Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө

2024-01-31 / Мыйзам жаӊылыктары

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы Тескемеси менен “2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү үчүн натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш- аракеттер планы” бекитилди.

Министрлер Кабинетинин тескемесинде белгиленгендей, бекитилген план экологиялык көйгөйдү чечүүгө, экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылууга, тиричилик калдыктарынын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна зыяндуу таасирин болтурбоого багытталган. Тескемеге ылайык, 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын тескеген чөйрөдөгү мыйзамдарды жана укуктук аспаптарды өркүндөтүү, инфраструктураны жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү, тиричилик калдыктары менен иштөө чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү пландалып жатат.

Тактап айтканда, ЖӨБ органдары планга ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен бир катар иш- чараларды ишке ашырууга тийиш. Алар: тиричилик калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү укук бузууларды күчөтүү жана алдын алуу, анын ичинде калдыктарды бөлүп чогултуу (калдыктар менен иштөө тартибин бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде административдик чараларды белгилөө укук бузуулардын санын кыскартууга жана ишти мыйзамдаштырууга алып келет деп пландалууда); бааларды түзүүнү өркүндөтүү жана тарифтерди оптималдаштыруу, акы төлөө тартибин бекемдөө (ЖӨБ органдары баа саясатын жөнгө салуу, төлөм тартибин оптималдаштыруу, жергиликтүү деңгээлде калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жөнгө салуу боюнча шаардык мэриялардын, жергиликтүү кеңештердин чечимдерин (токтомдорун) кабыл алууга тийиш); тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдык- техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү; тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен калкты камсыз кылууга багытталган санитардык тазалоонун инфраструктурасын өнүктүрүү (план 2025-жылга чейин калктын 100% камсыз болуп, калдыктардын бардык түрлөрү боюнча статистикалык отчеттуулук түзүлүп, калдыктар пайда болгондон баштап аларды толук кайра иштетип, жок кылганга чейинки бардык циклди эсепке алып, көзөмөлдөөнү камтыйт); катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү (бир катар мыйзамдаштырылган кайра иштетүүчү ишканаларды түзүп, аларды натыйжалуу кайра иштетүүнүн эсебинен калдыктардын көлөмүн 30 пайызга чейин азайтуу пландалып жатат); катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондор түзүлөт, бул экинчи материалдык ресурстарды максималдуу алуу жана кайра иштетүү менен табигый таштандылардын санын 50 пайызга чейин азайтууга алып келиши керек (кайра иштетилбеген жана биологиялык калдыктарды көмүү үчүн заманбап полигондор, крематориялар, Беккер чуңкурлары курулушу керек); учурда ачык жаткан туш келди жердеги таштанды жайларын жаап, рекультивациялоо боюнча чараларды көрүп, тиричилик калдыктары объекттерин альтернативалык энергия булактары түрүндө пайдаланыш керек.

Ошондой эле план тиричилик калдыктарын өз-өзүнчө чогултуу тууралуу калкты маалымдоону да камтыйт. Толук маалымат алуу үчүн: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/213746/10?cl=ru-ru&mode=tekst