Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Калкты маалымдоо – ЖӨБдүн маанилүү тапшырмаларынын бири. Бул маселени Тогуз-Торо айыл аймагында кантип чечишти?

2014-06-04 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Калкты маалымдоо – ЖӨБдүн маанилүү тапшырмаларынын бири. Бул маселени Тогуз-Торо айыл аймагында кантип чечишти?

Рахатбек АБДЫКАДЫРОВ, Тогуз-Торо айылдык аймагынын башчысы

Тогуз -Торо айылдык аймагы – Кыргыз Республикасындагы жетүүгө оор элеттик муниципалитеттердин бири. Бул жерде кыш октябрда эле башталып калат жана жети айга чейин созула берет. Сары-Кыр ашуусу аркылуу Бишкекке чейинки аралык салыштырмалуу узак деле эмес жана 560 км түзөт.Бирок жолу өтө начар. Буга байланыштуу борборго баруу үчүн унаа жолу аркылуу жылына 4 ай гана өтүүгө мүмкүн. Калган учурда Сары-Кыр ашуусунун жабылышы менен атүгүл облус борборуна чейин эле 1200 км аралыкты басып өтүү керек. Буга байланыштуу эл аралык донордук долбоорлор жана инвесторлор бул айылдык аймак менен гана эмес,жалпысынан Тогуз-Торо району менен да кызмат ташууга көп деле кызыкдар эмес.Ошондон улам Өнүктүрүү саясат институтунун ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтык өзгөчө баалуу. Мындай мүмкүнчүлүк 2012-жылы аймак Долбоордун пилоттук муниципалитеттеринин катарына кошулуп, тийиштүү меморандумга кол койгондон тарта берилген.
 
Бул кызматташтыктын алкагында жашоочулардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо үчүн 22 чогулуш өткөрүлдү, 30 татаал маселе аныкталды, алардын арасынан чукул чечүүнү талап кылган 11 көйгөй тандалып алынды: таза суу, ички жолдор, техника, көчөлөрдү жарыктандыруу, каналдар, мончолор, тегирмендер, спорттук залдар, калктын маалымат менен көп деле камсыз болбогону. Бул көйгөйлөрдү натыйжалуу, калктын пикирин максималдык деңгээлде эсепке алуу менен чечүү ЖӨБ органдары менен жамааттын кызматташтыгы аркылуу гана ишке ашат. Ошондуктан ЖӨБ органдары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан көптү үйрөнүштү: калкты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кантип тартыш керек, жумушчу жана иштиктүү кызматташтыкты кантип түзүш керек. Долбоор сунуштаган форма пайдаланылды – активдүү жашоочулардын ичинен жумушчу топ түзүү. Ошону менен бирге топтун милдетине жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу кирген. Ошентип аймакта “Ден соолук”, “Кайрат”, “Темир” өңдүү демилгелүү топтор пайда болуп, алар айыл өкмөтү менен чогуу биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Ал планга он бир артыкчылыктуу маселени чечүү боюнча 47ге жакын иш-чара кирди. План 2013-жылдын март айында айылдык кеңештин сессиясында бекитилген. Ошондон бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жамааттын биргелешкен аракеттери менен эки артыкчылыктуу көйгөй толугу менен чечилди (дагы 9у калды). Бул үчүн 24 иш-чара же аракеттердин пландалган көлөмүнүн 51 пайызы аткарылды.

Калктын маалыматка көп жакшы ээ болбогону – артыкчылыктуу маселелердин тизмесинде эң акыркысы – көйгөй, бирок мааниси жагынан биринчи орунда турбайт. Жамааттын географиялык жактан обочодо калышы, борбор менен байланыштын начардыгы тыш дүйнөдөн бөлүнүп калгандай сезимди жаратып, калкта маалымат таңсыктыгын пайда кылат. Жарандардын маалыматка жетүүсүнүн татаалдыгы жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан натыйжалуу коммуникацияларды орнотуу боюнча чоң аракеттерди талап кылат. Ушул жол менен гана социалдык туруктуулукту сактап, адамдарда үмүт пайда кылып, аларды жаратууга түртсө болот.

Анткен менен маалымат алмашууну күчөтүү үчүн тийиштүү материалдык жана техникалык шарттар керек, алар болсо айылда көп жылдан бери жок. Атүгүл айыл өкмөтүнө таандык имарат да жок, ал эми коомдук иш-чараларды, чогулуштарды өткөрүү үчүн орто мектептеги класстарды ыңгайсыз маалда колдонууга мажбур болушат. Бул ЖӨБ органдары үчүн да, мектеп үчүн да, жарандардын өздөрү үчүн да өтө оор болчу. Чындыгында эле кыш мезгилинде мектепте сабактар аяктагандан кийин караңгыда жана суукта чогулушка баруу жагымсыз эле. Ушундан улам калк менен баарлашуу үчүн шарт түзүү көйгөйүн жамаат артыкчылыктуу катары тандап алганы таң калычтуу деле эмес. Бул маселени чечүү үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин жана жарандардын колдоосу менен долбоор иштеп чыкты. ӨСИнин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык сынагына катышуунун натыйжасында ошол долбоор 1 млн. сом өлчөмүндө каржылык колдоого ээ болду. Бул колдоо Жарандык коомду колдоо боюнча Долбоордун атынан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан берилди. Жергиликтүү бюджет кошумча 100 миң сом өлчөмүндө өз каражатын бөлдү.

Каражат жыйындар залын жана электрондук китепкана түзүүгө багытталды. Натыйжада айылдык кеңештин имараты ремонттолуп, техникалык тейлөө станциясынын ордуна жыйындар жана электрондук жаңы зал ачылды. Ремонтко кеткен чыгым 700 миң сомду түздү. Ошондой эле 300 миң сомго эмерек жана жабдуу сатып алынды: 7 стол, 70 отургуч, китеп текчелери, 2 компьютер, принтер, проектор, YAMAHA музыкалык аппараты ж.б. Жыйындар залында жергиликтүү бюджеттин иши тууралуу маалымат такталары орнотулду. Китепканада расмий маалымат фонду түзүлдү. Окурмандарга электрондук китептер жана мыйзамдардын жыйнагы сунушталды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун сынагында жеңип чыгуу менен аймак 100 миң сом өлчөмүндө байге утуп алды. Бул акчага сыналгы, DVD, компьютер, принтер, көп функционалдуу принтер, түстүү принтер, видеокамера, ноутбук сатып алынды.

Акыры 2014-жылдын 21-майында электрондук китепкананын ачылышы болду. Бул болсо Тогуз-Торо айылдык аймагы үчүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй бир район үчүн да маанилүү окуя болуп калды. Иш-чарага 100дөн ашык киши катышты – айыл тургундары жана кошуна айылдык аймактардын жашоочулары, коноктор болду. Окуянын мааниси тууралуу расмий адамдар көп жылуу сөздөрүн айтышты. Тилек ИДИРИСОВ, Тогуз-Торо районунун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы: “Жыйындар залынын жана электрондук китепкананын ачылышы улуу муундун өкүлдөрүнө да, балдарга да чоң өлчөмдөгү маалыматка жетүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берет. Кошуна муниципалитеттердин жетекчилери залдын жана китепкананын ачылышына күбө болуу менен, ушул идеяга берилип, өздөрүндө да ушул өңдүү иш-аракеттерди жасаган өтө маанилүү”. Бурганбүбү ИСАМАМБЕТОВА, Тогуз-Торо маданият үйүнүн жетекчиси: “Бүгүн бизде, Тогуз-Торо районунда чоң майрам – жыйындар залынын жана акыркы үлгүдөгү заманбап китепкананын ачылышы! Кыргызстан эгемендик алгандан бери жергиликтүү бийлик тарабынан маданият үйлөрүнө, китепканаларга жетиштүү көңүл бурулбай келген. Ошондуктан бүгүнкү окуя – чоң сыймык! Электрондук китепкананын ачылышы менен жергиликтүү калк мыйзамдар тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп, жаңылыктарды угуп, маалымдуулуктун жана билимдин деңгээли жогорулайт. Бул иш жогору жактын көрсөтмөсү менен эмес, жергиликтүү жашоочулардын каалоосу жана катышуусу менен ишке ашканы абдан кубандырат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сунуштаган демилгелүү топтордун форматы жана жарандардын катышуу модели өзүнүн натыйжалуулугун жана иштеп кете алаарын далилдеди!”.

 

Окшош материалы: