Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын суу ресурстарын башкарууда чечим кабыл алуу процессине катышуусу

2014-06-03 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жарандардын суу ресурстарын башкарууда чечим кабыл алуу процессине катышуусу

Даярдаган Лидия Будис, башкаруу жана тынчтыкты куруу боюнча координатор, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Кыргызстан

 

  • Мурда жалпысынан процесс тууралуу эч качан ойлонгон эмеспиз. Бизди өз маселелерибиз жана өз муктаждыктарыбыз үчүн жетиштүү өлчөмдө суу алуу гана кызыктырган. Эми анализ жүргүзгөндөн кийин кантип бул маселелер дагы да кеңири сүрөткө кошуларын түшүнүүгө жөндөмдүүбүз” (аял, СПА мүчөсү).
  • “Бул процесс демократиянын натыйжасы болуп эсептелет. Эгерде демократия болбогондо биз бул жерде урушуп отурмак эмеспиз” (эркек, СПА мүчөсү). 
  • “Эгерде дыйкандар мага келсе, мен кийлигишем” (айылдык кеңештин депутаты).
  • 2014-жылдын 19-20-март күндөрү ХЕЛЬВЕТАС ишке ашырган СЭП долбоору Ноокат районундагы Тоолос айылында “Суу ресурстарын башкарууда өзүнө баа берүү” аспабын колдоно баштады. Хельветас Свисс Интеркооперейшн. “Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу” Долбоору - II фаза Жергиликтүү жамааттын 50дөн ашык мүчөсү (аялдар жана эркектер) жана жергиликтүү кызыкдар жактар эки күндүк жыйынга чогулду. Алар жеринде суу ресурстарын башкаруунун механизмдерин жана практикасын баалоонун жардамы менен катышуунун жана айкындуулуктун негизинде башкаруунун стандарттарын баалашты.

Өзүнө баа берүүнүн алгачкы тыянактары тынчсызданууну жараткан бир катар маселелерди көрсөтүп турат. Алар: сууну жеткирүүгө инклюзивдик жана акыйкат мамиле, бюджетти иштеп чыгууда жана аткарууда айкындуулук, суу ресурстарын башкарган аткаруу органдарынын компетенциясы, кызыкдар жактардын өз ара кызматташтыгы, өз укуктары жана милдеттенмелери тууралуу маалымдуулук, эки тараптуу байланыш жана жаңжалдарды чечүүнүн механизмдери.Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн үстүбүздөгү жылы ишмердикти аныктаган жергиликтүү суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу боюнча кызматташтыктын негизинде план иштелип чыкты.Жакшыртуу боюнча план аны ишке ашырууга тиешеси бар жергиликтүү кызыкдар жактарга тиешелүү, мониторингди ошолор жүргүзөт. Пландалган прогрессти Суу пайдалануучулар ассоциациясы жалпы жыйында жана жамаатта өткөрүлө турган өзүнө баа берүү боюнча кийинки жылдык жыйында баалайт.

Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда да сууну башкаруу боюнча чечимдер “суу секторунда” гана эмес, ошону менен бирге башка жергиликтүү бийликтерди, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана салттуу бийликти тартуу менен кабыл алынат.Ишке ашырууда өзүнүн экинчи фазасы үчүн “Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу” (СЭП катары белгилүү) Долбоору дыйкандар арасында сууну акыйкат жана ишенимдүү бөлүштүрүүнү кийлигишүүнүн үч чөйрөсүнүн бири катары (сууну дагы да натыйжалуу пайдалануу аркылуу сууга болгон талапты кыскартуу менен катар суу үчүн чыккан жаңдалдарды биргелешип тынч чечүү) аныктап койду. Долбоор көңүлүн үлүшсүз калган үй чарбачылыктары, өзгөчө “куйруктагы пайдалануучулар” жана аялдар башында турган үй чарбачылыктары башынан өткөрүп жаткан суу таңсыктыгына бурууну чечти. Сууну башкаруу маселелерине жана дагы да кеңири планда ак ниеттүү жергиликтүү башкарууга жогорку деңгээлде көңүл буруу бул өзгөрүүнүн натыйжасы болуп эсептелет.СПАны (Суу пайдалануучулар ассоциациялары) жана сугат сууну башкаруу функцияларын бийликтин башка жергиликтүү институттарынан жана функцияларынан юридикалык (де-юре) бөлүштүрүү жергиликтүү калк үчүн мааниге ээ эмес. Сууга байланыштуу маселе пайда болгон учурда калк бийликтин жергиликтүү институттарына кайрыла берет. Сууну бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алуу боюнча бийликке (расмий да, бейформал да) карата карама-каршылыктуу дооматтардын татаал чиеленүүсүн түшүнүү үчүн СЭП сууну башкарууда өзүнө баа берүү боюнча жөнөкөй аспапты иштеп чыкты.

Аспап төмөнкүдөй кадамдарды камтыйт:

  • Кызыкдар жактардын анализин: сууну акыйкат жана ишенимдүү бөлүштүрүүгө карата суу ресурстарын башкаруунун негизги субъекттерин жана алардын ролун (кызыгуусун жана таасирин) аныктоо.
  • Өзөктүү маселелерге ылайык суу ресурстарын башкарууну баалоо.
  • Суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн артыкчылыктарды аныктоо.
  •  Аракеттер планын иштеп чыгуу (башкарууну жакшыртуу боюнча план (мониторинг механизмин кошкондо).

Өзүнө баа берүү Ош шаарында аспаптарды иштеп чыгуу боюнча эки күндүк семинардан кийин өткөрүлдү. Анда тийиштүү кызыкдар жактар (СПА директору, ирригация боюнча адистер, АӨ өкүлдөрү, СПА колдоо боюнча райондук бөлүм) суу ресурстарын башкарууда жана өзүн баалоодо пайда болгон секторлорду жана маселелерди аныктоодо учурдагы кырдаалга өзүнүн зор салымын кошту.СЭП Долбоору дыйкандар менен Суу пайдалануучулар ассоциациялары, ошондой эле кошуналаш Суу пайдалануучулар ассоциациясы менен, Суу пайдалануучулар ассоциациясы менен мамлекеттик мекемелер ортосундагы байланышты жана кызматташтыкты түзүүгө көмөктөшүүнүн жардамы менен жергиликтүү пландарды ишке ашырууга жардам берет. Долбоор алардын ортосундагы жумушчу мамилелерди жакшыртуу максатында натыйжалуу башкаруунун принциптерин колдоо менен, бардык деңгээлдерде түрдүү кызыкдар жактар ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.Долбоор жергиликтүү субъекттердин азыркы ишинде кошумча баалуулуктарды түзүүгө багытталган. Бул болсо керектөөлөргө негизделген адаптацияланган кызмат көрсөтүүлөрдү өз кардарларына берүү планында алардын дараметин бекемдөө жолу менен ишке ашат.

Кошумча маалымат алуу үчүн коомчулук менен байланыш боюнча адис Венера Изабековага кайрылыңыз: электрондук дарек: ve№era.izabekova@helvetas.org

Телефон +996 312 21 45/72/73/74/75 Факс +996 312 214578

 

Окшош материалы: