Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо-2012: биз эмнени тандайбыз ? партиялык кызыкчылыктарбы же жамааттардын кызыкчылыктарыбы?

2012-11-29 / Актуалдуу тема

Жогорку Кеңештин жана Президенттин талаштуу эксперименти

 

Жогорку Кеңештин жана Президенттин талаштуу эксперименти
 
Партиялардын жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугун узурпациялашы жарандардын укуктарын буза турганын “Муниципалитет” журналы жана Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери көп жолу айтып да, ал тууралуу жазып да келишти. Муну эл аралык экспертиза да тастыктоодо. Шайлоо процессинен партияга мүчө болбогон шайлоочулардын алынып салынышына каршы негизги тезистерди кыскача эсиңиздерге салып койсок.
 
Ушул тапта партиялык курулуштун максаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табиятына карама-каршы келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызы адамдарды кандайдыр бир принциптер менен бөлүү эмес, жергиликтүү маанидеги маселелерди (таза суу менен камсыздоо, коомдук транспорттун иштеши, канализация системасы, жергиликтүү жолдордун курулушу жана аларды калыбына келтирүү ж.б.) биргелешип, өз алдынча жана өз жоопкерчилиги алдында чечүү максатында бириктирүүдө жатат. Жергиликтүү маанидеги маселелерде саясий платформа болбойт. Адамдар өз аймагын башкарууга катышып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдары менен биргеликте кошо жоопкерчилик алууну үйрөнүш керек (Бишкекке келип, жогорудагы маселелердин чечилбегени үчүн ыңкылап уюштургандын ордуна!).
 
Саясий контексти, коомдун ашкере саясатташып кеткени жергиликтүү кеңешке күзгү шайлоо өнөктүгү маалында жаңжалдардын толкунун козутушу мүмкүн (Ошто партиялардын аракетинин айынан окуялардын ушул өңдүү өнүгүүсүнүн белгилери байкалган: анда бир эле көчөнүн тургундары биригип алып, тиешелүү аймактагы жалпы көйгөйлөрдү чечкендин ордуна партиялык тийиштүүлүгү боюнча өз ара бөлүнүшкөн).
 
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жеке жоопкерчилиги бүгүн айылдын жана шаардын тургундары үчүн көбүрөөк маанилүү болуп турат; бул натыйжалуураак, анткени аларга жетүүдө кыйналганга жана партиялардын борбордук башкаруу органдарынан талап кылганга караганда алардан түз эле сураса болот. Партиялык тизме боюнча шайланган депутаттар өз партиясы алдында жооптуу болоору турган иш. Жергиликтүү жамаат болсо мындай депутаттын иш жыйынтыгына оңой менен таасирин тийгизе албайт (суу менен камсыздоо системасынын же канализациянын иштебей жатканына байланыштуу адамдардын партиянын Бишкектеги борбордук комитетине, же саясий кеңешине кайрылып жаткан кырдаалды элестетүү кыйын).
 
Эл аралык укук саясий тийиштүүлүгүнө карабастан жергиликтүү шайлоолордо депутаттык мандаттарга акыйкат жетүүсүн талап кылат (ЕККУнун Копенгаген документи. Адам Укуктары боюнча БУУнун Комиссариаты, Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясы, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросу).
 
Иш жүзүндө 2012-жылдын жаз айларында башталып, күз мезгилинде соңуна чыга турган шайлоо өнөктүгү маалында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө болбойт (анткени Ош, Каракол, Балыкчы жана Токмоктон сырткаркы шаарлардын тургундарынын укуктары бузулуп жатат). Мындан тышкары өлкөдө макамы боюнча бирдей шаарлардын жергиликтүү кеңештери түрдүү принциптер боюнча түзүлө тургандай кырдаал жаралат.
 
Мыйзам чыгаруучулар жана президент жарандык коомдун үнүнө кулак төшөгөн жок- мына ушундай таза эмес монополиянын эсебинен аймактарда өз таасирин бекемдеп алууну көздөгөн партиялардын кызыкчылыктары жеңип кетти. Анткен менен Токмоктогу, Караколдогу жана Оштогу пилоттук шайлоолордун жыйынтыктарына негизделген шайлоо өнөктүгүнүн натыйжаларын алдын ала баамдоого караганда, парламенттеги партиялар өз максаттарына жетпей калышы ыктымал. Парламенттик партиялар шаардык шайлоолордо жеңилип калышы мүмкүн, анткени шайлоочулардын дал ошол топтору чукул арада өзүнүн жергиликтүү партияларын каттап, атүгүл кээ бир жерлерде бириге калып, муну менен парламенттик оор салмактуулар үчүн атаандаштыкты күчөттү. Ушундан улам шаардык кеңештердеги мандаттардын көбүн дал ушул жаңы пайда болгон, сөздүн кеңири маанисинде партия да болуп саналбаган партиялар алат деген ой бар.
 
Партиялар үчүн кыйроого учураган сынак
 
Сенин партияң башкалардыкына караганда мыкты болгонун далилдөө мүмкүн эмес. Эч ким эч кимден эч нерсеси менен мыкты эмес. Болгону ар биринин өзүнүн иштетилген электораты бар. Уруучулук, жердешчилик жана ушул өңдүү мамилелер тууралуу кайра кайталабай эле койолу. Болгону партиялар саясий платформага, атүгүл саясий белгисине ээ болуш керектигин эсиңерге салалы. Оңчулдар жана солчулдар, кызылдар жана жашылдар, радикалдар жана либералдар, демократтар жана коммунисттер, базар принцибине жана мамлекеттүүлүккө ыктагандар болуш керек. Мындайлар жок. Ал эми шашылыш түрдө жергиликтүү шайлоого катышууга жан урган партиялардын өтө көбүн, маңызын карай келгенде, партия деп да атоого болбойт. Суу түтүкчөлөр партиясын, Шарттар түзүлгөн Даараткана партиясын же Асфальт төшөлгөн Көчөлөр партиясы түзүүгө болбойт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши деп эсептелген жашоо шарттарды жакшыртуу милдети саясий түстө болбош керек жана ар бир партиянын программасында болуш керек. Андыктан жергиликтүү шайлоого аттанып жаткан партиялардын бардык программасы таңкы мышыктай боз жана бири-бирине окшош. Байкуш шайлоочу терең ойлонулган чечим кабыл алуу аракетине кол шилтеди да кайрадан эле “өзүмдүкү – бөтөндүкү” принцибине таянууда. Атүгүл ошол “өзүмдүкү” таптакыр жаман болсо да, бирок “бөтөндүкүнө” караганда жакшы деп эсептешет.
 
Жамааттар үчүн чечүүчү тандоо
 
Жергиликтүү шайлоо – бул ар бир жамааттын жашоосундагы маанилүү баскыч. Ноябрдын башында радио берүүнү угуп калдым. Анда салмактуу журналист дегеле бизге жергиликтүү кеңеш канчалык зарыл деген суроо узатты. Кеңеш биз үчүн көчөдө жүрүү ыңгайлуу жана жагымдуу болгудай, балдарыбыз үчүн кооптонбой калгыдай, сапаттуу жана жеткиликтүү муниципалдык кызматтарга ээ болгудай жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип жатабы? Бул суроолор риторикалык болду.
 
Бирок күнөө өзүбүздө. Биз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын өз кызыкчылыгыбыздын өкүлдөрү катары эмес, мамлекеттик түзүлүштүн кандайдыр бир жалган демократиялык антуражы катары кабыл алабыз. Ал эми XXI кылымдын жергиликтүү кеңештери өткөн кылымдын 90-жылдарындагы элдик депутаттардын кеңешинен көп деле айырмаланбайт. Атүгүл 50-80-жылдардагы шаардык жана элеттик кеңештерден бир топ чабал.
 
Бир караганда кеп ошол кеңештер пайдаланган ресурстарда болгондой көрүнөт. Башкача айтканда акча жок, бөлүшө турган эч нерсе жок, өз керектөөлөрүбүздү кантип каржылайбыз дешет. Бирок бул жалган. Акча эч качан жетиштүү болбойт. Аны болгону туура сарптаганды билиш керек. Ал эми бул үчүн кеңештерде кесипкөй жана кайдыгер эмес адамдар отуруш керек. Кырдаалды, анын ичинде каржылык кырдаалды анализдегенди,жамааттын күнүмдүк турмушу үчүн өзүбүз кабыл алып жаткан чечимдердин кесепетин баалаганды билиш керек. Мындай кырдаалда депутат абстрактуу калктын үнү эмес, конкреттүү жамааттын кызыкчылыктарынын коргоочусу болушу зарыл. Чектелүү болгон коомдук ресурстар үчүн атаандаш кармашта өз жамаатынын кызыкчылыгын коргоп жатып, депутаттардын ролунда болгон бул адамдар өзү, же ЖӨБнын аткаруу органдары (мэрия же айыл өкмөтү) менен гана эмес, ошондой эле мамлекет менен да тирешүүгө туура келет.
 
Жергиликтүү кеңештин депутатына кандай сапаттар керек? Жамаатты мыкты билип, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызын жана муниципалдык башкаруунун негиздерин түшүнүп, бюджетти окуй алып, өз пикирин айкын, так түшүндүрө алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуш керек. Анан дагы ЖЕРГИЛИКТҮҮ депутаттын ЖЕРГИЛИКТҮҮ маанидеги жок дегенде бир маселе боюнча терең билимге ээ болгону маанилүү. Жогорку саясий материялар жана “маанилүү адамдарга” жакындык, мамлекеттик мансапка ээ болуу аракети тоскоол гана болот. Партиянын ичиндеги өзүнүн аброюн ойлоо менен гана алектенген депутат чечим кабыл алуу процессинде жамааттын эмес, аны түрткүлөгөн партиянын кызыкчылыктары менен эсептешет.
 
Ошондуктан биз шайлоочуларга ар бир талапкерге чагымчыл суроо узатууну сунуш этүүнү туура көрдүк: ал Жогорку Кеңештин депутаты болгусу келеби? Эгерде талапкерден “ооба” деген жоопту уксаңыз, анда ошол депутатты жергиликтүү шайлоого түрткөн партияга чечкиндүү эле кол шилтей берсеңиз болот. ЖЕРГИЛИКТҮҮ кеңештерде ЖЕРГИЛИКТҮҮ элита гана көрсөтүлүш керек. Болгондо да бул “саясий элитадан” ажырымда, сөздүн кеңири маанисинде айтылууда. Жергиликтүү депутат мамлекеттик бийликке жетүү үчүн Бишкекке барууга, же эгерде сөз Бишкектеги кеңеш жөнүндө жүрүп жатса, анда парламентте болууга умтулганга акысы жок.
 
Жергиликтүү кеңештеги депутаттыкты өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына алып барчу жолдогу тепкич же трамплин катары карагандар эч качан жакшы жергиликтүү депутат болбойт. Анткени жамааттын кызыкчылыктарын анын көзүн кызарткан кызматка жетүүсүнө жардам берген саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалат. Урматтуу шайлоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табияты – бул жергиликтүү жамаат болгонун түшүнүү ар бирибиз үчүн маанилүү. Ошондуктан кеңеште бизге өз келечегин Жогорку Кеңеш менен байланыштырган, же жогорку мамлекеттик кызматтарга умтулган кесипкөй саясатчылар эмес, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча кесипкөйлөр, өз шаарына же айылына жан үрөгөн адамдар керек. Мына ушундай адамдар Кыргыз Республикасынын ар бир шаарында жана айылында жетиштүү. Болгону сиз өз эс-акылыңызды мөөрлөрдөн бошотуп, учурда бир дагы белгилүү саясий ишмер сиздин конкреттүү жамааттын конкреттүү көйгөйүн чечип берүүгө жөндөмдүү болбогонун түшүнүшүңүз керек. Муну өзүңүз гана сиз ишеним арткан, сиз менен бир жамаатта жашаган жана ушул жерде гана калууну каалаган адамдар менен гана жасай аласыз.
 
Ал эми мамлекетти тынчты алган кооптонуулар түйшөлтүүдө
 
2012-жылдын кыш мезгилинде болгон райондук акимдерди “шайлоодогу” демократияга болгон пародиясы учурдагы өкмөттү бир топ эле оор абалда калтырды. Көбүрөөк соодалашууга окшошкон райондук кеңештер тарабынан шайлоонун жол-жобосунан өткөн жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары өздөрүн депутаттардын ишенимине кирген жана шайлоо маалында акимдердин тагдырын чечүү укугун алаңгазарлык менен райкеңештердин депутаттарына берип койгон өкмөттүн алдында отчеттуу болбогондой сезип калышты. Эми өкмөт кызматтан алуу зарылчылыгы пайда болгон учурда “шайланган” акимдердин маселесин кантип чечиш керектигин билбей турат. Алар болсо өз кезегинде эгерде аларды райкеңеш тандаса, демек ошол эле райкеңеш кызматтан алат деп негизинен акыйкат эле эсептөөдө. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары – борбордук өкмөттүн кызматындагы кадимки аткаминерден жогору турбайт. Эгерде демократияга болгон кышкы пародиянын бузуку логикасын эсепке ала турган болсок, анда ар бир министрлик өз министрин тандаш керек, ал эми премьер-министр башында турган кабинет болгону талапкерлерди көрсөтүп эле туруш керек экен да!
 
Түзүлгөн кырдаал аймактардагы аткаруу бийлигинин вертикалын коркунучка кептеди жана министрлердин азыркы кабинети акимдерди кайра бекитүүгө байланыштуу сөзсүз пайда болчу кыйынчылыктарды жана ызы-чууну алдын ала сезип, азыртадан эле кооптонууда. Мындан тышкары райондук кеңештердин адаттагыдай эместиги да чыракка май тамызып жаткандай. Жаңы мыйзам боюнча, өкмөт акимдердин талапкерлигин жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын райондук жыйыны менен макулдашыш керек. Бирок Конституцияда андай орган жок. ЖМА башчыларын макулдашуу жол-жобосу кандай уюштурулары да азырынча айкын эмес. Бирок башка бир нерсе айкын болуп турат – демократия тим эле тышкы көрүнүш болбой калды. Анын принциптери иштеп жатат, ал эми кесепеттери өкмөткө, бирок адегенде Жогорку Кеңешке жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти жүктөп жатат. Акыркы бир нече жылдан бери парламентарийлер кайра-кайра көрсөтүп жаткан өлкөдөгү коомдук бийликти уюштурууга карата жеңил ойлуу мамиле мына ушундай кызыктай күтүүсүз кырдаалдарга алып келүүдө. Бир жагынан мамлекет жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун басмырласа, экинчи жагынан өз катасына көңүл кош мамиле жасап жатат. Бул – өзүнүн райондук администрациялары менен биргеликте өкмөттүн дал өзү.
 
Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнү башкаруу системасында жаңылыш бир иштер болуп жатканын сезген өңдүү. Буга жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу маселени конституциялык комитеттин карамагына кайтаруу чечими далил. Бул аткаруу бийлиги үчүн белги. Ал өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатка байланыштуу маселелерди чукул арада чечиши керектигинен кабар берет. Эскерте кетсек, өлкөдө ЖӨБ ЧӨЙРӨСҮНДӨ БИР ДАГЫ ПРОГРАММАЛЫК ДОКУМЕНТ жана дээрлик жарым миң муниципалитетке карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен алектенген ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН ЖОК. Экинчи жагынан алганда, өкмөттүн проблемалары жана шайлоо өнөктүгүндөгү кыйшайуулар – бул Жогорку Кеңештин өзү үчүн да белги. Ал эки системалык мыйзамды – жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө – жакшылап тарап, колтундарын жоготуп, партиялык кызыкчылыктардын жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары менен тирешүүсүнөн жана таптакыр жасалбашы керек болгон жерде демократияны “ойноп көрүү” каалоосунан улам мыйзамдарда пайда болгон кашкаларды толукташ керектигинен кабар берет.
 
“Муниципалитет” журналы 2012-жылдагы жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыгын сөзсүз анализдейт. Ал эми азырынча биз жергиликтүү депутаттар жергиликтүү жамааттагы турмуштун сапатына таасир этүүчү күчкө ээ болгонун тастыктаган реалдуу окуяларды сунуш этебиз.