Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу саясий аң-сезимдин түпкүрүндө, же “Кыргызстан” “Бишкекке” тең келбейт

2013-01-31 / Актуалдуу тема
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу саясий аң-сезимдин түпкүрүндө, же “Кыргызстан” “Бишкекке” тең келбейт

Эки тепкичтүү бюджет: дартка дабабы, мифпи же таптакыр жалганбы?

 

Он экинчи жылы Жогорку Кеңештин, президенттин жана өкмөттүн атынан мамлекет элге жүзүн буруп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, башкача айтканда, аймактарды өнүктүрүү маселеси менен алектенет деген жарандык коомдун жана журналисттердин үмүтү акталган жок. Жок дегенде өзүн сактоо сезими үчүн болсо да. Жок дегенде буга чейинкилердин каталарын эсепке алса да... Бирок он үчүнчү жыл үмүт отун жандырды – жакында эле коомго тааныштырылган өкмөттүн жаңыланган структурасында бийлик буга чейин унуткарган “ЖӨБ” деген шарттуу кыскартылган сөз чыга келди: ыйгарым укуктуу органды – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик түзүү болжолдонууда. Анткен менен азыртадан эле жаңы орган же өкмөт (эерде жаңы орган түзүлбөй калса) кайрадан эле он экинчи жылдын маселелерин башынан өткөрөт деп ишенимдүү айтса болот.
 
Эки тепкичтүү бюджет: дартка дабабы, мифпи же таптакыр жалганбы?
 
“Эки тепкичтүү бюджет” деген сөз айкалышы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тарапкерлери да, каршылаштары да орду болсо да, болбосо да желбиретип алып жөнөгөн тууга окшошуп калды. Биринчилери аны дартка даба, жергиликтүү жамааттын бардык көйгөйлөрүн чечүүгө универсалдуу каражат катары кабыл алса, экинчилери аны атүгүл өлкөдөгү башкаруу системасын талкалап салууга жөндөмдүү коркунуч катары сыпатташат. Бирок чындык бир гана: эки тепкичтүү бюджет – бул реформа эмес, көрүнүш эмес, жетишкендик эмес. Бул жакшы да, жаман да эмес. Бул болгону биздин өлкөдөгү бийлик системасын чагылдырган чындык. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бар деп Конституция аныктап койгондон кийин бюджеттин түрлөрү да буга жараша экөө болот – мамлекеттик жана жергиликтүү. Башкача айтканда принцибинде жок болгон бюджеттин деңгээлдери тууралуу эмес, анын түрлөрү жөнүндө сөз кылса болот. Бюджеттик деңгээлдер – Кыргызстан үчүн эскире түшкөн түшүнүк. Ал бизге бюджеттин деңгээлдери бир нече, бирок мамлекеттик деген бир гана түрү бар болгон советтик системадан мураска калган. Заманбап Кыргызстанда дал ушул Конституция жергиликтүү бюджеттердин эки ТҮРҮН аныктайт – мамлекеттик жана жергиликтүү. Ал эми биз жакынкы жылдары эмнеси болсо да, кандай болсо да Баш мыйзамды өзгөртпөйбүз деп чечкенден кийин, кандай гана тегеретпейли, бюджеттин ушулэки түрү менен жашай бермекчибиз. Андыктан 2011-жылы эки тепкичтүү бюджеттин моделине кайтып келүү түпкү маңызында реформа болуп эсептелбейт. Бул болгону өлкөнүн бюджеттик системасынын форматын Конституцияга шайкеш келтирүү болуп эсептелет. Андыктан “эки тепкичтүү бюджеттин” “ийгилигине” же “жолу болбой калганына” даттана берүү туура эмес болуп калат. Муну өз алдынча чечмелөөгө аракет жасап, бирок өлкөнүн бюджеттик системасынын маңызын түшүнө албай жаткандар жаңылышса, бул кечиримдүү. Ал эми муну билип туруп бурмалап жаткандарга уят эле. Анткени алар билип турса да, “эки тепкичтүү бюджетти” киргизүүдөн абал начарлады же жакшырды деп ынандыруу менен коомчулукту адаштырып жатышат.
 
Начар же жакшы абал бюджеттер аралык мамилелерди – мамлекеттик менен жергиликтүү бюджеттер ортосундагы мамилелерди реформалоодон болушу ыктымал. Негизи ошол жерде муниципалитеттердин жана алардын тургундарынын көптөгөн балакеттери “жашырынып” алган. Булар – талкаланган жолдор, караңгы көчөлөр, жылыбаган бала бакчалар, бош турган суу түтүк крандары, ызырынган муниципалдык кызматчылар жана биздин күнүмдүк жашоонун башка “жыргалдары” (бирок бул жакка энергетиканы аралаштырбаңыз – бул мамлекет “созгон” ыр).
 
Эмесе бизге он экинчи эмне берди? Он экинчи ушул бюджеттер аралык мамилелердин акыйкатсыз, сегрегациялык, бузуку маңызын ашкерелегендерге олуттуу пайда алып келди. Анын маңызы мында жатат: мамлекет борбордук деңгээлде мамлекеттик бюджетте коомдук каржынын чоң бөлүгүн топтоштурат, бирок кайра күкүмдөрдү кайтарып, муну менен коомду ачык эле алдоонун эбин тапты. Суроо: мамлекет алдай алабы? Анткени алдоо – бул системанын эмес, адамдын жөндөмдүүлүгү да! Алдай алат. Анткени жергиликтүү бюджеттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамлекеттик турумун көз будамайлоо дегенден башкача атаганга мүмкүн эмес. Биз бул тууралуу көп жазганбыз, бирок дагы бир жолу эске салып койгон ашыкча болбойт: мугалимдердин маянасына категориалдык гранттар боюнча – мамлекет ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюджеттен мамлекеттик милдеттемелерди кошо каржылашууга мажбурлап жатат; теңдөөчү гранттар боюнча – формула чырмалышкан жана аткаминердин (ЖӨБнын да, мамлекеттин да) демилгечилдигине жараша гранттарды манипуляциялоого жол ачып, чыныгы теңдөөнү камсыздабайт; дем берүүчү гранттар боюнча – бул каражаттарды бөлүштүрүүнүн механизми таптакыр ачык-айкын эмес жана Аламүдүн районундагы айылдык аймактардын тегерегиндеги акыркы жаңжал бул гранттар канчалык деңгээлде алдамчылык менен жуурулушуп калаарын көздү сайып көрсөттү. Бюджеттер аралык мамилелердин ар бир жалганма бөлүгү алдамчылыкка негизделсе, конкреттүү түрдө күнөөлүү аткаминерди табуу мүмкүн эмес. Алдамчылык системага, эрежеге айланды. Бул жерде көбүрөөк Каржы министрлиги эмес, башкаруунун жогорку деңгээли тараптан “туруму жок турум” жалпы тренди күнөөлүү.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын мойнунда
 
Мына ушул бюджеттер аралык алдамчылыктын укуксуз, басынган жана кемсинген тарабы –жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Алардан баары талап кылганды гана билишет, улам бир милдеттемени мойнуна жүктөп коюшат, бирок алар бул милдеттемени кантип аткарат деп эч ким баш ооруткусу келбейт. Эки акыркы мисалды келтирели. Жаныбарлар арасында идентификациялоо жүргүзүп, эпидемиологиялык кырдаалга, мал чарбачылыгынын продукттарынын сапатына көз салуу менен аларды бирдиктүү реестрге киргизүү ниети бар. Сөз жок, бул зарыл иш – мунсуз биздин эт-сүт тармагын экспортко чыгаруу мүмкүн эмес. Идеяны ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзамдын долбоору киргизилди. Мыйзам долбоорунун демилгечисинин пикири боюнча муну менен ким алектениш керек? Туура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары! Кайсы акчага? Суроо мындайча берилбеш керек. Болуш керек – бүттү. Же дагы бир мисал: 2013-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү Стратегиясынын Долбоорунда ЖӨБ органдары кеңеш-маалымат берүүчү кызматтарды уюштуруунун эсебинен дыйкандардын жердин рыногу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыздаш керек деп белгиленген. Кайра эле акча жана ресурстар тууралуу сөз да жок. Ал эми президенттин Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясынын алгачкы долбоору жан дүйнөгө бүлүк салды –ал жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө таптакыр эле жок экен. Дагы жакшы, акыл жеңип, өздөрүнө келишип, бир катар сындардан кийин документти ЖӨБ тууралуу бөлүк менен толукташты. Бирок негизги стратегиялык документти даярдаган өлкөнүн мыкты мээлеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө БИЛБЕГЕНИ ошол мээлер Бишкектен ары көз чаптырбай турганын, ар бирибиз микродеңгээлдерде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкарган муниципалитеттерде жашасак да, ал “мен кыйынмын” дегендер өлкөнү кандайдыр бир макродеңгээлде көрөөрүн тастыктады.
 
Өнүктүрүү саясат институтунун изилдөөлөрүнүн натыйжаларына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары убактысынын, күчүнүн жана кээде каражатынын олуттуу үлүшүн мамлекеттик өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууга жумшайт. Жалпак тил менен айтканда, мамлекет айыл өкмөтүнө өз ишин, мисалы, аскерге милдеттүүлөрдү эсепке алуу боюнча ишти тапшырат. Же аз камсыздалгандардын тизмесин түзүүнү тапшырат. Же райондук жетекчи (болбосо ведомстволук, раймамадминистрациянын) мамлекеттик долбоорлордун жана программалардын аткарылышы тууралуу отчет берүүнү өтүнөт. Бирок буга мамлекет акча бөлбөйт. Ошентип мамлекеттик тапшырмалар да эптеп-септеп аткарылып, жергиликтүү маселелер да сапатсыз чечилүүдө. Мунун баары мамлекеттик бюджеттик линиялар боюнча да акча региондорго начар жетип, натыйжасыз сарпталып жатканы менен татаалдашты – программалык ведомстволук бюджеттер мурдагыдай эле жок, мамлекеттик программалардын аткарылышына көзөмөл жок (бардык мамлекеттик программалар аларды жергиликтүү деңгээлде аткаруунун индикатору жок болгонунан улам жабыркоодо). Ошону менен эмне калууда? Ички миграцияны күчөткөн, бардык реформаларды токтоткон начар жашоо шарты, жергиликтүү экономиканын стагнациясы, туруксуздук жана саясий козголуштар.
 
Борборлор эркиндикке умтулууда
 
Ал арада эки борбор тең (тагыраак айтканда, алардын башчылары) ЖӨБ чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жоктугун өз кызыкчылыгына колдонууда. Оштун мэриясы 2012-жыл үчүн шаардык бюджеттин ПРОФИЦИТИ (!!!) тууралуу жар салды. Бул принцибинде болушу мүмкүн эмес. Анткени мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү бюджеттер профициттүү же дефициттүү боло албайт, башкача айтканда, шаардын чыгашалары кирешелер менен тең болуш керек. Бул жерде кеп эч эле профицит тууралуу жүрүшү мүмкүн эмес. Кеп башкада: же эсептелбеген кассалык калдыктар тууралуу (өткөн жылдын аткарылып бүтпөй калган каржылык милдеттемелери), же кайсы бир коммуналдык жана социалдык долбоорлор каржыланбай калганы тууралуу, же сапатсыз пландаштыруу тууралуу жүрүп жатышы ыктымал. Мындай билдирүүнүн каржылык сабатсыздыгына карабастан, анын түпкүрүндө жаткан саясий мааниси белгилүү – биз деле кыйынбыз!
 
Бишкек болсо Түндүк борбор макамы тууралуу жаңы мыйзамды түрткүлөп жатат. Бул мыйзамга ылайык, кадрларга жана каржыларга карата бардык бийлик аткаруучу жетекчинин – иш жүзүндө шаардын менеджеринин колунда топтолот, ал эми өкүлдөр органынын – кеңештин таасири бир кыйла азаят. Суроо жаралат: анда кеңештин деги эмне кереги бар жана ооздуктоочу жана тең салмакта кармап туруучу система кантип иштейт жана мэрия иш жүзүндө шаардык кеңештин баш ийүүсүнөн чыгып кетсе, анын ишинин сапатын жана санын ким көзөмөлдөйт? Мыйзам долбоору жана Бишкектин бюджетине анализ тууралуу кененирээк “М” журналынын ушул санынан окуңуз.
 
Он үчүнчүдөн эмнени күтсө болот?
 
Бюджеттер аралык мамилелерде орун алган башаламандык бардык чектен ашканын, ал эми бул мамилелерди реформалоо жана тартипке салуу зарылчылыгы бышып жетилмек түгүл, өтө маанилүү зарылчылык болуп калганын кайратын топтоп туруп, мойнуна алган Каржы министрлигине рахмат. Аталган министрлик бул багытта белгилүү бир кадамдарга барып, өкмөткө салмактуу сунуштарды берүүгө аракет жасап жатат. Мисалы, жергиликтүү бюджеттердеги көйгөйлөрдү мындан ары да көрмөксөнгө сала берүү социалдык жарылууга алып келерин түшүнгөн министрлик жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүүнүн үлүшүн бир кыйла көбөйттү. Бул болсо биринчи кезекте элеттик муниципалитеттердин каржылык абалын олуттуу деңгээлде жакшыртмакчы.
 
Өз тарабынан өкмөт косметикалык ыкмалар менен башкаруудагы кырдаалды кандайдыр бир жолдор менен теңдөөгө аракеттенүүдө. Бирок бүтүндөй өлкө ынтымакташып кайсы багытта баратканы тууралуу жыйнактуу түшүнүк башкаруунун жогорку мамлекеттик органдарында эч кимде жок өңдүү. Ошону менен ар бир жаран үчүн маанилүү суроолор арсар абалда кала берди: мамлекеттин аймактык саясаты кантип түзүлүш керек? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кантип иштеш керек? Муниципалитеттер кантип өнүгөт?
 
Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы 3 жылда аймактык өнүгүүдө түптөлүп калган укмуштуудай көп маселелерди чечүү менен алектенчү ЖӨБ иштери боюнча мамкомитет өңдүү ыйгарым укуктуу органдын түзүлүшүн колдойт деп абдан ишенгибиз келет.