Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Беловодск аймагы: жаӊы стратегия өз алдына социалдык милдеттерди коëт

2013-12-30 / Жергиликтүү өнүгүүнүн стратегиялары
Беловодск аймагы: жаӊы стратегия өз алдына социалдык милдеттерди коëт

Өнүктүрүү саясат институту менен Беловодск аймагын көп жылдык өнөктөштүк мамилелер байланыштырып келатат...

Беловодск айылдык аймагы – бул динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан экономикасы, көп улуттуу жамааты бар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун байыркы салттарына ээ болгон ири элеттик муниципалитет. Өнүктүрүү саясат институту менен Беловодск аймагын көп жылдык өнөктөштүк мамилелер байланыштырып келатат. Ошону менен катар кызматташтыктын алгачкы кадамдарынын бири 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгил аралыгын ээлеген муниципалитетти өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш болгон.Стратегия ишке ашырылды. Беловодск аймагы Кыргыз Республикасында аймакты өнүктүрүүдө стратегиялык пландоону ийгиликтүү колдонгон алгачкы муниципалитеттердин бири болгонун эсепке алуу менен алгачкы стратегияны ишке ашыруунун натыйжаларын жана бүгүнкү күндө ошол иштердин уландысын карап чыгуу өтө маанилүү. «Стратегиялык пландоо» багытын камтыган айрым долбоорлордун болбогонуна карабастан ӨСИ муниципалитеттердин 2013 – 2017-жылдарга эсептелген жаңы өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жардамдашуу өтүнүчүнө кайдыгер карай алган жок. Анын натыйжасы мындай болду.

Муниципалитеттин стратегиясы – бул деталдаштырылган программалары жана өнүктүрүү пландары бар, тандалып алынганөнүктүрүү концепциясына жана узак мөөнөттүү божомолдорго негизделген аймакты өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планы.Бюджеттик мамилелердин эки тепкичтүү системасына өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөрдүн ичинен эң маанилүүсү болуп, башкаруу маселелерине системалык мамиле жасоону талап кылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдык деңгээлде өз алдынчалуулукту берүү алар кабыл алган ар бир башкаруучулук чечимдер үчүн өтө чоң жоопкерчиликти алууга мажбурлайт. Айылдык аймакты өнүктүрүүнүн сабаттуу, жүйөлүү стратегиясын кабыл алуу – бул биринчи кезекте көптөгөн факторлорду эсепке алуу менен иштелип чыккан саясий чечим. Жоопкерчиликтүү башкаруучулук чечим түзүлгөн кырдаалга жасалган анализдин натыйжаларына таяныш керек, социалдык жана экономикалык жактан негизделген болушу зарыл. Айылдык аймактын деңгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Ал жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу өңдүү негизги максатка жетүүгө багытталган.

Биринчи өнүктүрүү стратегиясы кийинкиси үчүн негиз болуп берет

Беловодск АА жетекчилиги жаңы стратегияны иштеп чыгууда консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Өнүктүрүү саясат институтуна кайрылды. Жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мурдагы Стратегиясын ишке ашыруунун мөөнөтү аяктап калганы, пландарга социалдык багыт берүү зарылчылыгы жаңыртылган Стратегияны иштеп чыгууга негиз болуп берди. 2010-2012-ж.ж. аралыгына Беловодск айылдык аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү Стратегиясынын аткарылышына жасалган анализ көрсөткөндөй, айылдык аймактын территориясында ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган 15 долбоор документтин негизин түздү. 8 өзөктүк долбоор толугу менен жыйынтыкталды. Алар жер участокторун берүүнүн айкын эрежелери боюнча шарттарды бир топ деңгээлде жакшыртып, белгилүү бир баскычта кичи бизнес үчүн насыяларды жеңилдик менен алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, айылдын санитардык абалын жакшыртууга көмөктөштү. «Таза айыл» долбоору Кыргызстандагы мыкты инновациялык долбоорлордун бири катары таанылып,жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча USAID Программасынан белек алган. Тышкы инвестициялар маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн адистеринин дараметин күчтөндүрүү, алгылыктуу эмгек шарттарын түзүү аяктаган мезгил ичинде экономикалык жана социалдык чөйрөлөргө 42,5 млн. Сом кошумча инвестиция тартууга жол ачты.

Долбоорлордун бир нечеси жеке насыя мекемелердин активдүү ишмердигине, маалымат коммуникацияларынын өнүгүүсүнө, башка себептерге байланыштуу актуалдуулугун жоготкондуктан ишке ашырылбай калды. Айрым бир соңуна чыкпай калган долбоорлор 2013-2017-ж.ж. Өнүктүрүүнүн стратегиялык планында эсепке алынат. Мисалы, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор.

Жаңы Стратегиянын негизги максаты Беловодск АА жашоочуларынын берекелүү турмушун туруктуу жогорулата берүүнү камсыздоонун, орто мөөнөттүү келечекте (2013-2017-ж.ж.) экономиканы динамикалуу өнүктүрүүнүн жолдорун жана ыкмаларын аныктоо болуп калды. Беловодск АА стратегиялык планын даярдоонун негизги өзгөчөлүгү мыйзамдарга киргизилген экономикалык пландоого карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына басым жасоо болуп калды. Ошону менен катар стратегиянын авторлору экономиканын негизги функциясы адамдардын турмуш тиричилиги үчүн зарыл болгон жана ансыз коом өнүгө албай турган шарттарды дайыма түзүүдөн турат деген ойду карманышат. Экономика чектелүү ресурстар дүйнөсүндө адамдардын керектөөлөрүн канааттандырууга жардам берет.Стратегияны иштеп чыгуунун форматы аныкталды. Ал айыл өкмөтүнүн жана кеңештин депутаттарынын жарандык сектор менен өз ара тыгыз байланышына таянат. Беловодск айылдык аймагын өнүктүрүү Стратегиясын түзүү боюнча консультациялар жана техникалык колдоолор төмөнкүдөй негизги баскычтарды өзүнө камтыйт:

  • 2008 – 2012-ж.ж. аралыгында жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мурдагы стратегиясынын аткарылышына анализ;
  • азыркы кырдаалдын SWOT-анализи;
  • Беловодск айылдык аймагынын жаңыртылган

Элесин түзүү;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын миссиясын аныктоо;
  • өнүгүүнүн стратегиялык планына кошулууну талап кылган, жамааттын турмуш тиричилигиндеги артыкчылыктуу чөйрөлөрдү аныктоо;
  • жамааттын турмуш тиричилигинин маанилүү
  • чөйрөлөрүндөгү өзөктүү көйгөйлөрдү сүрөттөө;
  • өзөктүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн максаттарды жана тапшырмаларды түзүү.

Милдеттүү шарттар төмөнкүлөр: Стратегиянын жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына негизделиши, кыска, жөнөкөй жана түшүнүктүү мазмун,максаттарга жетүүнүн реалдуулугу. Ошондой эле Стратегияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү ишчараларды иштеп чыгууну да айыл өкмөтүнүн өзү жүзөгө ашырыш керек эле. ӨСИ тарабынан консультациялардын жүрүшүндө тиркемелерди даярдоо боюнча колдоо көрсөтүлдү:

  • Беловодск айылдык аймагын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
  • Беловодск айылдык аймагын өнүктүрүүнүн Стратегиялык планына мониторингди жана баалоону жүргүзүүнүн планы.

Башкаруу органдарынын Элесинин (келечек образы) жана миссиясынын өзгөрүүсү

Жалпысынан өзгөрүүлөр Стратегиянын бардык бөлүмдөрүн тийип өттү. Беловодск АА элеси (келечек образы) олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду.Анткени буга чейин көңүлдүн баары ыкчам өнүгүп жаткан Бишкекке бурулган эле. Ал эми Беловодсктун келечеги көпчүлүк деңгээлде борбор калаа менен байланыштырылган. Айылдын аймагында жайгашкан өндүрүш ишканалардын продукциясы дал ошол Бишкекте гана сатылышы керек болчу. Айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүүсү көбүрөөк даражада калкынын саны дээрлик миллионго жеткен шаардын базарына багытталыш керек болчу. Бишкекке жакын жайгашкандыгы тургундарга борбор калаада иш таап, Бишкектин жогорку окуу жайларында билим алууга жол ачты. Жаңы Элес көбүрөөк өз алдынчалуулукка жана конкреттүү тургунга индивидуалдык багытталышка ээ болгон. Беловодск АА келечегин эми калкы айыл чарба жана кайра иштетүү чөйрөсүндө туруктуу иштери бар болгондун эсебинен татыктуу жашоо деңгээлине ээ аймактын динамикалуу өнүгүүсү менен байланыштырышат.Өзгөрүүлөр ошондой эле башкаруунун жергиликтүү органдарынын миссиясын да кыйгап өткөн жок. Эгерде буга чейин басым консолидацияны камсыздоого жана ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жасалып келсе, эми болсо ЖӨБ органдары өз ролун калкка сапаттуу кызматтарды түздөн-түз көрсөтүүдө жана жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү жана жамааттын турмуш тиричилигинин бардык чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө көрүп калышты.

Ошондой эле башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын системасынын өзгөчөлүктөрү эсепке алынды. Айылдык кеңештин депутаттары эми калктын кызыкчылыктарын чагылдыруу менен айылдык аймакты өнүктүрүү саясатын түзүү, өнүктүрүү пландарынын аткарылышы үчүн калк алдында туруктуу негизде отчеттуулукту камсыздоонун миссиясын көбүрөөк баамдай башташты. АӨ аппаратынын кызматкерлери жана муниципалдык ишканалардын жумушчулары жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта болуп, калк тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына жогорку деңгээлде канааттануусун камсыздайт.

Артыкчылыктар тууралуу талкуулар

Биринчи уюштуруучулук жолугушууга ири чарбачылыктардын, ишканалардын жетекчилери, бизнестин жана социалдык сектордун өкүлдөрү катышты.Ошол жолугушууда стратегиялык планга даярдык көрүүнүн зарылчылыгы баарына эле түшүнүктүү боло берген жок. Негизги жана жалгыз маселе катары катышуучулар финансы каражаттарынын жетишсиздигин жана иштебеген мыйзамдарды аташты. Эгерде бул маселелер жөнгө салынса, айыл өкмөтү өзү эле кайсы маселелерди биринчи кезекте чечип, аларды ийгиликтүү ишке ашырса болорун аныктап алат деген пикир басымдуулук кылды.Өнүктүрүү Стратегиясы айыл өкмөтүнүн иш планы боло албайт жана болбош керек, анын максаты бир кыйла кеңири, ал эми аткарууга жамааттын түрдүү кызыкчылыктардагы топтору тартылыш керек деген түшүнүк жок болду. Ошондуктан алгачкы жолугушууда катышуучуларга жергиликтүү жамаатты чечимдерди кабыл алуу процессине тартуунун мааниси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары,аймакты өнүктүрүүнү пландоонун зарылдыгы тууралуу маалыматты берүү маанилүү болчу. Натыйжада жамаатта процессти дагы да айкын түшүнүү пайда болуп, стратегиялык планды даярдоонун методологиясын макулдашып, курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын, бизнестин, социалдык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген жумушчу топту түзүү мүмкүн болду.

Консультациялык жолугушуулардын экинчи айлампасы стратегиялык пландын мазмундук бөлүгүнө арналып, өзгөчө маселелердин артыкчылыктуулугуна карата кызуу талкуулар менен коштолду. Мисалы, Биринчи май орто мектебинин директору, кеңештин депутаты Ольга Николаевна ФЕДОРОВА билим берүү чөйрөсүндө окутуучулардын жана окуучулардын мотивация деңгээли төмөн болгонун, билим берүүчү мекемелердин материалдык-техникалык базасынын чабал болгону жаштардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзө албай жатканын белгиледи: «Бул ошондой эле мектеп мугалиминин аброюнун жана статусунун төмөндөп кетиши, окутуу үчүн инновациялык жабдуулардын жетишсиздиги, мектеп имараттарынын начар абалы, окутууга окуучулардын жана билим алгандардын өздөрүнүн кызыкдар болуу деңгээлинин төмөндүгү менен шартталат». Жылуулук жана суу менен камсыздоо ишканасынын башкы инженеринин баамында, жамааттын негизги көйгөйү – суу менен камсыздоонун жана канализациянын азыркы системасы калктын керектөөлөрүн толук өлчөмдө канааттандыра албайт. Бакыт АЛЫМБЕКОВ, АӨ башчысынын орун басары көрктөндүрүү маселелерине көңүл бурууга чакырды: «Акыркы жылдары Беловодск айылдык аймагын көрктөндүрүү боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, бул процесске туруктуу мүнө берүү зарыл. Таза, жашыл шаар айылдын эн белгиси болуп калышы үчүн шарттарды түзүү зарыл.Айылдык аймакты көрктөндүрүүнү камсыздоого карата бирдиктүү комплекстик мамиленин жоктугу өзөктүү көйгөй болуп калды. Бул маселе жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн туруктуу системаны түзүүгө жол бербей жатат. ЖӨБ органдарынын гана аракеттери жетишсиз, калктын өзү да кызыкдар болушу керек».

Кимдин көйгөйү жамаат үчүн дагы да маанилүү?Артыкчылыктарды кантип аныкташ керек? Бул суроолор дайыма талаштарды жаратып келет жана бул жерде чындыкты табуу мүмкүн эмес. Анткени ар кимдин өз чындыгы бар. Анткен менен стратегиялык пландоонун методологиясы бул кырдаалдан жол табууга жардам берет. Мындай учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө көйгөйлөрдү чечүүгө таасир эте алуу мүмкүнчүлүгүн кароого туура келди. Катышуучулар көйгөйлөргө анализ жүргүзүп,бул чөйрөлөрдөгү өзөктүү маселелер аныкталды.Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы позициясынан чечимдерди издөөдө бардыгы айыл өкмөтүндө жана айылдык кеңеште билим берүүнү же саламаттык сактоону өнүктүрүүгө таасир эте алчу ыйгарым укуктар жок деген пикирге келишти. Катышуучулар ЖӨБ органдары билим берүү системасына кыйыр түрдө таасир этүүгө жөндөмдүү болгонун мойнуна алгандыктан, стратегиянын негизги багыттары мектепте,мектепке чейин, атайын билим берүү болуп калды.ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен, бул маселелер мугалимдер жана окуучулар үчүн социалдык программаларды иштеп чыгуу аркылуу окутуучуларга дем берүү, билим берүүчү мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аркылуу чечилет. Аймакты көрктөндүрүүнүн туруктуу процессин түзүү маселелери да артыкчылыктуулардын катарына кирди. Орто мөөнөттүү келечекке негизги багыттар да суу менен камсыздоо жана канализация,маданият жана спорт секторлору, инвестицияларды тартуу маселелери болуп калды.Беловодск АА өнүктүрүү стратегиясынын багыттарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында күтүлгөн натыйжалары менен тапшырмалар коюлуп, конкреттүү индикаторлор белгиленип, ишке ашыруунун мөөнөттөрү аныкталды.

Натыйжага сапаттуу пландоо жана жамааттын катышуусу аркылуу жетсе болот

Жаңы стратегияны аткаруунун натыйжалары өзүн көпкө күттүргөн жок. 11 айдын жыйынтыгы боюнча, көптөгөн белгиленген иш-чаралар аткарылды. 2014-жылга бюджетте ири долбоорлорду ишке ашырууга каражаттар пландалган: №2 Беловодск орто мектебинин от жагуу жайынын курулушу,айылдын суу түтүк түйүнүнүн капиталдык ремонту, билим берүү системасында шыктандыруу жана дем берүү боюнча программалар ж.б.Иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттерде каражаттардын белгилүү бир көлөмүн топтоштурууга жол ачат. Бул каражаттарды андан кийинки өнүгүүгө багыттаса болот. Мисалы, көпчүлүк айылдар үчүн актуалдуу маселе – бул ички жолдордун абалы. Беловодскто ал төмөнкүдөй чечилди: жыл сайын жергиликтүү бюджетте жолдордун абалын көзөмөлдөп турууга каражат каралат. Буга кошумча жергиликтүү бийлик бул акчанын бир бөлүгүн жолдордун капиталдык ремонтуна (асфальт төшөөгө) жиберип турууну чечти.Мунун натыйжасында жолдорго байланыштуу маселе пландуу түрдө чечиле баштады. Анткен менен өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жана тапшырмаларына жетүү олуттуу капиталдык салымдарды талап кылат. Ал эми аны ЖӨБ органдары өз алдынча чогулта албашы ыктымал. Айрым бир иш-чараларды аткаруу болс өнүктүрүү программасынын бардык потенциалын толук өлчөмдө ишке ашырууга жол бербейт жана анын көптөгөн жоболорун ишке ашырылбаган бойдон калтырат. Мындай шарттарда ЖӨБ органдары муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн кантип ишке ашырат? Бул жерде бир гана чечим бар. Жамааттын пикирине көбүрөөк кулак төшөөнү, калктын потенциалын эсепке алып, аны ишке тартууну үйрөнүү зарыл экенин унутпаш керек. Аскат АРГЫНБАЕВ, Беловодск айыл өкмөтүнүн жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча адиси: «Беловодск айылдык аймагын Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы – бул 2013-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында биздин айылдын жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн жолдорун  жана формаларын аныктаган документ. Документти иштеп чыгууга кичи жана орто бизнестин, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоо тармагынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери активдүү катышты. Өнүктүрүү саясат институтунун адистеринин кеңештери да пайдалуу болду. Талкуунун жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү жамааттын өнүгүү вектору социалдык жактан багытталган, тургундарынын өздөрүнүн керектөөлөрүнө негизделген болуш керек деген тыянакка келишти. Ошонун негизинде биз түрдүү чөйрөлөрдөн (билим берүү, суу менен камсыздоо, канализация, көрктөндүрүү, маданият жана спорт ж.б.) 29 долбоорду иштеп чыктык. Менимче бул стратегиялык план жакшы иштелип чыкты. Анткени ал дал ошол ЖӨБ органдарынын күчү менен чечилген тапшырмаларды камтыйт».

Танат ОСМОНКУЛОВ,

ӨСИнин жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча адиси