Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясы:шаар жана шаардыктар

2013-12-30 / Жергиликтүү өнүгүүнүн стратегиялары
Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясы:шаар жана шаардыктар

2014-2018-ж.ж.аралыгнда Бишкектин өнүктүрүүнүн стратегиясы...

2013-жылдын соңунда «Шаар жана шаардыктар» деп аталган 2014-2018-ж.ж. аралыгында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын аныктаган документ (мындан ары – Стратегия) коомдук талкууга коюлду. Ушул тапта Стратегия республикада белгилүү болгон сайттарга, анын ичинде Бишкек шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды. Шаардык кеңештин сессиясында талкуунун алдында Стратегиянын долбоорун коомдук угууларда талкуулоо пландалууда.

Стратегияларга эскиче мамиле жасоо көйгөйү

Биздин өлкөдө тиги же бул чөйрөнү реформалоонун зарылчылыгын баяндаган программалык документтер көп кабыл алынат. Муниципалитеттерди өнүктүрүү программалары тууралуу айта турган болсок, эреже катары мындай түрдөгү документтер көбүрөөк ЖӨБ органдарынын өздөрүнүн (адатта аткаруу органдары – мэрия жана айыл өкмөтү), муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишмердигин жакшыртууга, алардын өз функционалдык милдеттемелерин калктын суроо-талаптарын аткарууга байлабастан аткарууга багытталган. Башкача айтканда, стратегияларды ЖӨБ органдары өздөрү жана өкмөт үчүн жазат, ал эми калк обочодо кала берүүдө.Мындай кырдаал «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдан улам келип чыккан. Бул мыйзамда өнүктүрүү документтерин иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктар мэрия жана айыл өкмөтүнүн атынан ЖӨБдүн аткаруу органдарына жүктөлөөрү, ал эми жергиликтүү кеңештер берилген документтер боюнча чечимдерди талкуулап, кабыл алары тууралуу норма киргизилген. Андыктан документтерге көп учурда муниципалитетти башкаруу органдарындагы учурдагы абалды жакшыртууга багытталган иш-чаралар киргизилет. Бишкектин Стратегиясын алып карай турган болсок, кырдаал принципиалдуу түрдө башкача.

Шаардын эмес, бирок шаардыктардын Стратегиясы!

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жаңы курамы «Сүйүктүү шаар» жана «Жаңыланган борбор» аттуу Бишкекти өнүктүрүүнүн буга чейинки стратегияларынын натыйжаларын үйрөнүп чыгып,программалык документти түзүүгө карата мамилени кескин түрдө өзгөртүү зарыл деген тыянакка келишти. Биринчиден, Стратегия Бишкектин тургундарынын өздөрүнүн шаардын болочогун кандай көрөрүнө негизделип, ошондой эле алардын түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыгыш керек. Экинчиден, буга чейинки программалык документтерди ишке ашыруунун тажрыйбасы көрсөткөндөй,шаардын учурдагы башкаруу системасы жана бюджеттик саясаты шаардын мындан аркы өнүгүүсүн камсыздай албайт. Ошентип жаңы Стратегия аны түзүүдө инновациялык жана инклюзивдик (калк менен өнөктөштүк) мамилени талап кылат. Мында жергиликтүү бийлик органдарынын өзүндө саясий эрк болуш керек. Ушул шарттарда дал Бишкек шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын борбор калаасын өнүктүрүүнүн жаңы программалык документин түзүү үчүн өзүнө демилгени жана жоопкерчиликти алды.Шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына шаардык кеңештин бардык фракцияларынын өкүлдөрү, эксперттер тобу, анын ичинде Өнүктүрүү саясат институтунун, Гуманитардык пландоо институтунун, Борбор Азиядагы Америка универститетинин эксперттери кирди. Каржылоонун жоктугуна карабастан (АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги тараптан донордук колдоо жумушчу топко долбоордун баштапкы баскычында гана берилген). Көп учурда жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жигерине жана өнөктөштөрдүн чын дилден берилген жардамына таянуу менен Стратегияны түзүүдө жарандардын кеңири катышуусун камсыздоо мүмкүн болду. Шаардыктар, кварталдык комитеттер, бизнестин, жаштардын, саламаттык сактоо, билим берүү ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусу менен 20дан ашуун фокус-топтор өткөрүлдү. Стратегияны түзүүнүн айрым бир баскычтарында документтин долбоорун талкуулоо боюнча «тегерек столдор» кошумча өткөрүлүп, жалпы шаардык конференция да өттү. Ал жерде документтин бет ачары болуп, аны жакшыртуу боюнча сунуштар жана каалоолор айтылды. Стратегияны иштеп чыгуу демилгесин Бишкек шаардык кеңеши көтөргөнүнө карабастан, мэриянын жана өзгөчө Шаарды өнүктүрүү агенттигинин кызматкерлери документти иштеп чыгуунун бардык баскычтарына активдүү катышты.

Шаардыктардын стратегиясынын артыкчылыктары

1. Шаар жана шаардыктар

Шаардыктардын активдүү топторунун шаардын өнүгүүсүнө катышуусу боюнча демилгелерин ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлөт. Жергиликтүү өз ал- дынча башкаруу органдарынын ишмердигинин айкындуулугун жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулата турган ченемдик документтер кабыл алынды. Локалдык аймактардын деңгээлинде (ТСЖ,квартал, кичи район) өнүктүрүүнүн өз программалары кабыл алынат. Шаардыктардын демилгесине каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү алынат.Бишкектин жаңы тургундарынын шаардык маданиятка интеграцияланышына өзгөчө маани берилет.

2. Шаардын атаандаштыкка туруштук бере алган,туруктуу экономикасы

Шаардын экономикасынын негизи – бул кичи жана орто бизнес, ал көбүрөөк деңгээлде кызматтарды көрсөтүүгө жана бош убакытты өнүктүрүүгө адистешкен. Бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү бийлик менен бизнестин диалогу үчүн ачык аянтчаларды түзүүгө, коомдук бизнес ассоциациялардын ишмердигине негизделет. Шаардын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга карата комплекстүү мамилени ишке ашыруу зарыл.

3. Шаардык чөйрөнүн сапаты

«Жашыл шаар» статусун калыбына келтирүү боюнча жаңы мамиле жасоо аркылуу шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу, шаардын курулушуна инновациялык мамилелер, курулуштун ачык жана түшүнүктүү эрежелери.

Стратегиянын өтмө багыты – шаардык башкарууну реформалоо жана жаӊы бюджеттик саясат

Башкаруу системасы бийликтин жергиликтүү органдарын калкка жакындаштырат. Шаардыктарга башкаруу формасын өз алдынча аныктоо укугу берилет. Башкаруунун шаардык органдарынын ыйгарым укуктары жана функциялары шаардыктардын керектөөлөрүнө байланат.

Муниципалдык органдарды реформалоонун негизинде мамлекеттик органдар менен Бишкек ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды ажырымдоо жатат. Жаңыланган функциялар жана ыйгарым укуктар турмуш тиричиликтин өзөктүү чөйрөлөрүндө – саламаттык сактоодо, билим берүүдө, социалдык коргоодо муниципалдык башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат.Буга жараша жаңы ыйгарым укуктарга жаңы чыгаша милдеттемелери түзүлөт. Ошону менен бирге жергиликтүү маанидеги маселелерди – жолдордун ремонту, жашылдандыруу, жарыктандыруу, коммуналдык инфраструктура ж.б. – каржылоо артыкчылыктуу болуп калат. Жаңы бюджеттик саясаттын негизги натыйжасы шаардык бюджеттин каржылык өз алдынчалуулугун жогорулатуу, жыл сайын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-чараларды каржылоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү болуп калат. Бишкек ш. бюджетин түзүүдөгү жаңы эрежелер 2014-2018-ж.ж. аралыгында эле өнүктүрүү бюджетине кошумча 1,5-2 млрд. сом жиберүүгө жол берет. Бишкек шаарынын бюджети республикалык бюджеттен азыраак көз каранды болуп калат. Бул болсо шаардын өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, бир эле учурда Бишкек ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардыктардын алдындагы жоопкерчилигин да арттырат.

Стратегиянын толук тексти Бишкек шаардык кеңешинин сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:http://www.gorkenesh.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=1010&catid=20&lang=ru

Асылбек ЧЕКИРОВ,

Бишкектин «Шаар жана шаардыктар» Стратегиясын

иштеп чыгууга катышкан ӨСИнин эксперти