Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы мазмуну

2017-08-07 / Актуалдуу тема
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы мазмуну

Автор: Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИ башкаруучу төрайымы, "МУНИЦИПАЛИТЕТ" журналынын башкы редактору. Дээрлик 30 жыл бою Кыргызстан мамлекети өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жаңыдан түзүү жана өнүктүрүү менен алышып, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, ири шаарларда жана алыскы айылдарда тең шарттарды камсыздоого колу жетпей келген. Натыйжада өлкө жарандарынын жашоо деңгээли, мүмкүнчүлүктөрү жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү, укуктарынын корголуусу бүгүнкү күндө аймактан аймакка, муниципалитеттен муниципалитетке кескин айырмаланып турат. Аймактык теңсиздиктин өтө терең социалдык жана экономикалык кесепеттери бар. Алардын ичинен анык болуп тургандарын атасак: ички жана тышкы миграция, экстремизмдин жана радикализмдин күч алышы, алыскы аймактардын жакырдануусу жана адамдардын ал жактардан көчүп кетүүсү. Мунун аймактын географиялык өзгөчөлүктөрү жана экономикалык потенциалы өңдүү объективдүү себептери бар. Бирок ошол эле кезде субъективдүү да себеби бар – бул башкаруудагы каталар.

Өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргыз Республикасы жергиликтүү өз алдынча башкарууну децентралдаштыруунун жана өнүктүрүүнүн пайдасына туура тандоо жасаган. Анткени мындай модель мунай, газ же деңиз порттору өңдүү улуттук байлыктын арзан булактары болбогон учурда аймактын өнүгүүсүн жолго салат.

Алыскы элет жергесинде таштанды тазалоону борбордон башкарып, президенттин буйругу боюнча “аюунун үнкүрүндөгү меш жагуучу жайды” оңдоп-түзөөнү экономикадан түшкөн олуттуу кирешелер, көп учурда казылып алынган, ресурстук кирешелер менен мамлекеттик бюджетин туруктуу толуктап турган өлкөлөр гана жасай алары эзелтеден бери белгилүү. Советтер Союзу ушундай мамлекет болчу, араб өлкөлөрү ушундай, Орусия Федерациясы жарым-жартылай ушундай өлкө бойдон кала берүүдө. Бирок экономикалык себептерден улам базар экономикасын тандап алган көпчүлүк өлкөлөр ошондой эле себептер менен децентралдаштырууну да тандашкан. Конкреттүү аймактын жашоочулары үчүн гана өтө маанилүү болгон маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жана башкаруу укугун аймактык башкаруу органдарына, адатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берип коюу бир кыйла арзан түшөт. Алар аркылуу жамааттарга бириккен жарандар аймакты башкаруу, көрктөндүрүү, турмуш тиричилигин камсыздоо үчүн өздөрүнө жоопкерчилик алышат. Мына ушинтип мамлекет айрым муниципалитеттерде канализация жана таштанды жыйноо менен эмес, жалпы улут үчүн мааниге ээ бол гон стратегиялык маселелер менен алектенип жаткан чакта, мындай муниципалитеттерде туруктуулук жана ошол эле маалда жалпысынан өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу сөз кылганда, биз биринчи кезекте социалдык туруктуулук жана экономикалык натыйжалуулук тууралуу, андан кийин демократия жөнүндө айтып жатабыз. Атүгүл көп деле демократиялуу деп эсептелбеген өлкөлөрдө да дайыма жергиликтүү өз алдынча башкаруунун элементтери бар. Мунун себеби жөнөкөй – бул экономикалык жактан пайдалуу.

Анткен менен жалпысынан туура тандоо жасаганына карабастан Кыргыз Республикасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эффективдүү системасын түзө алган жок. Биринчи кезекте ЖӨБдү ресурстар менен камсыздоо чөйрөсүн айтсак болот. Бул факт бүгүнкү күндө айрым саясатчылардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун идеясынан шектенүүгө, атүгүл өлкө аймагын тикелей мамлекеттик башкарууга кайтаруу тууралуу сунуштарды берүүгө түртүп жатат. Кандайдыр бир тыянактарды жасаардан мурда эмне иштеп кеткенин, ал эми эмнелер ишке ашпай калганын түшүнүп, ошондон кийин гана чечим кабыл алуу зарыл.

Жергиликтүү бюджеттер

Узакка созулган ары-бери чайпалуулардан кийин жана бюрократиянын каршы туруусунан соң өлкөдө акыры эки деңгээлдүү бюджеттик система киргизилген. Ал эч качан максаттын максаты болгон эмес. Бул Конституцияда аныкталган бийлик системасынын күзгүсү болгон жана ошол бойдон кала берүүдө. Айталы, өлкө жарандарынын баары үчүн бирдей мааниге ээ, республикалык бюджеттин эсебинен чечиле турган мамлекеттик маанидеги маселелер бар. Ошол эле маалда конкреттүү муниципалитеттин жашоочулары үчүн маанилүү болгон, конкреттүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечиле турган жергиликтүү маанидеги маселелер да бар. Мындан улам суроо жаралат: коомдук финансынын бул бөлүктөрү бири-бири менен кантип айкалышат? Мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү үчүн борбордо канча акча калтырыш керек, ал эми жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө канча каражат бөлүнүш керек? Бул суроого так кесе жоопту дүйнөлүк практикдан да таба албайбыз. Анткени бардык нерсе жергиликтүү өз алдынча башкарууга канчалык көлөмдө ыйгарым укуктар берилгенине жараша болот. Мисалы, саламаттык сактоо жана орто билим берүү жергиликтүү маанидеги маселе болуп, алар жергиликтүү бюджеттерден каржыланган өлкөлөр бар. Кыргызстанда бул чөйрөлөр мамлекеттин карамагында кала берүүдө.

Өлкө кандайдыр бир согуштарга аралашпаганын, курал-жарак сатып алып турбаганын, космос кемелерин курбаганын, ал эми мамлекет каражатты негизинен социалдык чөйрөгө сарптаганын эске алганда бир нерсени божомолдоо акылга сыярлык болот: мамлекеттик финансы борбор менен жамааттар ортосунда тең жарымга болбосо да, жок дегенде ЖӨБ органдары аткарган функциялардын көлөмү менен аныкталган туура пропорцияларда, мисалы 60/40 деп бөлүнсө керек деген ой жаралат. Ушуну менен бирге мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин өсүш ыргагы болжолдуу тең болушу керек (инфляцияны, башка макроэкономикалык факторлорду эсепке алганда). Бул болсо борбор менен жамааттын керектөөлөрү тең өлчөмдө канааттандырылып жатат дегенди билдирет.

Анткен менен бюджеттердин ар кандай түрлөрүнүн кирешелериндеги өсүш динамикасын карасак, биз такыр башка картинаны көрөбүз. Республикалык бюджеттин кирешелеринин өсүш ыргагына салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелери дээрлик өспөйт. Өсүш болгону 2011-2012-жылдары гана байкалган. Андан кийин үч жыл бою жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жалпы көлөмүндө төмөндөө байкалып турган. Ошол эле маалда республикалык бюджеттин кирешелери туруктуу ыргак менен өсүп келатат. 2014-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттердин өлчөмдөрүнүн динамикасы дээрлик жокко эсе, бул болсо инфляциянын жана улам көбөйүп жаткан милдеттенмелердин шарттарында иш жүзүндө төмөндөө дегенди билдирет. Ошону менен бирге республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жыйынды өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин үлүшү туруктуу түрдө төмөндөп жатат. Мунун бардыгы инфраструктура боюнча оор финансылык милдеттенмелерди кошкондо, жергиликтүү маанидеги маселелер каржыланбай калып жатканынан кабар берет.

Бул жөнөкөй диаграммалардан көрүнүп тургандай, коомдук финансы жергиликтүү жамааттардын пайдасына бөлүштүрүлбөй келатканынан, ал эми бул тенденция жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык абалын начарлашын көрсөтүп жатканынан кабар берет. ЖӨБ органдары зарыл болгон ресурстар менен камсыздалды деп айтууга болобу? Жок. Буга кошумча мамлекет ЖӨБ органдарына эч кандай финансылык колдоосуз эле өткөрүп берген ыйгарым укуктардын көлөмүн улам көбөйтүп жатканы да кырдаалды татаалдаштырууда. Айталы, акыркы эки жылда эле жергиликтүү маанидеги маселелердин саны 23төн 25ке көбөйдү. Буга эгемендик алган мезгилден бери мамлекет бир аз гана инвестициялаган элеттик инфраструктуранын эскирип жатканын кошуп көрүңүзчү. Ушуга эле аскерге каттоодон баштап, мамлекеттик майрамдарды жана эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүгө чейин ЖӨБ органдары иш жүзүндө аткарган, бирок төлөнбөгөн мамлекеттик маанидеги маселелерди да кошуңуз.

Аймактар башынан эле тең эмес болчу. Облус борборунан алыс эмес орун алган өрөөндөгү айыл алыскы тоолуу айылга салыштырмалуу өнүгүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Мындай маселени чечүү үчүн Кыргызстанды кошкондо, дүйнө жүзүндө теңдештирүү системасы бар. Бирок бул система натыйжалуу иштебей жатат жана эң коркунучтуусу – ачык-айкын эмес. Айтканга күлкү, бирок КР Өкмөтү менен бекитилген теңдештирүү формуласынын деталдарын өлкө боюнча Финансы министрлигинин айрым адистери гана түшүнөт. Калгандары теңдештирүү формуласы кантип иштегенин билишпейт. Деги эле ал иштейби? Эмне үчүн, мисалы, Аксы жана Чаткал райондорундагы калктын жан башына жергиликтүү бюджеттердин кирешелери дээрлик беш эсе айырмаланат? Же бул көрүнүш Чаткал районунда башкаруу Аксыга салыштырмалуу беш эсе көбүрөөк каражатты талап кылат дегенди билдиреби? Бирок ошол эле маалда Талас жана Чаткал райондору кирешелер деңгээли боюнча дээрлик айырмаланбайт …

Социалдык туруктуулукту камсыздап, туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүү максатында бери дегенде төмөнкүлөр зарыл: республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин бирдей өсүш ыргактарын камсыздоо; жергиликтүү бюджеттердин өлчөмү ЖӨБ органдары аткарган ыйгарым укуктардын өлчөмүнө шайкеш келүүсүн камсыздоо; теңдештирүүнүн эффективдүү системасын камсыздоо.

Муниципалдык ассоциация

Ресурстарды адилетсиз бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлгөн кырдаал, өзгөчө ЖӨБ органдарына улам жаңы милдеттенмелерди ресурстарды камсыздабастан, көзөмөлсүз жана жоопкерчиликсиз эле жүктөй берүү борбор менен жамааттар ортосунда эч кандай сүйлөшүү процесси жүрбөгөнүнөн кабар берет. Окурман “дегеле мындай сүйлөшүү процесси мүмкүн деп ким айтты?” деген суроону узатууга акысы бар. Улуттук байлыкты бөлүштүрүү маселелерин кошкондо, бардык маселелерди чечүүгө мамлекетте монополдук укугу жокпу? Эгерде мамлекет өзүн көңүл чордонунда адам турган демократиялуу деп эсептесе, анда улуттун жана жамааттын кызыкчылыктары ортосунда балансты сактоо максатында мындай сүйлөшүү процесси сөзсүз керек. Жаран өлкө тышында жашабайт, ал конкреттүү жамааттын чегинде жашайт. Ушуну менен бирге жамаат менен мамлекеттин кызыкчылыктары төп келбеши мүмкүн.

Мисалы, мамлекет кенди иштетүүгө лицензияны сатып, пайда тапса, ал эми жергиликтүү жамаат мындан көптөгөн көйгөйлөрдөн башка эч пайда көрбөйт. Же тескери кырдаал – алтын кени орун алган жерде жашаган жергиликтүү жамаат кен казып алуудан түшкөн кирешени бардык жарандар жана өлкөдөгү жамааттар менен бөлүшкүсү келбей, кирешелерди толугу менен өзүндө калтырууну каалайт. Дагы бир мисал: мамлекет космодром же ядроллук электрстанциясын курууну каалап, бул үчүн конкреттүү аймакты тандап алды дейли. Бирок бул аймактын жашоочулары – конкреттүү жамаат алардын үйүнүн жанында радиоактивдүү калдыктардын көмүлүшүн же башка экологиялык тобокелдиктер пайда болуусун каалабасачы? Мына бул – кызыкчылыктар кагылышуусу.

Ал эми мындай кагылышуу, тирешүү болгон жерде сүйлөшүү процесси, кызыкчылыктарды макулдашып алуу процесси, өлкөнүн өнүгүү максаттары менен конкреттүү жамааттын өнүгүүсү ортосунда балансты табуу процесси да болууга тийиш. Борбордук өкмөт менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктар балансынын системасы дал ушундай сүйлөшүү процессинин өзөгүн түзөт. Өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү жамааттарда бир гана жол бар – парламенттин каалгасын каккылоо, Жогорку Кеңештеги “өзүнүн” депутаттарынан жардам суроо.

Натыйжада парламент да аймактык кызыкчылыктар тирешүүсүнүн чордонунда калат. Ал эми акылга сыярлык системада мындай тирешүүлөр өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечилиши керек. Эгерде бул этапта маселе чечилбей калса, анда Жогорку Кеңештин трибунасында чечилүүгө тийиш. Сүйлөшүү процесси биринчи кезекте бюджетке байланыштуу, улуттук байлыктын тагдырын чечүү боюнча борбор менен жамааттар ортосунда болушу керек. Бул үчүн ЖӨБ органдарында сүйлөшүүнү жүргүзүүчү – өкмөт сүйлөшүүлөрдүн тарабы катары тааныган муниципалдык ассоциация болуш керек.

Кыргызстанда көп жылдык тарыхы бар Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу иштейт. Анткен менен ушул тапта ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү функциясын аткарбай келет. Мунун натыйжасында кызыкчылыктар талашы дайыма борбордун пайдасына чечилип, кызыкчылыктар балансы болбой калууда. Ушуну менен бирге узак мөөнөттүү пландан алганда, ошол эле туруксуздуктун, аймактык теңсиздиктин, турмуш шарттарын жакшыртуу ыргагынын жай болуусунун айынан жергиликтүү жамаат гана эмес, жалпысынан мамлекет да жапа чегет.

Сүйлөшүү процесси жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана зарыл болуп турган жок. Мындай процесс өкмөттүн чечим кабыл алуусун талап кылган көйгөйлөр тууралуу жеринен маалымат алуу; аймактардын жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен өз ишин пландоо, өкмөттүк жана башка мамлекеттик программалар менен саясаттын эффективдүү аткарылышын камсыздоо максатында өкмөткө да керек. Албетте муниципалитеттердин кызыкчылыктарын талашуу үчүн биринчи кезекте ЖӨБ органдарынын өзүнүн эрки талап кылынат. Бирок бул үчүн алар жетиштүү деңгээлде саясий, финансылык жана административдик автономияга ээ болуусу зарыл. Бул болсо ЖӨБдүн маңызын түзөт жана ансыз ЖӨБ органдары өз эркин билдире да албайт, башкаруу органы катары чыныгы ролун аткара да алышпайт. Ушул тапта ЖӨБ органдары мамлекеттик органдардан көз каранды жана демилге көтөрүп, жергиликтүү жамаат алдында отчеттуу болууга жол ачкан өз алдынчалуулукка ээ эмес. Бул жагынан алып караганда, ЖӨБ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары КР Өкмөтү сүйлөшүү процессин баштоо үчүн зарыл чараларды көрө алмак. Аны менен катар ЖӨБго тиешелүү маселелерди ЖӨБ органдарынын ассоциациясы менен милдеттүү түрдө алдын ала макулдашуу тууралуу мыйзамдык талапты; сүйлөшүүлөр процессинин регламентин, тараптардын укуктары менен милдеттенмелерин белгилөөгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда өз ара аракет механизмдери

Сүйлөшүү процессинен тышкары башкаруу системасынын эффективдүү иши үчүн жана эң негизгиси калкка талаптагыдай кызмат көрсөтүү үчүн ЖӨБ органдары менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн башка механизмдери да зарыл. Европа хартиясына (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Европа хартиясы Европада гана колдонулат деп ойлобош керек. Хартия мамлекет алдында гана эмес, ааламдашуудан улам жаралган коркунучтар алдында да жергиликтүү жамааттардын, азчылыктардын жана адамдын башка укуктарын коргогон эл аралык принциптердин универсалдуу топтомуна айланганына көп болду. Хартияга Европага кирбеген да өлкөлөр тигил же бул деңгээлде кошулган. Мисалы, Орусия Федерациясы, Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Түркия, Украина ж.б) киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкару унун клаасикалык модели жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үч автономиясы болушун караштырат. Алар – саясий, административдик жана финансылык автономиялар. Бирок мындан тышкары ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекетти башкаруунун бирдиктүү системасына байлаган оюндун так эрежелерин караштырат. Негизги эреже – мыйзам үстөмдүүлүгү. Эгерде мыйзамдар жакшы болуп, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда ыйгарым укуктар так бөлүштүрүлсө, ресурстар ЖӨБ органдарына жүктөлгөн функциялардын жана ыйгарым укуктардын өлчөмүнө шайкеш бөлүштүрүлсө жана башкаруунун ар бир деңгээли өз милдеттерин өз алдынча, кынтыксыз аткарса, анда көптөгөн маселелер чечилип калмак. Ыйгарым укуктар аягына чейин бөлүштүрүлбөй, бири-бирин кайталоо болуп, жоопкерчилик түшүнүксүз болгон учурда башкача кырдаал түзүлөт. Мисалы, Кыргызстанда жоопкерчилик бир эле маалда мамлекеттик органдарга да, ЖӨБ органдарына да жүктөлүп, бирок натыйжада эки орган тең чечпеген коомдук маселелер көп же бири-бирин кайталоолор, бюджеттик каражаттарды натыйжасыз чыгымдоо орун алып келет. Мисалы, мындай көрүнүш башкаруу органдары менен кен казуучу компаниялардын өз ара аракети боюнча ыйгарым укуктарга карата болуп жатат (Мыйзам менен бардык ыйгарым укуктар бир эле маалда жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга да, ЖӨБ органдарына да бекитилген.).

Анткен менен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү планында мыйзамдарды тазалоо процесси узак жана азаптуу, ал эми мыйзам үстөмдүүлүгүн камсыздоо андан да жеңил эмес болот. Ошондуктан мындай шарттарда мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кошумча механизмдерин түзүү талап кылынат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана бийликти децентралдаштыруу деген жолду тандаганы менен, бийлик Кыргыз Республикасында зарыл автономияларды камсыздоо үчүн өтө аз иштерди жасаганы аз келгенсип, буга кошумча өз ара аракетти түзүү тууралуу такыр эле унутуп калганын колду жүрөккө коюп моюнга алууга туура келет. Эффективдүү өз ара аракеттенүү үчүн ушунчалык зарыл болгон, бирок жок процесстердин тизмегин иллюстрация катары көрсөтсө болот. Эмесе, алар:

  • кызыкчылыктар кагылышын чечүү жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн биринчи кезекте бюджетке карата сүйлөшүү процесси (жог. караңыз);
  • мейкиндикти пландоону жана мамлекет менен ЖӨБдүн өз ара аракеттенүүсүн эсепке алуу менен аймакты өнүктүрүүнүн комплекстүү пландоосу;
  • тармактык маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарынын так ролун жана алардын ми нистрликтер менен өз ара аракеттенүүсүнүн механимздерин аныктоо менен тармактарды (билим берүү, айыл чарбасы ж.б.) өнүктүрүүнү комплекстүү пландоо;
  • функцияларды аныктоо жана кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, бул болсо зарыл ресурстарды берүү жана талаптагылай мониторингди камсыздоо менен коштолот.

Бул процесстердин бири да талаптагыдай деңгээлде иштебейт. Ошондуктан муниципалитеттердин аймагында аткаруу механизмдери болбогондуктан мамлекеттик программалар жел сөз бойдон кала берет; ошондуктан кызмат көрсөтүүлөр ойдогудай аткарылбайт, муктаж болгон керектөөчүгө жеткирилбейт; ошондуктан ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар ашыкча жүктөлүп, өз функцияларын аткарууда натыйжасыз бойдон кала берүүдө; ошондуктан аймактар комплекстүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн куру калууда жана башкалар.

Аймактык реформа үчүн зарылчылык жана шарттар

Узак жылдар бою түрдүү деңгээлдеги саясатчылар ыгы келсе да, келбесе да аймактык теңсиздиктен жана элеттик аймактардын өнүгүүсүнүн токтоп калуусунан панацея катары административдик-аймактык реформаны оозанып келишет. Көпчүлүк саясатчылар айылдык аймактарды ирилештирүү ишке ашканда ошол заматта баарынын башына бакыт кушу конот деген ишенимде – башкаруу машинеси эффективдүү болот, бардык көйгөйлөр бир заматта чечилип калат, кызмат көрсөтүүлөр жанданып, жетиштүү болот, ал эми экономикалык өнүгүү буга чейин болуп көрбөгөндөй ыргак менен өнүгөт дешет алар. Тилекке каршы, мындай жөнөкөй чечимдер болбойт.

Чындыгында эле ирилештирүүгө муктаждык чоң жана ресурстарды бириктирүүдө, бир нече муниципалитеттин бюджеттери бириккендеги масштабдын эффектисинде камтылган жүйөлүү маани аймактарда оңолуулардын мурдагыдан да ири долбоорлорун ырааттуу аткарууга жол ачат. Ошондой эле административдик чыгымдар да кыскарат. Бул – чындык.

Бирок башка бир чындык бар – бул процесс саясий жактан оор болуп, бюрократия менен калк тарабынан өтө чоң каршылыктар менен коштолот. Мындай реформа баштапкы этабында олуттуу ресурстарды талап кылат. Анткени жарандарга эффектти тез көрсөтө салуу үчүн инвестициялар талап кылынат.

Ошондой эле муниципалдык кызматчылардын санын кыскартууну жана мунун натыйжасында иштен бошотулганы үчүн компенсация төлөп берүүнү кошкондо, башкаруу органдарын кайра түзүп чыгуу керек болот. Ошентип реформаны баштоо үчүн өтө жагымдуу шарттар талап кылынат – саясий жана социал дык туруктуулук, кенен каражат. Албетте парламенттин жана өкмөттүн, биринчи кезекте премьер-министрдин өтө чоң саясий эрки да зарыл болот.

Эгерде жогорудагы бөлүмдө сүрөттөлгөн процесстердин болгонун камсыздай ала турган административдик реформаны жүргүзүү боюнча аракеттер жасалса мындай реформа бир кыйла жеңил өтөт. Мисалы, эгерде аймактарды өнүктүрүүнү комплекстүү пландоо процесси иштеп кетсе, анда кошуна муниципалитеттердин ресурстарын бириктирүү менен аймактын өнүгүүсүн кластердик деңгээлде пландоо бир кыйла пайдалуу болгонун жамааттар да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да түшүнүшөт. Акыйкаттык үчүн айта кетиш керек, мындай учурда да ыктыярдуу биригүү бир заматта эле боло калбайт, бирок бул үчүн кыртыш бир топ даяр болуп калат. Муну башка процесстерге карата да айтса болот.

Ошону менен бирге жогоруда саналган процесстерди ишке киргизип же жандандыруу жергиликтүү жамааттарды ирилештирүүгө мажбурлоого караганда бүгүнкү күндө бир кыйла арзан жана тез болмок. Бул процесстерди ишке берүү менен, үч-беш жылдан кийин биз социалдык жана экономикалык натыйжаларды көрө алмакпыз – мына ошондо аймактык реформаны да пландай баштаса болот. Ошентип назарды реформанын административдик мазмунуна буруп, андан кийин гана аймактык реформага өтсө болот.

Адам жана жамаат башкаруу системасынын максаты катары

Биз жарандардын муктаждыктарын канааттандырган, жарандарга кызмат кылган жана жарандар алдында отчет тапшырып турган (аларга отчеттуу болгон) “тейлеме” мамлекетке муктаж болгонубузду эч ким далилдебей деле койсо болот.

Бул чөйрөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде көйгөйлөр бар. Жетиштүү ресурстар болбогондуктан, бюджет жергиликтүү жамааттарга зыян келтирүү менен борбордун пайдасына чечилип жаткандыктан ЖӨБ органдары эгемендик алган мезгилден бери жарандарга талаптагыдай сапаттагы кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон өлчөмдө жеткирүүгө алы болгон жок. Аймактарда жашоо токтоп калбашы үчүн жергиликтүү жамааттар көрктөндүрүү маселелерин чечүү үчүн өз алдынча аракет жасай башташты. Мына ушундан улам кызмат көрсөтүүлөр, көйгөйлөрдү чечүү, атүгүл инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жоопкерчиликти жамааттардын, үй-бүлөлөрдүн, жарандардын мойнуна жүктөгөн тенденция пайда болду.

Айылдарда канча көпүрө, жолдор, мектептер, ФАПтар жана башка объекттер жергиликтүү жамааттын күчү жана акчасы менен оңдолгонун, атүгүл кайра курулганын санап бүтө албайбыз. Атүгүл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык донорлор талап кылган кошо каржылоо да жарандардын чөнтөктөрүнөн чыгып жатты, ал эми жумуштардын олуттуу бөлүгүн өздөрү эле жасап жатышты. Ашарды жүйөсүз кыянаттык менен пайдаланган көрүнүш пайда болду. Анын жүрүшүндө мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адамдардын эсебинен көрктөндүрүү боюнча өз милдеттенмелерин адамдардын эсебинен аткарып жатышты. Иш жүзүндө адамдар бул үчүн эки жолу төлөп жатышат – салык төлөөчү катары, андан кийин факт боюнча. Ашар чукул кырдаалдарда кошуналар бири-бирине жардамга келген ак ниет салттан жоопкерчиликти которо салуу практикасына айланып калды. Анын үстүнө ашар ыкмасы менен курулган объекттердин көпчүлүгү технологиялык талаптарга жооп бербейт жана бирэки жыл пайдалангандан кийин эле жараксыз абалга келүүдө. Мисалы, ашар жолу менен курулган мектептердин көпчүлүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эксплуатациялоого болбойт деп тапты.

Жарандар мындан ары кызмат көрсөтүү жана инфраструктура үчүн бийликке эки жолу төлөгүсү келбей калды. Ашар оор экономикалык мезгил учурунда жергиликтүү жамааттарга инфраструктураларды сактап калууга жардам берди. Бирок учурда жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруудан милдеттенмелерин аткаруусун талап кыла башташты, бюджетти жана анын багытын жакшы түшүнүп калышты.

Адамдар жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө мурдагыдай эле салым кошууга даяр турушат. Бирок азыр аларды социалдык жана маданий көйгөйлөр көбүрөөк кызыктырууда. Ал эми инфраструктуралык маселелерди чечип берүүнү, ушуну менен бирге инфраструктуралык көйгөйлөр чечилиши үчүн жергиликтүү бюджет канчалык эффективдүү башкарылып жатканы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну да жергиликтүү өз алдынча башкаруудан талап кылуу көрүнүшү пайда болду.

Айталы, төрт жылда жамааттардын 234 жергиликтүү демилгесине жасалган анализ базалык инфраструктурага жана жергиликтүү экономикага байланышкан долбоорлордун саны азайса, социалдык өнүгүү жана көрктөндүрүү чөйрөсүндө демилгелердин саны өскөн (Жергиликтүү демилге: өп-чап турмуштан өнүгүүгө өтүү // Муниципалитет, ноябрь, 2016. Сайттан таба аласыз: http://www.municipalitet.kg/ky/article/full/1457.htm). Ушундан улам ЖӨБ органдарына жергиликтүү жамааттар менен ашарга эмес, эффективдүү коммуникацияларга жана колдоо, кызматташтык механизмдерине негизделген өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө жардам бериш керек. Мисалы, айрым шаарларда жасала баштагандай, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен дем берүүчү гранттарды колдонуу практикасын карап чыкса болот. Көпчүлүк донордук долбоорлор жергиликтүү жамааттардан ар кандай долбоорлорду кошо каржылоону, ашар түрүндө эмгек салымын кошууну талап кылып келгенин унутпаш керек. Бирок эми ЖӨБ менен жарандар ортосундагы кызматташтыктын дагы да формалдуу жана өз ара пайдалуу формаларына өтүүгө учур келди.

Ушул эле медалдын экинчи бети – айрым жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү коомдук уюмдарга башкарууга өткөрүп берүү. Айталы, Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдууну ТСКАКБ коомдук бирикмелери, сугат сууну СПА, жайыттарды жайыт комитеттери башкарат. Балким бул деомкратиянын көз карашынан алып караганда жакшы көрүнүш чыгар, бирок соңку натыйжасына келгенде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү көз карашынан алганда өтө жаман.

Бул маселелердин айрымдары үчүн соңку жоопкерчиликти ЖӨБ органдары алууда, бирок алар процессти эч башкарышпайт, анткени алар менен коомдук уюмдар ортосундагы кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдер түзүлбөйт, тариф саясаты жок, сапатка жана санына көзөмөл жүргүзүлбөйт. Бул бирикмелерде өнүгүү үчүн ресурстар да жок. Ошондуктан калган инфраструктура эскирип, талкаланууда, кызмат көрсөтүүлөр начарлоодо, келечеги бүдөмүк.

Мындай бирикмелердин айрым жаркын мисалдары жалпы эрежени көрсөтүүдө – кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчиликти жарандарга жүктөө туура эмес. Акыр аягында бийлик ошон үчүн бийлик да – ал жеке рынок бере албаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ЖӨБдүн өнүгүү максаттарынын чордонуна адамды жана жергиликтүү жамаатты коюп, жарандар үчүн ыңгайлуулугу жана пайдалуулугу көз карашынан алганда башкаруучулук рецепттерди сунушташ керек. Бул үчүн бери дегенде кызмат көрсөтүүлөрдү ЖӨБ органдарынын башкаруусуна кайтарып, инфраструктураны каржылоону жөнгө салуу зарыл. Бирок ЖӨБ органдары бул тапшырмаларды сапаттуу жана толук өлчөмдө жогоруда айтылган шарттарды сактаганда гана аткара алышат.

Муундар ортосундагы адилеттүүлүк: жер казынасы жана менчик

Сөз соңунда өлкө келечегине тиешелүү болгон маанилүү теманы көңүл сыртында калтырууга болбойт. Кыргыз Республикасы өзүнүн жер казынасын, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу жерин жана менчигин жигердүү түрдө сатып келатышат. Ошону менен бирге башкаруу органдары бир саамдык пайданы, бир жолу түшкөн акчаны алышат. Бирок баары бул түгөнүп калчу ресурс экенин, андан кирешени бир жолу гана алып жатышканын унутуп калышкан сыяктуу. Болгондо да бул ресурстар азыр жашап жаткандарга гана эмес, болочок муунга да болгону унутта калууда. Муундар ортосундагы адилеттүүлүк үчүн жер казынасын жана кыймылсыз мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн бардык кирешелерди эки бөлүккө бөлүп коюу зарыл. Биринчи бөлүктү азыркы муундун “капиталдык”, стратегиялык керектөөлөрүнө, ал эми экинчи бөлүктү болочок муун үчүн иштеген капиталга айландырыш керек. Мындай практика бийлиги келечектеги муун алдында жоопкерчилигин сезген өлкөлөрдө колдонулуп келет. Бизде болсо тыйынына чейин азыр жашап жаткандардын керектөөлөрүнө жана жалган муктаждыктарына сарпталууда. Мисалы, Жерүйдөн түшкөн кирешенин эсебинен жасалган инвестициялардын анализи көрсөткөндөй, акчанын жарымы жерге эле “көмүлүп” калган: колдонууга мүмкүн болбогон объекттерге же азыр бузулуп жаткан техникага сарпталган. Майрамдарга кеткен чыгымдарды айтпай эле коелу.

Жер казынасын жана жерди менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелерди инвестициялоого мыйзамдык талаптарды киргизүү зарыл. Бул болочок муундун кызыкчылыктарын коргоп, келечектеги экологиялык кесепеттерди жоюуну камсыздап, коомдун, илим менен маданияттын өнүгүүсү үчүн ресурстук базаны түзүү максатында жасалат.

Жалпысынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттар мамлекеттик саясаттын натыйжасында эмес, ага карабастан жашоосун улантууда. Бирок бул улут жана мамлекет үчүн өзүн өзү жок кылган жол. Мамсаясаттын максаттары жергиликтүү жамааттардын жана жарандын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен түзүлүп, ишке ашырылышы керек. Ал эми мамсаясатын тапшырмалары өлкөдөгү бардык аймактардын чогуу жана ар бир муниципалитет менен ар бир жергиликтүү жамааттын өз-өзүнчө баланстуу өнүгүүсүнүн тегерегинде даярдалышы керек. Бул үчүн башкаруунун жогорку деңгээлдери башкаруунун мамлекеттик системасына да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын да өнүгүүсүнө тең көңүл бурушу керек.