багыт көрсөтмө болуп калды. Узун катарлардын артыкчылыгы – убактылуу мүчүлүштүктү туруктуу тенденциядан айырмалай билүү жана пландарга убагында түзөтүүлөрдү киргизүү. Баяндамачы сунуш кылган инфраструктуранын жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн динамикасынын визуализациясы тигил же бул багыт шаардын же райондун деңгээлинде жалпы жыйынтыкты кандайча “төмөн тартып” жатканын ачык көрсөтүп турат.
Сабина ГРАДВАЛЬ муниципалдык баалоо тургундар жана борбордук органдар менен мамиле түзүүгө кандайча жардам берээрине токтолду: “Баалоо кадыресе иштин ыргагына киргизилиши керек: пландарда, бюджетте, отчеттордо, саясатты түшүндүрүүдө болууга тийиш. Ошондо дайындар тыштан айтылган сын болбостон, бийлик да, жарандар да таянган жалпы базага айланат”.
Талкуунун практикалык бөлүгүндө дайындар кайсы жерде тез башкаруучулук натыйжаны бере турганы жөнүндө сөз болду. Катышуучулар типтүү кырдаалдарды мисал катары келтиришти: таштандыларды чыгарууну модернизациялоо, мында жыштык жана каттамдар гана эмес, тарифтин түшүнүктүү болгону да маанилүү; көчөлөрдү жарыктандыруу, мында жашоочулар адатта километрлерди эмес, конкреттүү участоктордун коопсуздугун баалашат; мектеп жана мектепке чейинки инфраструктура, мында мектепте орундардын болушу гана эмес, негизги шарттар да канааттанууга таасир этет. Муниципалитеттер эмнелер өзгөргөнүн жана бул көрсөткүчтөргө кандай таасир эткенин ачык көрсөтсө, тургундардын колдоосу көбөйүп, даттануулар тагыраак боло баштаганда, аларды башкаруучулук милдеттерге айландыруу оңой болот. Инфраструктурага жана “адамдар үчүн” кызмат көрсөтүүлөргө канааттануунун көп жылдык динамикасындагы сүрөттөр эмне үчүн артыкчылыктуусун тандап алуу ички туюмга эмес, фактыларга таяныш керектигин ачык көрсөттү.
Форумдун дагы бир маанилүү тыянагы – көрсөткүчтөрдүн бирдей тилинин зарылдыгы. Бирдиктүү аныктамалар, шкалалар жана визуалдык стандарттар болбосо, муниципалитеттерге өз кызыкчылыктарын коргоо кыйынга турат. Сурамжылоонун стандартташтырылган методологиясы жана жыйынтыктарды берүүнүн бирдиктүү формалары ресурстарды үнөмдөйт, борбордук министрликтер менен диалогду жөнөкөйлөтөт жана аймактарды өз ара салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Жергиликтүү бийлик башчылары үчүн бул келерки жылдын бюджети жана артыкчылыктары тууралуу ачык сүйлөшүү, ал эми тургундар үчүн – эмне үчүн ушундай чечимдер сунушталганын жана натыйжаны качан күтүү керектигин так түшүндүрүү дегенди билдирет.
Адвокацияда дайындарды колдонуу боюнча блокто уюштуруучулар башкаларга үнүн жеткирүү үчүн жыйынтыктарды “кантип сунушташ керектигин” өзүнчө талкуулашты. Кеп профилдик министрликтер үчүн кыска аналитикалык жазуулар, сайттар жана социалдык тармактар үчүн инфографика, артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөр боюнча ачык отчеттор жана “кайтарым байланыш” – жашоочулардын типтүү суроолоруна жооптор жөнүндө болду. Сабина ГРАДВАЛдын айтымында, муниципалитет көйгөйдү гана эмес, көзөмөлдү өркүндөтүүнүн траекториясын да көрсөткөндө, борбордук ведомстволор кошо каржылоо жана нормативдерди өзгөртүү өтүнүчтөрүн колдоого даяр, себеби алар жыйынтык кандайча өлчөнөрүн көрүшөт.
Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА сессияда “Улуттук баалоо системалары: Чөлкөмдүн алдыңкы тажрыйбасы жана сабактары” деген темада баяндама жасады. Баяндаманын негизги темасы: топтолгон “жол картасы”, ал жергиликтүү өнүгүү жөнүндө баарлашууну өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдүн жана болжолдордун тилине кантип которсо болорун көрсөтөт. Автор негизги тезистен баштады: системалуу дайындарсыз жана аларды колдонуунун түшүнүктүү жол-жоболору болбосо, муниципалитеттерге ниеттен жыйынтыкка өтүү кыйын болот. Ошондуктан алгач башкаруунун data-driven логикасы түзүлгөн: диагностикадан жана маалыматтарды чогултуунун бирдиктүү методикасынан баштап, кызмат көрсөтүүлөрдү жана инвестицияларды “сезим менен” эмес, далилдерге негиздеп пландоого жардам берген болжолдоо алгоритмдерине чейин.
Андан кийин бул ишти туруктуу кылган институционалдык алкак жөнүндө сөз болду. 2016-жылдан тарта команда бир нече негизги тепкичтерди басып өттү: пландоонун колдонуудагы практикасына талдоо жүргүзүү; пландоонун комплекстүү системасы жөнүндө сунуштарды 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизүү; тармактык мыйзамдын концепциясын даярдоо; Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына жаңы методикаларды интеграциялоо; райондор жана муниципалитеттер үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методикаларын ишке киргизүү; акыры – Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбооруна data-driven ыкмаларын киргизүү. Бул биргелешип баалоону жана болжолдоону бир жолку долбоорлордон башкаруунун күнүмдүк ишине өткөрөт.
Презентациянын практикалык өзөгүн Нарын облусунда сыналган Аймактын аярлуулук индекси түздү. Индекс райондун жана калктуу конуштун деңгээлинде “чабал жерлердин карталарын” көрүүгө жана аларды кызмат көрсөтүүлөр жана объектилер боюнча чечимдер менен байланыштырууга мүмкүндүк берет. Ал колдо болгон административдик жана статистикалык дайындарга таянып, аларды ачык индикаторлорго бириктирет жана көрсөтмөлүү профилдер түрүндө муниципалитеттерге кайтарып берет. Мындай аспап эксперттин пикиринин ордун ээлей албайт, бирок артыкчылыктарды тандоону тартипке салат: адегенде өлчөө, андан кийин талкуу, ушундан соң гана ресурстар.
Өзүнчө маселе – бул жергиликтүү бийликтин өздөрүнүн карамагында болгон дайындардын сапаты. Баяндамачынын баамында, муниципалитеттерде адамдар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтар көбүрөөк чогултулган, ал эми экономика жана мейкиндик өнүгүүсү боюнча маалымат азыраак. Презентацияда багыттар аталды: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары үчүн дайындардын жалпы жеткиликтүүлүгү үчтөн экисине, ал эми “Экономика” бөлүмү боюнча болжол менен үчтөн бирине бааланат. Кыйла сезилээрлик боштуктар кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүү көлөмү, курулуш, өнөр жай жана түз инвестициялар боюнча дайындарга карата белгиленди.
Аналитика башкаруу чечимдерине кантип айланарын көрсөтүү үчүн Надежда ДОБРЕЦОВА бир катар болжол жасалган кейстерди мисал катары тартты:
- Ат-Башы району үчүн калктын кирешесинин өсүшү туристтик сервистин эсебинен эсептелет;
- Жети-Өгүз үчүн – туристтик инфраструктурага жасалчу инвестицияга керектөө;
- Айтматов үчүн – асфальт төшөлгөн ички муниципалдык жолдорго салымдардын көлөмү;
- Базар-Коргон үчүн – кызмат көрсөтүүлөр менен шаардык чөйрөнүн кесилишиндеги сектор аралык чечим катары тиричилик калдыктарын ташып чыгууну кеңейтүү;
- Кадамжай району үчүн – малина өндүрүшүнүн өсүшүнүн мейкиндик сценарийи.
Бардык мисалдар бир логикага негизделет: муниципалдык максат өлчөнүүчү көрсөткүчтөргө өткөрүлөт, андан кийин траектория эсептелет жана көзөмөл жерлер коюлат.
Баяндаманын акыркы корутундусу – “дайындар саясий диалог үчүн иштөөгө тийиш”. Муниципалитет эмнени жана эмне үчүн өлчөп жатканын, көрсөткүчтөрдүн планга жана бюджетке кандай тиешеси бар экенин жана жашоочулар өзгөрүүлөрдү кайсы жерден көрөрүн көрсөтө алса, эл менен да, борбордук мекемелер менен да, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен да тил табышуу оңой болот. Аярлуулуктун индекси жана болжолдоо моделдери жөн эле таблицалар эмес, бул – башкаруунун маңызы: бирдей эрежелер, ачык жыйынтыктар жана кайталануучу жол-жоболор, бул шаар жетекчилерине жана айыл өкмөттөрүнө чечимдерди ачык-айкын кабыл алууга, ал эми жашоочуларга өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Форум баалоо темасы – бул изилдөө борборлорунун милдети эмес, шаардын же элеттик муниципалитеттин башчысынын кадыресе аспабы экендигин көрсөттү. Жетекчи тургундар эмнени маанилүү деп эсептээрин жана кайсы жерде көбүрөөк көйгөйлөргө туш болушарын билгенде, алардын артыкчылыктарын түшүндүрүп, аларды ишке ашырууга колдоо табуусу оңой болот. Дайындар саясий чечимдердин ордун алмаштырбайт, бирок аны жүйөлүү жана түшүнүктүү кылууга жардам берет. Талкуунун негизги жыйынтыгы мына ушул болду: кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана жергиликтүү бийликке болгон ишеним үчүн баалоону системалуу түрдө колдонууну макулдашуу.
Окшош материалы:
-
№1 (159) / 2025-01-30 USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн семинарларды өткөрдү
-
№10 (156) / 2024-11-07 Онлайн-форматтагы коомдук бюджеттик угуулар: ЖӨБ органдары үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жер мунапысы тууралуу
-
№1 (147) / 2024-01-31 Баткен облусунун беш муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат
-
№12 (146) / 2023-12-10 Өнөктөштөр “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун долбоорун талкуулашты
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Чүй жана Талас облустарынын отуз муниципалитети кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн гранттык колдоо алышат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Таштандыларды башкаруу – мамлекеттик маанидеги жана улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе: катуу тиричилик калдыктарын (кооптуу эмес калдыктарды) башкаруу тууралуу өзүнчө эл аралык жөнгө салуу актылары
-
№8 (142) / 2023-09-07 Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ): бир эле ачкыч менен бир нече эшикти кантип ачса болот?














