Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи май АА

2014-10-02 / Адамдар жана тагдырлар
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи май АА

Балдарга камкордук – ар бир жоопкерчиликтүү адамдын милдети

Эмнелер жасалды? Чогулуштардын биринде ата-энелер комитетинин мүчөлөрү Амангелди ЖАКИЕВ, Айнура МАМЫТОВА жана бала бакчанын кызматкерлери мекеменин жанындагы участокто балдар аянтчасын курууну сунушташты. Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүүкеңештин төрагасы жана депутаттар чыгашалардын сметасын эсептеп чыгышты, ал эми ата-энелер комитети акча чогулта баштады – ар бир атаэнеден 500 сомдон чогултулду. Каражатты чогултууга жергиликтүү ишкерлер А. ШАЙНАЗАРОВ жана Т. МАШАЕВ да жардам беришти. Натыйжада 117 000 сом чогулта алышты: жергиликтүү жамааттан –80 000 сом, жеке ишкерлерден – 14 000 сом,жергиликтүү бюджеттен – 23 000 сом. АӨ башчысынын көмөгү менен жергиликтүү темирчи балдар аянтчасы үчүн металлдан жасалган конструкцияны бекер орнотуп бермей болду. Андан кийин ал АӨ балансына өткөрүлүп берилди. Бала бакчаны кайтаруу үчүн милдеттенмени өзүнө ата-энелер алды.“Айрым тазалык” муниципалдык ишкана курулуш материалдарын жеткирүүгө жардам берди, ата-энелер курулуш-ремонт иштери жүрүп жаткан чакта жумушчуларга түшкү тамак жасап берип турушту. Демилгени айылдын жашоочулары толугу менен колдоп, көптөр аянтчанын курулушуна түздөнтүз катышты. Ошону менен бирге уюштуруучулар камсыздаган толук ачык-айкындуулук жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтүү мамиле элеттиктердин аракеттерин бириктирген фактор болуп калды.
Натыйжасы Балдар ойноп, спорт менен алектене ала турган балдар аянтчасы пайда болду. Аянтча алардын дени сак өнүгүүсүнө көмөктөшмөкчү. Демилге ата-энелердин жана мектепке чейинки курактагы балдардын тарбиясына кайдыгер карабагандарды ынтымагын көрсөтө алды; балдардын бала бакчада тарбиялануусу үчүн жакшы шарттарды түзүүгө көмөктөштү. Каражат чогултуу ачык жана айкын болуп, жамааттын ата-энелер комитетине жана айыл өкмөтүнө болгон ишенимин арттырды.
Төл сөз Айнура МАМЫТОВА, ата-энелер комитетинин төрайымы: “Балдарга камкордук – бул ар бир жоопкерчиликтүү адамдын иши. Ошол аянтчада ойноп жаткан балдарды көргөндө бактылуу болдум. Эми балдарыбыз дагы да дени сак чоңоюшат”.