Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештер ченемдик укуктук акттарды кайсы тилде кабыл алыш керек?

2013-05-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Мамлекеттик жана расмий тилдер тууралуу

2013-жылдын 22-февралындагы №30 ««КР ченемдик укуктук акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КР Мыйзамы жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыны кабыл алуусуна жана аны жарыялоосуна тиешелүү бир нече өзгөртүүлөрдү киргизди. Айталы, 24-берененин 3-бөлүгүндө «Кароого ченемдик укуктук актынын долбоорун жалаң гана мамлекеттик тилде киргизүүгө боло турганы тууралуу чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорунан башка ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет» деп айтылган. Ал эми 26-берененин 1-1-бөлүгүндө ченемдик укуктук акттар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынары көрсөтүлгөн. Мында эгерде тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилде сүйлөгөндөрдүн саны басымдуулук кылса жана тиешелүү чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органында бар болгон шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук акттарын жалаң гана мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет. 29-берененин 3-бөлүгүндө мындай деп айтылган: «Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган, ошол кабыл алынган тилде жарыяланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук акттарынан башка, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат».