Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыйзамдагы жаӊылыктар

2014-01-14 / Мыйзам чыгаруудагы жаӊылыктар

Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын чакыртып алуу тууралуу: бул укук партияларга берилди

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамы өзгөртүлдү (2013-жылдын 16-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы аркылуу)

Шайлоо тууралуу мыйзамдын 27-беренеси басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, бузгандыгы же керектен чы гаргандыгы үчүн жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча норма менен толукталды. Мындан тышкары мыйзам менен кошумча норма киргизилди. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгү учурунда басылма үгүттөө материалдары жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин макулдугу менен жана шарттарында гана илинсе (чапталса, жайгаштырылса) болот.

Саясий партиялардын ролун жогорулатуу максатында жаңы мыйзамда шаардык кеңештин депутатынын бош мандаттын ордун толуктоонун өзгөчө тартибин, ошондой эле шаардык кеңештин  депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн кошумча негиздерди – фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан шаардык кеңештин депутатын чакыртып алынышын караштырат.

Мындай өзгөртүүлөр Мыйзамдын 52-беренесине киргизилген. Мындан ары шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтулган учурда анын мандаты тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан көрсөтүлгөн саясий партиядан берилген тизмедеги талапкерге ыйгарылат, же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып үч күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса,пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкергеөткөрүлүп берилет.

Мыйзамдын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, саясий партиянын жетектөөчү органы тийиштүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде аталган саясий партиянын тизмесинен шайланган шаардык кеңештин депутатын чакыртып алууга укуктуу. Ошону менен жаңы мыйзам мындай укукту шайлоочуларга эмес, саясий партияларга өткөрүп берүү аркылуу шаардык кеңештен депутаттарды чакыртып алуу механизмин киргизди.

Тийиштүү өзгөртүүлөр ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө” КР мыйзамдарына да киргизилди.

Шаардык кеӊештердин ыйгарым укуктарын кеӊейтүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы өзгөртүлдү (2013-жылдын 16-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы аркылуу).

Мыйзам шаардык кеңештердин төрагаларынын орун басарларын бирден экиге көбөйтүү тууралуу нормалар менен толукталды. Мында көпчүлүк жана азчылык коалицияларынан бирден орун басарлар болот.

Мыйзамдын 21-беренесине шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга тийиштигине ылайык депутаттык фракцияларга (мындан ары – фракциялар) биригет деген тактоо киргизилген. Мыйзамдын 24-беренеси тийиштүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органынын чакыртып алуусу боюнча депутаттык мандаттын аракеттерин токтотуу тууралуу ошого окшош норма менен толукталган. Ошону менен бирге шаардык кеңештин компетенциясы вице-мэрлерди, шаардын тиричилигин камсыздаган бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдугун берүүсү, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотууга алып келчү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добуш менен ишеним көрсөтпөө өңдүү кошумча компетенциялардын эсебинен кеңейтилди.

Жогоруда айтылган толуктоолордон улам 44-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди: бул жерде шаар мэринин ыйгарым укуктары тарытылды. Эгерде мурда шаар мэри вице-мэрлерди, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу укугуна ээ болсо, мындан ары аларды шаардык кеңештин макулдугу менен гана дайындайт жана иштен бошот алат.

Жергиликтүү кеӊеш депутаттарынын этикасы жөнүндө

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамы толукталды (2013-жылдын 16-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы аркылуу).

Мыйзам жаңы 8-1-беренеси менен толукталды. Аталган нормада жергиликтүү кеңештин депутаты өз ишмердигинде моралдын жалпы тарабынан таанылган нормаларды карманып, өз кадырын сактап, башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын абийирин жана кадырын урматтап, жергиликтүү кеңешке, шайлоочуларга жана жалпысынан мамлекетке доо кетире турган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана кадамдардан алыс болууга тийиш деп айтылган. Жергиликтүү кеңештин депутаты Депутаттык этиканын кодексинде көрсөтүлгөн талаптарды сактоого тийиш жана ага депутаттык мандатты жеке максатта пайдаланууга тыюу салынат.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жолдонгон электрондук каттардын укуктук статусу жөнүндө

“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби тууралуу” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Д. Бекешов,Т. Шайназар ов, У. Кочк оров, Д. Тербишалиев, А. Келдиб еков демилгелеп чыккан бул мыйзам 2013-жылдын 30-майында кабыл алынып 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Эмесе, бул мыйзам долбоору эмнеге байланыштуу иштелип чыкты?

Мыйзамдын демилгечилери долбоорго жазган өзүнүн маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору жарандардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине кайрылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, ошондой эле кайрылууларды жиберүүнүн жана карап чыгуунун ылдамдыгын арттыруу максатын көздөй турганын белгилешкен.

Белгилүү болгондой, 2014-жылга чейин кайрылуулар же кат түрүндө (кагаз жүзүндө), же оозеки формада кабыл алынган; эми мыйзам болсо электрондук кайрылууларды да карап чыгууга милдеттендирет.Интернеттин жайылганына карабастан биздин өлкөдө ушул кезге чейин жарандардын тийиштүү органдарга кайрылууларын электрондук дарек боюнча кабыл алуу практикасы жок болуп келген. Бул багытта аз экспертименттердин бири катары КР Президентинин Аппаратынын ишин атаса болот. Аппарат электрондук каттарды кабыл алып жүргөнү маалым. Ушуну менен бирге президенттин расмий сайтында “интернет-кайрылуулар басып чыгарылат жана бул кайрылуу боюнча мындан аркы иштер КР Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн бул ишке бекитилген жооптуу кызматкери тарабынан белгиленген тартипте жазуу жүзүндө кайрылуудай иш жүргүзүлөт” деп белгиленген.

Ошентип электрондук документ жүгүртүүнүн айрым элементтерин жайылтуу боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Анткен менен жарандардын мындай кайрылууларынын форматын жана аларды карап чыгуунун тартибин аныктаган мыйзамдык база жок болчу. Буга байланыштуу демилгечилер “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуунун тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына тиешелүү түзөтүүлөрдү даярдады. Анда электрондук кайрылууларды жөнөкөй – кат же оозеки түрдөгү кайрылууларга теңдештирүү каралган. Ошентип кабыл алынган мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тарта жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын интернет түйүнүндө өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттоого милдеттендирет. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жайгаштырылыш керек. Эгерде сайт жок болсо, анда КР Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш. Ушуну менен бирге электрондук кайрылууну жи- берип жатканда жаран милдеттүү тартипте мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын көрсөтүш керек. Же болбосо тийиштүү кызматтык адамдын аты-жөнү,же анын кызматы, ошондой эле өзүнүн аты-жөнүн, байланыш үчүн телефонду (үйүнүкүн, чөнтөк телефону, же жумуш номуру), жашаган жерин көрсөтүп, кайрылуунун маңызын баяндап бериш керек.

Электрондук кайрылууга электрондук документтердин көчүрмөлөрүн, анын ичинде сканерленген вариантын, электрондук файл жайгаштырылган интернет түйүнүндөгү даректерди (электрондук документтер, сүрөт жана тасма материалдары) тиркөөгө уруксат берилет. Андан ары электрондук кайрылуу алынгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жаранга электрондук маалымат жолдойт. Бул кабарламада жарандын кайрылуусу карап чыгуу үчүн кабыл алынганы, кайрылуу түшкөн күн жана убактысы, ага берилген номуру жана маалымат алуу үчүн тийиштүү телефон номурлары көрсөтүлөт. Эгерде кайрылууну карап чыгуудан баш тартылса, анын жүйөлөрү келтирилиш керек. Электрондук жооптон тышкары мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ошондой эле жаранга кат түрүндө жооп жиберет.

Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:

1) маданиятсыздыкты көрсөткөн жана арнамыска шек келтирген сөздөр камтылган, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар арасында чыр-чатак чыгарууга чакырган интернет-кайрылуулар;

2) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы (же тийиштүү кызматтык адамдын аты-жөнү) тууралуу маалыматтар жазылбаган, ошондой эле өзүнүн аты-жөнү, байланыш телефону (үйүнүкү, чөнтөк телефону, же жумуш номуру), жашаган жери көрсөтүлбөгөн кайрылуулар.

Мындан тышкары мыйзамда мамлекеттик органга, ЖӨБ органына же кызматтык адамга түшкөн кат түрүндөгү (электрондук) кайрылууларды карап чыгуунун мөөнөтү 30 күндөн 14 күнгө кыскартылды. Мындан ары мамлекеттик орган жана/же ЖӨБ органы кат жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларга 14 күндүн ичинде (кайрылуу каттоого алынган күндөн тарта) жооп берүүгө милдеттүү.

Ошентип мыйзам жарандардын электрондук кайрылууларын кат жүзүндөгү же оозеки кайрылууларга теңдештирди. Атүгүл кабыл алынган мыйзам төмөнкүдөй максаттарга жетти:

  •   жарандардын кайрылууларын жеткирүүнүн ылдамдыгы бир кыйла жогорулайт;
  • өз кайрылууларын Мекенинен алыста жүргөн кыргызстандыктар да жибере алат;
  • жарандардын да, тийиштүү органдардын да почта кызматтарына жана кагазга кеткен   чыгашалары азаят.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө2013-жылдын 15-ноябрында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин өнүктүрүүгө тиешелүү “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы жарыяланды жана күчүнө кирди.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Жалпысынан кабыл алынган мыйзам “Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууга багытталган нормаларды караштырат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен мэриянын жана айыл өкмөтүнүн атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына кошумча компетенциялар берилди: мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду издөө, демилгелеп чыгуу жана “Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашууларды түзүү.

Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди тандап алуу жөнүндө

2014-жылдын 10-январында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүрайондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерди тандоо тартибин өркүндөтүү жана аны кызматынан бошотуу тартибин тактоо максатын көздөйт. Анткени мыйзамдардагы кемчиликтер иш жүзүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарында депутаттар аким кызматына талапкерлерди тандоо процессинде кыйынчылыктарды жараткан.

Ошентип, жаңы мыйзам төмөнкүдөй жаңы нерселерди камтыйт:Акимдин талапкерлигин тандоо боюнча добуш берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Ага ылайык, экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарына катышкан депутаттардын санынан көпчүлүк добушту алган талапкер тандалды деп эсептелет. Мурдагы нормада жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарындадепутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер тандалды деп эсептелчү.

Бирдей сандагы добушка ээ болгон талапкерлер арасында добуш берүүнүн экинчи туруна талапкерлерди аныктоо үчүн орто аралыктагы тур өткөрүлөт.Жаңы жобо киргизилди: эгерде экинчи турдун жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең добуштардын бирдей санын алган учурда, ошол талапкерлер тандап алынды деп эсептелет жана алардын бирин акимдин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселени чечүү үчүн премьер-министрге сунуш кылынат.

Акимдин кызмат ордуна талапкерди тандап алуу боюнча жыйналышты кийинки жыйналышка которууга чектөө киргизилди. Акимди ээлеген кызматынан бошотууга негиз да өзгөртүлдү. Ага ылайык, эгерде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн экиси колдосо, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышындагы депутаттардын жалпы санынан үчтөн бир депутаттын демилгеси боюнча ээлеген кызматынан бошотула алат. Мурдагы нормада аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын  жалпы санынан үчтөн экиси ишеним көрсөтпөгөндө кызматынан бошотулчу.

Акимди кызмат ордунан бошотууга негиздердин тизмеси жаңы жобо менен толукталды. Ага ылайык, премьер-министр акимди кызмат ордунан бошотуу тууралуу демилге көтөрүүгө укуктуу. Бул үчүн мындай демилгени жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн биринин добуштары менен колдоого алыныш керек. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын демилгечиси Ө.Ч. ТЕКЕБАЕВ мындай өзгөртүүлөрдүн себептерин төмөнкүчө негиздеди:

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алгандан бери бир катар өзгөрүүлөр болду. Ошону менен бирге көп мандаттуу округдар боюнча депутаттар түздөн-түз шайланган “райондук кеңеш” институту өзгөрдү. Учурда райондук кеңеш жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына алмаштырылды. Мисалы, эгерде Кемин райондук кеңеши мурда 25 депутаттан турса, учурда Кемин районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышында 163 депутат бар; Сокулук райондук кеңеши 30 депутат болсо, Сокулук районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышында 350 депутат; Кадамжай райондук кеңеши 29 депутат болсо, Кадамжай районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышында 305 депутат бар.

Ошентип, райондун башчысы (акими) кызмат ордуна талапкерлерди тандоого катышкан депутаттардын саны жергиликтүү кеңештердин санына жараша 7-10 эсе өстү. Бул өзгөртүүлөрдүн оң жагы – акимдин кызмат ордуна талапкерди тандоого түрдүү айылдардын көбүрөөк сандагы өкүлдөрү катышат. Экинчи бир оң жагы – антикорруцпциялык механизм иштейт. Анткени көп сандагы элдик депутаттарды сатып алуу, макулдатуу кыйын. Бул болсо тандап алуу процессине оң таасирин тийгизет.

Анткен менен терс жагы бар. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын депутаттарынын саны 150-300дөн ашуун адам болгонун эске алганда, тандоонун эки турунда тең жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен акимдин талапкерлигин тандоо бир кыйла татаал иш болуп турат. Бул болсо талапкерди тадоого депутаттар активдүү катышкан күндө да райондун аймагында жайгашкан бардык жергиликтүү кеңештердин тарашына алып келиши ыктымал. Ушуну менен бирге кеңештин ичинде каршы тура алгыс күчтөгү олуттуу карама-каршылыктар болбосо да, бир ооздон тиги же бул талапкер үчүн өз добушун берген жергиликтүү кеңештер да таркатылышы мүмкүн.

Буга байланыштуу экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк бдобушту алуу зарылчылыгы тууралуу талапты чыгарыпт салуу жана эки талапкердин ичинен жыйналышка катышкандепутаттардын санынан эң көп добуш алганталапкер тандалат деп аныктоо сунушталды. Сунушталган жол-жобо акимди тийиштүү районго дайындоо тууралуу маселени дагы да ыкчам чечүүгө, жергиликтүү кеңештерди кайра-кайра таратууну, мындан улам жергиликтүү кеңештерди жаңы шайлоого байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир топ каржы ресурстарын сарптоону алдын алууга көмөктөшөт.

Өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын сактоодо ЖӨБдүн ролу жөнүндө2014-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Жогорку Кеңештин депутаты К. ИМАНАЛИЕВ демилгелеп чыккан мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алды. Бул мыйзам менен “Тарыхый-маданий мурасты сактоо жана пайдалануу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилди. Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү. КР Өкмөтү тарабынан тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча концепцияны иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле анын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши тууралуу премьер-министрдин жылдын отчетунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши алдында отчет берүү жөнүндө норма киргизилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилик деңгээли жогорулады. Анткени жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий  мурастарды коргоо жана пайдалануу жаатында башкаруу боюнча маселелер алардын карамагына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары мыйзам тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу субъекттердин тизмесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын да кошту.

Мыйзамдын демилгечиси, КР Жогорку Кеңешинин депутаты К. ИМАНАЛИЕВ бул өзгөртүүлөрдү төмөнкүчө негиздеп берди:

“Ар бир эле коомдун руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө археологиялык эстеликтердин ролу баа жеткис. Биздин республикада таш доорунан кеч Орто кылымга чейинки археологиялык эстеликтердин дээрлик бардык түрлөрү бар. Бирок биздин коомдо археологиялык эстеликтерди жөн гана мурдагы, күңүрт

байыркы мезгилден калган эстеликтер катары,же музейди эски буюмдардын кампасы катары кабылдагандар басымдуулук кылат. Археологияда чебер өнөрпоздор эки-үч миң жыл мурда жасаган металл предметтер бар. Бул чеберлердин эмгектерин бир дагы заманбап усталар кайра кайталай албайт. Темирге заманбап зергерлер жана жогорку класстагы дизайнерлер да билбегенкайталангыс сайма чегеришкен.

Орто кылымдын ар кайсы мезгилинде биздин ата-бабаларыбыз таштын үстүндө калтырып кеткен жазуулар да бар. Өз тарыхын жана ошол баалуулуктарды билбегендик коомдун руханий дүйнөсүнүн жакырланышына алып келет. Учурда тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинде жүйөлүү себептер менен ошол объекттерди сактоо боюнча жеринде иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок.

Тарыхый, археологиялык эстеликтер баарыбыз үчүн керек жана биз аларды сактап калып, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз зарыл. Эгерде азыркы муун аларга аяр мамиле жасаса, анда кийинки муун да руханий жана интеллектуалдык өнүгүүнүн ушул булагын баалай алат. Бул маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эстеликтерди кайтарууга көмөктөшө турган жергиликтүү калк менен биргелешип чече алат. Ар бир айылда байыркы замандын эстеликтерин билгендер, жакшы көргөндөр жашайт”

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук акттарга, (стратегияларга£программаларга) мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө

2014-жылдын 21-февралында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам күчүнө кирди.

Депутаттар НИКИТЕНКО Н.В., САСЫКБАЕВА А.А., АЛТЫБАЕВА А.Т., СКРИПКИНА Г.А., АЛЫМБЕКОВ Э.Ж. жана ИМАНАЛИЕВА Э.С. демилге кылып көтөрүп чыккан Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2014-жылдын 15-январында кабыл алды.Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдык акттарына толуктоолор киргизилди: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” КР Мыйзамы, “Ишкерлик ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматка жетүү жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы. Мыйзам мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук акттарга, (стратегияларга/программаларга) мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболорун бекитет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата мыйзам төмөнкүдөй толуктоолорду караштырат:

  • Ченем чыгаруучу органдар, анын ичинде жергиликтүү кеңештер өз аракеттеринин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо максатында алар кабыл алган ченемдик укуктук акттардын долбоорлоруна мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө милдеттүү.
  • Жергиликтүү кеңештер ченемдик укуктук акттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тарта алат. Ушуну менен бирге ченемдик укуктук акттарга мониторинг жана баалоо өкмөт белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары отчеттук жылы алар кабыл алган ченемдик укуктук акттарга жүргүзгөн мониторинг жана баалоо тууралуу маалыматтарды жыл сайын массалык маалымат каражаттарында жарыялап турууга милдеттүү. Ошону менен бирге жарыяланган маалымат ченемдик укуктук базанын аракеттеринин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматты камтыш керек.
  • Шаарлардын мэриялары мониторинг жана баалоо боюнча кошумча компетенцияларга ээ болду. Ал эми айыл өкмөтү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу тууралуу отчетту жыл сайын коомго берип туруш керек. Жалпысынан бул түзөтүүлөр мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өздөрү кабыл алган ченемдик укуктук акттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, аларды аткаруунун эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу тууралуу коом алдында отчет берүүгө милдеттендирет.

2013-жылдын 25-апрелиндеги №59 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) 2013-жылдын 3-майында юридикалык күчкө ээ болду.“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (КР 2013-жылдын 25-апрелиндеги N 59 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 22-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик кызматты же башка муниципалдык кызматты ээлебеши керек:

1)   эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2)   эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;

3)   эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.Ошондой эле депутаттык мандатын мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тийиштүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилик кызмат орду менен айкаштырууга тыюу салынат”.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, ченемдик укуктук акттын аракети аны аракетке киргизгенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт.

Бул эрежеге төмөнкүдөй учур кирбейт: эгерде ченемдик укуктук акттын же анын айрым структуралык элементинин тескери күчү анын өзү же ченемдик укуктук актыны аракетке киргизүү жөнүндө акт менен каралса. 2013-жылдын 3-майында юридикалык күчкө ээ болгон “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) анын тескери күчү каралган эмес.

Буга байланыштуу бул Мыйзамдын аракети юридикалык күчкө киргенден кийин пайда болгон мамилелерге, б.а. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде каралган учурларга туш келген шарттарда 2013-жылдын 3-майынан кийин депутат болуп шайланган жана катталган жергиликтүү кеңештин депутаттарына гана жайылтылат.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмү.