Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын кайрылуусу жөнүндө

2013-12-23 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

2013-жылдын 15-июлунда “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүүлөр жарандардын электрондук кайрылуусунун (электрондук почта боюнча) статусун тактап беришти

 
Өзгөрүүлөргө ылайык, мамлекеттик органдардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын расмий дарегине келип түшкөн жарандардын электрондук кайрылуусу жарандардын жазуу же оозеки түрүндө баяндалган кайрылууларына теңештирилет. Мыйзам мамлекеттик органды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттоого милдеттендирет.
 
 
Ошондой эле электрондук кайрылууларды тариздөөгө жана мазмунуна талаптар каралган жана аларды кароонун тартиби регламенттелет. Алсак, киргизилген толуктоолорго ылайык жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуусун жөнөтүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын,атын, атасынын атын, ошондой эле өз фамилиясын,атын, атасынын атын (бар болсо), байланыш телефонун (үйдүкүн, мобилдүү же ишинин), жашаган дарегин көргөзөт, кайрылуунун ток этер жерин жазат. Электрондук кайрылууда аталган маалыматтар жок болсо мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайрылууну карабай койгонго укуктуу.
 
Мындан тышкары, мамлекеттик органга,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү 30 күндөн 14 күнгө чейин кыскартылат. Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
 
 
 
• Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу
2013-жылдын 17-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги
принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык
жаңы “Региондорду өнүктүрүү фонду” 21-1-беренеси киргизилди
 
 
Региондорду өнүктүрүү фонддору – бул мыйзамдарга ылайык кирешенин конкреттүү түрлөрүнөн же башка акча чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн акча каражаттары. Алар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана кармоого жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга пайдаланылат. Фонддун каражаттары багытына шайкеш келбеген максатта колдонула албайт. Фонддорду түзүүнүн жана ошол каражаттарды которуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Фонддун каражаттары республикалык бюджетти түзүүдө региондорду бюджеттик каржылоону азайтууга таасирин тийгизе албайт.
 
 
• Инфратүзүмгө чегерүүлөр тууралуу
2013-жылдын 17-июлунда №149 “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”
КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, алар инфратүзүмдү өнүктүрүүгө
жана аны кармоого чегерүүлөргө тиешелүү
 
 
Мыйзамдын 19-3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
 
 
“1. Пайдалуу кендерди (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан пайдалуу кендердин табылган жери боюнчаоблустардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү (мындан ары – төлөөчү) болуп саналат.
 
 
2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр облустардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан,2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.
 
3. Эгерде субъект казылып алынган пайдалуу кендерди кайра иштетүүнү жана алардан продукция чыгарууну өз алдынча жүзөгө ашырса, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн чегерүүлөр аларды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды чыгарып салуу менен пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын иш жүзүндөгү көлөмүнөн жүзөгө ашырылат.
 
4. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго кирген эки же андан ашык айылдык аймактардын аймагында жайгашкан учурда, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырат, чегерүүнүн суммасы ошол же башка райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.Токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймактарында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондунун эсебине жиберилет.
 
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алтындын запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
 
- 50 пайыз – облусту өнүктүрүү фондуна;
- 30 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
- 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
 
-80 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
-20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.
 
6. Алтындан тышкары башка пайдалуу кендер чыккан жерлер боюнча:
 
- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-4-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт;
 
-жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине кирбеген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 5-7-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.
 
7. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттарды башка максаттарга колдонууга жол берилбейт.Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдаланууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат».Региондорду өнүктүрүү фондуна колдонгон каражаттар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бөлүштүрүлүп турат.
 
 
• Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө 2013-жылдын 30-июлунда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Аларга ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоо алдында үгүт жүргузүүгө, үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок адамдардын чөйрөсүнөн чыгарылат