Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Валентина ЖИТЕНЕВА: жашоо ыр сымал

2013-05-31 / Адамдар жана тагдырлар
Валентина ЖИТЕНЕВА: жашоо ыр сымал

Валентина Григорьевнаны көп учурда социалдык-экономикалык маселелер талкууланган конференцияларда, жыйындарда, тегерек столдордо кезиктирсе болот. Ал эң аярлуу катмар катары эсептелген пенсионерлер менен начар иштешкен аткаминерлерди курч сындары жана билдирүүлөрү менен бир нече жолу уяткарган.

Валентина Григорьевна Житенева – Кыргызстанда белгилүү адам. «Жакшы күчтөрдүн биримдиги» Кыргызстандын эмгек ардагерлеринин бирикмесинин лидери 75 жашта. Бул көрүнүктүү курактагы Житенева укук коргоо иштери менен активдүү алектенип келет. Мына ондон ашык жылдан бери ал эмгек ардагерлеринин татыктуу жашоого, муктажсыз карылыкка болгон укуктарын күйүп-бышып, компромиссиз, өзүн аябастан коргоп келатат.
 
Бул адам айланасындагыларды таң калтырып да, суктандырып да жүрөт. Валентина Григорьевнаны көп учурда социалдык-экономикалык маселелер талкууланган конференцияларда, жыйындарда, тегерек столдордо кезиктирсе болот. Ал эң аярлуу катмар катары эсептелген пенсионерлер менен начар иштешкен аткаминерлерди курч сындары жана билдирүүлөрү менен бир нече жолу уяткарган. Көпчүлүк жаш ишмерлердин ичин тарытып, Житенева керектүү адамдардын – түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин, кесиптештеринин, депутаттардын, элчилердин, банкирлердин, өз кол алдындагылардын ондогон-жүздөгөн телефон номурларын мээсинде сактап жүрөт. Ал күн сайын ондогон маселелерди чечет.
 
Согуштун баласы
 
Мен көптөн бери эле Валентина Григорьевна тууралуу айтып бергим келип жүрчү. Ал дайыма элдин алдында болсо да, ушундай жакшы аялдын тагдыры канчалык татаал болгонун, анын үлүшүнө кандай көп сыноолор түшкөнүн жана ошолорду бүгүнкү күнгө чейин каармандык менен жеңип келатканын көптөр билбесе керек.
 
Менин каарманым 1937-жылы 28-декабрда Новосибирскте төрөлгөн. Үч жылдан кийин үй-бүлөсү дээрлик кышы болбогон, жер-жемиштерге толгон, абдан жылуу аймакка – Кыргызстанга көчүп келип, Новотроицкте (азыр Шопоков шаары) завод конушунда орун алган. Улуулар кант заводуна ишке орношкон. Жашоо бара-бара өз нугуна түшө баштаган эле. Бирок кырсык басты – согуш башталды.
 
Ал бала болгонуна карабастан, кызыгы, атасы жана эки байкеси – Григорий менен Николайдын согуш майданына аттанып баратканын жакшы эстеп калган. Үйдө жалгыз аялдар калды – чоң апасы, энеси жана кичинекей Валя. Кайгы аларды да кыйгап өткөн жок. Атасы жана Григорий согуш талаасында жан берсе, Николай аман кайтып келгени менен, айыккыс дартка чалдыгып, көп өтпөй алган жарааттарынан көз жумган.
 
– Ачарчылык эле. Эптеп курсакты тойгузуш үчүн апам нан заводунун директоруна үй кызматчысы болуп ишке орношкон. Анын үй-бүлөсү бузулуп калган нан менен баккан эки уйду кармачу. Менин байкуш апам үй жаныбарлары үчүн деп бөлүнгөн нандын кесимдерин жана бөтөлкө сүттү кийиминин арасына өзүнүн ачка кызына катып койчу. Ал убакта мен сарайдын артында жашынып турчумун, - деп эскерет өзүнүн бактысыз балалыгын Житенева. – Заводдун жанында дүкөн бар эле. Ал жерден конуштун тургундары карточка менен нан алышчу. Улуулар иштегенине байланыштуу, балдар кечинде эле кезекке туруп калчу. Балдар түндөп кезегин күтчү. Кээде мага да энем ошол жерден нан алганга уруксат берчү. Ошондо мен укмуштуудай бир асыл таш өңдүү ошол нанды көтөрүп алып, бир үзүм да жегенден коркуп, үйгө алып барчумун. Себеби болбойт.
 
Тынчы жок жаштык
 
Согуш аяктайын деп калганда Валя мектепке барат. Үй-бүлө канчалык жакырчылыкта жашаганын азыр да элестетүү кыйын. Ошондой болсо да согуштан кийин өлкө да ушундай абалда болчу.
 
– Бир жолу майрам болду. Мен ырдап чыгышым керек эле, бирок бут кийимим жок болчу. Ошондо чоң апам бут кийим токуп бергени эсимде.
 
Житеневанын айтымында, ал дайыма ачка жүрчү. Турмуш ошол коркунучтуу мезгилдин балдарын оокатты өзү табууга үйрөттү: балдар кечке чейин айылдын четинде жегенге жарамдуу дүмүрчөктөрдү жана талаа чөптөрүнүн сакбачаларын издешчү. Анткен менен балдар да чөптүн сабагындай эле чыйрак өсүштү. Турмуш аларды тебелесе да, алар баары бир ошол замат бутунан туруп, жашоого кучагын ачышчу.
 
Валентина окуудан такыр кыйналган жок. Өзгөчө математиканы жактырчу. Материалдарды бир заматта өздөштүрүп, тапшырмалар менен теңдемелерди жаңгак чаккандай эле чагып салчу. «Китеп да, дептер да жок эле. Окуучулар калем сап менен гезиттерге сап арасындагы бош жерлерге жазчу. Бирок бул жакка бүткүл Союздан эвакуацияланган мугалимдерибиз укмуш мыкты эле», - деп кийинчирээк бир нече жолу эскерет Житенева.
 
Окуу жылдарынан ага комсомолго кабыл алынганы жана Зоя Космодемьянская тууралуу тасманы дагы бир жолу көрүш үчүн Фрунзе шаарына жөө барганы эсте калган. Валентина Григорьевна жашаган үйдүн жанында жайкы кинотеатр бар эле. Кино көрүш үчүн балдар тосмолорго, же дарактарга чыгып алышчу. Конушта тасманы бир гана жолу көрсөткөндүктөн Космодемьянскаянын эрдигин дагы бир жолу көрүш үчүн Валентина Григорьевна жөө-жалаң, 20 километр аралыкка карабастан борбор калаага кетип калган. Ошондо эле ал жашоосун элдик каармандардын мисалында
курууну үйрөнгөн.
 
Мектепти аттестаттагы бир гана төрт менен аяктаган кыз Томск политехникалык институтуна «эркектердин» деп саналган электромеханикалык факультетке оңой эле өтүп кеткен. «Кабелдик жана электроизоляциялык техника» адистиги боюнча эки гана кыз окучу. ЖОЖду аяктагандан кийин ага мыкты бүтүрүүчүлөрдүн жана коомдук ишмерлердин бири катары дипломду жумуш ордун өзү тандоо укугу менен беришкен. Ошондо ал Мекенине кайтып келүүнү чечет. Аны Кыргызстандагы Кайыңды кабель заводуна жиберишкен.
 
Адам катары калыптануу
 
Дайындалган пунктка келээр замат ал ишкана жок экенин, болочок заводдун курулушу үчүн казыкчалар гана жерге киргизилгенин көрөт. Ошондо жаңы бүтүрүүчү иш издеп Эл чарбачылыгы кеңешине барат. Жаш адисти жаңыдан гана эшигин ачкан Физикалык приборлор заводуна жиберишет. Ал учурда бул завод коргонуу маанисиндеги продукцияны жана медициналык шаймандарды чыгарган, алдыңкы техника жана технологиялар менен жабдылган ишкана болчу.
 
Ага дайыма коомдук ишмердүүлүк жакчу. Ошондуктан Житенева баш-оту менен заводдун жашоосуна сүңгүп кеткен: анын жетекчилиги алдында комсомолчулар ойлоп тапкан радиожурналды алып барчу. Кийинчирээк профсоюзга туруктуу ишке өтөт. Чоочун адамдын дартына кайдыгер карабаган, жардам тууралуу чакырыкты илип кеткен бул иш анын мүнөзүнө туура келген. Электрондук өнөр жайдын профсоюздук комитетиндеги ишине байланыштуу ал өлкөнү түрө кыдырып чыккан, түрдүү съезддерге, конференцияларга көп барчу. Москвада белгилүү жазуучулар, акындар, композиторлор, артисттер, саясий жана профсоюз ишмерлери, космонавттар менен таанышкан. Багы болуп, Жылдыздар шаарчасында да болуп, Валентина Терешкова менен таанышкан. Терешкова ага кол тамгасы менен космос тууралуу китепти белекке берген экен.
 
Житенева өзү да концерттерди, белгилүү адамдар менен жолугушууларды уюштуруп турчу. Заводдун эмгекчил жамаатында бир топ белгилүү адамдар конок болуп кетишкен. Бирок өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун сапары эсте калды.
 
Жылдар өтүп, доор өзгөрүп, улуу держава да жоголду. Эми ал – эмгек ардагери коомчулуктун жана бийликтин жардамына абдан муктаж эле. Бирок көпчүлүк курдаштарынан айырмаланып, кароосуз калган жүз миңдеген эмгек ардагерлерине окшоп Валентина Григорьевна алаканын жайып отуруп калган жок. Ал кайдыгер аткаминерлерге жооп кайтаруу үчүн, жашоого жана сый мамилеге укукту коргоо үчүн улуу муундун өкүлдөрүн мобилдештирүүнү чечет. Ошентип «Жакшы күчтөр биримдиги» бирикмеси пайда болот.
 
Кыргызстанда жарандардын атүгүл ушул категориясы арасында теңсиздик өкүм сүрүп келет. Коомдук уюмдун активисттеринин баамында, кары-картаңдар карылар үйүндө же түрмөлөрдө эмгек ардагерлерине караганда материалдык жактан дурусураак жашашат, анткени пенсиясынын камсыздандыруучу бөлүгүн алып турушат, ал болсо көптөрдө бир кыйла жакшы. Анын үстүнө салык төлөөчүлөр алардын бардык коммуналдык кызматтарын, медициналык тейлөөсүн, тамак-ашын төлөө менен, аларды толугу менен багышат. Эмгек ардагерлери болсо бардык нерсе үчүн өзүнүн жарытпаган пенсиясынан төлөшөт. Анын үстүнө карылар үйлөрүнө жана түрмөлөргө көптөгөн эл аралык уюмдар кайрымдуулук жардамын көрсөтүшөт.
 
Евробиримдиктин жана Даниянын чиркөө жардамынын «Жакшы күчтөр биримдигинин» табыштамасын четке кагып, анын ордуна түрмөлөрдөгү кары адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу тууралуу долбоорду колдоп, бул максатта 11 миллион сом бөлгөнү күтүүсүз окуя болду.
 
Жакшылыктын чек арасы жок
 
Жолу болбой калганда адам нааразы болот, бирок ал баары бир ардагерлердин жашоосун жакшыртуу үчүн ар бир шансты, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, алдыга умтулууга аракет жасай берет. Валентина Григорьевна советтик пенсионерлерге, эмгек ардагерлерине көңүл буруп коюуну өтүнүп, бир нече жолу Орусиянын жетекчилигине кайрылган, Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри С. Лавров менен жеке жолугушкан, Орусиянын Кыргызстандагы бардык ыйгарым укуктуу элчилери менен жолугушууга умтулган.
 
Житеневанын ишениминде, чет өлкөдө жашаган мекендештер өзүнүн жарандык, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий укуктарын коргоодо, өзүнчөлүгүн сактап калууда Орусия Федерациясынын колдоосуна таянууга укуктуу. Анткен менен Мекендештер менен иш алып баруу боюнча федералдык программада эмгек ардагерлери менен иш тууралуу эч жерде айтылбайт. Бул аны абдан капаландырат. Бийликтин кары адамдарга мамилеси да аны түйшүк тарттырат. Орусияда эмгек ардагерлери тууралуу мыйзам кабыл алынган, пенсиялар кайра саналып чыккан, жашоо деңгээлин жогорулатуу программасы кабыл алынган. Кыргызстанда болсо алар үчүн эч нерсе жасалбайт. Бирок дал ушул муун шаарларды, конуштарды түптөп, Токтогул жана башка ГЭСтерди ишке киргизип, завод жана фабрикаларды куруп, ээн талааларда иштебеди беле. Көп жагынан алганда өлкөнүн бүгүнкү активдери – бул Житеневдор муунун эмгекчил мурасы да.
 
Эмгек ардагерлери өлкө президентине да болгон таарынычын жашырышпайт. Алар шайлоо маалында Алмазбек Атамбаевди чын дилинен колдошкон. Бирок шайлангандан кийин эле жеке каттар аркылуу да, электрондук дарек менен да жиберилген сансыз өтүнүчтөргө карабастан, президент Валентина Григорьевнаны кабыл алып, улуу муундун көйгөйлөрүн угууга убакыт таба алган жок.
 
Акыркы эки жылда Валентина Григорьевна коомго аз чыга баштады, бирок мурдагыдай эле эмгек ардагерлеринин укуктарын активдүү коргоп келатат. Дагы да натыйжалуу коммуникация үчүн ал компьютердик сабатсыздыгын жоюп, эми өзү кат жазып, интернетти колдонуп, электрондук дарек аркылуу Кыргызстандын, Орусиянын жетекчилери, түрдүү компаниялар, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен байланышып турат. Жакында эле анын жетекчилиги алдында 2017-жылга чейинки өлкөнүн Стратегиясына анализ жасалып, документ бардык аймактарда талкууланып, сунуштар Катчылыкка жиберилди.
 
Жакшы иштер из калтырат жана эсте калат. «Жакшы иштер биримдигинин» лидеринин мааракеси унутта калган жок. Валентина Григорьевнаны кесиптештери, тарапкерлери, белгилүү саясатчылар, машине куруучу кызматкерлердин просоюзунун республикалык комитети, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги куттукташты. Ал эми Мекендештердин Орус бириктирүүчү биримдиги ага болгон урматын жүрөктөн түнөк тапкан ырында билдирди. Ал жерде мындай саптар бар: 
 
Дайыма, бардык жерде, бүт мезгилде
Сиз жардам үчүн жаңы күрөшкө аттанасыз!
Мэр да, президент да бизде
Житеневанын сынынан коркот!