Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу типтүү келишим жөнүндө

2014-06-05 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Токтому

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишим бекитилди. Министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга суроо-талап келип түшкөн жана алардын аткарылышы реалдуу болгон учурда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды (мыйзам боюнча берүү зарыл болгондордон тышкары) ушул Типтүү келишимдин негизинде иштелип чыккан келишимге ылайык берүү тапшырылды. КР Каржы министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте үч айлык мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен байланышкан чыгымдардын эсептөөлөрүнө талдоо жүргүзүү жана берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин (субвенциялардын) көлөмдөрүн эсептөө методикасынын долбоорун иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү тапшырылды.

Жерлерди которуу жөнүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу”  Токтому

Бекитилген убактылуу жобого ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан, анын компетенциясынын чегинде, жер мыйзамдары менен белгиленген тартипте, жердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиз болуп жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жер участоктун жайгашкан жери боюнча райондун мамлекеттик администрациясына берилүүчү жеке жана юридикалык жактардын арызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын өтүнүчү саналат. Жеке турак жай куруу үчүн жерлерди которуу боюнча демилгечи катары белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгат.Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи катары жер казынасы жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация жер участокторун пайдалануучулардын макулдугусуз (жер участокторун алып койбостон) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун бир категориядан башкасына которуу жөнүндө маселени төмөнкү учурларда демилге кылат:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүдө;
  • калктуу конуштардын чек араларын белгилөөдө же өзгөртүүдө.

Жергиликтүү маанидеги маселелердин (жер казынасын пайдалануу) тизмегин кеңейтүү жөнүндө

2014-жылдын 15-майындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР МыйзамыАймакта жашоону камсыздаган системаларынын ишин жана өнүгүүсүн уюштуруу, социалдык-экономикалык пландоо жана калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укук берилген. Мындай маселелердин тизмеги жер казынасын пайдалануу жөнүндө КР мыйзамдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу өңдүү пункт менен толукталган.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө

2014-жылдын 17-июлундагы №139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамы

Кабыл алынган Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине кызмат көрсөтүүсүнө жайылтылбайт. Аталган кызмат көрсөтүүлөр жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдин негизинде көрсөтүлөт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта алты айлык мөөнөт аяктаганга чейин күчүнө кирет.

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө №302 Токтому менен Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилген

Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктарга, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартибинин жана аларды стандартташтыруунун негизги тартиптерин белгилейт. Жободо муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине аныктама берилген. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен, ал эми кошумча реестр жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына сынак жөнүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы № 248-р Буйругу (“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө)

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине дем берүү максатында мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими менен “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды жана төмөнкүдөй орундар берилди:
  •  I орун – байге фонду 3 000 000 сом – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтү;
  • II орун – байге фонду 2 000 000 сом – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мадын айыл өкмөтү;
  • III орун – байге фонду 1 000 000 сом – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтү.

Башкы планга жеткиликтүүлүк жөнүндө

2014-жылдын 7-июлундагы №115 “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Киргизилген толуктоолорго ылайык, калктуу конуштардын бекитилген Башкы пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калктуу конуштарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылууга тийиш.

Муниципалдык лидерлердин статусу жөнүндө

2014-жылдын 17-июлундагы №138 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР Мыйзамы:

1) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр мэрдин жана айыл өкмөт башчынын талапкерлигине карата талаптарга тиешелүү. Мындан ары мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри жана айыл өкмөт башчысы боло албайт.

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” депутаттын жергиликтүү кеңештеги иш убактысын тактоого тиешелүү, мындан ары ал муниципалдык кызматтын стажы катары эсептелет.

3) “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына муниципалдык кызматтагы шайлануучу кызматка талапкерлигин көрсөткөндөргө 10-берененин 4-бөлүгүндө мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаган үчүн соттуулугу алынса, же жоюлса, муниципалдык кызматка туруу укугун чектеген бөлүк жайылтылбай турганы тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле негизги муниципалдык кызматка талапкер болгон жарандар үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтын стажына карата  үч жылдан кем эмес же жыйындысында үч жылдан кем эмес мөөнөт муниципалдык же мамлекеттик кызматта стажы болушу керек, ал эми улук муниципалдык кызматтарга эки жылдан кем эмес, же жыйындысында үч жылдан кем эмес мөөнөт муниципалдык же мамлекеттик кызматта стажы болуш керек.